Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын узартуу жол-жоболору боюнча КОЛДОНМО (КР Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин буйругуна 3-тиркеме)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 16-февралындагы № 130 буйругуна 3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын узартуу жол-жоболору боюнча КОЛДОНМО
1-глава Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын узартуу жол-жоболору боюнча колдонмо (мындан ары - Колдонмо) менчигинин түрүнө карабастан, тастыктамаланган максималдуу салмагы 5700 килограммдан ашкан, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү ташууларды аткаруу же авиациялык иштерди аткаруу максатында ава кемелерин эксплуатациялоону жүзөгө ашырып жаткан аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын узартуу тартибин аныктайт.
2. Аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын узартуу үчүн негиз болуп Жарандык авиация органына жөнөтүлгөн арыз саналат.
2-глава. Арызды жөнөтүү
3. Эксплуатанттын тастыктамасынын колдонулушунун мөөнөтүн узартууга арыз аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасынын колдонулушунун мөөнөтү аяктаганга чейин эки айдан кечиктирбестен Жарандык авиация органына берилет.
4. Аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын узартууга арыз ушул Колдонмонун № 1 тиркемесинде келтирилет.
5. Ушул Колдонмого карата аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын узартууга арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- юридикалык жактын толук аталышы, анын ичинде юридикалык жактын фирмалык аталышы, уюштуруу-укуктук формасы, анын турган жеринин дареги, юридикалык жакты түзүү жөнүндө жазуунун мамлекеттик каттоо номери, юридикалык жак жөнүндө маалыматтарды юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүүнү ырастаган документтин маалыматтары, ошондой эле юридикалык жактын телефон номери жана электрондук почтасынын дареги, уюштуруучулар (катышуучулар) жөнүндө маалыматтар;
- салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;
- иш жүзөгө ашырылып жаткан жердин дареги;
- жетекчи курам, анын ичинде жетекчи жана учуу иштерин уюштуруу, аба кемелерин учууга жарактуу кылып сактоо, учуулардын коопсуздугун башкаруу; авиациялык коопсуздук, сапатты башкаруу тутумун ишке ашыруу, жердеги тейлөө боюнча функцияларды аткарууну камсыз кылуу милдеттерине кирген адамдар жөнүндө маалыматтар;
- учуулардын болжолдонгон түрлөрү (жүргүнчүлөрдү коммерциялык аба ташуулары, жүктөрдү коммерциялык аба ташуулары, авиациялык иштерди аткаруу), аба кемелери жайгашкан жер, аба кемелеринин типтери жана пайдалануунун негиздери.
6. Арызга эксплуатанттын (юридикалык жактын) Жетекчиси кол коет.
7. Арыз жана арызга тиркемелер электрондук жана кагаз түрүндө берилет.
8. Арызга арыздын төмөнкү бөлүмү боюнча аба транспортунун эксплуатантынын ишине жүргүзүлгөн көзөмөл боюнча документтер тиркелет:
- аба транспортунун эксплуатанты тастыктаманы алган учурдан тартып аба транспортунун эксплуатантынын ишин көзөмөлдөө процессинде иш-чараларды аткаруу.
3-глава. Катты жана арызды каттоо
9. Аба транспортунун иштеп жаткан эксплуатантынан катты каттоо жөнөтүлгөн учурдан тартып Жарандык авиация органында электрондук документ жүгүртүү тутумунда (ЭДТ) жүзөгө ашырылат.
10. Аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын узартууга каттын формасы ушул Колдонмонун № 2 тиркемесинде келтирилет.
4-глава. Арызды кароо
11. Арызды алгандан кийин Жарандык авиация органынын жетекчиси аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын узартууга толтурулган арызды карайт жана "OPS" жетекчисине (учууларды эксплуатациялоо бөлүмүнүн башчысына) кароого жөнөтөт.
12. Аба транспортунун иштеп жаткан эксплуатантынан эксплуатантын тастыктамасын узартууга арыз жана ага карата зарыл документтер өзүнө келип түшкөндөн кийин, ушул Колдонмонун 11-пунктунда көрсөтүлгөндөй, "OPS" жетекчиси аба транспортунун эксплуатантынын куратору менен бирдикте Жарандык авиация органынын Аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын узартуу боюнча комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) курамын түзөт.
13. Кыргыз Республикасынын аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын узартуу боюнча жол-жоболорду Комиссия жүргүзөт.
14. Комиссияны түзүү тартиби, курамы жетекчинин буйругу менен же ал жокто Жарандык авиация органынын жетекчисинин орун басары тарабынан бекитилет.
15. Келип түшкөн документтерди кароону төмөнкүдөй багыттар боюнча Тастыктамалоо боюнча комиссиянын мүчөлөрү жүргүзөт:
- укуктук камсыз кылуу (LEG);
- финансылык камсыз кылуу (FIN);
- авиациялык персоналга күбөлүктөрдү берүү жана кадрларды даярдоо (PEL);
- аба кемелеринин учууларын жүргүзүү (OPS);
- коркунучтуу жүктөрдү ташуу (DG);
- аба кемелеринин учууга жарактуулугу (AIR);
- авиациялык окуяларды жана инциденттерди тергөө (AIG);
- аэронавигацилык тейлөө (ANS);
- аэродромдор жана жердеги каражаттар (AGA + GH).
16. Аба транспортунун эксплуатантынан келип түшкөн документтерди Комиссиянын мүчөлөрү кароого жана баалоого тийиш.
5-глава. Комиссиянын жыйналыштарын өткөрүү
17. Документтер каралгандан жана баалангандан кийин Комиссиянын жыйналышы өткөрүлөт.
18. Комиссиянын мүчөлөрү жыйналышта комиссиянын Төрагасына төмөнкүлөр жөнүндө билдирет:
- аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын алган (берилген) учурдан тартып аба транспортунун эксплуатанты ишти жүзөгө ашырып жаткан учурда жүргүзүлүп жаткан көзөмөлдөө иш-чараларынын толук/толук эместиги жөнүндө;
- текшерилип жаткан аба кемелеринин иш жүзүндөгү абалы, аларды техникалык тейлөө жана абалы жөнүндө, аба транспортунун эксплуатантынын бөлүмдөрүнүн элементтери (объекттери) жөнүндө;
- иштеп жаткан аба транспортунун эксплуатанты авиациялык техниканы эксплуатациялоо учурунда учуулардын коопсуздугун камсыз кылуунун кызыкчылыктарын козгогон башка маселелер жөнүндө.
6-глава. Комиссияны түзүү тартиби
19. Комиссияны түзүү тартиби жөнүндө, Комиссиянын ыйгарым укуктары жөнүндө, Комиссиянын сандык курамы жөнүндө, Комиссиянын мүчөлөрүнүн өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобо Жарандык авиация органынын жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
20. Аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын узартуунун айрым аспекттери боюнча Комиссияга иш тажрыйбасы бар эксплуатанттардын алда канча даярдалган персоналы киргизилиши мүмкүн.
21. Комиссиянын курамы комиссия кабыл алып жаткан чечимдерге таасир этиши мүмкүн болгон кызыкчылыктардын кагылышуусунун келип чыгуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылгыдай түрдө түзүлөт.
22. Комиссияны түзүү (калыптандыруу) жөнүндө буйрукка зарыл болгон учурда, аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын узартуу этабында өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
23. Комиссиянын төрагасы жана төраганын орун басары эксплуатанттын колдонуудагы тастыктамасын узартуу процессинин бардык аспекттерин координациялоо үчүн жооп берет жана аба транспортунун эксплуатантынын өкүлдөрүнүн жана Жарандык авиация органынын ортосундагы бардык маселелерди кароо үчүн координатор болуп калат, бул жөнүндө аба транспортунун эксплуатантынын өкүлүнө маалымдалат.
7-глава. Документтерди баалоонун колдонулуучу тутуму
24. Иш документтери аба транспортунун эксплуатантынан берилген маалыматты баалоонун корутунду натыйжаларын тариздөө үчүн колдонулат. Алардын ичине төмөнкүлөр кирет:
- текшерилип жаткан объекттин комиссия мүчөсүнүн, аба транспортунун эксплуатантынын түзүмдүк бөлүмүнүн отчету.
25. Отчеттун формасы ушул Колдонмонун № 3 тиркемесинде келтирилет.
8-глава. Арызды баалоо жол-жобосу
26. Баалоо жол-жобосу өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- аба транспортунун эксплуатантынын өндүрүштүк иши менен таанышууну;
- талданып жаткан багыттарды;
- текшерилүүчү элементтердин (объекттердин) иш жүзүндөгү абалын;
- текшерүүнүн өзүн (иликтөө, анын натыйжаларын талдоо, алдын ала тыянактарды даярдоо);
- шайкеш эместиктердин тизмесин (эгерде бар болсо);
- Кыргыз Республикасынын аймагында ташуу ишин уюштуруу тутумунун жөндөмдүүлүгүн баалоону;
- корутунду кеңешмени (бардык сын-пикирлер жана текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө алдын ала корутунду эксплуатанттын жетекчилигине жеткирилет; ага чейин шайкеш эместиктин протоколдору Комиссиянын жетекчиси менен макулдашылат);
- текшерүү жөнүндө отчетту даярдоону (№ 3 тиркеме).
27. Текшерүүнүн өзүн (иликтөө, анын натыйжаларын талдоо, алдын ала тыянактарды даярдоо) Комиссиянын мүчөсү жүзөгө ашырууга тийиш.
9-глава. Шайкеш эместиктер
28. Шайкеш эместиктер төмөнкүдөй болушу мүмкүн:
а) олуттуу (текшерилүүчү (талдануучу) багыттын кандайдыр-бир элементинин же чакан элементинин жоктугу, колдонулбагандыгы же толук бузулушу же болбосо аларды жоюу аба транспортунун эксплуатанты тарабынан өзгөртүүлөрдү, убакытты көп коротууну жана материалдык чыгымдарды талап кылган башка четтөөлөр);
б) олуттуу эмес (түзүмдү кайра курууну, чыгымдарды талап кылбаган жана Комиссиянын ишинин процессинде же бир айлык мөөнөттө жоюлушу мүмкүн болгон талаптарды аткаруудагы бирин-серин каталар).
10-глава. Аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын узартуу/узартпоо жөнүндө чечим кабыл алуу
29. Отчет түзүлөт, анда баалоонун так натыйжасы жана жаңы тастыктаманы берүү сунуштала тургандыгы же себептерин көрсөтүү менен сунушталбай тургандыгы жөнүндө ырастоосу менен узартуу процесси үчүн бааланган документтер аныкталат.
30 Отчет Комиссия мүчөлөрүнөн бардык документтерин алынган учурдан тартып түзүлөт.
31. Документтерди баалоонун, аба транспортунун эксплуатантын текшерүүнүн натыйжалары боюнча төмөнкүдөй тыянактар жасалышы мүмкүн:
1) Аба транспортунун эксплуатанты белгиленген талаптарга толугу менен ылайык келет.
2) Аба транспортунун эксплуатанты бүтүндөй алганда талаптарга ылайык келет, бирок 3төн аз олуттуу шайкеш эместик жана олуттуу эмес шайкеш эместик табылган.
Аба транспортунун эксплуатантынын жетекчиси шайкеш эместиктерди жоюунун болжолдуу датасын аныктайт.
3) Аба транспортунун эксплуатантында 3 жана андан ашык олуттуу жана олуттуу эмес шайкеш эместиктер бар, алар жоюу үчүн узак убакытты талап кылат.
Кайталап тастыктамалоо аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын алгачкы берүү жол-жоболоруна ылайык жүзөгө ашырылат.
32. 3 (үч) жана андан ашык олуттуу шайкеш эместик табылган учурда аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын токтото туруу болуп өтөт. Аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын кийинки узартуу жүргүзүлбөйт, аба транспортунун эксплуатантынын тастыктаманын алгачкы берүү гана жүргүзүлөт.
33. Аба транспортунун эксплуатанты мурда табылган шайкеш эместиктерди жоюу мөөнөттөрүн үзгүлтүккө учураткан учурда аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасы шайкеш эместиктерди жоюу үчүн токтотулуп турат.
12-глава. Отчеттун мазмуну
34. Отчет төмөнкүдөй бөлүмдөрдү камтууга тийиш:
1) жарандык авиация органынын жетекчисинин же орун басарынын бекитүүсүн;
2) Жүргүзүүнүн негиздери:
- текшерүүнүн максаты;
- текшерүүнүн датасы (мезгили көрсөтүлөт);
- аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын узартуу тутумунун текшерилүүчү элементтеринин аталышы;
- коштоого жана Комиссия мүчөлөрү менен ишти координациялоого арналган аба транспортунун эксплуатантынын жооптуу адистеринин тизмеси;
3) Комиссиянын курамы:
- комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө УЭБтин начальнигинин тескемесинин номери жана датасы;
- комиссия мүчөлөрүнүн тизмеси жана милдеттерди адамдардын ортосунда бөлүштүрүү;
4) Кандай иштер жүргүзүлгөн;
5) Жарандык авиация органы жүргүзүүчү текшерүүлөрдүн (аудиттердин жана инспекциялардын) календардык планы:
- текшерүүлөрдүн саны, табылган эскертүүлөр, табылган эскертүүлөрдүн жоктугу;
6) Аба транспортунун эксплуатантынын кыскача мүнөздөмөсү:
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк;
- каттоонун же кайра каттоонун реквизиттери;
- турган жери (дареги): иш жүзүндөгү, почта жана юридикалык даректери;
- фирмалык аталышы, анын ичинде кыскартылган жана толук аталышы;
- уюштуруу-укуктук формасы;
- юридикалык жактын катышуучулары;
- аба транспортунун эксплуатантынын жетекчисинин жана жетекчисинин орун басарынын ФАЖ;
- эксплуатанттын жетектөөчү штаттык кызматчыларынын ФАЖ;
- телефон номерлери;
- электрондук почтанын дареги;
- банктык реквизиттери;
- аба кемесинин (кемелеринин) ээсинин (ээлеринин) ФАЖ;
- эксплуатациялоодогу ыкчам байланышы;
7) Аба кемесинин (кемелеринин) сыпаттамасы:
- планер: өндүрүүчү, модель, сериялык номер, кабинанын жайгашуусу;
- кыймылдаткыч (кыймылдаткычтар): жайгашуусу (сол жана оң), өндүрүүчү, модель, сериялык номер;
- көмөкчү күч орнотмосу: өндүрүүчү, модель, сериялык номер;
- шасси: өндүрүүчү (шассинин сол, алдыңкы жана оң түркүктөрү), каталог боюнча номери, сериялык номери;
- салмагы жана мүнөздөмөлөр токтоп тургандагы максималдуу салмагы, учуучу максималдуу салмагы, конуучу максималдуу салмагы, отуну жок максималдуу салмагы;
- аба кемесинин реестри жөнүндө маалыматтар: каттоо жөнүндө күбөлүк (номери жана берилген датасы), учууга жарактуулук тастыктамасы (номери жана берилген датасы жана аяктаган датасы), ысы-чуусу боюнча тастыктама (номери жана берилген датасы), борттук радиостанцияга уруксат (номери жана берилген датасы);
8) Аэродромдор жана аэропорттор:
- базалык аэропорт;
- аба кемесин (кемелерин) жайгаштыруу жөнүндө макулдашуу;
- таблица формасында учуулардын багытын, санын, жайгашкан аэродромдун аталышын санап өтүү.
9) Учуулардын мүнөзү жана региону:
- өлкөлөрдү санап өтүү, чартердик же туруктуу жүргүнчү же жүк ташууларын, учуулар кайсы убакытта жүзөгө ашырыла тургандыгын көрсөтүү;
10) Авиациялык техниканы техникалык камсыз кылуу:
- авиациялык техниканы оңдоо жана техникалык тейлөө кайсы күчтөр менен жүзөгө ашырыларын көрсөтүү, техникалык тейлөө жөнүндө келишимдерди, АТ ТТ уюмунун аталышын, баштан аяк оңдоо кайсы заводдо жүргүзүлө тургандыгын көрсөтүү, учууга жарактуулук жөнүндө маалыматты алуу тутумун көрсөтүү;
11) Экипаждар: экипаждардын санын таблица формасында, ФАЖны, кесиптик даярдык деңгээлин көрсөтүү, даярдоо кайда жүргүзүлө тургандыгын көрсөтүү, окутуу жөнүндө келишимдердин же макулдашуулардын аталышын көрсөтүү, машыгуу түзүлүштөрүнүн аталышын көрсөтүү, Даярдоо программаларынын аталышын көрсөтүү;
12) Авиациялык коопсуздук: авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар кандайча жүзөгө ашырыла тургандыгын көрсөтүү, аба кемелерин кайтаруу ким же кандай кызмат, уюм тарабынан жүзөгө ашырыла тургандыгын көрсөтүү;
13) Ташууларды уюштуруу: жердеги тейлөөнү уюштуруу кандай түрдө жүзөгө ашырылаарын жана кандай кызмат же документ менен жүзөгө ашырыларын көрсөтүү;
14) Камсыздандыруу: аба кемесин, жүргүнчүлөрдү, үчүнчү жактардын жүгүн, экипажды камсыздандырууну жана камсыздандыруунун башка түрлөрүн жүзөгө ашыруунун негизин көрсөтүү;
15) Финансылык абал: аба транспортунун эксплуатантындагы финансылык моделди кыскача сүрөттөө;
16) Учуулардын коопсуздугун башкаруу: учуулардын коопсуздугун башкаруунун колдонулуп жаткан тутумун кыскача сүрөттөө;
17) Ишкананын сапат тутуму: сапат менеджментинин колдонулуп жаткан тутумун кыскача сүрөттөө;
18) Жыйынтык:
- алдыга коюлган максаттарга жетишүүнүн сапат тутумунун кудуретин баалоо;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жерлерде коммерциялык ишти уюштуруу тутумунун шайкештиги же шайкеш эместиги жөнүндө комиссиянын корутундусу;
- аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын узартуу же узартпоо жөнүндө сунуштаманы көрсөтүү;
19) Комиссия мүчөлөрүнүн, төраганын, орун басардын жана катчынын жана аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын узартууга катышкан башка адамдардын колтамгалары.
13-глава. Аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын берүү
35. Тастыктаманы узартуу аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын берүү мөөнөттөрүн жана колдонулушунун мөөнөтү аякташын көрсөтүү менен так отчеттогу бланкта аба транспортунун эксплуатант жаңы тастыктамасын берүү, ошондой эле аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасына жаңыланган спецификацияларды берүү каражаттары боюнча жүзөгө ашырылат.
14-глава. Узартуу процессинде жол-жоболорду аткаруу мөөнөттөрү
36. Эксплуатанттын тастыктамасын узартуу учурунда жол-жоболорду аткаруу мөөнөттөрү көзөмөлдөө иш-чараларын жүргүзүү процессинде иш-чаралар тиешелүү түрдө (мөөнөтүндө) аткарылган жана шайкеш эместиктер жок болгон шартта 22 жумуш күнүн түзөт.
37. Эгерде аба транспортунун эксплуатанты документтерди/маалыматтарды белгиленген мөөнөттө бербесе, анда аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын узартуу мөөнөтү документтерди/маалыматтарды берүү мөөнөтүнө көбөйөт (узартылат).
38. Схемалуу түрдө узартуу процесси төмөндө келтирилген:
Begin_nocompare
Аба кемесинин максималдуу тастыктамаланган массасы 5700 килограммадан ашкан Кыргыз Республикасынын аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын узартуу жол-жоболору боюнча колдонмонун 1-тиркемеси
ЭКСПЛУАТАНТТЫН ТАСТЫКТАМАСЫН УЗАРТУУГА БОЛГОН АРЫЗДЫН ҮЛГҮСҮ
Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органынын жетекчисине
Аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын узартуу жөнүндө АРЫЗ Кыргыз Республикасынын аба транспортунун эксплуатанты (эксплуатанттын аталышы) Сизден эксплуатанттын Жарандык авиация органыны тарабынан 20____-жылы "____" ___________ (берилген датасы) берилген № ___ (номерин көрсөтүү керек) тастыктаманын колдонуу мөөнөтүн 20___ "___" __________ чейинки мөөнөткө (мөөнөтү аяктаган дата) төмөндө келтирилген маалыматтарга ылайык узартып берүүнү өтүнөт:
1) юридикалык жактын толук аталышы, анын ичинде фирмалык аталышы;
2) юридикалык жактын уюштуруучулук-укуктук формасы;
3) анын турган дареги;
4) юридикалык жакты түзүү жөнүндө жазуунун мамлекеттик каттоо номери;
5) юридикалык жак жөнүндө маалыматтар Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилгендигин ырастаган документтин маалыматтары;
6) телефондун номери;
7) юридикалык жактын электрондук почтасынын дареги;
8) уюштуруучулар (катышуучулар) жөнүндө маалыматтар;
9) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;
10) иш жүргүзүүчү жердин дареги;
11) Жетекчилердин курамы, ага кошуп жетекчи жана милдеттерине төмөнкү функциялардын аткарылышын камсыз кылуу кирген жактар тууралуу маалыматтар:
- учуу иштерин уюштуруу;
- аба кемелерин учууга жарактуу абалда кармап туруу;
- учуулардын коопсуздугун башкаруу;
- авиациялык коопсуздук;
- сапатты башкаруу тутумун ишке ашыруу;
- жердеги тейлөө;
12) учуулардын болжолдуу түрлөрү (жүргүнчүлөрдү коммерциялык аба кемеси менен ташуулар, жүктөрдү коммерциялык аба кемеси менен ташуулар, авиациялык иштерди аткаруу), аба кемелеринин база кылуучу жери, аба кемелеринин типтери жана пайдалануунун негиздери.
13) Ушул арызга тиркеме:
- Аба транспортунун эксплуатантынын ишине аба транспортунун эксплуатанты тастыктаманы алган учурдан тартып көзөмөл жүргүзүү процессинде аткарылган иш-чаралар (Көзөмөл программасын жүзөгө ашыруу мезгилин көрсөтүү керек 20___ "___" ___________ тартып 20____ "___" ______________ чейин).
Эксплуатанттын жетекчиси:
___________________________________ Аты-жөнү (толугу менен)
___________________________________ Кызмат орду (толугу менен)
___________________________________ колу
___________________________________ датасы
Кыргыз Республикасынын аба транспортунун эксплуатантынын тастыктаманын узартуу жөнүндө арызга тиркеме _________________________________ (АТЭнин аталышын көрсөтүү) № _______ (каттын номерин көрсөтүү) жана 20___ "___" ___________ (каттын датасы)
Аба транспортунун эксплуатантынын ишине аба транспортунун эксплуатанты тастыктаманы алган учурдан тартып көзөмөл жүргүзүү процессинде аткарылган иш-чаралар (Көзөмөл программасын жүзөгө ашыруу мезгилин көрсөтүү керек 20___ "___" ________ тартып 20___ "___" __________ чейин). _______________ (мезгилин көрсөтүү керек) мезгилинде аба кемелерин маршруттук текшерүүлөр:
№
Жарандык авиация органы тарабынан АТ эксплуатантын пландаштырган маршруттук текшерүү (айын жана жылын көрсөтүү керек)
Жарандык авиация органынын инспекторунун/инспекторлорун ун маршруттук текшерүүнү иш жүзүндө аткаруусу (так датасын көрсөтүү керек)
Маршрут (маршрутту көрсөтүү)
Инспектордун аты-жөнү (маршруттук текшерүүнү жүргүзгөн инспектордун аты-жөнүн көрсөтүү керек)
АКнын тиби жана каттоо номери (АКнын тибин жана каттоо номерин көрсөтүү керек)
Сунуш-пикирлер же сунуш-пикирлердин жоктугу (сунуш-пикирлерди же эскертүү, пикирлердин жоктугун көрсөтүү баяндоо керек)
Белгиленген мөөнөттө маршруттук текшерүүнүн аткарылбаган себебин көрсөтүү (себебин кыскача баяндоо керек)
1
2
3
Ирети боюнча кийинки номер
Аба кемелерин рампалык текшерүүлөр ____ (мезгилин көрсөтүү керек):
№
Жарандык авиация органы тарабынан АТ эксплуатантын пландаштырган рампалык текшерүү (айын жана жылын көрсөтүү керек)
Жарандык авиация органынын инспектору/инспекторлору тарабынан рампалык текшерүүнүн иш жүзүндө аткарылышы (так датасын көрсөтүү керек)
Өткөрүлүүчү жер (өткөрүлүүчү жерди көрсөтүү керек)
Инспектордун аты-жөнү (рампалык текшерүүнү жүргүзгөн инспектордун аты-жөнүн көрсөтүү керек)
АКнын тиби жана каттоо номери (АКнын тибин жана каттоо номерин көрсөтүү керек)
Сунуш-пикирлер же сунуш-пикирлердин жоктугу (сунуш-пикирлерди же сунуш-пикирлердин жоктугун көрсөтүү керек)
Белгиленген мөөнөттө рампалык текшерүүнүн аткарылбаган себебин көрсөтүү (себебин кыскача баяндоо керек)
1
2
3
Ирети боюнча кийинки номер
Жарандык авиация органынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн текшерүүлөрү:
№
Жарандык авиация органынын АТ эксплуатантын пландаштырган текшерүүсү (айын жана жылын көрсөтүү керек)
Жарандык авиация органынын инспектору/инспекторлору тарабынан текшерүүнүн иш жүзүндө аткарылышы (так датасын көрсөтүү керек)
Өткөрүлүүчү жер (өткөрүлүүчү жерди көрсөтүү керек)
Инспектордун аты-жөнү (текшерүүнү жүргүзгөн инспектордун аты-жөнүн көрсөтүү керек)
Багыты (багытын жана колдонулуучу контролдук карталарды көрсөтүү керек)
Сунуш-пикирлер же сунуш-пикирлердин жоктугу (сунуш-пикирлерди же сунуш-пикирлердин жоктугун көрсөтүү керек)
Белгиленген мөөнөттө текшерүүнүн аткарылбаган себебин көрсөтүү (себебин кыскача баяндоо керек)
1
2
3
Ирети боюнча кийинки номер
Аба кемесинин максималдуу тастыктамаланган массасы 5700 килограммадан ашкан Кыргыз Республикасынын аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын узартуу жол-жоболору боюнча колдонмонун 2-тиркемеси
АБА ТРАНСПОРТУНУН ЭКСПЛУАТАНТЫНЫН ТАСТЫКТАМАСЫН УЗАРТУУ ҮЧҮН ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ ОРГАНЫНА ДАРЕКТЕЛГЕН КАТТЫН ФОРМАСЫ
Аба транспортунун эксплуатантынын катынын бланкына
Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органынын жетекчисине
Урматтуу ___________________________ (аты-жөнүн көрсөтүү керек),
Ушул кат менен Сиздин дарегиңизге Кыргыз Республикасынын аба транспортунун эксплуатантынын 20___-жылы "__" _________ (берилген датасы) берилген № _________ (эксплуатанттын тастыктаманын номерин көрсөтүү керек) тастыктаманын колдонуу мөөнөтүн узартуу тууралуу арызын жана арызга карата ________ барактан турган (барактардын санын көрсөтүү керек) кагаз жүзүндөгү жана электрондук сактагычтагы (сактагычтын тибин көрсөтүү керек) электрондук түрдөгү зарыл документтерди жөнөтөбүз. Тиркеме:
- ;
- тиркемени атоо жана барактардын санын көрсөтүү керек;
- сактагычтын тибин жана сактагычтардын санын көрсөтүү керек.
Урматтоо менен,
Аба транспортунун эксплуатантынын жетекчиси
___________________________
(атын, атасынын атын жана фамилиясын көрсөтүү керек)
(колу)
Каттын аткаруучусун (аты-жөнүн) жана байланыш маалыматтарын көрсөтүңүз (телефон номери жана электрондук почтасы)
Аба кемесинин максималдуу тастыктамаланган массасы 5700 килограммадан ашкан Кыргыз Республикасынын аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын узартуу жол-жоболору боюнча колдонмонун 3-тиркемеси
КОМИССИЯ МҮЧӨСҮНҮН ТЕКШЕРҮҮСҮ ЖӨНҮНДӨ ОТЧЁТТУН ФОРМАСЫ Аба транспортунун эксплуатантынын расмий арызы боюнча аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын жарандык авиация органы тарабынан узартуу боюнча комиссия мүчөсүнүн ОТЧЁТУ (юридикалык жактын толук аталышын көрсөтүү керек)
Бишкек ш.
№ _______
202__ "___" _____________
Мен ____________________ (аты-жөнүн толук көрсөтүү керек), Учуулардын коопсуздугу жана авиациялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башкармалыгынын башчысынын ____________________ (толук аты-жөнүн көрсөтүү керек) тескемеси менен бекитилген, эксплуатанттын тастыктамасын узартуу боюнча комиссиянын мүчөсү (аба транспортунун эксплуатантынын аталышын көрсөтүү керек) тарабынан аба транспортунун эксплуатантын ___________________________ (комиссия мүчөсүнө бөлүштүрүлгөн багытты көрсөтүү керек) текшерүү жөнүндө ушул Отчёт даярдалды. " "________" тартып "___________" чейинки мезгилдеги (текшерүү мезгилинин датасын көрсөтүү керек) текшерүүдө _____________________ (комиссия мүчөсүнө бөлүштүрүлгөн багытты көрсөтүү керек) мен тарабынан баалоо куралы катары № __________ алдындагы контролдук карта/контролдук карталар (контролдук картанын/карталардын номерин көрсөтүү керек) жана контролдук картанын/контролдук карталардын аталыштары пайдаланылган. Ушуга байланыштуу, аба транспортунун ________________ эксплуатантынын багыты боюнча изилдөөдө жана баалоодо (текшерилүүчү тармактын багытын көрсөтүү керек) төмөнкүлөр аныкталды: ____________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________________ (берилген документтердин, негизги персонал тууралуу маалыматтардын толук кандуу мазмуну, аба жолу менен ташуу түрлөрүн тандоонун тууралыгы, аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын узартуу жөнүндө арызга кошуп мындан ары кароо үчүн берилген документтердин толук кандуулугу жана мазмуну, каталардын, так эместиктердин, жазуудагы жаңылыштыктардын жоктугу ж.б.). Корутунду (коюлган маселелер боюнча тыянактар):
1.
2.
3.
4.
5.
___________________ (Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелеринин коюлган талаптарга толук шайкештүүлүгү/шайкеш эместиги тууралуу комиссиянын мүчөсүнүн пикири). Шайкеш эместиктер (алар болгондо, көрсөтүлгөн мөөнөттө жоюлуучу же олуттуу ылайык келбестиктер):
1.
2.
3.
4.
5.
Комиссия мүчөсүнүн аты-жөнү жана анын кызмат орундары (атап чыгуу керек):
1. Иванов Иван Иванович, бөлүмдүн инспектору ___________________ (колу); (бөлүмдүн аталышын көрсөтүү керек)
Датасы: (датасын көрсөтүү керек) 20 _______ (жылы) "______" (күнү) _________ (айы).
Аба кемесинин максималдуу тастыктамаланган массасы 5700 килограммадан ашкан Кыргыз Республикасынын аба транспортунун эксплуатантынын тастыктамасын узартуу жол-жоболору боюнча колдонмонун 4-тиркемеси
ШАЙКЕШ ЭМЕСТИК ПРОТОКОЛУНУН ФОРМАСЫ
ШАЙКЕШ ЭМЕСТИК ПРОТОКОЛУ 20__ "___" ________________
Текшерүүнүн объектиси:
Текшерүүнүн критерийлери
Инспектор:
___________________
___________________
___________________
(аты-жөнү)
(колу)
(датасы)
Шайкеш эместиктин мазмуну:
Оңдоп-түзөөчү/эскертүүчү аракетти иштеп чыгуу зарылдыгы
Талап кылынат:
Талап кылынбайт:
Текшерүүнүн жүрүшүндө шайкеш эместиктин жоюлгандыгын ырастоо
Шайкеш эместик жоюлду: ООБА ЖОК
Датасы:
Инспектор
___________________
___________________
___________________
(аты-жөнү)
(колу)
(датасы)
End_nocompare
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.