Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2012-жылдын 23-октябрына дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 4-октябры № 106 Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2012-жылдын 23-октябрына дайындоо жөнүндө "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-майындагы "Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын шайлоо өткөн жок деп таануу жөнүндө" № 77 токтомунун, 2012-жылдын 21-сентябрындагы "Аймактык шайлоо комиссиялардын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" № 99 токтомунун негизинде Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын жаңы курамы түзүлгөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2012-жылдын 23-октябрына дайындалсын.
2. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-майындагы № 77 "Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын…Постановление · 25.05.2012 · № 77
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 21-сентябрындагы № 99 "Чүй облусунун Аламүдүн, Токмок, Ысык-Ата, Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын…Постановление · 21.09.2012 · № 99