Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 25-майы № 76 Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 4-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын шайлоонун жыйынтыктары тууралуу Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 21-апрелиндеги Протоколун жокко чыгаруу жөнүндө» 2012-жылдын 7-майындагы № 72 токтомуна, Петровка айылдык аймагынын 2012-жылдын 24-майындагы № 180 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Петровка айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын шайлоо өткөн жок деп таанылсын.
2. Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын кайра шайлоо 2012-жылдын 7-июнуна дайындалсын.
3. Чүй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөт башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобого ылайык шайлоолорду өткөрүүнү уюштурсун.
Кайра шайлоого мурда катталган талапкерлерге да жол бериле тургандыгы белгиленсин.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 27.12.2011 · № 423
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 07-майындагы № 72 "Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын…Постановление · 07.05.2012 · № 72
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон