# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 8-июнундагы № 83 "Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 8-июнундагы № 83 "Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 83
- Кабыл алынган күнү: 08.06.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.06.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20098>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1134/edition/362454/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20098.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 8-июнундагы № 83 "Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (08.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20098

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 8-июну № 83 Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-майындагы "Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын шайлоо өткөн жок деп таануу жөнүндө" № 78 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын кайра шайлоо 2012-жылдын 26-июнуна дайындалсын.

2. Баткен облусунун Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы кайра шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөт башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобого ылайык уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
