# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-майындагы № 77 "Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын шайлоо өткөн жок деп таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-майындагы № 77 "Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын шайлоо өткөн жок деп таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.05.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20092>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1128/edition/362442/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20092.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-майындагы № 77 "Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын шайлоо өткөн жок деп таануу жөнүндө" токтому (25.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20092

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 25-майы № 77 Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын шайлоо өткөн жок деп таануу жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын Чүй районунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү Т. Молдобаевдин кызматтык катынын жана аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн түшүнүктөрүнүн негизинде комиссия төмөндөгүлөрдү аныктады. 2012-жылдын 28-апрелинде өткөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын шайлоо Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын кворуму жок өткөрүлгөн. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтом менен бекитилген «Айыл өкмөт башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобонун 36-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын шайлоо Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузууга жол берилгендигинен өткөн жок деп таанылсын.

2. Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын курамы бир нече жолу шайлоо мыйзамдарын бузгандыгынан таркатылсын.

3. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын кайра шайлоо Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын жаңы курамы түзүлгөндөн кийин мурда катталган талапкерлер менен өткөрүлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын жаңы курамын тез арада түзүүнүн чараларын көрсүн.

5. Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрация башчысына-акимине, аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоонун натыйжаларын белгилегенге чейин Чүй облусунун Арашан айылдык аймагынын өкмөт башчысынын милдетин убактылуу аткаруучуну дайындоо сунушталсын.

6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
