Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 30 апрелиндеги № 66 «Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин кайра шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 30 апрели № 66 Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин кайра шайлоону дайындоо жөнүндө Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясы 2012-жылдын 28-апрелиндеги № 6 протоколу менен 2012-жылдын 28-апрелине дайындалган Токмок шаарынын мэрин шайлоо Токмок шаардык кеңешинин кворуму болбой калгандыгынан өткөн жок деп белгилеген. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин кайра шайлоо 2012-жылдын 2-майына дайындалсын.
2. Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жүргүзүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына 2012-жылдын 1-майында жарыялансын жана календарлык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон