# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 100 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.А.Талиеванын ыйгарымдарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 100 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.А.Талиеванын ыйгарымдарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 25.09.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.09.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20115>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1151/edition/362488/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20115.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.09.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 100 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.А.Талиеванын ыйгарымдарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому (25.09.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20115

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 25-сентябры № 100 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.А.Талиеванын ыйгарымдарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Талиева Камила Абдыразаковнаны Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрликке дайындоо жөнүндө 2012-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ № 175 Жарлыгынын, ошондой эле К.А.Талиеванын депутаттык ыйгарымдарын тапшырып берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1, 3-пункттарына, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1, 6-пункттарына, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө, 1-бөлүгүнүн 1, 3-пункттарына, 5-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Ар-Намыс" саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Талиева Камила Абдыразакованын ыйгарымдары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Талиева Камила Абдыразаковнанын № 066 депутаттык күбөлүгү 2012-жылдын 25-сентябрынан тартып жараксыз деп эсептелинсин.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
