# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-июнундагы № 87 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.Д.Бейшенбаеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-июнундагы № 87 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.Д.Бейшенбаеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.06.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20102>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1138/edition/362462/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20102.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-июнундагы № 87 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.Д.Бейшенбаеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому (25.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20102

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 25-июну № 87 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.Д.Бейшенбаеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бейшенбаева Гульниза Джумабековнадан башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу анын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө келип түшкөн арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1, 3-пункттарына, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1, 6-пункттарына, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 3-пункттарына, 2-бөлүгүнө, 5-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бейшенбаева Гульниза Джумабековнанын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бейшенбаева Гульниза Джумабековнанын № 135 күбөлүгү жараксыз деп табылсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
