Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.А.Талиеванын ыйгарымдарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 25-сентябры № 100 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.А.Талиеванын ыйгарымдарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Талиева Камила Абдыразаковнаны Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрликке дайындоо жөнүндө 2012-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ № 175 Жарлыгынын, ошондой эле К.А.Талиеванын депутаттык ыйгарымдарын тапшырып берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1, 3-пункттарына, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1, 6-пункттарына, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө, 1-бөлүгүнүн 1, 3-пункттарына, 5-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ар-Намыс" саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Талиева Камила Абдыразакованын ыйгарымдары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Талиева Камила Абдыразаковнанын № 066 депутаттык күбөлүгү 2012-жылдын 25-сентябрынан тартып жараксыз деп эсептелинсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР Президентинин 2012-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ №175 "К.А. Талиева жөнүндө" жарлыгыУказ · 06.09.2012 · № 175
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөЗакон · 18.12.2008 · № 267
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон