# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикте коррупциялык тобокелдиктери бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин 2023-жылдын 28-июлундагы № 37-п буйругу менен бекитилген)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикте коррупциялык тобокелдиктери бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин 2023-жылдын 28-июлундагы № 37-п буйругу менен бекитилген)
- Актынын түрү: Перечень
- Номери: 37-п
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200889>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/43-119/edition/1267421/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200889.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикте коррупциялык тобокелдиктери бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин 2023-жылдын 28-июлундагы № 37-п буйругу менен бекитилген) (10.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200889

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 10-январындагы № 1 буйругуна ылайык күчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин 2023-жылдын 28-июлундагы № 37-п буйругуна тиркеме

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктекоррупциялык тобокелдиктери бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси

№ п/п

Мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциясы (ыйгарым укуктар)

Коррупциялык келип чыгуу тобокелдики бар учурлар жана кырдаалдар

Коррупциялык тобокелдиктин категориясы: системалуу (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык

Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөн, орто, жогорку)

Түзүмдүк бөлүмдүн аталышы (борбордук аппараттын, аймактык же ведомстволук бөлүмдүн, мекеменин аталышы)

Коррупция тобокелдикке кабылган кызмат орундары

Башка мамлекеттик органдарда/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктин пайда болушу мүмкүнбү (ооба болсо, кайсы экенин көрсөтүңүз)

1

Менчигинин формасына карабастан жеке жана юридикалык жактар ​​тарабынан Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык жеке маалыматтардын, анын ичинде маалыматтык тутумдардын мазмунуна, иштеп чыгуусуна, пайдаланылышына жана корголушуна текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу менен контролду жүзөгө ашыруу.

Текшерилүүчү субъекттин чечимди даярдоо жана кабыл алуу процессинин катышуучулары менен түздөн-түз байланышуу мүмкүнчүлүгү бар. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча оң чечим кабыл алуу үчүн коррупциялык келишим түзүү коркунучу бар.

Кырдаалдык

Орточо

Жеке маалыматтарды коргоонун мыйзамдык экспертиза бөлүмү. Жеке маалыматтарды иштетүүнү коргоону жана контролдоону камсыз кылуу бөлүмү.

Бөлүм башчысы Башкы инспектор Улук инспектор

Бул тобокелдик Агенттиктин ишмердүүлүгүнө гана тиешелүү болушу мүмкүн

2

Жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуулар жөнүндө жеке маалыматтар субъекттеринин кайрылууларын кароо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү максатында жеке маалыматтар субъекттеринин жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү укуктарын бузууга байланышкан аныкталган бузуулар боюнча материалдарды кийин укук коргоо органдарына жөнөтүү менен корутундуларды чыгаруу.

Ачылган бузууларды жашыруу коркунучу. Апелляциялык арыздарды кароодо жоопкерчиликтен качуу максатында макулдашуулар болушу мүмкүн.

Кырдаалдык

Төмөн

Жеке маалыматтарды коргоонун мыйзамдык экспертиза бөлүмү. Жеке маалыматтарды иштетүүнү коргоону жана контролдоону камсыз кылуу бөлүмү.

Бөлүм башчысы Башкы инспектор Улук инспектор

Бул тобокелдик Агенттиктин ишмердүүлүгүнө гана тиешелүү болушу мүмкүн
