Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин «Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экология мониторинг департаменти тарабынан көрсөтүлүүчү “Өнөр жайдын эмиссиясына, саркынды сууларга жана жер ресурстарынын булганышына пландан тышкаркы лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын бекитүү тууралуу» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2023-жылдын 30-июну № 169-Б Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экология мониторинг департаменти тарабынан көрсөтүлүүчү “Өнөр жайдын эмиссиясына, саркынды сууларга жана жер ресурстарынын булганышына пландан тышкаркы лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана анын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө” токтомунун 2-пунктуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2 - пунктуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын июнундагы № 303 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана анын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Уюштуруу иштер башкармалыгына:
1) ушул буйруктун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;
2) ушул буйруктун көчүрмөсү маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Санариптештирүү бөлүмү:
1) ушул буйрукка карата мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары “Эркин-Тоо” гезитине, “Токтом” маалыматтык-укуктук порталына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун расмий веб-сайтына жарыялансын;
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 11-июлундагы № 55 (3504) саны менен жарыяланды
4. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары,экология жана техникалык козомол министрлигине караштуу экологиялык мониторинг департаменти мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жогоруда көрсөтүлгөн стандарттарына ылайык мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча иштерди уюштурсун;
5. Документти камсыздоо башкармалыгы ушул буйрукту министрликтин мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук башкармалыктарынын жетекчилерине жеткирсин.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо, министрдин биринчи орун басары Т.С. Салыковго жүктолсүн.
Министри
М.Ж. Тургунбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө" токтомуПостановление · 03.09.2012 · № 603
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык…Постановление · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартынын (Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2023-жылдын 30-июнундагы № 169-Б буйругуна…Приложение · 30.06.2023 · № 169-П