# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 4-октябрындагы № 109 "2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча аймактык шайлоо комиссиялары үчүн документтердин формалары жана үлгүлөрү менен журналды бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 4-октябрындагы № 109 "2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча аймактык шайлоо комиссиялары үчүн документтердин формалары жана үлгүлөрү менен журналды бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 109
- Кабыл алынган күнү: 04.10.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.10.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20124>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1160/edition/362508/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20124.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.10.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 4-октябрындагы № 109 "2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча аймактык шайлоо комиссиялары үчүн документтердин формалары жана үлгүлөрү менен журналды бекитүү жөнүндө" токтому (04.10.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20124

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 4-октябры № 109 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча аймактык шайлоо комиссиялары үчүн документтердин формалары жана үлгүлөрү менен журналды бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумун өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 9, 15-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнө, 19-беренесинин 6-бөлүгүнө, 21-беренесинин 3-бөлүгүнө, 53-беренесинин 12-бөлүгүнө, 60-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча аймактык шайлоо комиссиялары үчүн документтердин формалары жана үлгүлөрү менен журнал бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
