Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
4-статья. Туристтик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салуу
Күчүндө · 10.01.2024 редакциясы · II бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 января 2024 года № 6
Туристтик ишмердүүлүктүн субъектилери менен туристтердин ортосундагы өз ара мамилелер туристтик саякаттын предметин, көрсөтүлүүчү кызматтардын санын жана сапатын, алардын наркын, аткаруу мөөнөтүн жана тартибин, анын шарттарын бузгандыгы үчүн тараптардын материалдык жоопкерчилигинин конкреттүү өлчөмүн өзүнө камтыган келишимдердин (контракттардын) негизинде түзүлөт. Туристтердин укуктарын кыскан жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жагынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдерге жана эрежелерге каршы келген келишимдин шарттары жараксыз деп табылат. Эгерде туристтердин укуктарын кыскан келишимди (контрактты) аткаруунун натыйжасында туристтер зыян тартса, анда туристтик иш жүргүзгөн субъектилер аны толук көлөмүндө өндүрүп беришет. Туристтик ишмердүүлүк жүргүзгөн субъектилер туристтердин макулдугусуз аларга акы төлөнүүчү кошумча кызмат көрсөтүүгө укуксуз. Туристтер өздөрүнүн макулдугусуз көрсөтүлгөн кошумча кызмат үчүн төлөгөн суммасын кайтарып берүүнү туристтик ишмердүүлүк жүргүзгөн субъектилерден талап кылууга же туристтик ишмердүүлүк жүргүзгөн субъектке зыянды төлөп бербестен келишимди (контракты) бузууга укуктуу. Форс-мажордук жагдайлардан улам баа кымбаттаган учурда, пикир келишпестиктер тараптардын ортосунда макулдашууга жетишүү жолу менен же соттук тартипте чечилет. Туристтерди жайгаштыруу каражаттарын классификациялоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипке ылайык ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт. (КР 2024-жылдын 10-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 10.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 10 января 2024 года № 6 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О туризме"Редакцияларды салыштыруу
10.01.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Туристтик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салуу
Туристтик алынып салынды: иш-аракеттин кошулду: ишмердүүлүктүн субъектилери менен туристтердин ортосундагы өз ара мамилелер … санын жана сапатын, алардын наркын, аткаруу мөөнөтүн жана тартибин, алынып салынды: бул шарттардын бузулушу кошулду: анын шарттарын бузгандыгы үчүн тараптардын материалдык жоопкерчилигинин конкреттүү өлчөмүн … жүргүзгөн субъектилер аны толук көлөмүндө өндүрүп беришет.
Туристтик алынып салынды: иш кошулду: ишмердүүлүк жүргүзгөн субъектилер туристтердин макулдугусуз аларга алынып салынды: акыга кошулду: акы төлөнүүчү кошумча кызмат көрсөтүүгө укуксуз. Туристтер өздөрүнүн макулдугусуз көрсөтүлгөн кошумча кызмат үчүн төлөгөн суммасын кайтарып берүүнү туристтик алынып салынды: иш кошулду: ишмердүүлүк жүргүзгөн субъектилерден талап кылууга же туристтик алынып салынды: иш кошулду: ишмердүүлүк жүргүзгөн субъектке зыянды алынып салынды: өндүрүп кошулду: төлөп бербестен келишимди (контракты) бузууга укуктуу. Форс-мажордук … макулдашууга жетишүү жолу менен же соттук тартипте чечилет.
кошулду: Туристтерди жайгаштыруу каражаттарын классификациялоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипке ылайык ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.
(КР 2024-жылдын 10-январындагы № 6 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/201/st-4" title="4-статья - Туризм жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>