Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн административных регламенттерин бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАР МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ 2023-жылдын 1-июну № 119 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн административных регламенттерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жакшыртуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2023-жылдын 03-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, 2021-жылдын 5-августундагы №111 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобонун 20-пунктун жетекчиликке алып,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү Административдик регламенттери бекитилсин:
- “Интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы тажрыйба үлгүлөрүн түзүү жана даярдоо боюнча кызмат көрсөтүү жөнүндө”;
- “Интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы ишти жүзөгө ашыруу үчүн залдарды жана жайларды, ошондой эле жабдууларды, инвентарды берүү”.
2. Кыргызпатенттин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана ведомствого караштуу уюмдарынын жетекчилери:
- жогоруда көрсөтүлгөн административдик регламенттерге ылайык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча иштер уюштурулсун;
- аталган кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнү жана оптималдаштырууну мындан ары жакшыртуу боюнча чараларды көрсүн.
3. Маалыматтык технологиялар сектору Кыргызпатенттин жана анын ведомствого караштуу уюмдарынын расмий сайтына жогоруда аталган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин жайгаштырсын.
4. Жогоруда аталган административдик регламенттердин аткарылышы боюнча жеке жоопкерчилик тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жооптуу кызматкерлерине жүктөлсүн.
5. Укук башкармалыгы 3 жумушчу күндүн ичинде ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине материалдарды жөнөтсүн.
6. Кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү ушул буйрук боюнча Кыргызпатенттин бардык кызматкерлерине маалымат берсин.
7. Жогоруда аталган Административдик регламенттердин аткарылышын контролдоо өзүмө калтырам.
8. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндөн кийин күчүнө кирет.
Директор
Р. Керимбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик…Постановление · 10.02.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик…Постановление · 05.08.2021 · № 111 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн…Административный регламент · 01.06.2022 · № 119
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн…Административный регламент · 01.06.2023 · № 119
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Положение · 05.08.2021 · № 111 · Күчүн жоготкон