Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-статья. Негизи түшүнүктөр
Күчүндө · 10.01.2024 редакциясы · I бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 января 2024 года № 6
Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылды: туризм - Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын (мындан ары - жарандар) убактылуу барган өлкөдө (жерде) акы төлөнүүчү иш жүргүзбөстөн, ден соолукту чыңдоо, таанышуу же кесиптик-ишкерлик, спорттук, диний жана башка максатта туруктуу жашаган жерине убактылуу кетүүсү (саякаттоосу); турист - акы төлөнүүчү иш менен алектенүүгө укугу жок, ден соолукту чыңдоо, таанышуу, кесиптик-ишкердик, спорттук, диний жана башка максаттарда убактылуу башка өлкөгө (жерге) удаасы менен 6 айга чейинки же бир түндөн кем эмес мөөнөткө келген адам; тур - туристтерди жайгаштыруу, ташуу, тамактандыруу боюнча кызматтардын комплекси, экскурсиялык кызмат, котормочу-гиддердин кызматы жана саякаттын максатына жараша көрсөтүлүүчү башка кызматтар; туристтик ресурстар - туристтерге көрсөтүлүүчү объектилерди камтыган, табигый, тарыхый, социалдык-маданий объектилер, ошондой эле туристтердин руханий керектөөлөрүн канааттандырууга, алардын дене тарбиясын жана ден соолугун калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү башка объектилер; туристтик ишмердүүлүк - туроператордук жана турагенттик ишмердүүлүк, ошондой эле саякатты уюштуруу боюнча башка ишмердүүлүк; ички туризм - Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган адамдардын Кыргыз Республикасынын ичиндеги саякаттары же жүрүштөрү; чыгуу туризми - Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган адамдардын башка өлкөгө болгон саякаттары же жүрүштөрү; кирүү туризми - Кыргыз Республикасында туруктуу жашабаган адамдардын Кыргыз Республикасынын чегинде саякаттары же жүрүштөрү; социалдык туризм - мамлекет тарабынан социалдык муктаждыктарга бөлүнгөн каражаттардан субсидиялануучу саякаттар же жүрүштөр; өз алдынча туризм - туристтер жүрүштөрдүн активдүү ыкмаларын колдонуу менен өз алдынча уюштуруучу саякат же жүрүштөр; туристтик продукт - жарандарга (туристтерге) көрсөтүлүүчү кызматтардын жыйындысы; туристтик өндүрүмдү жылдыруу - туристтик өндүрүмдү ишке ашырууга (жарнама, атайын көргөзмөлөргө, жарманкелерге катышуу, туристтик өндүрүмдү сатуу боюнча туристтик маалымат борборлорун уюштуруу, каталогдорду, китепче-баракчаларды чыгаруу жана башкалар) багытталган чаралардын жыйындысы; туристтик кызмат көрсөтүү - жолдомо боюнча же мыйзамда уруксат берилген акы төлөөнүн ар кандай башка түрү менен туристтик индустриянын ишканасы тарабынан туристке көрсөтүлүүчү, туристтердин керектөөлөрүн канааттандыруу жана аларды тейлөө менен тике же кыйыр байланышы бар материалдык эмес товардык продукция; экскурсиялык ишмердүүлүк - жаратылыш, тарых жана маданият эстеликтери, музейлер жана башкалар менен тааныштыруу максатында күн мурунтан түзүлгөн маршруттар боюнча адис-экскурсоводдун коштоосунда 24 саатка чейинки мөөнөттө саякаттарды уюштуруу боюнча ишмердүүлүк; туристтик иштердин субъектилери - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган, менчигинин формасы ар кандай ишканалар, мекемелер, уюмдар, жеке жактар; туристтик индустрия - мейманканалардын жана туристтерди жайгаштыруучу башка каражаттардын, транспорт каражаттарынын, коомдук тамактануу объектилеринин, оюн-зоок объектилеринин жана каражаттарынын, тааныштыруучу, ишкерлик кылуучу, ден соолукту чыңдоочу, спорттук жана башка багыттагы объектилердин, туроператордук жана турагенттик ишмердүүлүктү жүргүзгөн уюмдардын, ошондой эле экскурсиялык кызмат жана котормочу-гиддердин кызматын көрсөтүүчү уюмдардын жыйындысы; туроператордук ишмердүүлүк - юридикалык жак же жеке ишкер (мындан ары - туроператор) тарабынан жүргүзүлүүчү туристтик өндүрүмдү түзүү, алдыга жылдыруу жана сатуу боюнча ишмердүүлүк; турагенттик ишмердүүлүк - юридикалык жак же жеке ишкер (мындан ары - турагент) тарабынан жүргүзүлүүчү туристтик өндүрүмдү алдыга жылдыруу жана сатуу боюнча ишмердүүлүк; туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - туризм чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы; котормочу-гиддин кызматы - туристтерди убактылуу барган өлкөдөгү (жердеги) туристтик ресурстар менен тааныштыруу боюнча кесиптик даярдыгы бар жеке адамдын ишмердүүлүгү; туристтик жолдомо - туристтик продуктуну берүү фактысын ырастаган документ; келишим (контракт) - туристтик ишмердүүлүктүн субъектилери менен туристтердин ортосундагы макулдашууну ырастаган, туристтик кызматтын предметин, анын наркын, аткарылуу мөөнөтүн жана тартибин, анын шарттарынын бузулушу үчүн тараптардын материалдык жоопкерчилигинин конкреттүү өлчөмүн макулдашууну тастыктоочу документи. туристтик ишмердүүлүктүн субъекттеринин жана туристтик ресурстардын бирдиктүү мамлекеттик реестри - Кыргыз Республикасынын туристтик ишмердүүлүктүн субъекттери жана туристтик ресурстары жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматтык ресурс; туруктуу туризм - туризмдин түрү, мында айлана-чөйрөнүн ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу камсыз кылынат, кабыл алуучу коомдоштуктардын социалдык-маданий өзгөчөлүктөрү колдоого алынат, узак мөөнөттүү экономикалык процесстердин натыйжалуулугу жана жашоого ылайыктуулугу камсыз кылынат, ал эми туризмди өнүктүрүүдөн алынган каражаттардын бир бөлүгү туристтик ресурстарды калыбына келтирүүгө жана туристтик кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү технологияларын өркүндөтүүгө багытталат; туризмди туруктуу өнүктүрүү - узак мөөнөттүү мезгилге багытталган туризмди өнүктүрүү, мында өнүгүүнүн экономикалык, экологиялык, социалдык жана маданий максаттарын ишке ашырууда тең салмактуулукка жетишилет, туристтик ресурстарды сарамжалдуу пайдалануунун жана ар тараптуу өнөктөштүктүн негизинде бардык кызыкдар тараптардын кызыкчылыктары эске алынат; маркетингдик ишмердүүлүк - Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлүүчү туристтик өндүрүмдөргө жана кызмат көрсөтүүлөргө көңүл бурдуруу үчүн атайын иш-чараларды уюштурууга багытталган ишмердүүлүк (КР 2003-жылдын 21-октябрындагы № 218, 2013-жылдын 5-декабрындагы № 211, 2024-жылдын 10-январындагы № 6 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 10.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 10 января 2024 года № 6 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О туризме"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 5 декабря 2013 года № 211 "О внесении дополнения и изменений в Закон Кыргызской Республики "О туризме""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 октября 2003 года N 218 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О туризме"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 865 "Туризм жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 29.12.2012 · № 865 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/201/st-1" title="1-статья - Туризм жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>