Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2019-жылдын 26-августундагы № 90-П “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентин бекитүү тууралуу” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2023-жылдын 28-февралы № 26-Б Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2019-жылдын 26-августундагы № 90-П “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентин бекитүү тууралуу” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын административдик регламенттерин иштеп чыгуунун жана оптималдаштыруунун тартиби жөнүндө жобого, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202 токтому менен бекитилген 2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу максатында, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2019-жылдын 26-августундагы № 90-П “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентин бекитүү тууралуу” буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пункт төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: “- Адистештирлиген окутуу бажысы тарабынан “Кошумча кесиптик билим берүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн Административдик регламенти 3-тиркемеге ылайык.”;
- 2-пункт “(Мадумаров К. М.)” сөздөрүнөн кийин “,Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Адистештирилген окутуу бажысына (Кожомбердиев Б.К.)” деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган буйрукка 3-тиркемени ушул буйрукка тиркемеге ылайык редакцияда толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
- каттоодон кийин үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде “Эркин-Тоо” гезитинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин расмий сайттарына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- ушул буйруктун көчүрмөсүн күчүнө кирген күндөн тарта үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
3. Иш кагаздарын жүргүзүү жана аткарууну контролдоо бөлүмү ушул буйрукту министрликтин мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жеткирсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министринин биринчи орун басары Р.М.Суйналиевге жүктөлсүн.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 7-мартындагы № 17 (3466) саны менен жарыяланды
Министри
А. Бакетаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2019-жылдын 26-августундагы № 90-Б "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат…Приказ · 26.08.2019 · № 90-П
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана…Постановление · 16.01.2018 · № 26
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 08.04.2022 · № 202
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- “Кошумча кесиптик билим берүү” Адистештирлиген окутуу бажысынын Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн адмистративдик регламенти (1 башчы 66 пункт) (Кыргыз Республикасынын Финансы…Административный регламент · 28.02.2023 · № 26-П
- “Кошумча кесиптик билим берүү” Адистештирлиген окутуу бажысынын Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн адмистративдик регламенти (1 башчы 66 пункт) (Кыргыз Республикасынын Финансы…Административный регламент · 28.08.2019 · № 90-П