Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин «Жеңил жана өтө жеңил аба кемелери» 22 Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ 2023-жылдын 25-апрели № 290/б
"Жеңил жана өтө жеңил аба кемелери" 22 Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө 2014-жылдын 15-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 530 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Аба кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын жеңил жана өтө жеңил аба кемелеринин ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жана ошондой эле Жарандык авиация эл аралык уюмунун (ИКАО) Сунушталган практикасы жана Стандарттары менен максималдуу дал келүүсүн камсыздоо максатында буйрук кылам:
1. "Жеңил жана өтө жеңил аба кемелери" 22 Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери расмий жана мамлекеттик тилдеринде тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жарандык авиация мамлекеттик агенттиги:
- ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жарыялоо булагын көрсөтүп электрондук алып жүрүүчүлөрдө жана кагаз түрүндө, расмий жана мамлекеттик тилдерде жөнөтүлсүн жана ошондой эле маалымат үчүн электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына күчүнө киргенден кийин үч жумушчу күндүн ичинде жөнөтүлсүн;
- ушул буйрук "Эркин-Тоо" газетасына расмий жана мамлекеттик тилдерде катталган күнүнөн тарта үч жумушчу күндүн ичинде жарыялансын;
- ушул буйрук аткарууга кабыл алынсын.
3. Окуу борборлору "Жеңил жана өтө жеңил аба кемелери" 22 Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин аткарууга кабыл алышсын жана ошондой эле даярдоо программаларына зарыл өзгөртүүлөрдү киргизишсин.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги-не 2016-жылдын 18-августундагы "максималдык сертификациялык учуу массасы 5700 кг чейинки Кыргыз Республикасынын жеңил жана өтө жеңил аба кемелеринин ишмердүүлүгүн сертификациялоо, жөнгө салуу" 22 Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндөгү" № 3 буйругун күчүн жоготту деп табуу сунушталсын.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тарта жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун күчүнө кирген күнүнөн тарта аба транспортунун эксплуатанттары бул буйруктун 1-пункту менен бекитилген "Жеңил жана өтө жеңил аба кемелери" Авиациялык эрежелерин жетекчиликке алышсын.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 5-майындагы № 37 (3486) жарыяланды
Директордун муа
Д.К. Бостонов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын АбаКодекс · 06.08.2015 · № 218
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АВИАЦИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ – 22 «ЖЕҢИЛ ЖАНА ӨТӨ ЖЕҢИЛ АБА КЕМЕЛЕРИ»Правила · 29.04.2023 · № 290/п
- КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 18-августундагы № 3 «Максималдуу тастыкталган учуу массасы 5700 кг чейин болгон Кыргыз Республикасынын өтө жеңил жана…Приказ · 18.08.2016 · № 3