# Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин 2023-жылдын 3-августундагы № 01-13/157 "Электр орнотмолорун пайдаланууда коопсуздук техникасынын эрежелерин бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин 2023-жылдын 3-августундагы № 01-13/157 "Электр орнотмолорун пайдаланууда коопсуздук техникасынын эрежелерин бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 01-13/157
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200899>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-1060/edition/1273324/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200899.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин 2023-жылдын 3-августундагы № 01-13/157 "Электр орнотмолорун пайдаланууда коопсуздук техникасынын эрежелерин бекитүү жөнүндө" буйругу (03.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200899

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2023-жылдын 3-августу № 01-13/157 Электр орнотмолорун пайдаланууда коопсуздук техникасынын эрежелерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына еткеруп беруу жөнүндө» токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 «Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна ылайык, буйрук кылам:

1. Электр орнотмолорун пайдаланууда коопсуздук техникасынын эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин..

2. Электр энергетикасындагы мамлекеттик саясат башкармалыгы:

- бул буйрук катталган күндөн тартып үч күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» 2010-жылдын 26-февралындагы 117-токтомуна ылайык аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;

- расмий жарыяланган күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберсин;

- буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.

3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 8-августундагы № 63 (3512) саны менен жарыяланды

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо электр энергетикасындагы мамлекеттик саясат башкармалыгына жүктөлсүн.

Министрдин м.а.

Т.А. Байгазиев
