# 5-статья. Туристтик иш жүргүзгөн субъектилердин укуктары жана милдеттери

- Документ: [Туризм жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/201)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 25-марты № 34 "Туризм жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 25.03.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/201/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-188/edition/802649/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/201/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Туризм жөнүндө, 5-статья (10.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/201/st-5

---

Туристтик иш жүргүзгөн субъектилердин укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. Туристтик иш жүргүзгөн субъект төмөндөгүлөргө милдеттүү:

- түзүлгөн келишимге (контрактка) ылайык туристтик кызмат көрсөтүүгө;

- түзүлгөн келишимдин (контракттын) шартына ылайык туристтин өмүрүнүн, ден соолугунун коопсуздук чараларын жана мүлкүнүн сакталышын камсыз кылууга;

- туристтерди алар келген өлкөдөгү мыйзамдар жана эрежелер менен тааныштырууга;

- туристке турду уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө толук жана анык маалымат берүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана турист менен түзүлгөн келишимге (контрактка) ылайык чет өлкөлүк туристтердин өз учурунда катталышын жана Кыргыз Республикасынан жөнөп кетишин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары болгон туристтердин убактылуу болгон өлкөдөн (жерден) өз учурунда кайтып келүүсүн камсыз кылууга.

Туристтик иш жүргүзгөн субъект турду уюштурууда жана жүзөгө ашырууда милдеттенмелерин аткарбаган учурда өз аракети үчүн, ошондой эле туристтерди жайгаштыруу, тамактандыруу, транспорт менен тейлөө кызматтарын жана саякаттоо программасына киргизилген жана жолдомодо көрсөтүлгөн башка кызматтарды көрсөтүүчү өздөрүнүн өнөктөрүнүн турду уюштуруу боюнча аракеттери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардардын алдында жооп тартат. Туристтердин кетүү жана (же) кайтып келүү мөөнөттөрү бузулган учурда (форс-мажордук жагдайларды кошпогондо) туристтик иш жүргүзгөн субъект туристтин жолдомосунун узарган ар бир күнү үчүн анын наркынын үч проценти өлчөмүндө туристке (бирок жолдомонун жалпы наркынан ашпаган) айып төлөм төлөп берет. Туристтер менен туристтик иш жүргүзгөн субъектилердин ортосундагы келишимде айып төлөмдүн алда канча жогорку өлчөмү белгилениши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/201/st-41)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/201/st-6)
