# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 65 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 23-апрелиндеги №№ 61, 62 токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 65 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 23-апрелиндеги №№ 61, 62 токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.04.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20080>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1116/edition/488348/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20080.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 65 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 23-апрелиндеги №№ 61, 62 токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (25.04.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20080

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 25-апрели № 65 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 23-апрелиндеги №№ 61, 62 токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелеринин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө" Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 23-апрелиндеги № 62 токтомуна төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:

- 1-пункт 1-2)-пунктчасы менен толукталсын:

"1-2) 7-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлдөрү тийиштүү аймактык шайлоо комиссияларында шаардын мэрин шайлоону даярдоо жана өткөрүүнү координациялоону ишке ашырышат.".

- 1-пункттун 17-пунктчасы төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"- эсептөө комиссиясы" деген сөздөр "аймактык шайлоо комиссиясы"деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 1-пункттун 18-пунктчасында "Добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор" деген сөздөрдөн кийин "бардык чапталган шайлоо документтери менен бирдикте (депутаттардын тизмеси, шайлоо бюллетендери ж.б.)" деген сөздөр менен толукталсын жана андан ары текст боюнча.

2. "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо тартиби жөнүндө" Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 23-апрелиндеги № 61 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

- мамлекеттик тилдеги текстте 1-пункттун 14-пунктчасынын алтынчы абзацындагы "28" деген цифра "38" деген цифра менен алмаштырылсын.

- 1-пункттун 17-пунктчасында "Добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор" деген сөздөрдөн кийин "бардык чапталган шайлоо документтери менен бирдикте (депутаттардын тизмеси, шайлоо бюллетендери ж.б.)" деген сөздөр менен толукталсын жана андан ары текст боюнча.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
