Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин «Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугун даярдоо боюнча жобону бекитүү жөнүндө» буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Приказ Министерства финансов Кыргызской Республики от 29 января 2026 года № 10-П "Об утверждении Положения по подготовке финансовой отчетности организациями сектора государственного управления"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-01-29.
КР Финансы министрлигинин 2026-жылдын 29-январындагы N 10-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2023-жылдын 21-ноябры № 8-Б Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугун даярдоо боюнча жобону бекитүү жөнүндө Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти өркүндөтүү максатында, “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктары мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы №16 “Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. Мамлекеттик башкаруу секторунун отчеттуулугун даярдоо боюнча жобо тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Бухгалтердик эсепти, ички аудитти жана ички контролду өнүктүрүү башкармалыгы мыйзамда белгиленген тартипте:
1) бул буйрукту катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жарыяласын;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жарыяланган булагын көрсөтүү менен ушул буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2013-жылдын 30-декабрындагы №221-Б “Бюджеттик мекемелердин бухгалтердик эсеби жана отчеттуулугу боюнча ченемдик укуктук актыларды жана методологиялык документтерди бекитүү тууралуу” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул буйрук расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары - Борбордук казыналыктын директору У.М.Аманбаевге жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын финансы министринин м.а
Р.М.Суйналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2026-жылдын 29-январы № 10-Б "Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан финансылык отчеттуулукту даярдоо боюнча жобону…Приказ · 29.01.2026 · № 10-П
- КР финансы министрлигинин 2013-жылдын 30-декабрындагы № 221-П "Бюджеттик мекемелердин бухгалтердик эсеби жана отчеттуулугу боюнча ченемдик укуктук актыларды жана методологиялык…Приказ · 30.12.2013 · № 221-п · Күчүн жоготкон
- "Мамлекеттик башкаруу секторунун отчеттуулугун даярдоо боюнча жобо" ( КР финансы министрлигинин 2013-жылдын 30-декабрындагы буйругу менен бекитилди)Положение · 30.12.2013 · № 221-п · Күчүн жоготкон
- "Мамлекеттик башкаруу секторунун эсеп саясаты" (КР финансы министрлигинин 2013-жылдын 30-декабрындагы буйругу менен бекитилди )Положение · 30.12.2013 · № 221-п · Күчүн жоготкон
- "Мамлекеттик башкаруу секторунун бухгалтердик эсебин уюштуруу боюнча жобо" (КР финансы министрлигинин 2013-жылдын 30-декабрындагы буйругу менен бекитилди )Положение · 30.12.2013 · № 221-п · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугун даярдоо боюнча жобо (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 8-Б буйругуна…Положение · 21.11.2023 · № 8-П · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Бухгалтердик эсеп жөнүндөЗакон · 29.04.2002 · № 76
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2026-жылдын 29-январы № 10-Б "Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан финансылык отчеттуулукту даярдоо боюнча жобону…Приказ · 29.01.2026 · № 10-П
- КР финансы министрлигинин 2013-жылдын 30-декабрындагы № 221-П "Бюджеттик мекемелердин бухгалтердик эсеби жана отчеттуулугу боюнча ченемдик укуктук актыларды жана методологиялык…Приказ · 30.12.2013 · № 221-п · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 16 "Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун стандарттарын бекитүү…Постановление · 13.01.2023 · № 16 · Күчүнө кире элек