# 10-статья. Туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу

- Документ: [Туризм жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/201)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 25-марты № 34 "Туризм жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 25.03.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.01.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 декабря 2013 года № 211 "О внесении дополнения и изменений в Закон Кыргызской Республики "О туризме""](https://aqlex.ai/kg/doc/205085)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/201#diff=802650..802651>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/201/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-188/edition/802649/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/201/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Туризм жөнүндө, 10-статья (10.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/201/st-10

---

Коопсуздук деген түшүнүк туристтердин жеке коопсуздугун жана саякат учурунда алардын мүлкүнүн сакталышын камтыйт. Туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган туроператорлорго, турагенттерге жана туристтерге алар убактылуу болушкан өлкөдөгү (жердеги) коопсуздукка коркунуч туурасында маалымдайт. Мамлекеттик органдар уюштуруучулары болуп саналган маалымат каражаттары туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга туристтердин коопсуздугуна коркунуч келип жаткандыгы жөнүндө маалыматты токтоосуз жана акысыз түрдө жарыялоого мүмкүнчүлүк берет. Туроператорлор жана турагенттер саякаттын өзгөчөлүктөрү жөнүндө жана саякат учурунда алар дуушар болушу мүмкүн болгон коркунучтар жөнүндө туристтерге толук маалыматтарды берүүгө жана туристтердин коопсуздугун камсыз кылууга багытталган эскертүү чараларын көрүүгө милдеттүү. Туроператорлор жана турагенттер туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жана тиешелүү адамдарга саякат учурунда туристтер дуушар болгон өзгөчө окуялар жөнүндө, ошондой эле саякаттан кайтпай калган туристтер жөнүндө токтоосуз маалымат берүүгө милдеттүү. Жугуштуу оорулардын деңгээли жогору болуп жаткан өлкөгө (жерге) саякат жасоого ниеттенген туристтер эл аралык медициналык талаптарга ылайык алдын алуу чараларын көрүүгө милдеттүү. (КР 2013-жылдын 5-декабрындагы № 211 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/201/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/201/st-11)
