# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-июнундагы № 88 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.К. Нышановду каттоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-июнундагы № 88 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.К. Нышановду каттоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.06.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20103>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1139/edition/362464/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20103.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-июнундагы № 88 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.К. Нышановду каттоо жөнүндө" токтому (25.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20103

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 25-июну № 88 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.К. Нышановду каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына К.И. Султановдун «Ата-Мекен» социалисттик саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмесинен (№ 21) чыгаруу жөнүндө келип түшкөн арызынын негизинде, «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 25-пункттарына, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Ата-Мекен» социалисттик саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө К.И. Султановдун арызы канааттандырылсын.

2. Нышанов Сайдулла Канболотович «Ата-Мекен» социалисттик саясий партиясынын талапкерлердин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталсын.

3. «Ата-Мекен» социалисттик саясий партиясынын талапкерлердин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутаты Нышанов Сайдулла Канболотовичке белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С. Султановго жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
