Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү калкты каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтардын административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө» буйругу
Кыргыз Республикасынын САНАРИПТИК ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРЛИГИ буйруК 2023-жылдын 17-августу № 3-д
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү калкты каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтардын административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 1-д “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү калкты каттоо жана архив иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругуна ылайык келтирүү максатында буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттери (мындан ары – административдик регламенттер) 1-21 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти:
- ушул буйрук менен бекитилген административдик регламенттерди жетекчиликке алсын жана алардын милдеттүү түрдө сакталышын камсыз кылсын;
- административдик регламенттерди веб-сайттарда жана маалымат такталарында жайгаштырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы ушул буйрук катталгандан кийин Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин расмий сайтында үч иш күндүн ичинде жайгаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Калкты документтештирүү жана архив иши башкармалыгы үч күндүн ичинде:
- расмий жарыяланган күндөн тартып бул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
- күчүнө кирген күндөн тартып бул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
5. Бул буйрук кол коюлгандан баштап он күндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Ж.И.Кийизбаевага жүктөлсүн.
Министр
Т.О.Иманов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Санариптик Өнүктүрүү Министрлигинин 2023-жылдын 23-июну № 1-д "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жеке жана юридикалык…Приказ · 23.06.2023 · № 1-д · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти ( КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-ж. “17” августундагы № 3-д буйругуна)Приложение · 17.08.2023 · № 3-д
- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти ( КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2023-ж. “17” августундагы № 3-д буйругуна)Приложение · 17.08.2023 · № 3-д