# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агентигинин 2023-жылдын 31-июлундагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинде Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агентигинин 2023-жылдын 31-июлундагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинде Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200890>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-1057/edition/1270317/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200890.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агентигинин 2023-жылдын 31-июлундагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинде Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө" буйругу (04.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200890

---

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин 2025-жылдын 4-ноябрындагы № 261 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАР МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ БУЙРУК

2023-жылдын 31-июлу № 166

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинде Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу” токтомун аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өкүлдөө жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы №233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламентинин 548-пунктун жетекчиликке алып

БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинде Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тиркелген тизмеги бекитилсин.

2. Коррупциянын маселелерин алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуусу (И.Мавлянов) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн 3 жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн тиешелүү материалдарды жөнөтсүн.

3. Маалыматтык технологиялар сектору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинде Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө буйрукту Кыргызпатенттин расмий сайтына жайгаштырсын.

4. Кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү ушул буйрукту Кыргызпатенттин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жеткирсин.

5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

6. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Негиз: коррупциянын маселелерин алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу И.Мавляновдун кызматтык каты.

Директор

Р. Керимбаева
