# Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын 2023-жылдын 14-августундагы № 436 “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын 2023-жылдын 14-августундагы № 436 “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 436
- Кабыл алынган күнү: 14.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200919>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-1070/edition/1289910/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200919.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын 2023-жылдын 14-августундагы № 436 “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" буйругу (22.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200919

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 2025-жылдын 22-октябрындагы № 769 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУ КЫЗМАТЫ

БУЙРУК 2023-жылдын 14-августу № 436 “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 21.06.2021-жылдагы № 33 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы жөнүндө” жобонун 17-пунктун жетекчиликке алып, БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын № 1,2,3,8,10,14,16,19,21,23,24,25,27,31,50 жана 53 мекемелеринин начальниктери ушул стандарттарды өздүк курам тарабынан окуп-үйрөнүүнү камсыз кылышсын.

3. Финансы-чарбалык башкы башкармалыктын начальниги бекитилүүчү стандарттын зарыл сандагы нускаларын даярдоо (типографиялык ыкма менен) боюнча чараларды көрсүн.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Финансы-чарба башкы башкармалыгынын башчысына жүктөлсүн.

Төрага и/к генерал-майору

А.Р.Эгембердиев
