Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Коммуникациялар Министрлигинин от «Окуу-усулдук материалды бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ 2023-жылдын 21-ноябры № 352 «Окуу-усулдук материалды бекитүү жөнүндө» «1970-жылдын 1-июлундагы Женева ш. түзүлгөн Эл аралык автомобилдик ташууларды жүргүзүүчү транспорт каражаттарынын экипаждарынын ишине тиешелүү Европа макулдашуусуна (ТКЕМ), Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 516 «Автотранспорт каражаттарын айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимин каттоочу контролдук түзүлүш (тахограф) менен жабдуу боюнча чаралар жөнүндө» токтомун жүзөгө ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жыдын 3-мартындагы №115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. «Транспорт каражаттарына орнотулуучу тахографтарды колдонууну жана колдонууну контролдоочу адистерди даярдоо» боюнча квалификацияны жогорулатуу программасынын окуу-усулдук материалы ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жер үстүндөгү жана суу транспорту департаменти ушул буйруктун 1-пункттунда көрсөтүлгөн окуу-усулдук материалды кызыкдар тараптарга жеткирсин.
3. Пресс-катчы К.Досумбетовго бул буйрукту каттоодон өткөн күндөн тартып үч күндүн ичинде «Эркин тоо» гезитине жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин веб-сайтына жарыялоону камсыз кылсын.
4. Транспорт башкармалыгынын башчысы А. Эсеналиевге:
- расмий жарыяланган күндөн тартып, үч жумушчу күндүн ичинде, ушул буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук каражаттарында, жарыяланган булагы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- ушул буйрук күчүнө киргенден тартып, аны үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат катары жөнөтсүн.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин автомобиль транспорту чөйрөсүн тейлөөчү орун басарына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын "Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 94 (3543) саны менен жарыяланды
Министрдин биринчи орун басары
Т. Солтобаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 516 "Автотранспорт каражаттарын айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимин каттоочу контролдук түзүлүш…Постановление · 22.09.2022 · № 516
- 1970-жылдын 1-июлундагы, Женева шаары, Эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын экипаждарынын (ЕСТР) ишине тийиштүү Европа макулдашуусуна Кыргыз…Закон · 22.05.2021 · № 68
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.