10-статья. Туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу
Күчүндө · 10.01.2024 редакциясы · IV бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 5 декабря 2013 года № 211
10-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 10-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Коопсуздук деген түшүнүк туристтердин жеке коопсуздугун жана саякат учурунда алардын мүлкүнүн сакталышын камтыйт. Туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган туроператорлорго, турагенттерге жана туристтерге алар убактылуу болушкан өлкөдөгү (жердеги) коопсуздукка коркунуч туурасында маалымдайт. Мамлекеттик органдар уюштуруучулары болуп саналган маалымат каражаттары туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга туристтердин коопсуздугуна коркунуч келип жаткандыгы жөнүндө маалыматты токтоосуз жана акысыз түрдө жарыялоого мүмкүнчүлүк берет. Туроператорлор жана турагенттер саякаттын өзгөчөлүктөрү жөнүндө жана саякат учурунда алар дуушар болушу мүмкүн болгон коркунучтар жөнүндө туристтерге толук маалыматтарды берүүгө жана туристтердин коопсуздугун камсыз кылууга багытталган эскертүү чараларын көрүүгө милдеттүү. Туроператорлор жана турагенттер туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жана тиешелүү адамдарга саякат учурунда туристтер дуушар болгон өзгөчө окуялар жөнүндө, ошондой эле саякаттан кайтпай калган туристтер жөнүндө токтоосуз маалымат берүүгө милдеттүү. Жугуштуу оорулардын деңгээли жогору болуп жаткан өлкөгө (жерге) саякат жасоого ниеттенген туристтер эл аралык медициналык талаптарга ылайык алдын алуу чараларын көрүүгө милдеттүү. (КР 2013-жылдын 5-декабрындагы № 211 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 10.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 5 декабря 2013 года № 211 "О внесении дополнения и изменений в Закон Кыргызской Республики "О туризме""Редакцияларды салыштыруу
05.12.2013 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана саякат учурунда алардын мүлкүнүн сакталышын камтыйт.
алынып салынды: Туризмди башкаруучу мамлекеттик кошулду: Туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган туроператорлорго, турагенттерге жана туристтерге алар убактылуу … органдар уюштуруучулары болуп саналган маалымат каражаттары алынып салынды: туризмди башкаруучу мамлекеттик кошулду: туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга туристтердин коопсуздугуна коркунуч келип жаткандыгы жөнүндө … чараларын көрүүгө милдеттүү.
Туроператорлор жана турагенттер алынып салынды: туризмди башкаруучу мамлекеттик кошулду: туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жана тиешелүү адамдарга саякат учурунда туристтер дуушар … талаптарга ылайык алдын алуу чараларын көрүүгө милдеттүү.
кошулду: (КР 2013-жылдын 5-декабрындагы № 211 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/201/st-10" title="10-статья - Туризм жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>