# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 4-октябрындагы № 106 "Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2012-жылдын 23-октябрына дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 4-октябрындагы № 106 "Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2012-жылдын 23-октябрына дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.10.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.10.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20121>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1157/edition/362502/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20121.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.10.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 4-октябрындагы № 106 "Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2012-жылдын 23-октябрына дайындоо жөнүндө" токтому (10.10.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20121

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 4-октябры № 106 Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2012-жылдын 23-октябрына дайындоо жөнүндө "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-майындагы "Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын шайлоо өткөн жок деп таануу жөнүндө" № 77 токтомунун, 2012-жылдын 21-сентябрындагы "Аймактык шайлоо комиссиялардын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" № 99 токтомунун негизинде Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын жаңы курамы түзүлгөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2012-жылдын 23-октябрына дайындалсын.

2. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
