# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 4-октябрындагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 4-октябрындагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 04.10.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20122>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1158/edition/714032/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20122.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 4-октябрындагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасы жөнүндө" токтому (28.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20122

---

КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 28-июлундагы № 90 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 4-октябры № 107 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасы жөнүндө "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 1, 5-пункттарын, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу, жарандардын кайрылуулары, каалоолору жана даттануулары менен натыйжалуу жана ыкчам иш алып барууну уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасы төмөнкү дарек боюнча уюштурулсун: Бишкек ш., Раззакова көчөсү 59, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын имараты, 1-кабат, № 101 кабинет.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Коомдук кабылдамасы жөнүндө Жобо бекитилсин (тиркелет).

3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо маселелери боюнча жарандарды кабыл алуу графиги күн сайын саат 9.00дөн 18.00гө чейин, тыныгуу саат 13.00дөн 14.00гө чейин, дем алыш күнсүз белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү Коомдук кабылдаманын иш графиги тууралуу массалык маалымат каражаттарды маалымдоо тапшырылсын.

5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.

Төрага

Т. Абдраимов
