Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо мезгилинде аймактык шайлоо комиссияларынын алдында шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн эрежесин сактоону контролдоо боюнча Жумушчу топту уюштуруу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 6 ноября 2016 года № 190 "О признании утратившими силу некоторых решений Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-11-06.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН 2016 жылдын 6 ноябрындагы № 190 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ деп табылсын
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 10-октябры № 117 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо мезгилинде аймактык шайлоо комиссияларынын алдында шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн эрежесин сактоону контролдоо боюнча Жумушчу топту уюштуруу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-28-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 1, 2, 3-пункттарына, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1,2-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо мезгилинде Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн эрежесин сактоону контролдоо боюнча Жумушчу топ уюштурулсун.
Жумушчу топтун жетекчилигине Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Т.Асаналиев дайындалсын.
2. Шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн эрежесин сактоону контролдоо боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Жумушчу топтун курамы боюнча сунушун киргизсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 6-ноябрындагы № 190 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук…Постановление · 06.11.2016 · № 190