# 15-статья. Туризм тармагы үчүн кадрларды даярдоо

- Документ: [Туризм жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/201)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 25-марты № 34 "Туризм жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 25.03.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.01.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 декабря 2013 года № 211 "О внесении дополнения и изменений в Закон Кыргызской Республики "О туризме""](https://aqlex.ai/kg/doc/205085)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.12.2013 [Закон КР от 5 декабря 2013 года № 211 "О внесении дополнения и изменений в Закон Кыргызской Республики "О туризме""](https://aqlex.ai/kg/doc/205085); 21.10.2003 [Закон КР от 21 октября 2003 года N 218 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О туризме"](https://aqlex.ai/kg/doc/1344)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/201#diff=802650..802651>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/201/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-188/edition/802649/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/201/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Туризм жөнүндө, 15-статья (10.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/201/st-15

---

Туризм чөйрөсүндөгү адистерди кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн багыттарынын жана адистиктеринин мамлекеттик классификаторлору тарабынан белгиленген адистиктер боюнча жогорку кесиптик жана орто кесиптик окуу жайлар тарабынан, ошондой эле туристтик индустрияны өнүктүрүүнүн керектөөлөрүнө ылайык башка адистиктердин бүтүрүүчүлөрүн адистештирүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Туризм тармагында иштеген кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана стажировкалоо туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аныктаган тартипте ишке ашырылат. Туризм тармагында иштеген кызматкерлерди даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана стажировкалоо туризм чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органга каралган каражаттардын жана туристтик иш жүргүзгөн субъектилердин каражатынын эсебинен аткарылат. (4-бөлүгү КР 2013-жылдын 5-декабрындагы № 211 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Туристтик иш жүргүзгөн субъектилер үчүн тейлөөчү персоналды даярдоо жана кайра даярдоо кадрларды кесиптик жактан даярдоочу окуу жайлары, ошондой эле жогорку кесиптик жана орто кесиптик окуу жайлардын кыска мөөнөттүү курстары тарабынан ишке ашырылат. (КР 2003-жылдын 21-октябрындагы № 218, 2013-жылдын 5-декабрындагы № 211 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/201/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/201/st-16)
