# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 07-майындагы № 72 "Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын шайлоодо Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 21.04.2012-жылдын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколун жокко чыгаруу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 07-майындагы № 72 "Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын шайлоодо Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 21.04.2012-жылдын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколун жокко чыгаруу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.05.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20087>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1123/edition/362432/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20087.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 07-майындагы № 72 "Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын шайлоодо Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 21.04.2012-жылдын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколун жокко чыгаруу тууралуу" токтому (07.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20087

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 07-майы № 72 Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын шайлоодо Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 21.04.2012-жылдын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколун жокко чыгаруу тууралуу Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылдык аймагынын айыл өкмөтүн башчысын шайлоодо чечүүчү жана юстициянын алдындагы мааниси бар кырдаалдар жаңыдан ачылгандыгына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 24-пункттарына, 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 18-беренесине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын шайлоодо эсептөө комиссиясынын 21.04.2012-жылдын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколу жокко чыгарылсын.

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылдык кеңешине, өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү үчүн жиберилсин.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрациясынын башчысына - акимине, Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын кайра шайлоо өткөргөнгө чейин айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучусун дайындоо үчүн жиберилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
