Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын - айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону 2012-жылдын 26-июнуна дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 8-июну № 84 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын - айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону 2012-жылдын 26-июнуна дайындоо жөнүндө "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-бөлүгүнө, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ак-Там айылдык аймагынын, Аксы районунун Ак-Суу айылдык аймагынын, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Шадыкан айылдык аймагынын, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын, Алай районунун Жаңы-Алай айылдык аймагынын, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылдык аймагынын айыл өкмөт башчыларын шайлоо 2012-жылдын 26-июнуна дайындалсын.
2. Айыл өкмөт башчыларын шайлоону өткөрүү графиги бекитилсин (тиркелет).
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары шайлоолорду өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.