# Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 14-ноябры № 7-Б "Даттануулар жана кайрылуулар боюнча көз карандысыз комиссияны тандоо боюнча нускаманы бекитүү, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору боюнча типтүү формалары жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 14-ноябры № 7-Б "Даттануулар жана кайрылуулар боюнча көз карандысыз комиссияны тандоо боюнча нускаманы бекитүү, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору боюнча типтүү формалары жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 7-П
- Кабыл алынган күнү: 14.11.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.11.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200968>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-1088/edition/1292132/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200968.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.11.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 14-ноябры № 7-Б "Даттануулар жана кайрылуулар боюнча көз карандысыз комиссияны тандоо боюнча нускаманы бекитүү, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору боюнча типтүү формалары жөнүндө" буйругу (14.11.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200968

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2023-жылдын 14-ноябры № 7-Б Даттануулар жана кайрылуулар боюнча көз карандысыз комиссияны тандоо боюнча нускаманы бекитүү, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору боюнча типтүү формалары жөнүндө

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 3-бөлүгүн жана 8-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктчасын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жетекчиликке алуу менен буйрук кылам: Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Даттануулар жана кайрылуулар боюнча көз карандысыз комиссияны тандоо боюнча нускама 1-тиркемеге ылайык;

- Товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору боюнча типтүү формалары 2-тиркемеге ылайык.

2. Укуктук камсыздоо башкармалыгы:

1) катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде бул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде “Эркин-Тоо” гезитине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин расмий сайттарына жарыяласын;

2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;

3) күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.

3. Мамлекеттик сатып алуулар департаменти ушул буйрукка ылайык товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар боюнча сатып алуучу уюмдардын ишин координациялоону жана жөнгө салууну камсыз кылсын.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары У.И.Календеровго жүктөлсүн.

5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Финансы министри

А.К.Бакетаев
