Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ 2023-жылдын 2-февралы № 73 Транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 548 «Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» токтомуна ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы №685 «Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу», Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине (тизмегине) киргизилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү административдик регламенттери бекитилсин:
- Транспорт каражаттары жана айдоочунун күбөлүктөрү тууралуу маалыматтарды тастыктоо,1-тиркемеге ылайык;
- Укук белгилөөчү күбөлөндүрүүчү документтерди, мамлекеттик каттоо белгилерин берүү менен автотранспорт каражаттарына менчик укугун каттоо/кайра каттоо, 2-тиркемеге ылайык;
- Транспорт каражаттарын ээликтен ажыратууга чектөөлөрдү коюу (камак, күрөө), 3-тиркемеге ылайык;
- Өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды айдоо укугуна тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүү, 4-тиркемеге ылайык;
- Укукту күбөлөндүрүүчү документтерди, катталуунун номердик белгилерин берүү менен тракторлорго, трактордук чиркегичтерге, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарга, ичинен күйүүчү кыймылдаткычы бар (опурталдуу өндүрүш объекттеринде колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдөн башка) стационардык технологиялык түзүлүштөргө менчик укугун каттоо (кайра каттоо), 5-тиркемеге ылайык;
- Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочунун күбөлүгүн берүү, 6-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемеси үч жумушчу күндүн ичинде:
а) ушул буйрукка кол коюлган күндөн тартып анын «Эркин-Тоо» гезитинде жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын.
б) расмий жарыяланган күндөн тартып, ушул буйруктун эки нускадагы көчүрмөлөрү мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө, жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
в) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып:
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жөнөтсүн;
- мамлекеттик жана расмий тилдеринде эки нуска менен буйруктун көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымдоо үчүн жөнөтсүн.
- ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин расмий сайтында расмий жарыяланышын камсыз кылсын, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген администрациялык регламенттерине ылайык мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча иштерди уюштурсун.
3. Ушул буйруктун аткарылышы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору Р.Дж. Джокоевге жүктөлсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Буйрук тийиштүүлүгү боюнча жарялансын.
Министр милициянын генерал-лейтенанты У. О. Ниязбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ "Автомототранспорт каражаттарына менчик укугун каттоо/кайра каттоо, укук күбөлөндүрүүчү документтерди, мамлекеттик…Административный регламент · 02.02.2023 · № 73
- МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды ээликтен ажыратууга чектөөлөрдү коюу/алып салуу"Административный регламент · 02.02.2023 · № 73
- МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕН "Укукту күбөлөндүрүүчү документтерди, катталуунун номердик белгилерин берүү менен тракторлорго, трактордук чиркегичтерге…Административный регламент · 02.02.2023 · № 73
- МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ "Өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды айдоо укугуна тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүү"Административный регламент · 02.02.2023 · № 73
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 345 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 548 “Кыргыз Республикасында жол…Постановление · 24.12.2021 · № 345
- КР Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы ПЖ № 548 "Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 07.12.2021 · № 548
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 "Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын…Постановление · 16.12.2022 · № 685
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик…Постановление · 10.02.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ "Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочунун күбөлүгүн берүү"Административный регламент · 02.02.2023 · № 73
- МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ "Транспорт каражаттар жана айдоочунун күбөлүктөрү тууралуу маалыматтарды тастыктоо"Административный регламент · 02.02.2023 · № 73