# 8-статья. Туризм чөйрөсүндөгү экономикалык иштер

- Документ: [Туризм жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/201)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 25-марты № 34 "Туризм жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 25.03.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.01.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 января 2024 года № 6 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О туризме"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000492)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/201#diff=802652..1389>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/201/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-188/edition/802649/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/201/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Туризм жөнүндө, 8-статья (10.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/201/st-8

---

Туризм чөйрөсүндөгү экономикалык ишмердүүлүк акчалай каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуудан жана туризмдин жаңы материалдык-техникалык базасын түзүүдөн, ошондой эле мамлекеттик бюджетте валюталык кирешелердин көбөйүүсүнөн, туристтик ишмердүүлүктүн субъекттеринин каражаттарын кооперациялоодон, калкты иш менен камсыз кылуудан жана анын ар кандай керектөөлөрүн канааттандырууну камсыз кылуудан турат. Туристтик ишмердүүлүк жүргүзгөн субъектилердин негизги милдеттерине төмөндөгүлөр кирет:

- туристтик өндүрүмдү түзүү:

- туристтик кызмат көрсөтүү рыногун түзүү;

- туризмдин инфратүзүмүн жакшыртуу;

- туристтик кызмат көрсөтүү;

- ички, кирүүчү жана чыгуучу туризмди өнүктүрүү;

- туристтик долбоорлорду ишке ашырууда эл аралык аянтчаларды пайдалануу үчүн туризмди өнүктүрүү маселелери боюнча чет өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты өнүктүрүү.

Туристтик ишмердүүлүктү жүргүзүүнүн кирешеси төмөндөгүлөрдүн эсебинен түзүлөт:

- негизги ишмердүүлүктөн;

- туристтердин мейманканаларда, мотелдерде, кемпингдерде жана башкаларда жашоосунан;

- тамак-аш ишканаларынын туристтерди тейлөөсүнөн;

- туристтерди транспорттук тейлөөдөн;

- кошумча кызмат көрсөтүүлөрдөн жана ишмердүүлүктүн башка түрлөрүнөн.

Туристтик ишмердүүлүк жүргүзгөн субъектилердин пайдасынан (кирешесинен) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык алынат. Курчаган жаратылыш чөйрөсүн жана тарыхый-маданий мурастардын объектилерин коргоо максатында ушул субъектилер өз пайдасынын бир бөлүгүн максаттуу пайдалануу үчүн жергиликтүү бюджетке бериши мүмкүн. (КР 2024-жылдын 10-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/201/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/201/st-9)
