# (Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы № 329-ни буйругуна ылайык) айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн типтүү келишими

- Толук аталышы: (Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы № 329-ни буйругуна ылайык) айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн типтүү келишими
- Актынын түрү: Приложение
- Номери: 329-ни
- Кабыл алынган күнү: 19.09.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.09.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200827>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/200827/edition/1251321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200827.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.09.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: (Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы № 329-ни буйругуна ылайык) айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн типтүү келишими (19.09.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200827

---

(Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы № 329-ни буйругуна ылайык)

Тиркеме 1

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ

\_\_\_\_\_ жылдын "\_\_\_\_\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_айылы (шаары) (датасы)

Биз, \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (фамилиясы, аты, атасынын аты РАӨБ, шаардык мэрия) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ мындан ары "Ижарага берүүчү" деп аталат, бир жагынан, жана \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты, \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ жер участогун ижарага алган юридикалык жактын аты)

экинчи жагынан мындан ары "Ижарага алуучу" деп аталат, бул Келишим төмөнкүлөр боюнча түзүлөт:

1. Келишимдин предмети

Ижарага берүүчү \_ \_ \_ \_ га жерди ижарачыга, анын ичинде жердин түрлөрү боюнча, тиркелген экспликацияга ылайык \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (жер участогун пайдалануунун түрү көрсөтүлөт) \_ \_ \_ \_ \_ \_ \_ \_ \_ \_ \_ \_ \_ \_\_\_ \_ \_ \_ \_ \_ \_ \_ \_ \_ \_ \_ \_ \_ \_ \_ \_ \_ жылга чейин ушул келишимге тиркелген планда (картада) 1: \_ \_ масштабда көрсөтүлгөн чектерде ижарага берилет.

2. Ижара акысы

2.1. Ушул Келишимдин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун пайдалангандыгы үчүн ижарачы ижарага берүүчүгө жыл сайын (же башка макулдашылган мөөнөттө) графикке ылайык \_\_\_ сом өлчөмүндө ижара акысын төлөп берүүгө милдеттенет.

2.2. Ижара акысын төлөө боюнча милдеттенмелер бузулганда, ижарачы кечиктирилген ар бир күн үчүн өз мөөнөтүндө эсептелбеген сумманын 0,5 пайызы өлчөмүндө айып пул төлөйт.

2.3. Ижара акысынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда өзгөртүлүүгө тийиш, бирок жылына бир жолудан көп эмес.

3. Ижарачынын укуктары жана милдеттери

3.1. Ижарачы укуктуу:

- ижарага алынган жер участогунда өз алдынча чарба жүргүзүүгө;

- өз каражаттарынын эсебинен ижарага алынган жер участогунун асылдуулугун жана абалын жакшыртуу боюнча мелиоративдик жана башка иштерди жүргүзүүгө;

- ижарага алынган жер участокторун мамлекеттик же коомдук муктаждыктар үчүн алып койгон учурда кыртыштын асылдуулугун жогорулатууга жана жоготуулардын ордун толтурууга, анын ичинде алынбай калган пайданын ордун толтурууга жумшалган чыгымдардын компенсациясын алууга;

- ижарага алынган жер участогунда болгон жалпы таралган пайдалуу кендерди чарбанын муктаждыктары үчүн белгиленген тартипте пайдаланууга;

-ижарага алынган жер участогунда белгиленген тартипте сугат, кургатуу, маданий-техникалык жана башка мелиорациялык иштерди жүргүзүүгө;

- Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жер участогун ижаралоо укугун салым катары киргизүүгө.

3.2. Ижарачы милдеттүү:

- ижарага алынган жер участогун максаттуу багытына ылайык натыйжалуу пайдаланууга;

- өзүнүн чарбалык ишинин натыйжасында Ижарага алынган жер участогунда жана ага чектеш аймактарда экологиялык абалдын начарлашына жол бербөөгө;

- ижарага алынган жер участогунда жерлерди сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо, өндүрүштүн жаратылышты коргоо технологиялары, топурактарды эрозиядан, туздануудан, суу каптоодон, саздан, булгануудан жана башкалардан коргоо боюнча иш-чаралардын комплексин ишке ашырсын;

- башка жер пайдалануучулардын жана жаратылышты пайдалануучулардын укуктарын, ошондой эле суу, токой жана башка жаратылыш объекттерин пайдалануу тартибин бузбоого;

- Ижарага берүүчүгө, чектеш жерди пайдалануучуларга жоготуулардын, анын ичинде алынбай калган пайданын ордун өзүнүн чарбалык ишинин натыйжасында жердин сапатынын жана экологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу толук көлөмдө толтурууга;

- Ижарага берүүчүгө, жерлерди пайдаланууну жана коргоону мамлекеттик контролдоо органдарына участокко эркин жетүүнү камсыз кылууга;

- жер участогун пайдалануу үчүн ижара акысын жана башка төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө;

- келишим аяктагандан кийин жер участогун ижарага берүүчүгө келишим күчүнө кирген учурдан кем эмес абалда кайтарып берүүгө.

4. Ижарачынын укуктары жана милдеттери

4.1. Ижарага берүүчү укуктуу:

- ижарачынын жерлерди пайдалануусуна жана корголушуна контролдукту жүзөгө ашырууга;

- жер участогунда курулган мелиоративдик, рекультивацияланган, жакшыртылган жерлерди, коргоочу токой көчөттөрүн, эрозияга каршы жана башка объекттерди пайдаланууга кабыл алууга катышууга;

- ижарачынын чарбалык ишинин натыйжасында жердин сапатынын жана экологиялык кырдаалдын начарлашынан улам келтирилген чыгымдардын ордун толтурууга;

- колдонуудагы мыйзамдар өзгөргөн учурда келишимге ижарачы менен макулдашуу боюнча зарыл өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүүгө;

- жер, жаратылышты коргоо мыйзамдарын жана ушул Келишимдин шарттарын бузуу менен Ижарачы жүргүзгөн иштерди токтотууга.

4.2. Ижарага берүүчү милдеттүү:

- жер участогун ижарачыга келишим катталган учурдан тартып \_\_\_ мөөнөттө жана анын арналышына жана келишимдин шарттарына ылайык абалда өткөрүп берүүгө;

- ижарачынын өз алдынча чарбачылыгы үчүн зарыл шарттарды түзүүгө жана жер участогун натыйжалуу пайдаланууга тоскоолдук кылбоого;

- Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин абалына контроль жүргүзүүгө;

- эгерде келишимдин шарттарына карама-каршы келбесе, ижарачынын чарбалык ишине кийлигишпөөгө;

- Ижарачы каза болгон учурда ижара мөөнөтү аяктаганга чейин анын мураскорлорунун бири менен алардын арызы боюнча ижара келишимин кайра түзүүгө;

- ижаранын мөөнөтү бүткөндөн кийин ижарачынын жерлерди өздөштүрүүгө жана айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин абалын жакшыртууга кеткен чыгымдарын толугу менен же жарым-жартылай төлөп берүүгө.

5. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, ошондой эле келишимди бузуу тартиби.

Жер участогун ижаралоо келишими ижарачы тарабынан төмөндөгү бузуулар жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү берилгенден кийин 30 күндүк мөөнөттө четтетилбеген учурда бир тараптуу тартипте бузулушу мүмкүн:

а) ижара келишиминин шарттарын олуттуу бузуу менен жер участогун пайдалануу;

б) жерди максатсыз пайдалануу;

в) жер участогун кыртыштын асылдуулук катмарынын бузулушуна, экологиялык кырдаалдын начарлашына алып келүүчү ыкмалар менен пайдалануу;

г) ижара акысын келишимде белгиленген мөөнөттө төлөбөсө;

д) кыртыштын асылдуулугун Олуттуу начарлатуу;

е) ижарачы келишимдин шарттарын аткарбаса;

ж) конкурстун шарттарына ылайык жер участогун жакшыртуу боюнча милдеттенмелерди аткарбоо;

з) тараптар ижара акысынын өлчөмүн индекстөө жөнүндө макулдашууга жетише албаса;

и) асыл тукум, үрөн чарбасынын статусун жана айыл чарба кооперативинин юридикалык жактын күбөлүгүн жокко чыгарууда.

к) субижарага берүүдө;

л) ижарачы азык-түлүк буудай данын өстүрүү үчүн жердин 1/3 бөлүгүн пайдалануу боюнча милдеттенмелерди аткарбаса.

Бул келишим Талаа айыл чарба иштери башталганга чейин же аяктагандан кийин бузулушу мүмкүн.

6. Тараптардын Жоопкерчилиги

Тараптардын ар бири ушул Келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

7. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби

7.1. Ушул Келишим боюнча келип чыгышы мүмкүн болгон бардык талаш-тартыштарды тараптар сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет кылышат.

7.2. Башка шарттар \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

7.3. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон үч нускада түзүлдү. Бир нускасы Ижарага берүүчүдө, экинчиси Ижарачыда калат, үчүнчүсү кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жергиликтүү органына берилет.

7.4. Тараптардын юридикалык даректери жана банк реквизиттери:

Ижарага берүүчү

Ижарачы

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Колу:

Ижарага берүүчү

Ижарачы

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(колу)

(колу)

М.П.

М.П.

Келишим катталды \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ районунда "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_\_ жыл.

Каттоо номер \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

М.П.

Тиркеме 2

РАӨБ башчысына \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Кимден: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (ижарачынын фамилиясы, аты жана атасынын аты) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (паспорт маалыматтары: сериясы, номери, \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ качан жана ким тарабынан берилген / \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ юридикалык жактын аталышы (бар болсо), \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ юридикалык адрес)

АРЫЗ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_. үчүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жер участогун ижарага алууга катышууга уруксат берүүңүздү өтүнөм. Тиркелүүчү документтердин тизмеси:

1) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

2) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

3) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

4) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Арыз ээсинин колу \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (аты-жөнү жана фамилиясы)

"\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_ г.

Өтүнмөнү каттоонун датасы жана номери "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_ г. № \_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (арызды кабыл алган адамдын кызматы, инициалдары жана фамилиясы, колу)

Тиркеме 3

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунан жерлерди алуу үчүн субъекттерди тандоо критерийлеринин классификациясы

№ п/п

Субъектин аталышы

Которушутуруп айдоо планы

Жаңы технологиялар

Иш тажыйырбасы

Материалдык-техникалык жабдуунун камсыздалышы

Кадрлардын камсыздалышы

Упайлардын суммасы

0дөн 5ке чейин упайлар

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (Тандоо критерийлеринин классификациясын толтурган комиссиянын мүчөсүнүн кызматы, инициалдары жана фамилиясы, датасы, колу)
