# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 10-октябрындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо мезгилинде аймактык шайлоо комиссияларынын алдында шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн эрежесин сактоону контролдоо боюнча Жумушчу топту уюштуруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 10-октябрындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо мезгилинде аймактык шайлоо комиссияларынын алдында шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн эрежесин сактоону контролдоо боюнча Жумушчу топту уюштуруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 10.10.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20132>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1168/edition/840651/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20132.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 10-октябрындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо мезгилинде аймактык шайлоо комиссияларынын алдында шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн эрежесин сактоону контролдоо боюнча Жумушчу топту уюштуруу жөнүндө" токтому (06.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20132

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН 2016 жылдын 6 ноябрындагы № 190 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ деп табылсын

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 10-октябры № 117 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо мезгилинде аймактык шайлоо комиссияларынын алдында шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн эрежесин сактоону контролдоо боюнча Жумушчу топту уюштуруу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-28-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 1, 2, 3-пункттарына, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1,2-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо мезгилинде Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн эрежесин сактоону контролдоо боюнча Жумушчу топ уюштурулсун.

Жумушчу топтун жетекчилигине Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Т.Асаналиев дайындалсын.

2. Шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн эрежесин сактоону контролдоо боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Жумушчу топтун курамы боюнча сунушун киргизсин.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
