# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 10-октябрындагы № 113 "Шайлоочунун шайлоочулардын тизмесинде бар экендиги тууралуу кабарлоо формасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 10-октябрындагы № 113 "Шайлоочунун шайлоочулардын тизмесинде бар экендиги тууралуу кабарлоо формасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 10.10.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.10.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20128>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1164/edition/362300/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20128.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.10.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 10-октябрындагы № 113 "Шайлоочунун шайлоочулардын тизмесинде бар экендиги тууралуу кабарлоо формасын бекитүү жөнүндө" токтому (10.10.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20128

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 10-октябры № 113 Шайлоочунун шайлоочулардын тизмесинде бар экендиги тууралуу кабарлоо формасын бекитүү жөнүндө "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 2, 3, 4-бөлүктөрүнө, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 15-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шайлоочунун шайлоочулардын тизмесинде бар экендиги тууралуу кабарлоо формасы бекитилсин (тиркелет).

2. Шайлоочунун шайлоочулардын тизмесинде бар экендиги тууралуу кабарлоо 2600000 даанадагы санда даярдалсын.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 10-октябрындагы № 113 токтому менен бекитилген

2012-жылдын 25-ноябры - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо күнү

Өзүңүздү шайлоочулардын тизмесинен текшериңиз!

КАБАРЛОО

Урматтуу\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (Ф.А.А.) Сизди Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоочулардын тизмесинен өзүңүздү текшерип коюңузду өтүнөбүз. № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_шайлоо участогу (участоктун аталышы) Дареги \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (шайлоо участогунун дареги)

Шайлоо участогунун иш тартиби саат 9.00 саат 17.00 чейин

Өзүңүздү шайлоочулардын тизмесинен текшериңиз жана жеке маалыматтарыңызды тактаңыз. Жаныңызда Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту бар болуусу зарыл (ID-карта, паспорт каттоосу менен).

Участкалык шайлоо комиссиясы

Шайлоочулар - жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү үчүн ЭСКЕРТМЕ

Урматтуу шайлоочу! Сиз 2012-жылдын 15-ноябрына чейин укуктуусуз:

- Сиз катталган шайлоо участкасынын шайлоочулар тизмеси менен таанышууга;

- Сиз жөнүндөгү маалыматтардын жоктугу тууралуу участкалык шайлоо комиссиясына жазуу түрүндө кайрылууга;

- шайлоочулар тизмесиндеги жеке маалыматтарыңыздагы кайсы болбосун ката же так эместиги тууралуу участкалык шайлоо комиссиясына жазуу түрүндө кайрылууга;

2012-жылдын 15-ноябрында участкалык шайлоо комиссиясы шайлоочулардын арыздарын кабыл алууну токтотот. Шайлоо күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш укугуна ээ боло алышат. Кошумча тизме болбойт.

Участкалык шайлоо комиссиясы
