# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 9-ноябрындагы № 55-нпа "КР КЧ 41-04:2022 "Жылытуу, желдетүү жана абаны кондициялоо" Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин бекитүү тууралу" буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 9-ноябрындагы № 55-нпа "КР КЧ 41-04:2022 "Жылытуу, желдетүү жана абаны кондициялоо" Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин бекитүү тууралу" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 55-нпа
- Кабыл алынган күнү: 09.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200758>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-1001/edition/1207828/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200758.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 9-ноябрындагы № 55-нпа "КР КЧ 41-04:2022 "Жылытуу, желдетүү жана абаны кондициялоо" Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин бекитүү тууралу" буйругу (09.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200758

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин буйругу

2022-жылдын 9-ноябры № 55-нпа

КР КЧ 41-04:2022 "Жылытуу, желдетүү жана абаны кондициялоо" Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин бекитүү тууралуу

Курулуп, реконструкцияланып же капиталдык оңдолуп жаткан имараттарды, анын ичинде көп функционалдуу жана бир функционалдык багыттагы имараттарды ички жылуулук жана муздак менен камсыздоо, жылытуу, желдетүү жана абаны кондициялоо, түтүндөн желдетүү боюнча курулуш стандарттарын жакшыртуу жана аларды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Мамкурулуш) жөнүндө Жобону жетекчиликке алуу менен, буйрук кылам:

1. КР КЧ 41-04:2022 "Жылытуу, желдетүү жана абаны кондициялоо" Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Мамкурулуштун алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акттарын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" токтомуна ылайык ушул буйруктун расмий жарыяланышы боюнча чара көрсүн;

- буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсү эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, аталган ченемдик укуктук актыны жарыялаган булакты көрсөтүү менен ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин;

- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жөнөтүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын аймагында КЧжЭ 2.04.05-91 "Жылытуу, желдетүү жана абаны кондициялоо" ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып күчүн жоготсун.

4. Ушул буйрук 2023-жылдын 20-январынан тартып күчүнө кирет.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары М.Б.Адиевге жүктөлсүн.

Директор

Н.А. Джетыбаев

Тиркеме

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ

Курулуштагы ченемдик документтер тутуму

ЖЫЛЫТУУ, ЖЕЛДЕТҮҮ ЖАНА АБАНЫ КОНДИЦИЯЛОО

Отопление, вентиляция и кондиционирование воздуха

Нeating, ventilation and air conditioning

КЧжЭ 2.04.05-91\* Жаңыртылган редакциясы

Киргизүү күнү 2023.01.20 1 Колдонуу аймагы

1.1 Ушул курулуш ченемдери курулуп, кайра курулуп же капиталдык оӊдоодон өткөрүлүп жаткан имараттарда, көп кызматтуу имараттарды жана бир кызматтык арналыштагы имараттарды кошо, ички жылуулук жана муздак менен жабдуу, жылытуу, желдетүү жана абаны ченемдештирүү, түтүнгө каршы желдетүү тутумдарын долбоорлоого жайылтылат.

1.2 Ушул курулуш ченемдери жарандык коргонуунун коргоочу курулмаларынын; радиоактивдүү заттар, иондоштуруучу нурлануулардын булактары менен иштөөгө багышталган курулмалардын; жер алдындагы тоо-кен жумуштары объектилеринин жана жардыргыч заттар өндүрүлгөн, сакталган же колдонулган бөлмөлөрдүн жылытуу, желдетүү жана абаны ченемдештирүү тутумдарына; технологиялык жана электр техникалык жабдуулар үчүн атайын жылытуучу, муздатуучу жана чаӊдан арылтуучу орнотмолор менен түзүлүштөргө; технологиялык жабдуулар менен чаӊ соргуч орнотмолордун аспирациясына, пневмотранспортуна жана чаӊ-газдан арылтуусуна; микроклиматтын параметрлери жана аба алмашуу технологиялык талаптар менен берилген айыл чарбалык жана өндүрүштүк арналыштагы имараттар менен бөлмөлөргө, ошондой эле өзгөчө кооптуу объектилерге кирген имараттар менен бөлмөлөргө жайылтылбайт.

2 Ченемдик шилтемелер Ушул курулуш ченемдеринде төмөнкү документтерге ченемдик шилтемелер колдонулган:

2.1 Ченемдик-укуктук актылар:

«Энергияны үнөмдөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; «Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

2.2 Ченемдик-техникалык документтер:

КР КЧ 31-05:2018 «Өндүрүш имараттары»; КР КЧ 42-01:2020 «Газ менен жабдуу системаларын долбоорлоо»; КЧжЭ 2.01.07-85\* Күч келүүлөр жана таасир этүүлөр; КР КЧжЭ 23-01:2013 Курулуш жылуулук техникасы (Имараттарды жылуулук коргоосу); КР КЧжЭ 23-02-00 Курулуш климатологиясы; КР КЭ 23-101:2013 Имараттарды жылуулук коргоону долбоорлоо; МАКЧ 2.04-02-2004 Имараттарды жылуулук коргоо; МАКЧ 2.04-03-2005 Ызы-чуудан коргоо; МАКЧ 3.02-04-2004 Көп батирлүү турак-жай имараттары; МАКЧ 4.02-03-2004 Жабдууларды жана түтүк өткөргүчтөрдү жылуулук изоляциялоо; СанЭжЧ 2.2.4.548-961) Өндүрүштүк бөлмөлөрдүн микроклиматына болгон гигиеналык талаптар; МАМСТ 12.1.003-83\* Эмгектин коопсуздугу стандарттарынын тутуму. Ызы-чуу. Коопсуздуктун жалпы талаптары; МАМСТ 12.1.005–88\* Эмгектин коопсуздугу стандарттарынын тутуму. Жумушчу чөлкөмдүн абасына карата жалпы санитардык-гигиеналык талаптар; МАМСТ 12.1.007–76\* Эмгектин коопсуздугу стандарттарынын тутуму. Зыяндуу заттар. Классификациясы жана коопсуздуктун жалпы талаптары; МАМСТ 15150–69 Машиналар, аспаптар жана башка техникалык буюмдар. Ар түрдүү климаттык райондор үчүн аткаруу. Категориялары, тышкы чөйрөнүн климаттык факторлорунун таасир кылуусу жаатындагы эксплуатациялоо, сактоо жана ташуу шарттары; МАМСТ 30494–2011 Турак-жай жана коомдук имараттар. Бөлмөлөрдөгү микроклиматтын параметрлери; МАМСТ 31937–2011 Имараттар жана курулмалар. Техникалык абалын изилдөө жана байкоо жүргүзүү эрежелери; ӨКЧ 253-981) Имараттар менен курулмалардын түтүнгө каршы коргоо жабдуусу. Желдеткичтер. Отко туруктуулукка сыноолор усулу;

2.3 ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ченемдик документтери

МАМСТ 12.2.233-2012 Эмгектин коопсуздугу стандарттарынын тутуму. Муздак өндүрүмдүүлүгү 3,0 кВт жогору муздатуучу тутумдар. Коопсуздук талаптары. МАМСТ 10616-2015 Мамлекеттер аралык стандарт. Радиалдуу жана октук желдеткичтер. Өлчөмдөрү жана параметрлери; МАМСТ 32968-2014 Муздатуучу жабдуу. Муздатуучу агенттер. Колдонуу жана алып салуу боюнча талаптар; МАМСТ 33660-2015 Желдеткичтер. Майнаптуулугу боюнча классификация; Р МАМСТ 53296-2009 Имараттар менен курулмаларда лифттерди орнотуу. Өрт коопсуздугу талаптары; Р МАМСТ 53301-2013 Желдетүүчү тутумдардын өрткө каршы клапандары. Отко туруктуулукка сыноолор усулу. Р МАМСТ 53303-2009 Курулуш конструкциялары. Өрткө каршы эшиктер менен дарбазалар. Түтүн-газ өтүүчүлүккө сыноолор усулу; Р МАМСТ 53305-2009 Түтүнгө каршы экрандар. Отко туруктуулукка сыноолор усулу; КЭ 134.13330.2012 Имараттар менен курулмалардын электр байланыш тутумдары. Долбоорлоонун негизги жоболору; СанЭжЧ 1.2.3685-21 Жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун адам үчүн коопсуздугун жана (же) зыянсыздыгын камсыздоого карата гигиеналык ченемдер менен талаптар. Э с к е р т м е – Ушул курулуш ченемдерин колдонууда шилтемелик документтердин иш-аракетин жалпы колдонуудагы маалыматтык тутумдан – Интернет тармагындагы стандартташтыруу чөйрөсүндөгү органдын расмий сайтынан же 2019-жылдын 1-январына карата абалында жарыяланган үч бөлүктөн турган (Курулуш каталогу 1-бөлүк, Курулуш каталогу 2-бөлүк, Курулуш каталогу 3-бөлүк) КК-1 Курулуш Каталогунан (Көрсөткүч) текшерген максатка ылайыктуу. Эгерде күнү берилбеген шилтемеси бар шилтемелик документ алмаштырылган болсо, анда ошол документтин иштеп жаткан версиясын ошол версияга киргизилген бардык өзгөртүүлөрдү эске алуу менен колдонуу керек. Эгерде күнү берилген шилтемеси бар шилтемелик документ алмаштырылган болсо, анда ошол документтин бекитүү (кабыл алуу) жылы жогоруда көрсөтүлгөн версиясын колдонуу керек. Эгерде ушул курулуш ченемдерин бекиткенден кийин, күнү берилген шилтемеси бар шилтемелик документке шилтеме берилген жобого тийиштүү өзгөртүү киргизилген болсо, анда ошол жобону берилген өзгөртүүнү эске алуусуз колдонуу керек. Эгерде шилтемелик документ алмаштыруусуз жокко чыгарылган болсо, анда ага шилтеме берилген жобону, ошол шилтемеге тиешесиз бөлүгүндө колдонуу керек. Ченемдер менен эрежелердин иш-аракеттери жөнүндө маалыматтарды техникалык регламенттер менен стандарттардын маалыматтык корунан текшерген максатка ылайыктуу.

3 Терминдер жана аныктамалар, туюнтмалар жана кыскартуулар

Ушул курулуш ченемдеринде тиешелүү аныктамалары менен төмөнкү терминдер кабыл алынган:

3.1 авариялык желдетүү: Алар корголгон бөлмөгө капысынан туш болгондо күйүүчү газдардын, буулардын жана чаӊдын топтолууларынын кооптуу маанилерге чейин көбөйүүсүн болтурбоону камсыздоочу бөлмөдөгү абаны жөнгө салынуучу (башкарылуучу) алмашуу.

3.2 желдетүү: Тейленип жаткан бөлмөдө же жумушчу чөлкөмдө жол берилүүчү микроклиматты камсыздоо максатында жылуулуктун, нымдын жана зыяндуу заттардын ашыкчасын чыгаруу үчүн бөлмөдөгү абаны алмашуу.

3.3 аба жапкычы (жандоочу): Абанын кыймылынын өзгөрүүсүнө жана анын бир батирден башкасына агып өтүүсүнө, ал эми өрттө түтүндүн төмөндө жайгашкан кабаттардан жогоруда жайгашкан кабаттарга өтүүсүнө жолтоо болуучу аба өткөргүчтүн вертикалдуу бөлүгү.

3.4 зыяндуу заттар: Алар үчүн санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органы тарабынан чектүү жол берилүүчү топтолуу (ЧЖБТ) аныкталган заттар.

3.5 газ инфракызыл нурланткычы: ГИН.

3.5.1 ачык: Күйүүнүн өнүмдөрүн уюштурулган бөлүүсүз ачык атмосфералык күйгүзгүчү бар жана нурлантуучу бетинин табы 600°Сден ашуун болгон.

3.5.2 жабык: Желдеткичтүү газ күйгүзгүч блогу, күйүүнүн өнүмдөрүн бөлмөнүн чектеринен сыртка бөлүүсү бар нурлантуучу бетинин табы 600 °Сден аз болгон.

3.6 жылытуу, жылуулук менен жабдуу тутумдарынын гидравликалык жана жылуулуктук туруктуулугу: Тутумдун бардык өзүнчө бөлүктөрү, жылытуучу аспаптары жана башка элементтери боюнча чыгымдоону жана жылуулук берүүнү өзгөрткөндө тутумдун жылуулук алып жүрүүчүнү берилген эсептик бөлүштүрүүнү колдоо жөндөмдүүлүгү.

3.7 аба алмаштыруунун теӊдемсиздиги: Желдетүү, ченемдештирүү жана механикалык түрткү берүүсү бар аба жылытуу тутумдары тарабынан бөлмөгө (имаратка) берилүүчү жана андан чыгарылуучу абаны чыгымдоолордун түрдүүлүгү.

3.8 түтүн кабыл алгыч түзүлүш: Чыгаруучу түтүнгө каршы желдеткичтин каналындагы аларга орнотулган торчосу же чарчысы бар же аларга орнотулган түтүн люгу бар же өрткө каршы клапан менен ченемдүү жабылган оюк же тешик.

3.9 корголгон бөлмө: Ага кире бериште абанын агып өтүүсүн болтурбоо үчүн тамбур-шлюз бар же танапташ бөлмөлөргө карата абанын жогорулатылган же төмөндөтүлгөн басымы түзүлгөн бөлмө.

3.10 өрткө каршы клапан: Отко туруктуулук боюнча чектүү абалга ээ болгон, тыгыздыкты жоготуу жана жылуулукту изоляциялоо жөндөмдүүлүгүн жоготуу менен мүнөздөлгөн, имараттардын тосуучу курулуш конструкцияларындагы желдетүүчү каналдар менен оюктарды жабуу үчүн автоматтык жана аралыктан башкарылуучу түзүлүш:

- ченемдүү ачык (өрттө жабылуучу);

- ченемдүү жабык (өрттө же өрттөн кийин ачылуучу);

- кош иш-аракеттүү (өрттө жабылуучу жана өрттөн кийин ачылуучу).

- түтүн клапаны: Отко туруктуулук боюнча чектүү абалга ээ болгон, тыгыздыкты жоготуу менен гана мүнөздөлгөн, жана корголуучу коридорлор менен холлдордогу (мындан ары – коридорлор) түтүн чыгаруучу шахталардын оюктарына түздөн-түз орнотууга жатуучу ченемдүү жабык өрткө каршы клапан.

3.11 аба өткөргүчтүн герметикалуулук (аба өткөрбөөчүлүк) классы: Эксплуатациялоо шарттарында аба өткөргүчтүн материалы, желдетүүчү тутумдун кошмолору, түзүлүштөрү же жабдуулары аркылуу абанын чыгуусунун/сорулуусунун жол берилген чоңдугу.

3.12 желдетүүчү коллектор: Ага эки же андан көп кабаттардан аба өткөргүчтөр кошулуучу аба өткөргүчтүн бөлүгү.

3.13 абаны ченемдештирүү: Тейленүүчү бөлмөлөрдө микроклиматтын берилген параметрлерин камсыздоо максатында абанын бардык же айрым параметрлерин (табын, салыштырмалуу нымдуулугун, тазалыгын жана кыймылдуулугун) автоматтык түрдө кармоо, адамдардын өзүн сезүүсү, технологиялык процессти жүргүзүү, баалуулуктардын сакталгандыгын камсыздоо үчүн көбүрөөк жагымдуу оптималдуу метеорологиялык шарттарды эске алуу талап кылынат.

3.14 бөлмөнүн тейленүүчү чөлкөмү (жашоо чөлкөмүнүн): Бөлмөдөгү астанага же дубалдарга параллелдүү тегиздиктер менен чектелген мейкиндик: туруп турган же басып жүргөн адамдар үчүн астананын деңгээлинен 0,1 жана 2,0 м бийиктикте, жана отуруп турган адамдар үчүн астананын деңгээлинен 1,5 м бийиктикте (бирок шыптык жылытууда шыптан 1 м чукул эмес), тышкы жана ички дубалдардын, терезелер менен жылытуучу аспаптардын ички беттеринен 0,5 м аралыкта.

3.15 жылытуу: Жабык бөлмөлөрдө ченемделген аба табын орточо 50 саат/жыл камсыздалбагандыкта кармоо.

3.16 табигый желдетүүсүз бөлмө: Сырткы тосуучу курулуш конструкцияларындагы ачылуучу терезелери же оюктары жок бөлмө (анын ичинде коридор) же өрттө ошол бөлмөнүн түтүнгө чулгануусун болтурбоочу күйүүнүн өнүмдөрүн сыртка чыгаруу үчүн жетишсиз аянттуу ачылуучу терезелери же оюктары бар бөлмө (коридор).

3.17 адамдардын болуу тыгыздыгы жогору бөлмө: Бөлмөнүн жабдуулар же интерьер буюмдары ээлебеген бөлмөлөрдүн 1 м2 аянтына бир адамдан ашуун адамдардын саны туруктуу же убактылуу болуучу аянты 50 м2 же андан көп бөлмө.

3.18 түтүнгө каршы желдетүү: Анын бөлмөлөрүнүн биринде өрт пайда болгондо, таралган күйүүнүн өнүмдөрүнүн адамдарга жана (же) материалдык баалуулуктарга залал келтирүүчү таасирди болтурбоочу, уулуу компонентердин жогору камтылышын, аба табынын көбөйүүсүн жана аба чөйрөсүнүн оптикалык тыгыздыгынын өзгөрүүсүн шарттоочу имараттын ички көлөмүнүн жөнгө салынуучу (башкарылуучу) газ алмашуусу.

3.19 түтүнгө каршы экран: Корголуучу бөлмөлөрдүн үстүңкү бөлүгүнүн тосмолорунун алдына же дубалдагы оюктарга бийиктиги боюнча өрттө пайда болгон түтүн катмарынан аз эмес калыңдыкта түшүрүү менен орнотулуучу жана күйүүнүн өнүмдөрүнүн кабаттар ортосундагы тосмолордун алдына, дубалдардагы оюктар жана тосмолор аркылуу таралуусун болтурбоого, ошондой эле корголуучу бөлмөлөрдөгү түтүн чөлкөмдөрүн конструктивдүү бөлүштүрүүгө багышталган күйбөгөн негиздеги (торчодогу, кездемедеги, полотнодогу ж.б.у.с.) күйүүчүлүк тобу Г1ден төмөн болбогон түтүн өткөрбөгөн материалдан жасалган жылдырма пардасы бар автоматтык түрдө жана аралыктан башкарылуучу түзүлүш же кыймылсыз конструкциялык элемент.

3.20 жумушчу чөлкөм: Анда адамдардын болуусу каралган жана аба чөйрөсүнүн параметрлерине талаптар коюлган бөлмөдөгү белгилүү бир көлөмдөгү мейкиндик.

3.21 бөлмөнүн натыйжалоочу табы: Бөлмөнүн радиациялык табынын жана бөлмөнүн абасынын табынын комплекстүү көрсөткүчү.

3.22 чыгарылган абанын жылуулугун рекуперациялоо: Бөлмөдөн (имараттан) чыгарылуучу абанын жылуулугун кайталап колдонуу.

3.23 абанын рециркуляциясы: Абанын бөлмөдөн сырткы аба менен орун которуусу жана ошол аралашманы ушул же башка бөлмөлөргө берүү (тазалоодон же жылуулук-нымдуулук иштетүүдөн кийин) же абаны аны жылытуучу агрегаттар, желдеткичтик жана эжекциялык жеткиргичтер, желдеткичтер-желпүүрлөр ж.б. менен тазалоо, жылытуу (муздатуу) менен коштолуучу бир бөлмөнүн чектериндеги аралаштыруу.

3.24 курама аба өткөргүч: Бир кабатта салынган аба өткөргүчтөр ага кошулуучу аба өткөргүчтүн бөлүгү.

3.25 сильфондук компенсатор: Түтүк өткөргүчтүн узундугунун октук өзгөрүүсүн кенемтелөөнү камсыздоочу түзүлүш (түтүк өткөргүчтү жылытууда же муздатууда).

3.26 желдетүү тутуму: Бөлмөнүн тейленүүчү же жумушчу чөлкөмүндө жол берилүүчү метеорологиялык шарттарды жана абанын тазалыгын камсыздоо максатында жылуулуктун, нымдын, зыяндуу заттардын ашыкчасын чыгаруу үчүн бөлмөлөрдөгү абаны алмашууну жүзөгө ашыруучу кызматтык жактан өз ара байланышкан жабдуулардын, орнотмолордун, түзүлүштөрдүн, аба өткөргүчтөрдүн комплекси.

3.27 имараттын ички жылуулук менен жабдуу тутуму: Жылуулукту (жылуулук алып жүрүүчүнү) кайра түзүүнү, бөлүштүрүүнү жана имараттын жылытуу, желдетүү, ченемдештирүү жана ысык суу менен жабдуу тутумдарынын жылуулукту керектөөчү орнотмолоруна (жабдууларына) берүүнү камсыздоочу жабдуулар менен түзүлүштөрдүн комплекси.

3.28 борбордон ажыратылган жылуулук менен жабдуу тутуму: Анда жылуулуктун булагы жана керектөөчүлөрдүн жылуулук кабыл алгычтары же бир агрегатта айкаштырылган, же ушунчалык чукул жайгаштырылган жылуулук менен жабдуу тутуму, анда жылуулукту анын булагынан жылуулук кабыл алгычтарга чейин берүү иш жүзүндө ортодогу тогоосуз – жылуулук тармагысыз жүзөгө ашырылат.

3.29 жылытуу тутуму: Бөлмөлөрдү жылытууга жана аларда жылуулук жоготууларын кенемтелөөгө багышталган, жылуулук алып жүрүүчүнүн (суунун, абанын, буунун, жылуулук нурлантуунун ж.б.) жардамы менен абаны жасалма жылытуу үчүн жабдуулардын комплекси.

3.30 жылуулук менен жабдуу тутуму: Технологиялык жактан жылуулук тармактары менен кошулган жылуулук энергиясынын булактарынын жана жылуулукту керектөөчү орнотмолордун жыйындысы.

3.31 муздак менен жабдуу тутуму: Муздакты өндүрүү жана аны жеткирүүчү орнотмолор менен кондиционерлердин абаны муздаткычтарына берүү үчүн жабдуулар менен түзүлүштөрдүн комплекси.

3.32 борбордошкон жылуулук менен жабдуу тутуму: Анда жылуулук энергиясын өндүрүүнүн булагы имараттардын тобун жылуулук менен жабдууга иштеген жана жылуулукту керектөөчүлөр менен жылуулук тармактары аркылуу байланышкан жылуулук менен жабдуу тутуму.

Э с к е р т м е – Тутум жылуулук энергиясынын булагынан, жылуулук тармагынан, жылуулук пунктунан (БЖП/ЖЖП) же абоненттик киргизүүлөрдөн жана жылуулукту керектөөчүлөрдүн жергиликтүү тутумдарынан турат.

3.33 түздөн-түз муздатуу схемасы: Анда ченемдештирилип жаткан бөлмөнүн абасы жылуулук алмаштыргычта муздатуучу машинанын жумушчу денеси (муздатуу агенти) менен муздатылган муздатуу схемасы.

3.34 чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүү тутуму: Өрттө күйүүнүн өнүмдөрүн түтүн кабыл алуучу түзүлүш аркылуу сыртка чыгаруу үчүн багышталган автоматтык түрдө жана аралыктан башкарылуучу желдетүү тутуму.

3.35 киргизүүчү түтүнгө каршы желдетүү тутуму: Өрттө сырткы абаны берүү жана аларда ашыкча басымды түзүү аркылуу коопсуздук чөлкөмдөрү бөлмөлөрүнүн, тепкич чарчыларынын, лифт шахталарынын, тамбур-шлюздардын түтүнгө чулгануусун болтурбоого, ошондой эле күйүүнүн өнүмдөрүнүн таралуусун чектөөгө жана аларды чыгаруунун көлөмдөрүнүн ордун толтурууга багышталган автоматтык түрдө жана аралыктан башкарылуучу желдетүү тутуму.

3.36 ортодогу муздатуунун схемасы: Анда ченемдштирилип жаткан бөлмөнүн абасы жылуулук алмаштыргычта туюк контурда айлануучу ортодогу жылуулук алып жүрүүчү менен муздатылган, ал эми ортодогу жылуулук алып жүрүүчүнү муздатуу жылуулук алмаштыргычта муздатуучу машинанын жумушчу денеси (муздатуу агенти) менен жүзөгө ашырылган муздатуу схемасы.

3.37 тамбур-шлюз: Өрткө каршы тосмонун оюгун коргоого багышталган, өрткө каршы жабуулар жана тосмолор менен тосулган, өрткө каршы толтуруулары бар эки удаалаш жайгашкан оюкту же ушуга окшош толтурулган оюктардын чоң санын камтыган, сырткы абаны ички ушундай түрдө тосулган мейкиндикке – өрттө анын түтүнгө чулгануусун болтурбоо үчүн жетиштүү санда берген көлөмдүү-пландоочу элемент.

3.38 транзиттик аба өткөргүч: Ал тейлөөчү бөлмөнүн же бөлмөлөрдүн тобунун чектеринен сыртта салынган аба өткөргүчтүн бөлүгү.

4 Жалпы жоболор

4.1 Ушул курулуш ченемдери тышкы чөйрөнүн жагымсыз таасирлеринде адамдын өмүрү менен ден соолугун сактоо жана ар түрдүү табияттык жана техногендик таасир кылуулар менен көрүнүштөрдө имараттардын сакталгандыгынын зарыл деңгээлин (анын ичинде имараттарда жана курулмаларда жашоо жана эксплуатациялоо процессинде тутумдарды колдонуу үчүн зарыл коопсуз шарттарды) камсыздоо үчүн жылытуу, желдетүү, абаны ченемдештирүү, ички жылуулук жана муздак менен жабдуу тутумдарына жана энергияны үнөмдөө жана имараттар менен курулмалардын өрт коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык энергия ресурстарын майнаптуу колдонуу үчүн талаптарды аныктайт.

4.2 Имараттардын жылытуу, желдетүү жана абаны ченемдештирүү тутумдарын долбоорлоодо төмөнкүлөрдү камсыздоочу техникалык чечимдерди караштыруу керек:

а) МАМСТ 30494кө жана ушул курулуш ченемдеринин талаптарына ылайык турак-жай, коомдук имараттар менен курулмалардын жана администрациялык арналыштагы коомдук имараттардын (мындан ары – коомдук имараттардын), ошондой эле ишканалардын администрациялык жана тиричиликтик имараттарынын бөлмөлөрүнүн тейленүүчү чөлкөмүнүн абасында микроклиматтын жана зыяндуу заттардын топтолуусунун талап кылынуучу параметрлерин;

б) МАМСТ 12.1.005ке жана ушул курулуш ченемдеринин талаптарына ылайык ар кандай арналыштагы имараттардагы өндүрүштүк, лабораториялык жана кампалык (мындан ары – өндүрүштүк) бөлмөлөрдүн абасында микроклиматтын жана зыяндуу заттардын топтолуусунун талап кылынуучу параметрлерин;

в) «Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ички жылуулук жана муздак менен жабдуу, жылытуу, желдетүү жана абаны ченемдештирүү тутумдарынын жарылуу-өрт коопсуздугун;

г) МАКЧ 2.04-03кө ылайык жылуулук жана муздак менен жабдуу, жылытуу, желдетүү жана абаны ченемдештирүү жабдууларынын (мындан ары – жылытуучу-желдетүүчү жабдуулар) иштөөсүндө имараттарда ызы-чуунун жана вибрациянын жол берилген деӊгээлдерин.

Э с к е р т м е – Бул жабдуу орнотулган бөлмөлөрдө авариялык желдетүү тутумдары үчүн иштеткенде же сынаганда, МАМСТ 12.1.003кө ылайык 110 дБА туруктуу үндүк кубаттуулуктан ашпаган ызы-чуунун булагына, ал эми – 125 дБА үндүк кубаттуулуктан ашпаган импульстук ызы-чууга жол берилет;

д) МАМСТ 30494кө ылайык талап кылынган абанын сапатын;

е) таза чөлкөмдөр менен бөлмөлөрдөгү аба чөлкөмүнүн берилген классын;

ж) атмосфералык абаны зыяндуу заттарды желдетүүчү чыгаруулардан коргоону;

и) имараттардын инженердик тутумдарынын энергетикалык майнаптуулугун жогорулатууну;

к) курулушта жана эксплуатациялоодо жаӊыланбоочу табият ресурстарын чыгымдоону кыскартууну;

л) ички жылуулук жана муздак менен жабдуу, жылытуу, желдетүү жана абаны ченемдештирүү тутумдарынын жеткиликтүүлүгү менен оӊдоого жарамдуулугун.

4.3 Эгерде алар ушул курулуш ченмедеринин, «Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келишсе жана МАМСТ 31937ге ылайык ченемдик техникалык абалда турушса, өндүрүштүк, турак-жайлык, коомдук жана администрациялык-тиричиликтик имараттарды кайра курууда, техникалык кайра куралдантууда жана капиталдык оӊдоодо долбоорлоого тапшырма боюнча же техникалык-экономикалык негиздөөдө колдо бар жылытуу, желдетүү ченемдештирүү жана түтүнгө каршы желдетүү тутумдарын колдонууга жол берилет.

5. Ички жана сырткы абанын эсептик параметрлери

5.1 Бөлмөнүн аба табын, натыйжалоочу табын, абанын салыштырмалуу нымдуулугун жана абанын кыймылдоо ылдамдыгын бөлмөлөрдүн тейленүүчү же жумушчу чөлкөмдөрүндө (туруктуу жана туруксуз жумуш орундарында) камсыздоо үчүн бөлмөлөрдүн микроклиматынын параметрлерин (алар үчүн башка ченемдик документтер менен аныкталган бөлмөлөрдөн бөлөк) МАМСТ 30494, МАМСТ 12.1.005 боюнча кабыл алуу керек:

а) жылдын суук мезгилинде турак-жай бөлмөлөрүнүн тейленүүчү чөлкөмүндө – МАМСТ 30494түн оптималдуу параметрлери боюнча абанын табын;

б) жылдын суук мезгилинде коомдук жана администрациялык-тиричиликтик имараттардын тейленүүчү чөлкөмүндө же өндүрүштүк бөлмөлөрдүн жумушчу чөлкөмүндө – бөлмөлөрдө жылуулуктун ашыкчасы жок болгондо жол берилген таптардын минималдуу же жылуулуктун ашыкчасы бар бөлмөлөрдө жол берилген параметрлердин чектериндеги абанын табын. Бир иштеп жатканга аянты 50 м2 ашуун өндүрүштүк бөлмөлөрдө абанын эсептик табын туруктуу жумуш орундарында жана абанын кыйла төмөн табын (бирок 10 °Cден төмөн эмес) туруксуз жумуш орундарында камсыздоого жол берилет;

в) жылдын жылуу мезгилинде бөлмөлөрдүн тейленүүчү же жумушчу чөлкөмдөрүндө жылуулуктун ашыкчасы болгондо ‒ жол берилген таптардын чектериндеги, бирок А параметрлери боюнча сырткы абанын эсептик табынан жогору жана Б параметрлери боюнча максималдуу жол берилген таптан ашуун эмес коомдук жана администрациялык-тиричиликтик бөлмөлөр үчүн 3 °Cден ашуун эмес, жана өндүрүштүк бөлмөлөр үчүн 4 °Cден ашуун эмес абанын табын, ал эми жылуулуктун ашыкчасы жок болгондо – жол берилген таптардын чектериндеги абанын табын;

г) абанын кыймыл ылдамдыгын – жол берилген маанилердин чектеринде;

д) абанын салыштырмалуу нымдуулугун – жол берилген маанилердин чектеринде.

Эгерде жумушчу же тейленүүчү чөлкөмдө микроклиматтын жол берилген парамтерлерин өндүрүштүк же экономикалык шарттар боюнча камсыздоого мүмкүн болбосо, анда туруктуу жумуш орундарында 5.9ду, 7.1.17ни жана Е тиркемесин эске алуу менен абаны душтоону караштыруу, муздатуучу же жылытуучу панелдерди, жергиликтүү кондиционерлерди, көчмө орнотмолорду ж.б.у.с. колдонуу керек. Микроклиматтын параметрлерин (же парамтерлердин бирин) техникалык тапшырма же экономикалык негиздеме боюнча жол берилгендердин ордуна оптималдуу маанилердин чектеринде кабыл алууга жол берилет.

5.2 Жылдын суук мезгилинде жылытылуучу имараттардын бөлмөлөрүндө (абанын параметрлери башка ченемдик документтер менен аныкталган бөлмөлөрдөн башка), алар колдонулбаганда же жумуш эмес убакта нөөмөттүк жылытуу менен абанын табын төмөнкүдөн кем эмес кармоо керек:

15 °C ‒ турак-жайлык бөлмөлөрдө; 12 °C ‒ коомдук жана администрациялык-тиричиликтик имараттардын бөлмөлөрүндө; 5 °C ‒ өндүрүштүк бөлмөлөрдө. Жумуш (колдонуу) башталган учурда тап ченемдикке чейин калыбына келтирилүүгө тийиш. Э с к е р т м е – Көп батирлүү турак-жай имараттарынын жылытуу тутумдарында колдонуучуларга тапты көрсөтүлгөндөн төмөндөтүүгө жол берүүчү түзүлүштөрдү колдонууга жол берилбейт. Жылдын жылуу мезгилинде микроклиматтын параметрлери турак-жай бөлмөлөрүндө, ошондой эле алар колдонулбаганда жана жумуш эмес убакытта, бөлмөлөрдүн таптык шарттамына технологиялык талаптар жок болгондо коомдук, администрациялык-тиричиликтик жана өндүрүштүк бөлмөлөрдө жөнгө салынбайт.

5.3 Абанын параметрлерин оптималдуу маанилердин чектеринде камсыздоо үчүн бөлмөлөрдүн (алар үчүн микроклиматтын параметрлери башка ченемдик документтер же долбоорлоого тапшырма менен аныкталган бөлмөлөрдөн башка) абасын ченемдештирүүдө микроклиматтын параметрлерин караштыруу:

а) турак-жайлык, коомдук жана администрациялык-тиричиликтик бөлмөлөрдүн тейленүүчү чөлкөмүндө ‒ МАМСТ 30494 (4-бөлүм) боюнча;

б) өндүрүштүк бөлмөлөрдүн жумушчу чөлкөмүндө же алардын айрым бөлүктөрүндө, ошондой эле аларда нервдик-эмоциялык чыӊалуу менен байланышкан оператордук жумуштар аткарылган өндүрүштук бөлмөлөрдүн жумуш орундарында ‒ МАМСТ 12.1.005 жана СанЭжЧ 1.2.3685 боюнча.

Микроклиматтын параметрлеринин бирин долбоорлоого тапшырма боюнча оптималдуулардын ордуна жол берилген маанилердин чектеринде кабыл алууга жол берилет.

5.4 Турак-жай жана коомдук имараттардын бөлмөлөрүндөгү абанын сапатын МАМСТ 30494кө ылайык бөлмөлөрдөгү аба алмашуунун зарыл чоӊдугу менен камсыздоо керек.

Мектепке чейинки билим берүү уюмдары, ооруканалар жана бейтапканалар үчүн абанын сапатынын оптималдуу көрсөткүчтөрүн кабыл алуу керек. Турак-жай жана коомдук имараттар үчүн абанын сапатынын жол берилген көрсөткүчтөрүн кабыл алуу керек; көрсөтүлгөн имараттар үчүн абанын оптималдуу көрсөткүчтөрүн долбоорлоого тапшырма боюнча кабыл алуу зарыл.

5.5 Адамдардын катышуусу жок кызмат кылуучу (атайын бөлмөдө турган жана мезгил-мезгили менен жабдууларды кароо жана жөндөө үчүн 2 сааттан ашуун эмес үзгүлтүксүз өндүрүштүк бөлмөгө чыккан нөөмөткер персоналдан башка) толук автоматташтырылган технологиялык жабдуусу бар өндүрүштүк бөлмөлөр үчүн, бөлмөлөрдүн таптык шарттамына технологиялык талаптар жок болгондо, жумушчу чөлкөмдөгү абанын табын төмөнкүдөй кабыл алуу керек:

а) жылдын суук мезгилинде жана өткөөл шарттарда жылуулуктун ашыкчасы жок болгондо – плюс 5 °C, ал эми жылуулуктун ашыкчасы бар болгондо – экономикалык жактан максатка ылайыктуу тапты;

б) жылдын жылуу мезгилинде жылуулуктун ашыкчасы жок болгондо ‒ сырткы абанын табына барабар (А параметрлери), ал эми жылуулуктун ашыкчасы бар болгондо ‒ сырткы абанын табынан 4 °Cге жогору (А параметрлери), бирок 29 °Cден жогору эмес.

Оӊдоо (авариялыктан башка) жумуштарын өндүрүү орундарында (узактыгы 2 саат жана андан ашуун үзгүлтүксүз) көчмө орнотмолор менен абанын параметрлерин төмөнкүдөй камсыздоо керек:

- 5.1ге, б) санагына ылайык МАМСТ 12.1.005 боюнча минималдуу жол берилүүчүлөрдү;

- жылдын жылуу мезгилинде 5.1ге ылайык МАМСТ 12.1.005 боюнча максималдуу жол берилүүчүлөрдү.

Атайын талаптар жок болгондо толугу менен автоматташтырылган технологиялык жабдуусу бар өндүрүштүк бөлмөлөрдө абанын салыштырмалуу нымдуулугу жана кыймыл ылдамдыгы жөнгө салынбайт.

5.6 Мал багуучу, жаныбар багуучу жана канаттууларды багуучу имараттарда, өсүмдүктөрдү өстүрүү, айыл чарба өндүрүмүн сактоо, канаттуулар менен жаныбарларды кармоо үчүн курулмаларда микроклиматтын параметрлерин ошол имараттарды технологиялык долбоорлоонун талаптарына ылайык кабыл алуу керек.

5.7 Бөлмөнүн тейленүүчү же жумушчу чөлкөмүнө (жумуш орундарына) кирүүдө кирүүчү абанын агымында кыймылдын максималдуу ылдамдыгын жана тапты Д жана Е тиркемелери боюнча талап кылынган маанилерден жол берилүүчү четтөөлөрдү эске алуу менен кабыл алуу керек. Бөлмөнүн тейленүүчү жумушчу чөлкөмүнүн чектеринде аба бөлүштүргүчтөрдү жайгаштырганда абанын кыймыл ылдамдыгы жана табы аба бөлүштүргүчтөн 1 м аз аралыкта жөнгө салынбайт. Кирүүчү абаны түздөн-түз адамдын дем алуу чөлкөмүнө жергиликтүү бергенде (персоналдуу желдетүү) абанын кыймыл ылдамдыгы менен табы 5.1ге ылайык аныкталат.

5.8 Бөлмөлөрдө туруктуу жумуш орундарын нурлуу жылытууда жана ысытууда (анын ичинде газ жана электр инфракызыл нурланткычтары менен) же муздатууда бөлмөнүн тейленүүчү (жумушчу) чөлкөмүндө талап кылынуучу абанын табына эквиваленттүү таптык шарттарды (бөлмөнүн натыйжалоочу табын) камсыздап, абанын табын эсеп боюнча кабыл алуу керек.

Тейленүүчү же жумушчу чөлкөмдөгү абанын натыйжалоочу табы жылдын суук мезгилинде максималдуу жол берилген таптан 1 °Cден кем эмес төмөн болууга жана жылдын суук мезгилинде минималдуу жол берилген таптан коомдук бөлмөлөр үчүн 3 °Cден көп эмес жана өңдүрүштүк бөлмөлөр үчүн 4 °Cден көп эмес болууга тийиш. Иштеп жаткандарды жылуулуктук нурлантууда жумуш орундарындагы абанын табы төмөнкүдөн ашпоого тийиш: 25 °C – жумуштардын Iа; 24 °C ‒ Iб; 22 °C ‒ IIа; 21°C ‒ IIб; 20 °C ‒ III категорияларында. Инфракызыл нурлантуунун адамдын организмине жагымсыз таасиринин алдын алуу үчүн жылытууда жана ысытууда жылуулуктук нурлантуунун интенсивдүүлүгү СанЭжЧ 2.2.4.548де көрсөтүлгөн чоңдуктардан жогору болбоого тийиш:

- 15 Вт/м2 – жол берилген чоңдуктардын ылдыйкы чек арасына ылайык келген абанын табында баштын корголбогон бөлүктөрүнүн бетинде;

- 25 Вт/м2 – оптималдуу чоңдуктардын ылдыйкы чек арасына ылайык келген аба табында адамдын денесинин, колдорунун жана буттарынын бетинде;

- 50 Вт/м2 – жол берилген чоңдуктардын ылдыйкы чек арасына ылайык келген абанын табында адамдын денесинин, колдорунун жана буттарынын бетинде.

Дененин, колдордун жана буттардын бетин инфракызыл нурлантуунун максималдуу интенсивдүүлүгү туруктуу жумуш орундарында 140 Вт/м2 жана туруктуу эмес жумуш орундарында 250 Вт/м2 ашпоого тийиш. Мында дененин 25%дан ашууну нурлантууга дуушарланбоого тийиш жана жекече коргонуу каражаттарын колдонуу милдеттүү, анын ичинде жүздү жана көздөрдү коргоо каражаттарын.

5.9 Ысык цехтердин өндүрүштүк бөлмөлөрүндө 140 Вт/м2 жана андан ашуун беттик тыгыздыктагы нурлуу жылуулук агымы менен нурлантууда муздатуучу панелдерди же жумуш орундарын аба менен душтоону караштыруу керек; жумуш ордунда абанын табын жана кыймылдоо ылдамдыгын Е тиркемеси боюнча кабыл алуу керек. Ысык цехтердин жумушчулардын эс алуусу үчүн бөлмөлөрүндө абанын табын жылдын суук мезгилинде 20 °C жана жылдын жылуу мезгилинде 23 °C кабыл алуу керек.

5.10 Нурлуу жылытуу жана ысытуу, желдетүү жана ченемдештирүү тутумдарын эсептөөдө өндүрүштүк бөлмөлөрдөгү жумуш орундарындагы жумушчу чөлкөмдүн абасындагы зыяндуу заттардын топтолуусун МАМСТ 12.1.005те, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органынын документтери менен аныкталган жумушчу чөлкөмдүн абасындагы ЧЖБТдан ашырбай кабыл алуу керек.

5.11 Аба бөлүштүргүчтөрдөн жана башка киргизүүчү тешиктерден чыгуудагы кирүүчү абадагы зыяндуу заттардын топтолуусун ошол заттардын аба кабыл алуучу түзүлүштөр жайгашкан жерлердеги фондук топтолууларын эске алуу менен эсеп боюнча, бирок төмөнкүдөн ашырбай кабыл алуу керек:

а) 30% ЧЖБТ жумушчу чөлкөмдүн абасында – өндүрүштүк жана администрациялык-тиричиликтик бөлмөлөр үчүн;

б) ЧЖБТ калктуу конуштардын абасында – турак-жайлык жана коомдук бөлмөлөр үчүн.

5.12 Таза бөлмөлөрдү ченемдештирүүдө микроклиматтын параметрлерин жумушчу же тейленүүчү чөлкөмдө төмөнкүлөрдү камсыздоо үчүн караштыруу керек:

- долбоорлоого тапшырма боюнча кабыл алынган тиешелүү класстагы абанын тазалыгын;

- 5.3 боюнча же долбоорлоого тапшырма боюнча оптималдуу ченемдердин чектериндеги абанын параметрлерин.

5.13 Турак-жайлык, коомдук, администрациялык-тиричиликтик жана өндүрүштүк имараттардын бөлмөлөрүндөгү микроклиматтын берилген параметрлерин курулуштун тиешелүү райондору үчүн КР КЧжЭ 23-02 боюнча сырткы абанын эсептик параметрлеринин чектеринде камсыздоо керек:

А параметрлери ‒ жылдын жылуу мезгилинде желдетүү жана абаны душтоо тутумдары үчүн; Б параметрлери ‒ жылдын суук мезгилинде жылытуу, желдетүү жана абаны душтоо тутумдары үчүн, ошондой эле жылдын жылуу жана суук мезгилдеринде ченемдештирүү тутумдары үчүн. Жылдын жылуу мезгилинде сырткы абанын үлүштүк энтальпиясынын жана нымды кармоосунун чоңдугун (Б параметрлери) берилген климаттык район үчүн максималдуу кабыл алуу керек. Жылдын өткөөл шарттары үчүн сырткы абанын параметрлерин төмөнкүдөй кабыл алуу керек: тапты 10 °C жана үлүштүк энтальпияны 26,5 кДж/кг же аларда жылуулук менен муздакты керектөөчү жабдуулардын иштөө шарттамы өзгөрүлүүчү сырткы абанын параметрлери.

5.14 Эгерде алар курулуш конструкциялары үчүн талаптар же технологиялык талаптар менен аныкталбаса, айыл чарбалык арналыштагы имараттар үчүн сырткы абанын параметрлерин төмөнкүдөй кабыл алуу керек:

А параметрлери ‒ жылдын жылуу жана суук мезгилдеринде жылытуу жана ченемдештирүү тутумдары үчүн; Б параметрлери ‒ жылдын суук мезгилинде жылытуу тутумдары үчүн.

5.15 Негиздегенде долбоорлоого тапшырма боюнча сырткы абанын параметрлерин 5.13, 5.14 боюнча эсептик параметрлерге караганда жылдын суук мезгилинде төмөн жана жылдын жылуу мезгилинде жогору кабыл алууга жол берилет.

5.16 Турак-жайлык, коомдук, администрациялык жана өндүрүштүк бөлмөлөрдө жылдын суук жана жылуу мезгилдеринин эсептик шарттамдары үчүн микроклиматтын берилген параметрлерин камсыздоо эсептер менен же стандартсыз учурларда математикалык моделдөөнүн усулдары менен тастыкталууга тийиш.

5.17 Жылытуу, желдетүү жана абаны ченемдештирүү тутумдарынын техникалык чечимдеринде бөлмөлөрдүн микроклиматынын параметрлерин автоматтык түрдө автономдуу жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү каралган болууга тийиш.

6 Ички жылуулук менен жабдуу жана жылытуу тутумдары

6.1 Жылуулук менен жабдуу тутумдары

6.1.1 Имараттарды жылуулук менен жабдуу төмөнкүлөр боюнча жүзөгө ашырыла алат:

- жылуулуктун булагынан (ЖЭБ, РЖС, өзүнчө турган отказандар) борбордошкон жылуулук менен жабдуу тутумунун жылуулук тармактары боюнча;

- жылуулук менен жабдуунун борбордон ажыратылган тутумунун жекече жылуулук генераторлорунан;

- бир имаратты же имараттардын тобун тейлеген ЖЖАБнан (кошо курулган, улай курулган же чатырдагы отказан, когенерациялык же ЖЖЖСТ);

- жылуулуктун комбинацияланган булагынан – борбордошкон жылуулук менен жабдуу тутуму же борбордон ажыратылган жылуулук менен жабдуу тутуму менен чогуу иштөөчү жылуулук-муздак менен жабдуунун гибриддүү жылуулук соргучтук тутумдары;

- каскаддуу иштетүү схемасы бар көп батирлүү турак үйдүн бир подъездинин батирлерин тейлөөчү автономдуу жылуулук генераторунан.

6.1.2 Ар түрдүү арналыштагы имараттардын ички жылуулук менен жабдуу тутумдарын сырткы абанын табына жараша ички жылуулук менен жабдуу тутумдарынын эсептик гидравликалык жана жылуулуктук шарттамдарын, ошондой эле жылытуу жана желдетүү тутумдарында жылуулукту керектөөнү автоматтык түрдө жөнгө салуучу борбордошкон жылуулук менен жабдуунун жылуулук тармактарына же жылуулуктун автономдуу булагына автоматташтырылган борбордук, жекече же батир боюнча жылуулук пункттары аркылуу кошуу керек. Жылуулук пунктунун кубаттуулугу имараттын жылуулук энергиясын керектөөсүнө шайкеш келүүгө тийиш.

6.1.3 Жылуулук менен жабдуунун борбордошкон схемасында турак-жайлык жана коомдук имараттардын ички жылуулук менен жабдуу жана жылытуу тутумдарын көз карандысыз схема боюнча БЖП/ЖЖП аркылуу кошуу сунушталат.

Ички жылуулук менен жабдуу жана жылытуу тутумдарын төмөнкүлөрдө көз каранды схема боюнча кошууга жол берилет:

- өндүрүштүк жана администрациялык-тиричиликтик имараттарды борбордошкон жылуулук менен жабдууда;

- имараттарды жылуулуктун автономдуу булагынан жылуулук менен жабдууда.

6.1.4 Жылытуу тутумдарын борбордошкон жылуулук менен жабдуунун жылуулук тармактарына элеватор аркылуу, автоматташтырылганын кошо, кошууга жол берилбейт, бирок ал электр менен жабдуу туруксуз райондордо электр менен жабдуу авариялык өчүрүлгөндө циркуляциялык соргучтун байламтасында резервдик аралаштыруучу түзүлүш катары колдонула алат.

6.1.5 Аз кабаттуу (үч кабатка чейинди кошо) үйлөрдүн тобун борбордошкон жылуулук менен жабдууда аларды жылуулук тармактарына батир ичиндеги жылытуу тармактарына жылуулукту берүүнү автоматтык түрдө жөнгө салуусу бар жана аларга кошулган имараттардын жылытуу тутумдары үчүн талап кылынуучу ошол тармактарда айлануучу жылуулуук алып жүрүүчүнүн параметрлери бар БЖП аркылуу кошууга жол берилет.

6.1.6 Имараттарга кошо курулган жылуулук пункттарын, адатта, имараттардын сырткы дубалдарындагы өзүнчө бөлмөлөргө жайгаштыруу керек.

Жылуулук пунктунан чыгуулар караштырылууга тийиш: жылуулук пунктунун бөлмөсүнүн узундугу 12 м болгондо жана ал имараттан сыртка чыгуудан 12 м аз аралыкта жайгашканда – бир чыгуу коңшу бөлмөгө, коридорго же тепкич чарчысына, ал эми жылуулук пункту имараттардын чыгуусунан 12 м ашуун аралыкта жайгашканда – бир өз алдынча сыртка чыгуу; жылуулук пунктунун бөлмөусүнүн узундугу 12 м ашуун болгондо – эки чыгуу, алардын бири түздөн-түз сыртка, экинчиси – коңшу бөлмөгө, коридорго же тепкич чарчысына болууга тийиш. Бууну керектөөчүлөрдүн жылуулук пункттарынын бөлмөлөрү бөлмөнүн көлөмдөрүнө карабастан экиден кем эмес чыгууга ээ болууга тийиш. Мындай мүмкүнчүлүк жок болгондо, негиздөөдө жана долбоорлоого тапшырма боюнча кийин курулган же өзүнчө турган жылуулук пункттарын курууга жол берилет. Бөлмөлөрдүн бийиктигин таза астананын белгисинен чыгып турган жабуу конструкцияларынын астына чейин (жарыкта) төмөнкүдөн кем эмес кабыл алуу сунушталат: жер үстүндөгү БЖП үчүн – 4,2 м; жер алдындагылар үчүн - 3,6 м; ЖЖП үчүн – 2,2 м. ЖЖП имараттардын жертөлө жана цоколь бөлмөлөрүнө, ошондой эле техникалык жертөлөлөрүнө жайгаштырганда бөлмөлөрдүн жана аларга эркин өтүүлөрдүн бийиктигин 1,8 м кем эмес кабыл алууга жол берилет. ЖЖПда имараттын суммардык жылуулук керектөөсүн өлчөөчү жылуулук энергиясын эсепке алуунун жалпы үйлүк түйүнүн жана ысык суу менен жабдууга багытталган муздак суунун суу өлчөгүчүн жайгаштыруу керек.

6.1.7 Имараттардын ички жылуулук менен жабдуу тутумдары гидравликалык жана жылуулуктук туруктуулуктарга ээ болууга тийиш.

Көп батирлүү турак үйлөрдүн тобун БЖП/ЖЖП аркылуу кошкондо, ошол үйлөрдүн ички жылуулук менен жабдуу жана жылытуу тутумдарына жылуулук берүүнү автоматтык түрдө жөнгө салуу ар бир үйдө (үйдүн бөлүгүндө) жылытуу жана ички жылуулук менен жабдуу тутумдарын башкаруунун автоматташтырылган түйүнүндө жүзөгө ашырылууга тийиш.

6.1.8 Мезгилдүү иштөө шарттамы бар имараттарда жумуш эмес убакта ошол имараттын жылытуу тутумуна жылуулук берүүнү автоматтык түрдө азайтууну караштыруу сунушталат.

6.1.9 Коомдук жана өндүрүштүк имараттарда бүткүл имаратка ички жылуулук менен жабдуу тутумдарында жылуулукту чыгымдоону коммерциялык эсепке алууну караштыруу керек .

Бир имаратта түрдүү арналыштагы бөлмөлөрдүн топтору үчүн же түрдүү ижарачыларга (ээлик кылуучуларга) багышталган бөлмөлөрдүн топтору үчүн, долбоорлоого тапшырма боюнча жылуулукту чыгымдоону эсепке алуунун жекече түйүндөрүн караштыруу керек.

6.1.10 Турак-жайлык көп батирлүү имараттарда ички жылуулук менен жабдуу тутумдарында имаратка жылуулукту чыгымдоону коммерциялык эсепке алууну, ошондой эле ар бир батир үчүн жылуулукту чыгымдоону эсепке алуу менен жөнгө салууну караштыруу керек. Жылытуу тутумдары вертикалдуу (тик) тартылган имараттарда радиаторлук жылуулук бөлүштүргүчтөрдү же башка ошого окшош түзүлүштөрдү орнотуп, жылуулукту чыгымдоону батир боюнча эсепке алууну караштыруу керек.

Бирдиктүү БЖП бар көп батирлүү имараттардын комплексинде ар бир имарат тарабынан керектелген жылуулукту коммерциялык эсепке алуу зарылдыгы негизделген болууга же болбосо техникалык тапшырма боюнча кабыл алынууга тийиш.

6.1.11 Ички жылуулук менен жабдуу тутумдары үчүн жылуулук алып жүрүүчү катары сууну колдонуу керек. Суунун буусун, ошондой эле башка жылуулук алып жүрүүчүлөрдү (бассейндеги сууну жылытуу тутумдарынан ж.б. башка), эгерде алар санитардык-гигиеналык жана жарылуу-өрт коопсуздук талаптарына шайкеш келсе колдонуу керек.

6.1.12 Электр энергиясын жылытуу менен жабдуу максаттарында колдонууга жылуулук-муздак менен жабдуунун жылуулук соргучтук тутумдарынын киргизүүлөрү үчүн жол берилет.

Электр энергиясын жылытуу, аба жылыткычтар менен аба-жылуулук көшөгөлөрүндөгү (А жана Б категорияларындагы жарылуу-өрт кооптуу бөлмөлөрдөн башка) абаны ысытуу үчүн жылуулук энергиясына түздөн-түз өзгөртүүгө тиешелүү техникалык-экономикалык негиздөөдө (Б тиркемеси менен аныкталган чектөөлөрдү эске алуу менен) жана жергиликтүү мүмкүнчүлүктөрдү жана шарттарды эске алуу менен долбоорлоого тапшырма боюнча жол берилет.

6.1.13 Ички жылуулук менен жабдуу жана жылытуу тутумдары үчүн жылуулук алып жүрүүчүнүн табын төмөнкүдөй кабыл алуу керек:

- турак-жайлык жана коомдук имараттар менен комплекстерде 95 °Cден ашуун эмес;

- өндүрүштүктөрдө 115 °Cден ашуун эмес.

6.1.14 Полимердик материалдардан түтүк өткөргүчтөрү бар ички жылытуу менен жабдуу жана жылытуу тутумдарында, жылуулук алып жүрүүчүнүн параметрлери (табы, басымы) 90 °Cден жана 1,0 МПадан, ошондой эле МАМСТ 32415 боюнча түтүктөр менен фитингдерди колдонуунун аныкталган классы үчүн жол берилген маанилерден ашпоого тийиш.

6.1.15 Киргизүүчү орнотмолордун, кондиционерлердин, аба-жылуулук көшөгөлөрүнүн ж.б.у.с. абаны жылыткычтарынын жылытуу жана жылуулук менен жабдуу тутумдары үчүн (мындан ары – ички жылуулук менен жабдуу тутумдары) жылуулук алып жүрүүчүнүн табын, жабдуулардын, арматуранын жана түтүк өткөргүчтөрдүн техникалык мүнөздөмөлөрүнө ылайык тейленүүчү бөлмөдө турган заттардын өзү тутануу табына караганда төмөн 20 °Cден кем эмес, жана Б тиркемеси боюнча максималдуу жол берилгенден ашык эмес кабыл алуу керек.

6.2 Жылытуу тутумдары

6.2.1 Имараттын же курулманын долбоорлук документациясында жылдын бардык мезгилдери ичинде имаратты эксплуатациялоонун тышкы жана ички шарттарынын өзгөрүүлөрүндө жылытуу тутумдарынын жылуулуктук жана гидравликалык туруктуулуктарын камсыздоо боюнча техникалык чечимдер каралган болууга тийиш.

Жылытуу тутумдары жылытылган бөлмөлөрдө 5-бөлүмгө ылайык сырткы абанын эсептик параметрлеринде жылытуу мезгили ичинде абанын ченемделген табын камсыздоого тийиш.

6.2.2 Жылытуу тутумдары бөлмөлөрдө төмөнкүнү эске алып, абанын талап кылынган табын камсыздоого тийиш:

- тосуучу конструкциялар аркылуу жылуулукту жоготууларды;

- эгерде бул бөлмөлөрдө механикалык киргизүүчү желдетүү каралбаган болсо, бөлмөгө инфильтрацянын эсебинен же терезе клапандары, форточкалар, фрамугалар жана башка бөлмөлөрдү ченемдүү аба алмашуунун көлөмүндө желдетүү үчүн түзүлүштөр аркылуу уюштурулган кирүү жолу менен кирген сырткы абаны жылытууга жылуулукту чыгымдоону;

- материалдарды, жабдууларды жана транспорт каражаттарын жылытууга жылуулукту чыгымдоону;

- электр аспаптарынан, жарыктандыруудан, технологиялык жабдуулардан, түтүк өткөргүчтөрдөн, адамдардан жана башка жылуулук булактарынан үзгүлтүксүз келип түшүүчү жылуулук агымын.

6.2.3 Бөлмөлөрдүн жылытуу тутумдары үчүн жылуулукту жоготууларын жана желдетүү тутумдарына жылуулукту чыгымдоолорду эсептөөнү А тиркемесине ылайык аткаруу сунушталат.

Бөлмөлөрдүн ички тосуучу конструкциялары аркылуу жылуулукту жоготууларды эске албоого жол берилет, эгерде ошол бөлмөлөрдөгү аба табынын түрдүүлүгү 3 °Cден ашпаса.

6.2.4 Киргизүүчү орнотмолордун, кондиционерлердин, аба-жылуулук көшөгөлөрүнүн ж.б. аба жылыткычтарынын жылытуу тутумдарын, жылуулук менен жабдуу тутумдарын, жылуулукту алып жүрүүчүнүн түрүн, жылуулукту алып жүрүүчүнүн максималдуу жол берилүүчү табын, жылытуу аспаптарынын жана аба жылыткычтардын тибин тандоону турак-жайлык, коомдук жана администрациялык-тиричиликтик имараттардагы же Б тиркемеси боюнча өндүрүштүк бөлмөлөрдүн категориясындагы жылытылуучу бөлмөлөрдүн арналышын эске алуу менен караштыруу керек.

6.2.5 Жылытылбаган имараттарда айрым бөлмөлөр менен чөлкөмдөрдө, ошондой эле жабдууну жөндөөдө жана оңдоодо убактылуу жумуш орундарында технологиялык талаптарга ылайык келген абанын табын кармоо үчүн, жергиликтүү жылытууну караштыруу керек.

6.2.6 Борбордук жылытуу тутумдарында жылытуу аспаптарынын жылуулук берүүсүн автоматтык түрдө жөнгө салууну караштыруу керек. Мында автоматтык түрдө жөнгө салуучу түзүлүш 5.2ге ылайык бөлмөдөгү абанын табын жөнгө салуу диапазонун чектөө менен болууга тийиш.

6.2.7 Тепкич чарчыларын жылытууну тепкич чарчысын турак-жайлык жана башка бөлмөлөрдөн бөлүүчү ички дубалдардын жылуулук өткөрүүгө каршылыгын эсептөөнүн натыйжаларын эске алуу менен долбоорлоо керек.

Тепкич чарчыларын жылытууну төмөнкүлөрдө караштырбоого жол берилет:

- Н1 тибиндеги түтүнгө чулганбоочу тепкич чарчыларында;

- батирлик жылытуу жана батир боюнча жылуулук менен жабдуу тутумдары менен жабдылган имараттар үчүн, ошондой эле жылдын суук мезгили үчүн сырткы абанын эсептик табы минус 5°С жана андан жогору болгон райондордо ар кандай жылытуу тутумдары бар имараттар үчүн (Б параметрлери).

Жылытылбаган тепкич чарчыларында тепкич марштары менен аянтчаларынын баскычтарында муздун пайда болуусун болтурбоо боюнча иш-чараларды караштыруу зарыл.

6.2.8 Жарылуу-өрт жана өрт кооптуу А жана Б категорияларындагы бөлмөлөрдө (мындан ары – категориялардын бөлмөлөрүндө) төмөнкүлөрдү караштыруу керек:

- Б тиркемеси боюнча абалык жылытууну;

- Б тиркемеси боюнча башка жылытуу тутумдарын, аларда суу же суунун буусу менен байланышка киргенде жарылуу кооптуу аралашмаларды түзүүчү заттар, же суу менен өз ара аракеттешкенде өзү тутанууга же жарылууга жөндөмдүү заттар сакталган же колдонулган бөлмөлөр үчүн суу менен жылытуу тутумдарын кошпогондо.

6.2.9 Суу менен жылытуу тутумдарында басымды жоготуулар төмөнкүнү түзүүгө тийиш:

- бир түтүктүү жылытуу тутумдарынын турмаларында жана вертикалдуу эки түтүктүү жылытуу тутумдарынын аспаптык түйүндөрүндө – жалпы бөлүктөрдөгү басымдын жоготууларын эске алуусуз айлануучу шакектердеги басымдын жалпы жоготуулары 70 %дан кем эмес;

- берүүчү магистралы ылдыйдан тараган жана кайтаруучу магистралы өйдөтөн тараган бир түтүктүү жылытуу тутумдарынын турмаларында – турманын бийиктигинин ар бир метрине 300 Па кем эмес;

- эки түтүктүү вертикалдуу жана бир түтүктүү горизонталдуу жылытуу тутумдарында үстүңкү аспаптар (бутактар) аркылуу айлануучу шакектерде – жылуулук алып жүрүүчүнүн эсептик параметрлеринде алардагы табигый басымдан кем эмес.

Жылытуу тутумундагы суунун айлануусу үчүн берүүчү жана кайтаруучу түтүк өткөргүчтөрдөгү суунун басымынын жайгашуучу түрдүүлүгүн түтүктөрдөгү жана жылытуу аспаптарындагы сууну муздатууда пайда болуучу басымды эске алуу менен аныктоо керек. Жылытуу тутумундагы айлануучу басымдын эске алынбаган жоготууларын басымды максималдуу жоготуулардын 10%ына барабар деп кабыл алуу керек. Айлануучу шакектердеги басымдын жоготууларынын байланбоосу (жалпы бөлүктөрдөгү басымдын жоготууларын эске алуусуз), түтүк өткөргүчтөр жолу улаш таралганда 5%дан жана туюк таралганда 15%дан ашпоого тийиш.

6.2.10 Суу менен жылытуу тутумдары туруктуу кесилиши бар дросселдик түзүлүштөрдү колдонуусуз жөнгө салынгандай долбоорлонгон болууга тийиш.

6.2.11 Жылытуу тутумдарынын гидравликалык туруктуулугун, ошондой эле термостаттардын туруктуу иштөөсүн камсыздоо үчүн, тутумдун турмаларында же анын горизонталдуу кабаттар боюнча бутактарында, анын ичинде батирлер боюнча, автоматтык теңдемдөөчү клапандарды орнотууну караштыруу керек:

- эки түтүктүү жылытуу тутумдарында басымдардын өйдө-ылдый болуусун жөндөгүчтөрдү;

- аларды эсептөөнүн усулунан көз карандысыз, бир түтүктүү жылытуу тутумдарында чыгымдоону жөндөгүчтөрдү.

Теңдемдөөчү клапандардын конструкциясында чыгымдоолорду жана (же) басымдын өйдө-ылдый болууларын, атайын аспаптардын жардамы менен өлчөөлөр мүмкүнчүлүгү каралган болууга тийиш. Турак-жай имараттарын батир боюнча жылытуу тутумдарында бөлүштүрүүчү кабаттар боюнча тарактарда, жылуулук алып жүрүүчүнү жылытуу тутумунун берүүчү түтүк өткөргүчүнөн кайтаруучусуна кайра коё берүүнү жүзөгө ашырууга жол берүүчү түзүлүштөрдү колдонууга жол берилбейт. Жылуулук алып жүрүүчүнү үзгүлтүксүз чыгымдоосу бар жылытуу тутумдары үчүн (термостаттары жана башка жөнгө салуучу түзүлүштөрү жок) гидравликалык эсептөөнүн маалыматарына ылайык келген алдын ала орнотуу куроо туруму бар кол менен теңдемдөөчү клапандарды орнотууга жол берилет.

6.2.12 Жылытуу аспабынын номиналдуу жылуулук агымын эсеп боюнча талап кылынгандан аз кабыл албоо керек. Терможөндөгүчү бар жылытуу аспабынын номиналдуу жылуулук агымын керектөөчүнүн ыңгайлуу таптын диапазонун оптималдуу ченемдердин чектеринде тандоосу жана эске алынбаган кошумча жылуулук жоготууларын кенемтелөөсү мүмкүнчүлүгү үчүн эсеп боюнча талап кылынгандан 10-15% көп кабыл алуу керек.

Жылытуу аспаптарынын беттерин эсептегенде ачык кураганда жылытуу тутумунун түтүк өткөргүчтөрүнөн бөлмөгө келип түшкөн жылуулук агымын эске алуу керек.

6.2.14 Жабык жана ачык газ жана электр инфракызыл нурланткычтары бар нурлуу жылытуу менен ысытуу тутумдарын төмөнкүлөрдө колдонууга жол берилет:

- ачык аянтчаларда;

- В2, В3, В4, Г жана Д категорияларындагы өндүрүштүк бөлмөлөрдө (Ф5.1 классындагы кызматтык өрт кооптуу күйүүчү чаңды жана аэрозолдорду бөлүүсүз);

- Ф5.2 классындагы В2, В3, В4, Д категорияларындагы кампалардын (күйүүчү чаңды жана аэрозолдорду бөлүүсүз) бөлмөлөрүндө (китеп сактоочу жайлардан, архивдерден, бийик стеллаждуу кампалардан башка);

- В2, В3 категорияларындагы автомобилдер токтоочу жайларда – долбоорлоого тапшырма боюнча күңүрт инфракызыл нурланткычтар;

- Ф5.3 классындагы айыл чарбалык имараттардын бөлмөлөрүндө (ачык инфракызыл нурланткычтардан башка);

- Ф2.3 классындагы оюн-зооктук жана маданий-агартуучулук мекемелердин (театрлар, кинотеатрлар, концерттик залдар, трибуналары бар спорттук курулмалар) бөлмөлөрүндө, ачык абада жайгашкан Ф2.4 классындагы (музейлер, көргөзмөлөр, бий залдары);

- Ф3.6 классындагы дене тарбиялык-ден соолукту чыңдоочу жана спорттук-машыгуучу мекемелердин (көрүүчүлөр үчүн трибуналары жок) бөлмөлөрүндө.

6.2.14 Газ жана электр инфракызыл нурланткычтары бар жылытуу жана ысытуу тутумдарын төмөнкүлөрдө колдонуунун кереги жок:

- жертөлө жана цоколь кабаттарынын бөлмөлөрүндө;

- отко туруктуулуктун V даражасындагы имараттарда;

- өндүрүштүк бөлмөлөр менен кампалардын жарылуу кооптуу чөлкөмдөрүндө;

- табигый газ менен иштеген автомобиль техникасы токтоочу жана аларды оңдоочу бөлмөлөрдө;

- С1, С2 жана С3 класстарындагы конструктивдүү өрт кооптуу отко туруктуулуктун ар кандай даражасындагы имараттарда.

6.2.15 Жылытуу тутумдарында абаны чыгаруу жана аларды бошотуу үчүн түзүлүштөрдү караштыруу керек.

Ар бир турмада сууну агызуу же абаны чыгаруу үчүн шлангдарды кошууу үчүн штуцерлери бар арматураны караштыруу керек. Горизонталдуу жылытуу тутумдарында имараттын кабаттуулугуна карабастан ар бир кабатта аларды бошотуу үчүн түзүлүштөрдү караштыруу керек. Полимер түтүктөрү бар горизонталдуу жылытуу тутумдарында сууну агызуунун ордуна кабаттар боюнча (батирлер боюнча) бөлүштүргүчтөрдөгү же тутумдун өзүнчө бутактарындагы атайын арматура аркылуу тутумду кысылган аба менен үйлөтүүнү колдонууга жол берилет.

6.2.16 Жылуулук алып жүрүүчүсү суу болгондо жылытуу тутумдарынан жана суу толтурулган конденсат өткөргүчтөрдөн абаны чыгарууну үстүңкү чекиттерде, жылуулук алып жүрүүчүсү буу болгондо – конденсациялык өзү акма түтүк өткөргүчтүн ылдыйкы чекиттеринде караштыруу керек.

Суу менен жылытуу тутумдарында абаны чыгаруу үчүн акма аба топтогучтарды же крандарды караштыруу керек. Акпаган аба топтогучтарды түтүк өткөргүчтөгү суунун кыймыл ылдамдыгы 0,1 м/с аз болгондо колдонууга жол берилет.

6.3 Түтүк өткөргүчтөр

6.3.1 Ички жылуулук менен жабдуу тутумдарынын түтүк өткөргүчтөрүн болот, жез, латунь, термотуруктуу полимер (анын ичинде арматураланган) түтүктөрдөн караштыруу керек.

Бир контурда жезден жана алюминий куймалардан аткарылган тутумдун элементтерин колдонбоо керек. Жоопкерчиликтин жогору жана ченемдүү деңгээлиндеги имараттар менен курулмаларды курууга, кайра курууга жана капиталдык оңдоого долбоорлук документацияда колдонулган жана калыбына келтирилген болот түтүктөрдү, материалдарды жана арматураны колдонууга жол берилбейт. Э с к е р т м е л е р 1 Полимер түтүк өткөргүчтөрдү тандоодо колдонуунун жарыяланган параметрлеринде түтүктөрдүн узак чыдоосун, бышыктыгын эске алуу керек 2 Элеватордук туташтыруусу бар жылытуу тутумдарында полимер түтүк өткөргүчтөрдү колдонууга жол берилбейт 3 Түтүктөргө механикалык жана термикалык залал келүүлөрдү, ошондой эле аларга ультрафиолет нурлануусунун түз таасир кылуусун жокко чыгарган кошумча иш-чараларды ишке ашыруусуз полимер түтүк өткөргүчтөрдү жылытуу тутумдарында колдонууга жол берилбейт.

6.3.2 Гидравликалык эсептөөдө ички жылуулук менен жабдуу тутумдарынын жаңы болот түтүктөрдөн түтүк өткөргүчтөрүнүн ички бетинин эквиваленттүү одонолугун суу, буу жана башка жылуулук алып жүрүүчүлөр үчүн 0,2 мм кем эмес жана конденсат үчүн 0,5 мм кем эмес кабыл алуу сунушталат.

Ички жылуулук менен жабдуу тутумдарын жылуулук тармагына көз каранды туташтырууда, ошондой эле болот түтүктөрдөн колдо бар түтүк өткөргүчтөрдү колдонгондо (4.4кө ылайык), эквиваленттүү одонолукту суу, буу жана башка жылуулук алып жүрүүчүлөр үчүн 0,5 мм кем эмес жана конденсат үчүн 1,0 мм кем эмес кабыл алуу керек. Полимер материалдардан түтүктөрдүн, ошондой эле жез жана латунь түтүктөрдүн ички бетинин эквиваленттүү одонолугун аларга ылайык 0,01 мм жана 0,11 мм кем эмес кабыл алуу керек.

6.3.3 Жылытуу тутумдарында металл түтүктөр же жылуулук алып жүрүүчүдө аралаштырылган кычкылтектин камтылышы боюнча чектөөлөргө ээ болгон аспаптар жана жабдуулар менен чогуу колдонулуучу полимер түтүктөрдүн кычкылтек өткөргүчтүгү 0,1 г/(м3·күн) ашпоого тийиш.

6.3.4 Полимер түтүктөрдөн түтүк өткөргүчтөрдү болот түтүк өткөргүчтөр, бекитүүчү-жөнгө салуучу арматура жана жылытуучу аспаптар менен кошууну атайын кошуучу тетиктердин жардамы менен резьбада аткаруу керек.

6.3.5 Ички жылуулук менен жабдуу тутумдарынын түтүк өткөргүчтөрүн төмөнкүлөрдө салууга жол берилбейт:

а) эсептик табы минус 40 °C жана андан төмөн райондо болгон (Б параметрлери) имараттардын чатырларында (жылуу чатырлардан башка) жана желдетилүүчү жертөлөлөрүндө;

б) транзиттиктер ‒ жарандык коргонуунун коргоочу курулмаларынын бөлмөлөрү жана электр кабелдери бар шахталар аркылуу;

в) бир шахтада (каналда) ‒ күйүүчү, коррозиялык-активдүү суюктуктардын, буулар менен газдардын түтүк өткөргүчтөрү менен;

г) бир шахтада ‒ алар боюнча жарылуу кооптуу аралашмалар жылып жүргөн аба өткөргүчтөр менен.

Транзиттик түтүк өткөргүчтөрдү ажыратуучу кошууларсыз коргоочу каптамада электр техникалык бөлмөлөр, жөө адамдар үчүн галереялар жана тоннелдер аркылуу салууга жол берилет.

6.3.6 Ички жылуулук менен жабдуу жана жылытуу тутумдарындагы түтүк өткөргүчтөрдөгү жылуулук алып жүрүүчүнүн кыймыл ылдамдыгын И тиркемеси боюнча бөлмөдөгү үндүн жол берилүүчү эквиваленттүү деӊгээлине жараша кабыл алуу керек.

6.3.7 Ички жылуулук менен жабдуу жана жылытуу тутумдарындагы түтүк өткөргүчтөрдөгү буунун кыймыл ылдамдыгын төмөнкүдөй кабыл алуу керек:

а) басымы төмөн тутумдарда (кире бериште 70 кПа чейин) буу менен конденсаттын жолу улаш кыймылында ‒ 30 м/с, каршылаш кыймылында ‒ 20 м/с;

б) басымы жогору тутумдарда (кирүүдө 70тен 170 кПа чейин) буу менен конденсаттын жолу улаш кыймылында ‒ 80 м/с, каршылаш кыймылында ‒ 60 м/с.

6.3.8 Суунун, буунун жана конденсаттын түтүк өткөргүчтөрүнүн жантаюуларын 0,002ден кем эмес, ал эми буунун кыймылына каршы буу өткөргүчтөрдүн жантаюусун – 0,006дан кем эмес кабыл алуу керек.

Түтүк өткөргүчтөрдүн бардык ылдыйкы чекиттеринде тутумду бошотуу мүмкүнчүлүгү үчүн агызуучу крандарды орнотуу каралууга тийиш. Бардык үстүӊкү чекиттеринде абаны чыгаруу мүмкүнчүлүгү үчүн аба чыгаргычтарды же крандарды орнотуу каралууга тийиш.

6.3.9 Ички жылуулук менен жабдуу жана жылытуу тутумдарынын таратуучу түтүк өткөргүчтөрүн кысылган шарттарда, ошондой эле түтүк өткөргүчтөрдөгү суунун кыймыл ылдамдыгында жантаюусуз салууга жол берилет:

- болот түтүктөрдөн ‒ 0,25 м/с жана андан көп;

- жез жана полимер түтүктөрдөн ‒ 0,1 м/с жана андан көп.

Көрсөтүлгөн түтүк өткөргүчтөрдө оӊдоо жумуштарын жүргүзүүдө түтүк өткөргүчтөрдү кысылган аба менен үйлөтүү үчүн компрессорду кошуу мүмкүнчүлүгү үчүн берилген бөлүктөгү агызуучу крандын жайгашуусунан карама-каршы тараптан өйдөгө багытталган кошумча штуцерлерди караштыруу зарыл. Батир боюнча горизонталдуу жылытуу тутумдарында түтүк өткөргүчтөрдү жантаюусуз салууга жол берилет.

6.4 Жылытуучу аспаптар жана арматура

6.4.1 А, Б, В1 ‒ В3 категорияларындагы күйүүчү материалдардын чаӊы (мындан ары – күйүүчү чаӊ) бөлүунүүсү бар бөлмөлөрдө суу жана буу менен жылытуу тутумдарынын жылытуу аспаптарын оӊой тазалоого жол берүүчү жылмакай бети менен караштыруу керек:

- секциялык же панелдик жалгыздан радиаторлор;

- жылмакай түтүктөр же жылытуу панелдери.

6.4.2 А, Б, ошондой эле В1, В2 категорияларындагы күйүүчү чаӊдын бөлүнүүсү бар бөлмөлөрдө жылытуу аспаптарын дубалдардын бетинен 100 мм ашуун аралыкта (жарыкта) жайгаштыруу керек, жылытуу аспаптарын оюктарга жайгаштырууга жол берилбейт.

6.4.3 Кысылган же суюлтулган газы бар баллондорду толтуруу жана сактоо үчүн бөлмөлөрдө, ошондой эле А, Б, В1 категорияларындагы кампалардын бөлмөлөрүндө жылытуу аспаптарын аларды тазалоо үчүн жетүүнү караштырып, жылытуу аспаптарынан 100 мм кем эмес (жарыкта) аралыкта күйбөгөн материалдардан экрандар менен тосуу керек.

6.4.4 Тепкич чарчыларында күйүүчү газы жана суюктуктары бар түтүк өткөргүчтөрдү, коммуникациялар менен өрт крандарынын шкафтарынан башка кошо курулган шкафтарды, коридорлор менен тепкич чарчыларын жарыктандыруу үчүн ачык тартылган электр кабелдери менен өткөргүчтөрүн (агымы алсыз түзүлүштөр үчүн электр өткөргүчтү кошпогондо) жайгаштырууга, жүк лифттеринен жана жүк көтөргүчтөрдөн чыгууларды караштырууга, ошондой эле тепкичтердин чыгуулары менен аянтчаларынын бетинен 2,2 м чейин бийиктикте тегиздиктен чыгып турган жабдууларды жайгаштырууга жол берилбейт.

Коммуникациялар үчүн шкафтарды эвакуациялоо жолунун ченемдик кеӊдигин сактоодо жана чыгып турган конструкцияларды белгилөөдө дубалдардан чыгып тургандай караштырууга жол берилет.

6.4.5 Батир боюнча жылытуу тутумдарында жылуулукту чыгымдоону эсепке алуу аспаптарын, ар бир батир үчүн таратуучу турмалардан бутактанууларда жөнгө салуучу жана бекитүүчү арматураларды, аларга техникалык персоналдын эркин жетүүсүн камсыздап, батирлерден сырттагы тейленүүчү кабаттарда атайын шкафтарда же оюктарда жайгаштыруу керек.

6.4.6 Турак-жай имараттарында жылытуу аспаптарын жарык оюктарынын (терезелердин же терезелердин комбинацияларынын) алдында же аларга түздөн-түз чукулдукта, кароо, оӊдоо жана тазалоо үчүн жеткиликтүү жерлерде жайгаштыруу керек.

Жылытуу аспабынын узундугун эсеп менен аныктоо жана медициналык уюмдарда, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, улгайгандар жана майыптар үчүн үй-интернаттарда жарык оюгунун (терезенин) кеӊдигин жабуу үчүн максималдуу мүмкүн болгондой кабыл алуу керек. Батир боюнча жылытуу тутумдарында жылытуу аспаптарын таратуучу полимер түтүк өткөргүчтөргө атайын гарнитура жана фитинг аркылуу кошуу керек. Полимер түтүктөрдөн тартып келүүлөрдү механикалык залал келүүлөрдөн коргоосуз кошуу гарнитурасына ачык жаткырууга жол берилбейт. Полимер түтүктөрдү аларды механикалык залал келүүлөрдөн коргоо үчүн ачык жаткырууда, зарылдыгы болсо, түтүктөргө жана аларды кошкон жерлерге жетүүнү камсыздоого жол берүүчү атайын плинтустарды, кутуларды ж.б.у.с конструкцияларды караштыруу керек.

6.4.7 Медициналык арналыштагы бөлмөлөрдөгү жылытуу аспаптары тазалоо жана дезинфекциялоо үчүн ылайыктуу конструкцияга, жылмакай бетке ээ болууга тийиш. Жылытуу аспаптарына тоскоолдуксуз жетүү камсыздалган болууга тийиш.

6.4.8 Тепкич чарчыларында жылытуу аспаптарын ылдыйкы бөлүгүндө, тепкич чарчысын өрт бөлүмдөрүнө бөлгөндө – ар бир бөлүмдүн ылдыйкы бөлүгүндө жайгаштыруу керек.

Жылытуу аспаптарын төмөнкүлөрдө жайгаштырбоо керек:

- сырткы эшиктери бар тамбурлардын бөлүмдөрүндө;

- эгерде жылытуу аспаптары тепкичтин чыгып турууларынан жана аянтчаларынан 2,2 м аз бийиктикте дубалдардын тегиздиктеринен чыгып турушса тепкич чарчыларына, анын ичинде түтүнгө чулганбоочу.

Тепкич чарчысындагы жылытуу аспаптарын жылытуу тутумдарынын өзүнчө бутактарына же турмаларына туташтыруу керек.

6.4.9 Адамдардын жаракат алууларын болтурбоо үчүн аларды тоскондо, жылытуу аспаптарын тепкич чарчыларынын аянтчаларында, коридорлордо, лифт холлдорунда, анын ичинде кызматтык жактан өрт коопсуз чөлкөмдөр менен айкаштырылган, жана «Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эвакуация жолдорун сактаганда имараттан чыгууда орнотууга жол берилет.

6.4.10 Жылытуу аспаптарында жөнгө салуучу арматураны орнотуу керек.

Турак-жайлык жана коомдук имараттарда жылытуу аспаптарында автоматтык терможөндөгүчтөрдү орнотуу керек. Терможөндөөчү клапандар ички абанын табын 5.2-п. көрсөтүлгөндөн төмөн төмөндөтүүгө жол бербөөчү алдын ала жөндөөгө ээ болууга тийиш. Декоративдүү экрандарды колдонгондо жана жылытуу аспаптарына ыӊгайсыз жетүүдө терможөндөгүчтөр чыгаруучу датчиги бар термобашчага ээ болууга тийиш. Жылуулук алып жүрүүчү тоӊуп калуу коркунучу бар бөлмөлөрдө, жылытуу аспаптарындагы жөнгө салуучу арматура аны уруксат кылынбаган жаап салуудан корголгон болууга тийиш. Бир түтүктүү жылытуу тутумдарынын жылытуу аспаптары үчүн жөнгө салуучу арматураны минималдуу гидравликалык каршылык менен, ал эми эки түтүктүү тутумдардын аспаптары үчүн – жогору каршылык менен кабыл алуу керек.

6.4.11 Бетинин табы 150 °Cден жогору нурлуу жылытуу тутумдарынын (анын ичинде газ жана электр инфракызыл нурланткычтары) аспаптарын бөлмөнүн жогорку чөлкөмүндө же К0 өрт кооптуулугу классындагы курулуш конструкцияларында жайгаштыруу керек.

6.4.12 Газ нурланткычтарды жумушчу же тейленүүчү чөлкөмдүн абасында зыяндуу заттардын ЧЖБТ жол берилген чоӊдуктардан төмөн камсыздап, Б.1 таблицасына 4-эскертмени эске алуу менен, күйүүнүн өнүмдөрүн чыгаруу шартында, ошондой эле бөлмөнүн табигый газдын ЖТТТЧ же ЧЖБТ 10%ына барабар газдалуусуна жеткенде иштөөчү метан жана көмүртектин кычкылы боюнча газдалгандык белги бергичтерин орнотуу шартында колдонууга жол берилет. Газдалгандыктын белги бергичтери бөлмөгө газ киргизүүгө орнотулган жана газдалгандык белгиси боюнча газ берүүнү өчүрүүчү тез аракеттенүүчү бекитүүчү клапандар менен кулптанган болууга тийиш.

6.4.13 Жумуш орундарын радиациялык ысытуунун табы төмөн панелдеринин бетинин табын 60°Cден жогору, ал эми радиациялык муздатуунун панелдеринин бетинин табын ‒ 2°Cден төмөн кабыл албоо керек.

Нурлуу жылытуунун жогору таптуу аспаптарынын бетинин табын 250°Сден жогору кабыл албоо керек.

6.4.14 Электрлик жылытуу тутумдарында агымга урунуудан коргоонун 0 классындагы деӊгээлине жана жылуулук берүүчү беттин табын Б тиркемеси боюнча бөлмөлөр үчүн жол берилгенден төмөн деӊгээлге ээ болгон, бөлмөдөгү абанын табына жараша ысытуучу элементтин жылуулук кубаттуулугун автоматтык түрдө жөнгө салуусу бар электр жылытуу аспаптарын колдонууга жол берилет.

7 Желдетүү, абаны ченемдештирүү жана аба жылытуусу

7.1 Жалпы жоболор

7.1.1 Желдетүүнү бөлмөлөрдөгү абанын талап кылынуучу сапатын жана микроклиматтын парамтерлерин камсыздоо үчүн колдонуу керек.

Желдетүү жана абаны ченемдештирүү тутумдары бөлмөгө ушундай зыяндуу заттарды бөлмөлөр үчүн же өндүрүштүк бөлмөлөрдүн жумушчу чөлкөмү үчүн чектүү жол берилген топтолууларынан ашпагандай камтыган абаны берүүнү камсыздоолору тийиш. Адамдар болуучу бөлмөлөрү бар имараттар менен курулмалардын долбоорлук документациясында төмөнкүлөр боюнча чаралар каралган болууга тийиш:

- бөлмөгө атмосфералык абадан чаӊдын, нымдын, зыяндуу жана жагымсыз жыттанган заттардын кирүүсүн чектөө;

- абадан зыяндуу заттарды өз убагында чыгаруу жана абанын химиялык курамын адамдын жашоо ишмердүүлүгү үчүн жагымдуу пропорцияларда кармоо үчүн жетиштүү аба алмашууну камсыздоо;

- адамдар дайыма болуучу бөлмөлөргө зыяндуу жана жагымсыз жыттанган заттардын, ошондой эле кошо курулган автомобилдер токтоочу жайлардан чыгуучу газдардын кирүүсүн болтурбоо.

7.1.2 Абаны ченемдештирүүнү төмөнкүлөргө кабыл алуу керек:

- микроклиматтын параметрлерин жана абанын сапатын оптималдуу маанилердин чектеринде камсыздоо үчүн;

- микроклиматтын параметрлреин жана абанын сапатын жол берилген маанилердин чектеринде камсыздоо үчүн, эгерде алар жылдын жылуу мезгилинде абаны жасалма муздатууну колдонуусуз желдетүү менен камсыздала албаса;

- долбоорлоого тапшырма боюнча технологиялык процесс үчүн талап кылынуучу микроклиматтын параметрлерин жана абанын сапатын камсыздоо үчүн.

Турак-жайлык жана коомдук имараттар үчүн, техникалык мүмкүнчүлүктөр бар болсо, ченемдештирүүнун борбордук тутумдарын аткаруу керек. Алардын элементтерин имараттардын фасаддарына жайгаштыруу менен борбордон ажыратылган жана жекече ченемдештирүү тутумдарын колдонууга техникалык тапшырма боюнча жана эксперттик органдар менен макулдашуу боюнча гана жол берилет. Э с к е р т м е ‒ Ченемдештирүүдө бөлмөлөрдүн тейленүүчү же жумушчу чөлкөмүндөгү (туруктуу же туруксуз жумуш орундарындагы) абанын кыймыл ылдамдыгын техникалык тапшырма боюнча жол берилген маанилердин чектеринде кабыл алууга жол берилет.

7.1.3 Механикалык түрткү берүүсү бар желдетүүнү, анын ичинде абаны киргизүү же чыгаруу үчүн табигый желдетүү тутумдарын жарым-жартылай колдонуу менен (мындан ары – аралаш желдетүүнү) төмөнкүдө караштыруу керек:

- эгерде микроклиматтын параметрлери жана абанын сапаты жылы бою табигый түрткү берүүсү бар желдетүү менен камсыздалбаса;

- табигый желдетүүсү жок бөлмөлөр жана чөлкөмдөр үчүн.

7.1.4 Коомдук имараттар үчүн курулуш эрежелери жана ченемдеринин тиешелүү бөлүмдөрүнүн талаптарына ылайык же технологиялык тапшырма боюнча механикалык киргизүүчү-чыгаруучу желдетүүнү караштыруу керек.

7.1.5 Өндүрүштүк бөлмөлөр үчүн ар бир жумушчуга 40 м3 кем эмес көлөмү бар жана коомдук бөлмөлөр үчүн 30 м3 кем эмес көлөмү бар аларды сырткы тосмолордогу жарык оюктары менен табигый жарыктантуусу бар бөлмөлөрдө, негиздөөдө фрамугалар жана форточкалар аркылуу мезгили менен желдетүүнү колдонууга жол берилет.

7.1.6 Механикалык желдетүүнү сырткы абанын эсептик табы минус 40 °C жана андан төмөн болгон (Б параметрлери) райондордогу коомдук жана администрациялык-тиричиликтик бөлмөлөр үчүн караштыруу керек.

7.1.7 Турак-жай имараттарынын бир же бир нече кабаттарындагы бир же бир нече бөлмөлөрдү тейлөөчү желдетүү тутумдарын долбоорлоо керек:

- кирүүчү даярдалган сырткы абаны берүү жана кирүүчү абанын берилген табын кармоо менен борбордошкон киргизүүчү жана чыгаруучу орнотмолору бар;

- жекече батир боюнча киргизүүчү-чыгаруучу орнотмолору бар;

- бөлмөлөр боюнча жекече киргизүүчү орнотмолору (бризерлери) бар;

- тосуучу курулмалардагы же терезелердеги абанын кирүүсүн камсыздоо үчүн атайын ачылуучу конструкциялары (клапандары) бар жана механикалык түрткү берүүнү колдонуу менен абаны чыгаруусу менен;

- абаны табигый киргизүүсү жана чыгаруусу бар (долбоорлоого тапшырма боюнча жана техникалык (эсептик) негиздөөдө).

Мында желдетүү тутумдарынын түзүлүшү абанын бир батирден башкасына кирүүсүн жокко чыгарууга тийиш. Көп батирлүү турак үйлөрдүн турак-жай бөлмөлөрү үчүн отун-энергетикалык ресурстарды үнөмдөө максатында чыгарылуучу абанын жылуулугун рекуперациясы бар механикалык киргизүүчү-чыгаруучу желдетүүнү караштыруу сунушталат.

7.1.8 Турак-жай имараттарынын механикалык түрткү берүүсү бар борбордук желдетүү тутумдарын 7.2.9га ылайык резервдөө керек.

Суук жана өткөөл мезгилдерде абаны табигый киргизүүсү жана чыгаруусу бар жана жылдын жылуу мезгилинде аба алмашуунун механикалык түрткү берүүсү бар гибриддик желдетүү тутумдарын колдонгондо ошол тутумдардын желдеткичтерин жылдын өткөөл жана суук мезгилдеринде табигый түрткү берүүнү колдонуу мүмкүнчүлүгү үчүн жөнгө салуучу киргизүүнү колдонуунун эсебинен соруучу патрубокто эсептик ажыратууну колдоо менен кабыл алуу сунушталат. Желдетүү тутумдарын орнотууну 7.2, 7.10нун талаптарын эске алуу менен орнотмолорду түздөн-түз турак-жай бөлмөлөрдүн үстүнө, астына жана танапташ жайгаштырууга жол бербей жана турак-жай бөлмөлөрдө ызы-чуу менен вибрациялардын ченемдик деӊгээлдерин камсыздоо менен аткаруу керек.

7.1.9 Желдетүү жана ченемдештирүү тутумдарынын схемалары мүмкүн болуучу компоновкалык чечимдерди эске алуу менен абанын бир батирден (апартаменттен) башкасына өтүүсүн жокко чыгарууга тийиш.

Вертикалдуу топтогуч каналдарды имараттын кабаттарында биринин алдына бири жайгаштырылган ашканалар жана санитардык түйүндөр үчүн жалпы да, бөлөк-бөлөк да караштырууга жол берилет. Жалпы вертикалдуу топтогуч каналды колдонгон учурда ашканадан жана санитардык түйүндөрдөн чыгаруучу түзүлүштөр ага өзүнчө жандоочтор аркылуу кошулууга тийиш. Абанын кирүүсү үчүн ашканалар менен санитардык түйүндөрдүн эшиктеринин алдына бийиктиги 0,03 мм жылчык калтыруу же астанада жандуу кесилиши 0,03 м2 кем эмес тор калтыруу керек Батирлердин ичинде ашканалар менен санитардык түйүндөрдүн желдетүү тутумдарынын аба өткөргүчтөрүн турак-жай бөлмөлөрдүн аба өткөргүчтөрү менен бириктирүүгө жол берилбейт. Чыгаруучу абанын жылуулугун рекуперациясы бар жекече батир боюнча киргизүүчү-чыгаруучу орнотмолорду колдонгон жана абаны чатырдын үстүнө жалпы үйлүк желдетүү тутуму аркылуу чыгарган шартта ашканалар менен санитардык түйүндөрдүн чыгаруучу желдетүү тутумдарынын аба өткөргүчтөрүн бириктирүүгө жол берилет.

7.1.10 Турак-жайлык жана коомдук бөлмөлөрдү тейлөөчү механикалык түрткү берүүсү бар тутумдарда кирүүчү абаны тазалоо үчүн, абаны тазалоонун талап кылынган даражасын камсыздоочу чыпкаларды колдонуу керек.

7.1.11 Турак-жайлык, коомдук, администрациялык жана тиричиликтик бөлмөлөрдү табигый чыгаруучу желдетүү менен жабдууда, жайгаштырылган басымды жана тармактын параметрлеринин табы 5 °С болгон сырткы абанын жана жылдын суук мезгили үчүн табы бар ички абанын тыгыздыктарынын түрдүүлүгүнө эсептөө керек. Сырткы абанын бөлмөгө кирүүсүн мында сырткы дубалдардагы же терезелердеги атайын киргизүүчү түзүлүштөр аркылуу же жекече киргизүүчү-чыгаруучу түзүлүштөр аркылуу караштыруу керек.

7.1.12 Өндүрүштүк бөлмөлөр үчүн табигый желдетүүнү төмөнкүлөргө эсептөө керек:

а) жылдын өткөөл мезгили үчүн эсептик параметрлерде сырткы жана ички абанын тыгыздыктарынын түрдүүлүгүнө – жылуулуктун ашыкчасы жок жылытылуучу бөлмөлөр үчүн; жылдын жылуу мезгили үчүн эсептик параметрлерде – жылуулуктун ашыкчасы бар бөлмөлөр үчүн;

б) жылуулуктун ашыкчасы жок бөлмөлөр үчүн, жылдын жылуу мезгилинде 1 м/с барабар ылдамдыктагы шамалдын иш-аракетине.

7.1.13 Сырткы абаны берүүсү бар (күнү-түнү жана жыл бою) механикалык киргизүүчү желдетүүнү, А жана Б категорияларындагы лифттердин машина бөлүмдөрүнүн бөлмөлөрүндө, ошондой эле тамбур-шлюздарда абаны тирөөнү камсыздап, караштыруу керек:

- А жана Б категорияларындагы бөлмөлөрдүн;

- 1- жана 2-класстагы кооптуулуктагы зыяндуу газдарды, бууларды же аэрозолдорду бөлүп чыгаруусу бар бөлмөлөрдүн.

А жана Б категорияларындагы эки же андан көп бөлмөлөр үчүн жалпы тамбур-шлюзду курууга жол берилбейт.

7.1.14 Киргизүүчү-чыгаруучу же чыгаруучу механикалык желдетүүнү тереӊдиги 0,5 м жана андан көп чуӊкурчалар үчун, ар күн сайын тейленүүчү жана А жана Б категорияларындагы бөлмөлөрдө, же тыгыздыгы абанын тыгыздыгынан көп зыяндуу газдар, буулар же аэрозолдор бөлүнүп чыккан бөлмөлөрдө жайгаштырылган кароо каналдары үчүн караштыруу керек.

7.1.15 Шыптык желдеткичтерди жана желдеткичтер-желпүүрлөрдү (жумуш орундарын аба душтоо үчүн колдонулуучудан башка) жылдын жылуу мезгилинде абанын кыймыл ылдамдыгын МАМСТ 30494 боюнча жол берилгенден жогору мезгили менен көбөйтүү үчүн, IV климаттык райондо жайгашкан коомдук, администрациялык-тиричиликтик жана өндүрүштүк имараттардагы жумуш орундарында же бөлмөлөрдүн айрым бөлүктөрүндө 0,3 м/с көп эмес, киргизүүчү желдетүү тутумдарына кошумча караштыруу керек.

7.1.16 Туруктуу жумуш орундарын аба душтоону 5.9га ылайык сырткы аба же сырткы аба менен рециркуляцияланган абанын аралашмасы, же тыгыздыгы 140 Вт/м2 ашуун нурлуу жылуулуктук агым менен нурлантууда муздатылган аба менен караштыруу керек.

Эритүүчү, куюучу, прокаттык жана башка ысык цехтерде жумуш орундарын ошол цехтердин аэрирленген аралыктарынын ички абасы менен абаны муздатуу же муздатуусуз душтоого жол берилет.

7.1.17 Кесүүчү аба көшөгөлөрүн төмөнкүлөргө зыяндуу заттардын таралуусун болтурбоо үчүн караштыруу керек:

- зыяндуу заттардын бөлүнүүсү менен коштолгон, жана жабуу түзүлүшү же жергиликтүү чыгаруучу желдетүү мүмкүн болбогон ачык технологиялык процесстерде туруктуу жумуш орундарында;

- алардын биринде зыяндуу заттар бөлүнүп чыккан бөлмөлөрдүн ортосунда.

7.1.18 Бөлмөлөрдөгү абалык жылытууну В тиркемесин эске алуу менен караштыруу керек. Абалык жылытуу тутумунда абанын чыгымдалышын Г тиркемеси боюнча аныктоо керек.

7.1.19 Абалык жылытуу тутумдарында аба бөлүштүргүчтөрдөн чыгуудагы абанын табын 5.7 боюнча тейленүүчү же жумушчу чөлкөмгө кирүүдөгү кирүүчү абанын агымындагы жол берилген тапты жана ылдамдыкты эске алуу менен эсептөө, бирок 70 °Cден жогору эмес жана бөлмөдө бөлүнүп чыккан газдардын, буулардын, аэрозолдордун жана чаӊдын өзү тутануу табынан 20 °C ден төмөн эмес кабыл алуу керек.

7.1.20 Механикалык желдетүү жана ченемдештирүү тутумдарында абаны чаӊдан тазалоо берилүүчү абада чаӊдын камтылышын төмөнкүдөн көп эмес камсыздоого тийиш:

а) калктуу конуштардын атмосферасындагы ЧЖБТ – аны турак-жайлык жана коомдук имараттардын бөлмөлөрүнө бергенде;

б) жумушчу чөлкөмдүн абасында 30 % ЧЖБТ ‒ аны өндүрүштук жана администрациялык-тиричиликтик имараттардын бөлмөлөрүнө бергенде;

в) өлчөмү 19 мкм ашпаган чаӊдын бөлүкчөлөрү үчүн жумушчу чөлкөмдүн абасында 30 % ЧЖБТ – аны кранчылардын кабинасына, башкаруу постторуна, жумушчулардын дем алуу чөлкөмдөрүнө бергенде, ошондой эле абаны душтаганда.

7.1.21 Жергиликтүү соргучтар тутумдарында абадагы чыгарылуучу күйүүчү газдардын, буулардын, аэрозолдордун жана чаӊдын топтолуусу ЖТТТЧ 50%ынан ашпоого тийиш.

7.2 Желдетүү, абаны ченемдештирүү жана аба жылытуу тутумдары

7.2.1 Жалпы алмашуучу желдетүү, жергиликтүү соргучтар, аба жылытуу жана абаны ченемдештирүү тутумдарын (мындан ары – желдетүү тутумдарын) турак-жайлык, коомдук жана администрациялык-тиричиликтик имараттардын бөлмөлөрүнүн кызматтык арналышын, бөлмөлөрдүн өрт кооптуулугу кызматтык классын, өндүрүштүк болмөлөрдүн жарылуу-өрт жана өрт кооптуулугу категориясын, микроклиматтын берилген параметрлерин, абаны рециркуляциялоону колдонуу мүмкүнчүлүгүн, тутумдардын иштөөсүнүн шарттамын жана бир учурдуулугун, ошондой эле ченемдик документтердин талаптарын эске алып, зарыл коопсуздук талаптарын камсыздап, караштыруу керек.

7.2.2 Желдетүү тутумдарын түрдүү өрт бөлүмдөрүндө жайгаштырылган бөлмөлөрдүн топтору үчүн өзүнчө караштыруу керек.

Жарылуу-өрт кооптуулугу боюнча бир категориядагы, өрткө каршы тоскоолдор менен бөлүнбөгөн, ошондой эле жалпы аянты 1 м2 көп болгон башка бөлмөлөргө ачык оюктары бар бөлмөлөрдү, бир бөлмө катары кароого жол берилет.

7.2.3 Бир өрт бөлүмүнүн чектеринде жайгаштырылган бөлмөлөрдүн топтору үчүн жалпы желдетүү тутумдарын, турак-жайлык, коомдук жана администрациялык-тиричиликтик имараттардын бөлмөлөрүнүн кызматтык өрт кооптуулугу классын, ошондой эле бөлмөлөрдүн төмөнкү топтору үчүн өндүрүштүк жана кампалык бөлмөлөрдүн жарылуу-өрт жана өрт кооптуулугу боюнча категорияларын эске алуу менен караштыруу керек:

а) турак-жайлык;

б) коомдук (адамдар массалык түрдө болуучу бөлмөлөрдөн башка) жана В4 жана Д категорияларындагы администрациялык-тиричиликтик же өндүрүштүк (каалаган айкалыштарда);

в) үчтөн ашпаган кабаттарда (өзүнчө же удаалаш) жайгаштырылган, А же Б категорияларынын бириндеги өндүрүштүк;

г) В1, В2, В3, В4, Г, Д категорияларынын бириндеги өндүрүштүк же В4 жана Д категорияларындагы кампалык;

д) бөлмөнүн жалпы желдетүү тутумунун ар бир кошулуучу топтоочу аба өткөргүчүндө өрткө каршы ченемдүү ачык клапандарды орнотуу шартында В1, В2 жана В3 жана В4 категорияларындагы каалаган айкалыштардагы өндүрүштүк;

е) үчтөн ашпаган кабаттарда (өзүнчө же удаалаш) жайгаштырылган, А, Б, В1, В2 же В3 категорияларынын бириндеги кампалык;

ж) жалпы аянты 1100 м2 ашуун болгон , өзүнчө бир кабаттуу имаратта ар бир бөлмөдөн жалаӊ сыртка эшиктери бар кылып жайгаштырылган, А, Б, В1, В2, В3 жана В4 категоряларындагы каалаган айкалыштардагы өндүрүштүк же А, Б, В1, В2, В3 жана В4 категорияларындагы каалаган айкалыштардагы кампалык;

и) 7.3.20-пункттун талаптарын эске алуу менен аба өткөргүчтөрдө өрткө каршы ченемдүү ачык клапандарды орнотуу шартында жер алдындагы (бешке чейинки жер алдындагы кабаттар) же жер үстүндөгү (тогузга чейинки жер үстүндөгү кабаттар) жабык автомобилдер токтоочу жайлардагы өрт кооптуулугунун бир категориясындагы;

к) В4 категориясындагы бөлмөлөрдү жана кампаларды тейлөөчү аба өткөргүчтөргө өрткө каршы ченемдүү ачык клапандарды орнотуу шартында В4, Г жана Д категорияларындагы өндүрүштүк жана В4 жана Д (каалаган айкалыштардагы) категорияларындагы кампалык.

7.2.4 Бир желдетүү тутумуна негизги топко башка бөлмөлөрдү кошуп, бөлмөлөрдүн төмөнкү топторун бириктирүүгө жол берилет:

а) В1, В2, В3 категорияларындагы өндүрүштүктөргө ‒ администрациялык-тиричиликтик, техникалык жана коомдук (адамдар массалык болуучу бөлмөлөрдөн башка ‒ аянты 50 м2 жана андан көп бөлмөгө 1 м2 1 адамдан ашуун);

б) А, Б категорияларындагы (7.2.13тө көрсөтүлгөн тутумдардан башка), ошондой эле В1, В2 же В3 категорияларындагы өндүрүштүктөргө ‒ Гдан башка каалаган категориялардагы өндүрүштүктөрдү (анын ичинде кампалыктарды). А жана Б категоияларындагы өндүрүштүк бөлмөлөрдү негизги бөлмөлөргө киргизүү керек;

в) сантүйүндор, душтар, жыйноочу инвентардын бөлмөлөрү жана бөлмөлөрү.

Ушул пункттун а) жана б) санактары боюнча бөлмөлөр топторун бөлмөлөрдүн бириктирилүүчү топторунун топтоочу аба өткөргүчүндө өрткө каршы ченемдүү ачык клапанды орнотуу шартында бир тутумга бириктирүүгө жол берилет. Бөлмөлөрдүн негизги тобуна, жалпы аянты бириктирилген бөлмөлөрдүн жалпы аянтынан чоӊ болгон бөлмөлөрдүн тобун киргизүү керек. Бириктирилүүчү бөлмөлөрдун жалпы аянты 300 м2 көп болбоого тийиш.

7.2.5 Жалпы киргизүүчү тутумдарды бир өрт бөлүмүнүн чектеринде 11ден ашпаган кабаттарда (техникалык жана жертөлөлүктү кошо) жайгаштырылган илимий-изилдөөчүлук жана өндүрүштүк арналыштагы лабораториялык бөлмөлөрдүн топтору үчүн караштыруу керек, В1 ‒ В4, Г жана Д каегорияларындагы каалаган айкалыштагы администрациялык-тиричиликтик бөлмөлөр үчүн, ошондой эле 7.2.4.б) ылайык изилденүүчү заттардын ыкчам корун сактоо үчүн аларга А категориясындагы (ар биринин аянты 36 м2 ашпаган) экиден көп эмес (түрдүү кабаттардагы) кампаларды кошуу менен.

7.2.6 Абаны рециркуляциясы бар киргизүүчү желдетүүнүн жалпы тутумдарын 7.3.11, 7.3.13 ‒ 7.3.15ти эске алуу менен, аларда абаны рециркуляциялоого жол берилген бөлмөлөрдүн топтору үчүн караштыруу керек.

Бир тутумга абаны рециркуляциялоого жол берилген бөлмөлөрдүн топторун жана абаны рециркуляциялоого жол берилбеген бөлмөлөрдү бириктирүүнүн кереги жок.

7.2.7 Абалык жылытуу тутумдары жана абалык жылытуу менен айкаштырылган киргизүүчү желдетүү тутумдары үчүн, төмөнкүнү караштыруу керек:

- абаны ысыткычтар үчүн резервдик циркуляциялык соргучтарды жана резервдик желдеткичтерди (же желдеткичтер үчүн электр кыймылдаткычтарын);

- экиден кем эмес жылытуу агрегаттарын (же эки тутумду). Эки агрегаттын (тутумдун) биринин желдеткичи катардан чыкканда 5.2ге ылайык, бөлмөдөгү абанын табын оӊдоо жумуштарын жүргүзгөн мезгилде ченемдегиден төмөн, бирок абанын жол берилген табынан төмөн эмес түшүрүүгө жол берилет.

7.2.8 Табигый желдетүүсү жок жана адамдар туруктуу болуучу бөлмөлөр үчүн ченемдештирүү жана жалпы алмашуу желдетүү тутумдарын төмөнкүлөргө караштыруу керек:

а) өндүрүштүк, администрациялык-тиричиликтик жана коомдук бөлмөлөр үчүн:

- киргизүүчү жана чыгаруучу орнотмолор үчүн резервдик желдеткичтери менен (же желдеткичтер үчүн резервдик электр кыймылдаткычтары менен);

- ар бири талап кылынган аба алмашуунун 50%ынан кем эмес абаны чыгымдоосу бар экиден кем эмес киргизүүчү жана экиден кем эмес чыгаруучу орнотмолору менен;

- резервдик желдеткичтери (же желдеткичтер үчүн резервдик электр кыймылдаткычтары) бар бир киргизүүчү жана бир чыгаруучу орнотмону;

б) жарылуу-өрт жана өрт кооптуулугу бирдей категориядагы жана окшош зыяндуу заттардын бөлүнүүсү бар танапташ бөлмөлөр менен ачылуучу оюктар менен бириктирилген өндүрүштүк бөлмөлөр үчүн – резервдик желдеткичсиз бир киргизүүчү тутумду – жана резервдик желдеткичи же электр кыймылдаткычы бар бир чыгаруучу тутумду.

7.2.9 Абанын талап кылынган параметрлерин күнү-түнү жана жылы бою кармоого багышталган коомдук жана өндүрүштүк бөлмөлөрдө борбордук желдетүү тутумдарын, экиден кем эмес желдетүүчү орнотмолору менен караштыруу керек.

Желдетүүчү орнотмолордун бири катардан чыкканда абаны талап кылынган чыгымдоонун 50%ынан кем эмести камсыздоо зарыл (бирок санитардык ченемдерди же жарылуу-өрт коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл абаны чыгымдоодон кем эмес). Мында жылдын суук мезгилинде 5.2ге ылайык, бөлмөдөгү абанын табын азайтууга жол берилбейт. Технологиялык талаптар бар болгондо же долбоорлоого тапшырма боюнча абанын талап кылынган параметрлерин кармоо үчүн, резервдик кондиционерлерди же желдеткичтерди, же электр кыймылдаткычтарын (7.2.8ди эске алып), соргучтарды ж.б.у.с. орнотууну караштыруу керек. Көп батирлүү турак үйлөрдүн турак-жай бөлмөлөрүндөгү механикалык түрткү берүүсү бар борбордук желдетүү тутумдарын резервдик желдетүүчү орнотмолору, же болбосо резервдик желдеткичтери, же болбосо желдетүүчү орнотмолордун желдетүүчү секцияларындагы резервдик электр кыймылдаткычтары менен караштыруу керек.

7.2.10 1- жана 2-класстардагы кооптуулугу бар зыяндуу заттарды жергиликтүү соргучтар тутумдарын эгерде желдеткич токтогондо технологиялык жабдуу токтотула албаса же бөлмөдөгү зыяндуу заттардын топтолуусу бир жумуш нөөмөтү ичинде ЧЖБТ ашып кетсе, бөлмөдө зыяндуу заттардын топтолуусун ЧЖБТдан төмөн кармоо үчүн зарыл абаны чыгымдоону камсыздоочу бир резервдик желдеткичи (ар бир тутум үчүн же эки тутум үчүн) менен караштыруу керек.

Эгерде зыяндуу заттардын топтолуусун ЧЖБТга чейин төмөндөтүү 11.2.15, е) ылайык автоматтык түрдө иштөөчү каралган авариялык желдетүү менен жетишиле алса, резервдик желдеткичти караштыруунун кереги жок.

7.2.11 А жана Б категорияларындагы бөлмөлөр үчүн, ошондой эле А жана Б категорияларындагы бөлмөлөрдөн чыгуулардагы тамбур-шлюздардагы механикалык чыгаруучу жалпы алмашуучу желдетүү тутумдарын, бөлмөлөрдө күйүүчү газдардын, буулардын же чаӊдын топтолуусун газ-, буу- жана чаӊ-аба аралашмаларынын ЖТТТЧнун 10%ынан ашпагандай кармоо үчүн зарыл абаны чыгымдоону камсыздоочу ар бир тутум үчүн бир резервдик желдеткич менен же бир нече тутум үчүн бир резервдик желдеткич менен караштыруу керек.

Резервдик желдеткичти төмөнкүлөрдө караштырбоого жол берилет:

а) эгерде жалпы алмашуучу желдетүү тутуму токтогондо аны менен байланышкан технологиялык жабдуу токтотулса жана күйүүчү газдардын, буулардын жана чаӊдын бөлүнүүсү токтосо;

б) эгерде бөлмөдө күйүүчү газдардын, буулардын же чаӊдын топтолуусун газ-, буу- жана чаӊ-аба аралашмаларынын ЖТТТЧнун 10%ынан ашпагандай кармоо үчүн зарыл абаны чыгымдоосу бар авариялык желдетүү каралган болсо.

Эгерде резервдик желдеткич ушул пункттун а) жана б) саналгандарга ылайык орнотулбаса, анда авариялык белги берүүнү иштетүүнү караштыруу керек. Жарылуу кооптуу аралашмаларды жергиликтүү соргучтар тутумдарын, эгерде желдеткич токтогондо технологиялык жабдуу токтотула албаса жана күйүүчү газдардын, буулардын жана чаӊдын топтолуусу ЖТТТЧнун 10%ынан аша турган болсо, ар бир тутум үчүн же эки тутум үчүн бир резервдик желдеткич менен (анын ичинде эжектордук орнотмолор үчүн да) караштыруу керек. Эгерде бөлмөнүн абасында күйүүчү заттардын топтолуусун ЖТТТЧнун 10%ына чейин төмөндөтүү 12.2.15, е) ылайык автоматтык түрдө иштөөчү авариялык желдетүү тутуму менен камсыздала алса, резервдик желдеткичти караштырбоого жол бериелт.

7.2.12 Зыяндуу заттарды же жарылуу-өрт кооптуу аралашмаларды жергиликтүү соргучтар тутумун жалпы алмашуучу желдетүү тутумдарынан өзүнчө караштыруу керек.

Резервдик желдеткич менен жабдылган күнү-түнү иштөөчү жалпы алмашуучу чыгаруучу желдетүү тутумуна, эгерде абаны алардан тазалоо талап кылынбаса, зыяндуу заттарды жергиликтүү соргучтарды кошууга жол берилет. Жалпы алмашуучу желдетүүнүн жана жергиликтүү соргучтардын жалпы чыгаруучу тутумун төмөнкүлөргө караштыруу керек:

- эгерде жергиликтүү соргучтар менен жабдылган жабдууда, жарылуу кооптуу аралашмалар пайда болбосо, В1 ‒ В4, Г жана Д категорияларындагы илимий-изилдөөчүлук жана өндүрүштүк арналыштагы бир лабораториялык бөлмө үчүн;

- өрткө каршы ченемдүү ачык клапан орнотулган шартта А категориясындагы изилденүүчү заттарды ыкчам сактоо кампасы үчүн.

7.2.13 В1 ‒ В4, Г категорияларындагы бөлмөлөр үчүн жалпы алмашуучу чыгаруучу желдетүү тутумдарын, ошол чөлкөмдө жарылуу-өрт кооптуу аралашмаларды түзүүчү күйүүчү заттарды камтыган жабдуунун айланасындагы беш метрлик чөлкөмдөн абаны чыгаруучу, ошол бөлмөлөрдүн башка чыгаруучу желдетүү тутумдарынан өзүнчө караштыруу керек.

7.2.14 Технологиялык жабдуулардан жергиликтүү соргучтар тутумдарын, алардын кошулуусу жарылуу кооптуу аралашманы же кыйла кооптуу зыяндуу заттарды түзө алуучу заттар үчүн өзүнчө караштыруу керек.

Күйүүчү же зыяндуу заттардын жергиликтүү соргучтарын жалпы тутумдарга бириктирүүгө долбоорлоого тапшырма жана долбоорлук документациянын технологиялык бөлүгүнүн маалыматтары боюнча жол берилет.

7.2.15 Аба өткөргүчтөргө же желдетүүчү жабдууларга тунган же ченемдешкен күйүүчү заттардын жергиликтүү соргучтар тутумдарын бөлмөдөгү жабдуунун ар бир бирдиги үчүн өзүнчө караштыруу керек; бир бөлмөдөгү жабдуунун, шкафтардын бир нече бирдигин бир тутумга долбоорлоого тапшырма жана долбоордун технологиялык бөлүгүнүн маалыматтары боюнча бириктирүү керек.

7.2.16 Жумуш орундарына аба берүү үчүн абаны душтоо тутумдары башка арналыштагы тутумдардан өзүнчө болууга тийиш.

7.2.17 Механикалык жалпы алмашуучу желдетүү тутумдарын А, Б и В1‒В4 категорияларындагы күйүүчү газдар менен буулардын бөлүнүүлөрү бар кампалардын бөлмөлөрү үчүн караштыруу керек. Сыйымдуулугу 10 т ашуун А жана Б категорияларындагы кампалардын бөлмөлөрү үчүн, кирүүдө тутумдарды жергиликтүү башкарууну жайгаштырып, талап кылынуучу аба алмашууга механикалык чыгаруучу желдетүүнүн резервдик тутумун караштыруу зарыл.

Эгерде көрсөтүлгөн бөлмөлөрдө бөлүнүп чыгуучу газдар менен буулар абадан жеӊил болсо жана талап кылынуучу аба алмашуу 1 с эки эседен ашпаса, табигый түрткү берүүсү бар тутумдар менен абаны үстүӊкү чөлкөмдөн гана чыгарууну караштырууга жол берилет.

7.2.18 Механикалык жалпы алмашуучу чыгаруучу желдетүү тутумдарын, кирүүдө тутумдарды жергиликтүү башкарууну жайгаштырып, талап кылынган аба алмашууга механикалык чыгаруучу желдетүүнүн резервдик тутумун караштырып, зыяндуу газдар менен буулардын бөлүнүп чыгуусу бар кампалардын бөлмөлөрү үчүн караштыруу керек.

Табигый түрткү берүүсү бар жалпы алмашуучу желдетүү тутумдарын, эгерде алар абадан жеӊил болсо, 3- жана 4-класстардагы зыяндуу газдар менен буулар бөлүнүп чыкканда караштырууга жол берилет.

7.2.19 Механикалык жалпы алмашуучу чыгаруучу желдетүү тутумдарын А жана Б категорияларындагы бөлмөлөр үчүн караштыруу керек. Бул бөлмөлөр үчүн табигый түрткү берүүсү бар тутумдарды, эгерде жарылуу-өрт кооптуу заттар абадан жеӊил болсо жана тутумдардын жумушка жөндөмдүүлүгү жылдын жылуу мезгилиндеги шамалсыз убакта камсыздалса караштыруу керек.

7.2.20 Ар күн сайын тейленүүчү, А жана Б категорияларындагы бөлмөлөрдөгү же тыгыздыгы абанын тыгыздыгынан көп зыяндуу газдар, буулар же аэрозолдор бөлүнүп чыккан бөлмөлөрдөгү тереӊдиги 0,5 м же андан көп болгон чуӊкурчаларды желдетүү үчүн, жалпы алмашуучу механикалык желдетүү тутумдарын колдонууга жол берилет.

7.2.21 Күйүүнүн өнүмдөрүн атмосферага чыгаруу тутуму менен жабдылбаган ГИН (газ инфракызыл нурланткычтары) бар бөлмөлөрдү желдетүү, табигый же механикалык боло алат. Күйүүнүн өнүмдөрүн чыгаруу үчүн жалпы алмашуучу жергиликтүү желдетүү тутумдары колдонула алат. Желдетүү тутуму бөлмөдөн ГИНдан күйүүнүн өнүмдөрүнүн бүткүл көлөмүн чыгарууну камсыздоого тийиш. ГИН бар бөлмөлөргө абаны берүү жумуш орундарына кирүүчү абанын күйүүнүн өнүмдөрү менен аралашуусуз келүүсүн камсыздагыдай түрдө уюштурулган болууга тийиш.

7.3 Аба алмашууну уюштуруу

7.3.1 Жылдын суук мезгилинде механикалык желдетүү тутумдары менен жабдылган коомдук, администрациялык-тиричиликтик жана өндүрүштүк имараттарда кирүүчү жана чыгуучу абаны чыгымдоонун ортосунда теӊдемди камсыздоо керек.

Сырткы абанын эсептик табы минус 40 °C жана андан төмөн болгон райондордо (Б параметрлери) жылдын суук мезгилинде коомдук жана администрациялык-тиричиликтик имараттарда (нымдуу жана суулуу шарттамдары бар имараттардан башка) бийиктиги 6 м жана андан аз бөлмөлөрдө 1 с аба алмашууну 0,5тен көп эмес жана бийиктиги 6 м жана андан көп бөлмөлөрдө астананын 1 м2на 3 м3/с көп эмес көлөмдө оӊ теӊдемсиздикти камсыздоо керек. Коомдук жана администрациялык-тиричиликтик имараттарда кирүүчү абанын бир бөлүгүн (тейленүүчү бөлмөлөр үчүн талап кылынган абанын 50%ынан ашпаган көлөмдө), бөлмө менен коридордун ортосундагы эшиктерге басымдын жол берилген өйдө-ылдый болуусун 20 ‒ 50 Па чектеринде сактаган шартта коридорлорго же танапташ бөлмөлөргө берүүгө жол берилет. Коомдук жана администрациялык-тиричиликтик имараттарда, ошондой эле В4, Г жана Д категорияларындагы өндүрүштүк бөлмөлөрдө (кампалардан башка), чыгуучу абанын бир бөлүгүн (1 с бир аба алмашуудан ашпаган көлөмдө) аларда 7.11.8-пунктка ылайык ченемдүү ачык өрткө каршы клапандарды орноткон шартта, коридорлордон же танапташ бөлмөлөрдөн агып чыгуучу торлор аркылуу чыгарууга жол берилет.

7.3.2 Техникалык негиздөөдө жылдын суук мезгилинде өндүрүштүк имараттарда бийиктиги 6 м жана андан аз бөлмөлөрдө 1 с аба алмашуунун 0,5тен ашпаган көлөмүндө жана бийиктиги 6 м ашуун бөлмөлөрдө астананын 1 м2на 3 м3/с көп эмес көлөмдө терс теӊдемсиздикти караштыруу керек.

Аларда зыяндуу заттар же кескин билинген жагымсыз жыттар бөлүнүп чыккан А жана Б категорияларындагы бөлмөлөр үчүн, ошондой эле өндүрүштүк бөлмөлөр үчүн, терс теӊдемсиздикти караштыруу керек. Эгерде аларда абаны табигый түрткү берүүсү бар тутумдар менен чыгарууда абадан жеӊил газдар менен буулар бөлүнүп чыкса, А жана Б категориясындагы бөлмөлөр үчүн кирүүчү жана чыгуучу абаны чыгымдоонун ортосундагы теӊдемди сактоо керек.

7.3.3 Таза бөлмөлөр жана ченемдештирүүсү бар бөлмөлөр үчүн, эгерде аларда зыяндуу жана жарылуу кооптуу газдардын, буулардын жана аэрозолдордун же кескин билинген жагымсыз жыттардын бөлүнүүсү жок болсо, оӊ теӊдемсиздикти караштыруу керек.

7.3.4 Бөлмөлөрдө теӊдемсиздикти камсыздоо үчүн абаны чыгымдоону төмөнкүдөй кабыл алуу керек:

а) тамбур-шлюз жок болгондо ‒ корголгон бөлмөдөгү басымга карата 10 Па кем эмес (эшиктер жабык болсо), бирок корголгон бөлмөнүн ар бир эшигине 100 м3/с кем эмес басымдын түрдүүлүгүн түзүү эсебинен;

б) тамбур-шлюз бар болгондо ‒ тамбур-шлюзга берилүүчү чыгымдоого барабар.

7.3.5 Турак-жайлык, коомдук, администрациялык-тиричиликтик жана өндүрүштүк имараттардын бөлмөлөрүндө кирүүчү абаны, тейленүүчү же жумушчу чөлкөмдүн чектеринде микроклиматтын талап кылынган параметрлерин камсыздагыдай түрдө берүү керек.

7.3.6 Турак-жайлык имараттардын бөлмөлөрүндө кирүүчү абаны, адатта, Л тиркемесин эске алып, үстүӊкү чөлкөмдө жайгашкан аба бөлүштүргүчтөрдөн (бөлүштүрүүчү желдетүү) берүү керек.

Коомдук жана өндүрүштүк арналыштагы бөлмөлөрдө (жылуулуктун ашыкчасы же жетишсиздиги бар) бөлүштүрүүчү да, сүрүп чыгуучу да желдетүүнү колдонууга мүмкүн (Ж тиркемеси). Адамдар туруктуу болуучу орундары бар коомдук арналыштагы бөлмөлөрдө дем алуу чөлкөмүнө кирүүчү абаны жергиликтүү берүүгө жол берилет (персоналдуу желдетүү).

7.3.7 Турак-жайлык имараттардын бөлмөлөрүндө, эгерде бул долбоорлук документацияда каралбаса, жалпы үйлүк желдетүү тутумуна кошумча түзүлүштөрдү (желдеткичи бар ашкана чыгаргычтарын, тиричиликтик желдеткичтерди ж.б.у.с.) кошууга жол берилбейт.

Газ плиталары бар имараттар үчүн ар бир ашканасына өз алдынча катары да, 7.11.6ны эске алып жалпы кутуну куруу менен да желдеткичи бар ашкана чыгаргычтары үчүн кошумча желдетүү каналдарын курууну караштыруу зарыл.

7.3.8 40000 кДж/кг жана андан аз жылуулук-нымдуулук катышында чоӊ ным бөлүнүүсү бар бөлмөлөрдө ички абанын шүүдүрүм чекитинин табынан жогору табы бар кирүүчү абанын бир бөлүгүн имараттын тосуучу конструкцияларындагы нымдын мүмкүн болуучу ченемдешүүсү чөлкөмүнө берүү керек.

7.3.9 Өндүрүштүк бөлмөлөргө кирүүчү абаны жумушчу чөлкөмгө Ж тиркемесине ылайык тике же кайтаруучу агым менен берүү керек.

7.3.10 Чаӊдын бөлүнүүлөрү бар бөлмөлөрдө кирүүчү абаны, үстүӊкү чөлкөмдө жайгашкан аба бөлүштүргүчтөрдөн, жогорудан төмөн карай багытталган агымдар менен берүү керек (Ж тиркемеси).

7.3.11 Өзгөрүлмө иштөө шарттамы бар бөлмөлөрдө (соода жана спорттук залдар, мезгили менен иштөөчү жылуулук-газ бөлүп чыгаруучу жабдуулары бар өндүрүштөр ж.б.у.с.) бөлмөнүн адамдарга реалдуу толуусуна же технологиялык жабдууну (керектөө боюнча желдетүүнү) ишке салууга жараша кирүүчү жана рециркуляциялануучу абаны көмүр кычкыл газынын жана таптын датчиктери боюнча жөнгө салуусу бар адаптивдүү желдетүү тутумдарын колдонууга жол берилет.

7.3.12 Кирүүчү абаны аба чөлкөмдөр аркылуу азыраак булгануу менен түшкөндөй жана жергиликтүү соргучтардын иштөөсүн бузбагандай багыттоо керек. Эгерде алар жанына жергиликтүү соргучтарды куруу мүмкүн болбогон зяндуу бөлүнүүлөрдүн булактарына чукул жайгашса, кирүүчү абаны туруктуу жумуш орундарына берүү керек.

7.3.13 Абаны рециркуляциялоо төмөнкүлөрдөн жол берилбейт:

а) аларда сырткы абаны чыгымдоо 1- жана 2-класстардагы кооптуулуктагы бөлүнүп чыгуучу зыяндуу заттардын салмагы менен аныкталган бөлмөлөрдөн;

б) алардын абасында ооруну козгоочу бактериялар менен козу карындар, же кескин билинген жагымсыз жыттар санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органы тарабынан аныкталгандан ашкан топтолууларда бар болгон бөлмөлөрдөн;

в) аба жылыткычтын ысытылган беттерине тийгенде бөлүнүүчү зыяндуу заттар бар болгон, анын алдында абаны тазалоо каралбаган бөлмөлөрдөн;

г) А жана Б категорияларындагы бөлмөлөрдөн (сырткы дарбазалар менен эшиктердин жанындагы аба жана аба-жылуулук көшөгөлөрүнөн башка);

д) зыяндуу же күйүүчү газдар, буулар жана аэрозолдор менен иштер жүргүзүлүүчү илимий-изилдөөчүлүк жана өндүрүштүк арналыштагы лабораториялык бөлмөлөрдөн;

е) аларда күйүүчү чаӊдар жана аэрозолдор бөлүнүп чыгуучу В1-В4 категориясындагы бөлмөлөрдөн;

ж) В1 ‒ В4, Г категорияларындагы бөлмөлөрдө жайгашкан жабдуулардын айланасындагы беш метрлик чөлкөмдөрдөн, эгерде бул чөлкөмдөрдө күйүүчү газдардан, буулардан, аэрозолдордон аба менен жарылуу кооптуу аралашмалар пайда болсо;

и) абасы бар зыяндуу заттарды жана жарылуу кооптуу аралашмаларды жергиликтүү соргучтар тутумдарынан;

к) тамбур-шлюздардан.

7.3.14 Абаны рециркуляциялоого төмөнкүлөрдөн жол берилет:

а) өндүрүштүк имараттардан ‒ аларды чаӊдан тазалоодон кийин чаӊ-аба аралашмаларын (жарылуу кооптуу чаӊ-аба аралашмаларынан башка) жергиликтүү соргучтар тутумдарынан;

б) коомдук имараттардан ‒ желдетүү тутумунда бөлмөгө түшүүчү кирүүчү же рециркуляциялануучу абаны дайыма жугушсуздандырууну камсыздоочу абаны жугушсуздандыруу түзүлүшүн орноткон шартта, кызматтык өрт кооптуулугу бир класстагы, ошондой эле бир кызматтык арналыштагы (администрациялык же кеӊселик, же мейманканалардын номерлери ж.б.) бөлмөлөрдүн топтору үчүн.

7.3.15 Абаны рециркуляциялоо төмөнкүлөр менен чектелет:

а) көп батирлүү үйдөгү бир батирдин же бир батирлүү үйдүн, мейманкананын номеринин чектери менен;

б) коомдук имараттардагы бир бөлмөнүн чектери менен;

в) жалпы аянты 2 м2 ашуун жалпы оюктарга (ички ачык тепкичтерге, эскалаторлорго ж.б.) ээ болгон, кызматтык кооптуулуктун бир классындагы коомдук арналыштагы бөлмөлөрдүн топторунун чектери менен (бир өрт бөлүмүнүн чектериндеги);

г) аларда 1-, 2-, 3- же 4-кластагы кооптуулуктагы бирдей зыяндуу заттар бөлүнүп чыгышкан бир же бир нече бөлмөлөрдүн чектери менен.

7.3.16 Бөлмөлөрдөн абаны желдетүү тутумдары менен чыгарууну, аларда аба көбүрөөк булганган же көбүрөөк жогору тапка же энтальпияга ээ болгон чөлкөмдөрдөн караштыруу керек. Жылуулук бөлүнүүлөрсүз бөлмөлөрдө чаӊ жана аэрозолдор бөлүнүп чыкканда абаны жалпы алмашуучу желдетүү тутумдары менен чыгарууну төмөнкү чөлкөмдөн караштыруу керек.

Жылуулук бөлүнүүлөрү жана зыяндуу же абадан жеӊил күйүүчү газдардын же буулардын бөлүнүүлөру бар өндүрүштүк бөлмөлөрдөн, булганган абаны үстүӊкү чөлкөмдөн бийиктиги 6 м жана андан аз бөлмөлөрдөн 1 с бир жолку аба алмаштыруудан кем эмес; бийиктиги 6 м ашуун бөлмөлөрдөн – бөлмөнүн 1 м2 аянтына 6 м3/с кем эмес көлөмдө чыгаруу керек.

7.3.17 Бөлмөнүн үстүӊкү чөлкөмүнөн абаны жалпы алмашуучу чыгаруучу желдетүү тутумдары менен чыгаруу үчүн кабыл алуучу тешиктерди төмөнкүлөрдө жайгаштыруу керек:

а) шыптын же жабуунун алдына, бирок астанадан тешиктин ылдый жагына чейин 2 м төмөн эмес – жылуулуктун, нымдын жана зыяндуу газдардын ашыкчасын чыгаруу үчүн;

б) шыптын же жабуунун тегиздигинен тешиктердин өйдө жагына чейин 0,4 м төмөн – газдардын, буулардын жана аэрозолдордун жарылуу кооптуу аралашмаларын чыгаруу үчүн (суутектин аба менен аралашмасынан башка);

в) бийиктиги 4 м жана андан аз болгон бөлмөлөрдө шыптын же жабуунун тегиздигинен тешиктердин өйдө жагына чейин 0,1 м төмөн эмес же бийиктиги 4 м ашуун болгон бөлмөлөрдө бөлмөнүн бийиктигинен 0,025 төмөн эмес ‒ суутектин аба менен аралашмасын чыгаруу үчүн.

7.3.18 Төмөнкү чөлкөмдөн абаны жалпы алмашуучу желдетүү тутумдары менен чыгаруу үчүн кабыл алуучу тешиктерди астанадан тешиктердин ылдый жагына чейин 0,3 м деӊгээлинде жайгаштыруу керек.

Жумушчу чөлкөмдүн чектеринде жайгаштырылган жергиликтүү соргучтар аркылуу чыгарылуучу абаны чыгымдоону, абаны ошол чөлкөмдөн чыгаруу катары эсептөө керек.

7.3.19 Жеке (өздүк) транспорттун автомобилдери токтоочу жайлардагы аба алмашуу машина-орундардын жалпы санынын 2%ына жана 8%ына барабар кирүүлөр менен чыгуулардын санынын ортолоштурулган маанисинде эсептөө менен аныкталат. Мында көмүрсуунун кычкылынын (СО) топтолуусун 20 мг/м3 деп кабыл алуу керек.

Кеӊселерге караштуу жана жалпы арналыштагы кыска мөөнөттүү сактоодогу автомобилдер токтоочу жайлардагы аба алмашуу кирүүлөрдүн (чыгуулардын) санынын максималдуу маанилери боюнча эсептөө менен аныкталат. Мында көмүрсуунун кычкылынын (СО) топтолуусун адамдардын болуу узактыгына жараша, бирок 1 с көп эмес, долбоордун технологиялык бөлүгүнүн маалыматтарын жана МАМСТ 12.1.005ти жетекчиликке алып, кабыл алуу керек. Кошо курулган жер алдындагы автомобилдер токтоочу жайлар үчүн киргизүүчү орнотмолордун өндүрүмдүүлүгүн анын ар бир бөлүгүнө чыгаруучулардан 20%га аз кабыл алуу сунушталат.

7.3.20 Ар бир кабаты үчүн изоляцияланган рампалары бар көп кабаттуу автомобилдер токтоочу жайларда өзүнчө киргизүүчү жана чыгаруучу желдетүү тутумдарын долбоорлоо керек.

Аларды бир өрт бөлүмүнө киргизүү шартында автомобилдер токтоочу жайдын бардык кабаттары үчүн жалпы тутумдарды долбоорлоого жол берилет.

7.3.21 Автомобилдерди сактоо чөлкөмүнө кирүүчү абаны берүүнү ички өткөөлдөрдү бойлото топтоштуруп жүзөгө ашыруу сунушталат.

Сактоо бөлмөсүнөн абаны чыгарууну бөлмө боюнча теӊме-теӊ чачыратып кабаттын көлөмүнүн үстүӊкү жана ылдыйкы чолкөмдөрүнөн караштыруу керек. Киргизүүчү жана чыгаруучу тутумдар, адатта, мезгил-мезгили менен (бөлмөлөрдүн газдалгандыгы датчиги боюнча) иштөөгө тийиш.

7.3.22 Автомобилдер токтоочу жайдын өрт бөлүмүнүн аймагында жайгашкан ЖЖПтун, ЖПтун/БТтү/ББКды, электр калкандууну, агымы начар тутумдардын бөлмөлөрүн жана көмөкчү арналыштагы бөлмөлөрдү, кампаларды, ошондой эле өндүрүштүк бөлмөлөрдүн өрт бөлүмүнүн аймагында жайгашкан жана аларга кирген техникалык бөлмөлөрдү желдетүүнү, ошол бөлмөлөрдө чакан көлөмдүү чыгаруучу желдеткичтерди орнотуп, ошол бөлмөлөрдүн абасы менен аткарууга жол берилет (аларды В2-В4 категорияларына киргизгенде).

Мында электр калкандык жана агымы начар тутумдардын бөлмөлөрүнүн дубалдарындагы киргизүүчү түзүлүштөрдө чыпкаларды орнотуу, ал эми аба чыгаруучу жана аба алуучу түзүлүштөрдү өрткө каршы ченемдүү ачык клапан менен жабдуу сунушталат.

7.3.23 Коомдук имараттарга кошо курулган автомобилдер токтоочу жайларды желдетүүнү, ошол имараттардын жалпы алмашуучу желдетүү тутумдарынан чыгаруучу аба менен жүзөгө ашырууга жол берилет (сантүйүндөрдүн, жыйноочу инвентардын бөлмөлөрүнүн, зыяндуу жана жагымсыз жыттанган заттар бар бөлмөлөрдүн ж.б.у.с. желдетүү тутумдары менен чыгарылуучу абаны кошпогондо). Мында ошол имараттардын жалпы алмашуучу желдетүү тутумдарынан аба өткөргүчтөрдө алар автомобилдер токтоочу жайлардын тосуучу конструкциялары менен кесилишкен жерлерде, автомобилдер токтоочу жайдын өрт бөлүмдөрүндөгү же коомдук бөлүгүндөгү өрттө автоматтык түрдө жабылып калуучу, ченемдүү ачык өрткө каршы клапандарды орнотуу керек.

7.4 Кирүүчү абаны берүү

7.4.1 Кирүүчү абаны талап кылынган чыгымдоону (сырткы абаны же сырткы менен рециркуляциялаган абанын аралашмасын) Д тиркемесине ылайык эсеп боюнча аныктоо жана желдетүү тутумдарынын майнаптуулугу менен бөлмөлөрдүн абасынын сапатына талаптарды эске алып, санитардык-гигиеналык ченемдерди же жарылуу-өрт коопсуздугу ченемдерин камсыздоо үчүн зарыл чоӊдуктардын чоӊун кабыл алуу керек.

Жумушчу чөлкөмдөгү аба чөйрөсүнүн ченемдик параметрлерин камсыздоо үчүн зарыл абанын санын, аныкталган тартипте бекитилген ченемдик документтер менен негизделген учурларды кошпогондо, аба алмашуунун эселиги боюнча аныктоого жол берилбейт.

7.4.2 Бөлмөгө сырткы абаны берүүнү төмөнкүдөн кем кабыл албоо керек:

а) В жана Г тиркемелери боюнча эсептелген сырткы абаны минималдуу чыгымдоодон;

б) ченемделген теӊдемсиздикти эске алуу менен жергиликтүү соргучтар, жалпы алмашуучу чыгаруучу желдетүү тутумдары, технологиялык жабдуулар менен чыгарылуучу абаны чыгымдоодон.

7.4.3 Кирүүчү абаны чыгымдоону аныктоодо да төмөнкүнү эске алуу керек:

- булгануулардын бөлүнүүсүнун белгилүү булактарын;

- желдетүү каражаттары менен чыгарылууга тийиш болгон жылуулуктун же сууктун ашыкчасын;

- газ отунунда иштеген аспаптарды колдонгондо, газдын туруктуу күйүүсүн камсыздоо үчүн зарыл абанын санын.

Жумушчу чөлкөмдөгү аба чөйрөсүнүн ченемдик параметрлерин камсыздоо үчүн зарыл абанын санын, бөлмөлөрдүн көлөмүндөгү зыяндуу заттардын, жылуулуктун жана нымдын бөлүштүрүлүшүнүн теӊ өлчөмсүздүгүн эске алып, жеке алганда төмөнкү бөлмөлөрдөгү, эсептөө усулу менен аныктоо керек:

- жылуулук бөлүнүүлөрү менен эсептөө ачык-айкын жылуулуктун ашыкчасы боюнча жүргүзүлөт;

- жылуулук жана ным бөлүнүүлөрү менен эсептөө ачык-айкын жылуулуктун, нымдын ашыкчасы боюнча, курулуш конструкциялары менен жабдууларынын беттеринде нымдын конденсациясын зарыл алдын алууну эске алуу менен жүргүзүлөт;

- абага бир нече зыяндуу заттардын бир учурда бөлүнүүсү менен эсептөө анын ЧЖБТ камсыздоо үчүн абаны эӊ көп чыгымдоону талап кылган зат боюнча жүргүзүлөт (зыяндуу заттардын бир багыттагы иш-аракетинде абаны чыгымдоо ар бир зат боюнча кийин аларды суммалоо менен аныкталат);

- зыяндуу заттардын, жылуулуктун жана нымдын бир учурда бөлүнүүсү менен эсептөө бөлүнүүлөрдүн ар бир түрү боюнча жүргүзүлөт, мында долбоорлоо үчүн абаны эӊ көп чыгымдоо менен эсептөөнүн натыйжалары колдонулат.

7.4.4 Зыяндуу заттардын желдетүү үчүн колдонулуучу сырткы (атмосфералык) абада топтолуусу, калктуу конуштардын абасындагы ЧЖБТнун маанилеринен ашпоого тийиш.

Сырткы абада чектүү жол берилген топтолуулар ашып кеткенде зыяндуу заттардын бөлүнүү булактарын жоюу боюнча чаралар көрүлүүгө тийиш, же аларды жоюу мүмкүн болбосо, кирүүчү абаны булгоочу заттардын чектүү жол берилген топтолууларына чейин тазалоо каралган болууга тийиш.

7.4.5 Бөлмөлөрдө бөлүнүүчү зыяндуу заттардын, жылуулуктун жана нымдын санын долбоордун технологиялык бөлүгүнүн маалыматтары, технологиялык долбоорлоонун ченемдери же технологиялык тейлөөгө паспорт боюнча кабыл алуу керек.

Зарыл маалыматтар жок болгондо табигый же лабораториялык шарттарда толук жүк менен иштеп жаткан технологиялык жабдуудан зыяндуу заттардын, жылуулуктун жана нымдын дүӊ бөлүнүүлөрүн баалоо жүргүзүү керек, ушуга окшош объектилердеги табигый изилдөөлөрдүн натыйжаларын же эсептөөлөр жолу менен алынган маалыматтарды колдонууга жол берилет, бул долбоордо чагылтылууга тийиш.

7.4.6 Кирүүчү абадагы зыяндуу заттардын камтылышын (аба бөлүштүргүчтөрдөн жана башка киргизүүчү тешиктерден чыгууда) ошол заттардын аба кабыл алуучу түзүлүштөр жайгашкан жерлердеги фондук топтолууларын эске алуу менен, бирок бөлмөлөрдүн жумушчу чөлкөмүнүн абасында ЧЖБТ 30%ынан көп эмес, эсептөө усулу менен аныктоо керек.

Тиешелүү тазалоодон кийин механикалык желдетүү менен берилүүчү кирүүчү абадагы чаӊдын камтылышы, калктуу конуштардын атмосфералык абасындагы аны бөлмөлөргө берүүдөгү ЧЖБТ ашпоого тийиш.

7.4.7 Сырткы абаны А жана Б категорияларындагы өндүрүштүк бөлмөлөрдүн бир тамбур-шлюзуна же тамбур-шлюздарынын тобуна, же А жана Б категориясындагы имараттардын лифттеринин машина бөлүмдөрүнө, же А жана Б. категорияларындагы желдетүүчү жабдуулар үчүн бөлмөлөрдүн тамбур-шлюздарына берүү тутумун, башка тутумдардан өзүнчө, ар бир тутум үчүн резервдик желдеткичи менен караштыруу керек.

Башка категориялардагы жана башка арналыштагы бөлмөлөрдүн тамбур-шлюздарына абаны берүү үчүн тутумдарды, ошол тамбур-шлюздар менен корголгон бөлмөлөрдүн тутумдары менен жалпы караштыруу керек.

7.4.8 А жана Б категорияларындагы имараттардын тамбур-шлюздарына, ошондой эле лифттеринин машина бөлүмдөрүнө берилүүчү абаны чыгымдоону, 7.4.7ге ылайык, аларда эшиктери жабык болгондо 20 Падан кем эмес ашыкча басымды (тамбур-шлюз багышталган бөлмөдөгү басымга карата), бирок ар бир тамбур-шлюзга 250 м3/с кем эмес, түзүү жана кармоо шартында, Д тиркемесине ылайык эсептөө боюнча кабыл алуу керек.

А жана Б категорияларындагы имараттардагы лифттердин машина бөлүмдөрүнүн бөлмөлөрүнө берилүүчү абаны чыгымдоону, лифт шахтасынын чукул жаткан бөлүгүндөгү басымдан 20 Па кем эмес басымды түзүү эсебинен аныктоо керек. Тамбур-шлюздардагы же лифттердин машина бөлүмдөрүнүн бөлмөлөрүндөгү жана аларга чукул жаткан бөлмөлөрдөгү абанын басымынын түрдүүлүгү 50 Падан ашпоого тийиш.

7.4.9 Сырткы абаны 7.4.7де көрсөтүлгөн тамбур-шлюздарга (лифттердин машина бөлүмдөрүнөн башка) берүүнү, тамбур-шлюздар үчүн талап кылынган аба алмашууга резервдик желдеткичти, ошондой эле өрттө А жана Б категорияларындагы корголуучу бөлмөлөргө же В4 жана Д категорияларындагы бөлмөлөргө аба берүүнү токтотуу үчүн өрткө каршы ченемдүү ачык клапандарды орнотууну караштырып, А жана Б категорияларындагы корголуучу бөлмөлөрдү тейлөөчү өзүнчө тутумдан же жалпы кирүүчү тутумдан, же В4 жана Д категорияларындагы бөлмөлөрдү тейлөөчү кирүүчү тутумдан (рециркуляциясыз) караштыруу керек.

7.5 Сырткы абаны кабыл алуучу түзүлүштөр

7.5.1 Сырткы абаны кабыл алуучу түзүлүштөрдү, анын ичинде киргизүүчү желдетүүчү шахталарды жайгаштырууга жол берилбейт:

- таштандыны чогултуучу жерлерден, жүктөө-түшүрүү чөлкөмдөрүнөн, буулантуучу муздатуу тутумдарынан, түтүн морлорунун үстүӊкү бөлүктөрүнөн, башка булгануулардын же жыттардын бөлүнүүлөрү бар жерлерден, зыяндуу заттары же жыттары бар чыгаруучу абаны чыгарган жерлерден 8 м аз аралыкта;

- интенсивдүү кыймылы бар көчөгө чыгуучу фасад тараптан; эгерде бул шарт аткарылгыс болсо, анда сырткы аба үчүн кабыл алуучу түзүлүштөрдү имараттын үстүӊкү бөлүгүндө жайгаштыруу керек;

- ачык жерлерден, чатырлардан жана дубалдардан 5 м аз аралыкта (сырткы абаны кабыл алуучу түзүлүштөрдү, бул учурда жылуу мезгилде аба ысып кетпегендей түрдө орнотуу жана коргоо керек).

7.5.2 Имараттардын кирүүчү желдетүү тутумдары үчүн аба алуучу шахталар кошо курулган, улай курулган же өзүнчө турган боло алышат.

Сырткы абаны аба алуучуну, анын ичинде имараттын фасадына курганда, форкамералардын жана аба алуучу шахталардын ички беттерин тазалоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу керек. Желдетүү тутумдарын коопсуз колдонууну камсыздоо үчүн аба алуучу жерлерди, тейлөөчү персоналдын жетүүсүн камсыздоо менен, адатта, жердин же стилобаттын чатырынын деӊгээлинен 2 м төмөн эмес бийиктикте аткаруу керек. Аба алуучу тешиктин жалюзисин 20° ылдый бурч астында жайгаштыруу керек, ал эми «жандуу» кесилиштеги ылдамдык 2,5 м/c ашпоого тийиш. Кирүүчү түтүнгө каршы желдетүү тутумдары үчүн сырткы абаны кабыл алуучу түзүлүш үчүн тешиктин ылдый жагынан туруктуу кар каптамасынын күтүлүүчү максималдуу калыӊдыгынын бийиктигине чейин аралыкты азайтуу мүмкүн. Чатырда же аянтчада жайгаштырылган сырткы абаны кабыл алуучу түзүлүштүн ылдыйкы бөлүгүнө чейинки минималдуу аралыкты, кар катмарынын күтүлүүчү максималдуу калыӊдыгынан 1,5 эсе чоӊ кабыл алуу керек. Эгерде кар катмарынын түзүлүүсү, мисалы, калкандар же чатырды жылытуу менен, же аба алуучу чөлкөмдөгү чатырды тазалоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар башка уюштуруучулук иш-чараларды колдонуу менен болтурбай коюлса, бул аралык көрсөтүлгөндөн аз боло алат. Каалаган формадагы (кар, жамгыр, туман ж.б.) суунун же чаӊдын (анын ичинде жалбырактардын) кирүү тобокели бар болсо, сырткы абаны кабыл алуучу түзүлүштүн кирүүсүндөгү аба агымынын ылдамдыгын жандуу кесилиште 2 м/с көп эмес кабыл алуу сунушталат; Кумдуу бороондор жана чаӊ менен кумду кабыл алуучу тешиктин артына интенсивдүү көчүрүү райондорунда чаӊ менен кумдун ири бөлүкчөлөрүн чөктүрүү үчүн камераларды караштыруу жана тешиктин ылдый жагын жердин деӊгээлинен 3 м төмөн эмес жайгаштыруу керек. Кабыл алуучу түзүлүштөрдү өсүмдүк тектүү салмактуу аралашмалардан булгануулардан коргоону долбоорлоого тапшырма боюнча караштыруу керек.

7.5.3 Төмөнкүлөргө бир өрт бөлүмүнүн чектеринде сырткы абаны жалпы кабыл алуучу түзүлүштөрдү караштыруунун кереги жок:

а) 7.10.11-7.1014, 7.10.18ге ылайык жабдууларын желдетүүчү жабдуулар үчүн бир бөлмөдө жайгаштырууга жол берилбеген жалпы алмашуучу желдетүүнүн киргизүүчү тутумдары үчүн;

б) жалпы алмашуучу жана түтүнгө каршы желдетүүнүн киргизүүчү тутумдары үчүн.

Бир өрт бөлүмүнүн чектеринде сырткы абаны жалпы кабыл алуучу түзүлүштөрдү киргизүүчү жалпы алмашуучу желдетүү тутумдары үчүн, жер алдындагы автомобилдер токтоочу жайларды кошо (А, Б жана В1 категоряларындагы бөлмөлөрдөн, А, Б, В1 жана В2 категорияларындагы кампалардан, ошондой эле жарылуу кооптуу аралашмаларды жергиликтүү соргучтар тутумдарынын жана 7.2.13 боюнча тутумдардын жабдуулары бар бөлмөлөрдөн башка) жана алар бөлмөлөрдүн желдетүүчү жабдуу үчүн тосуучу конструкциялары менен кесилишкен жерлердеги жалпы алмашуучу желдетүүнүн киргизүүчү тутумдарынын аба өткөргүчтөрүнө өрткө каршы ченемдүү ачык клапандарды орнотуу шартында киргизүүчү түтүнгө каршы желдетүү тутумдары үчүн караштырууга жол берилет. Көрсөтүлгөн клапандар үчүн электр менен жабдуу жана башкаруу сызыктарынын бүтүндүгүн, жапкычтардын (капкактардын) түпкү абалынын абалдарын автоматтык көзөмөлдөө, диспетчердик кызматтын пультуна авария жөнүндө белги берүүсү менен, каралган болууга тийиш. Ушундай клапандардын жапкычтарын (капкактарын) жабык абалга автоматтык түрдө которуу алардын курамында ушундай клапандарды орнотуу каралган жалпы алмашуучу желдетүү тутумдарынын электр кабыл алгычтарын агымсыздантуу менен жүзөгө ашырылууга тийиш.

7.5.4 Сырткы абанын жалпы кабыл алуучу түзүлүштөрүн түрдүү өрт бөлүмдөрүн тейлөөчү жалпы алмашуучу желдетүүнүн киргизүүчү тутумдары үчүн караштыруунун кереги жок. Танапташ өрт бөлүмдөрүндө жайгаштырылган кабыл алуучу түзүлүштөрдүн ортосундагы горизонталь же вертикаль боюнча аралык, 3 м кем болбоого тийиш.

Түрдүү өрт бөлүмдөрүн тейлөөчү тутумдар үчүн жалпы кабыл алуучу түзүлүштөрдү, жалпы алмашуучу желдетүү тутумдары үчүн, жер алдындагы автомобилдер токтоочу жайларды кошо (А, Б жана В1 категорияларындагы өндүрүштүк бөлмөлөрдү, А, Б, В1 жана В2 категорияларындагы кампаларды, ошондой эле жарылуу кооптуу аралашмаларды жергиликтүү соргучтар тутумдарынын жана 7.2.13 боюнча тутумдардын жабдуулары бар бөлмөлөрдү тейлөөчү тутумдардан башка), «Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткарууну камсыздоочу өрт коопсуздугунун эрежелерине ылайык отко туруктуулук чеги бар өрткө каршы клапандарды орнотуу шартында караштырууга жол берилет:

а) ченемдүү ачык ‒ эгерде көрсөтүлгөн тутумдардын орнотмолору жалпы бөлмөдө жайгашса, алар желдетүүчү жабдуу үчүн бөлмөнүн тосмолору менен кесилишкен жерлердеги жалпы алмашуучу желдетүүнүн киргизүүчү тутумдарынын аба өткөргүчтөрүндө;

б) ченемдүү ачык ‒ желдетүүчү жабдуу үчүн түрдүү бөлмөлөрдө жайгаштырылуучу бардык киргизүүчү орнотмолордун сырткы аба клапандарынын алдына.

Киргизүүчү жалпы алмашуучу тутумдар үчүн (А, Б жана В1 категорияларындагы өндүрүштүк бөлмөлөрдү, А, Б, В1 жана В2 категорияларындагы кампаларды, ошондой эле жарылуу кооптуу аралашмаларды жергиликтүү соргучтар тутумдарынын жана 7.2.13 боюнча тутумдардын жабдуулары бар бөлмөлөрдү тейлөөчү тутумдардан башка) жана танапташ өрт бөлүмдөрүнүн киргизүүчү түтүнгө каршы желдетүү тутумдары үчүн алар желдетүүчү жабдуулар үчүн бөлмөнүн тосмолору менен кесилишкен жерлерде жалпы алмашуучу желдетүүнүн киргизүүчү тутумдарынын аба өткөргүчтөрүндө өрткө каршы ченемдүү ачык клапандарды орнотуу шартында караштырууга жол берилет. Көрсөтүлгөн клапандар үчүн электр менен жабдуу жана башкаруу сызыктарынын бүтүндүгүн, жапкычтардын (капкактардын) түпкү абалынын абалдарын, диспетчердик кызматтын пультуна авария жөнүндө белги берүү менен автоматтык түрдө көзөмөлдөө караштырылган болууга тийиш. Мындай клапандардын жапкычтарын (капкактарын) жабык абалга автоматтык түрдө которуу алардын курамында ушундай клапандарды орнотуу каралган жалпы алмашуучу желдетүү тутумдарынын электр кабыл алгычтарын агымсыздантуу менен жүзөгө ашырылууга тийиш.

7.5.5 Жалпы алмашуучу желдетүүчү тутумдардын сырткы абаны алуу үчүн кабыл алуучу түзүлүштөрүн жана чыгаруучу абаны атмосферага чыгаруу үчүн чыгаруучу түзүлүштөрүн 7.6.1, 7.6.4тү эске алуу менен техникалык же тейленүүчү кабаттын деңгээлинде колдонууда ачылбоочу терезелер менен бир фасадда жайгаштырууга жол берилет.

7.5.6 Киргизүүчү түтүнгө каршы желдетүү тутумдарынын сырткы абаны кабыл алуучу түзүлүштөрүн жана чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүү тутумдарынын күйүүнүн өнүмдөрүн чыгаруучу түзүлүштөрүн жайгаштырууда, көрсөтүлгөн түзүлүштөрдү имараттын карама-каршы фасаддарында караштыруу керек. Карама-каршы (же түрдүү) фасаддарда жайгаштыруу мүмкүн эмес болгондо, төмөнкү шарттарды бир учурда аткарууда аларды жалпы фасадда (анын ичинде бир) жайгаштырууга жол берилет:

- «жандуу» кесилиште күйүүнүн өнүмдөрүн чыгарууну 30о ашпаган бурч менен ылдый жана/же капталга (горизонттун сызыгына карата) 20 м/с кем эмес ылдамдык менен караштыруу керек;

- мындай түзүлүштөрдүн ортосундагы аралык 5 м кем эмести (бир четинен экинчи четине) түзүүгө тийиш.

Мындай түзүлүштөрдө алардын башкаруучу белгилери боюнча киргизүүчү түтүнгө каршы желдетүү тутумдарын өчүрүү, ошол тутумдун курамындагы ченемдүү жабык клапандарды жабууну кошо, каралган түтүндүн детекторлорун орнотуу караштырылууга тийиш. Бардык учурларда фасадда жайгаштырылган киргизүүчү түтүнгө каршы желдетүү тутумдарынын сырткы абаны кабыл алуучу түзүлүштөрү, аларды тейленүүчү өрт бөлүмүнүн ылдыйкы бөлүгүндө жайгаштырганда ушул шарттарды аткарууну кошпогондо, өрткө каршы эмес аткаруудагы айнектелген терезе оюктарынан вертикаль боюнча 15 м кем эмес (бир четинен экинчи четине) жана горизонталь боюнча 5 м кем эмес (бир четинен экинчи четине) караштырылган болууга тийиш.

7.5.7 Жекече киргизүүчү-чыгаруучу тутумдарды, анын ичинде дубалдык киргизүүчү-чыгаруучу рекуперациялык желдетүүчү түзүлүштөрдү колдонгондо, киргизүүчү жана чыгаруучу тешиктердин ортосундагы минималдуу аралык ченемделбейт жана түзүлүштүн паспортуна ылайык кабыл алынат.

7.6 Атмосферага абаны чыгаруулар

7.6.1 Өндүрүштүк бөлмөлөрдүн жергиликтүү соргучтар жана жалпы алмашуучу желдетүү тутумдарынан булгоочу зыяндуу заттарды камтыган атмосферага чыгарылган абаны (мындан ары – чаң-газ-аба аралашмасы) тазалоо керек. Мындан тышкары, зыяндуу заттардын калдык санын атмосферага таркатуу зарыл. Ошол объектинин желдетүүчү чыгарууларынан атмосферага зыяндуу заттардын топтолуусу башка чыгаруулардан фондук топтолууларды эске алуу менен төмөнкүдөн ашпоого тийиш:

а) калктуу конуштардын атмосфералык абасындагы зыяндуу заттардын чектүү жол берилген максималдуу бир жолку топтолууларынан же курорттордун, ири санаторийлердин, эс алуу үйлөрүнүн санитардык-коргоочу чөлкөмүндө жана шаарлардын эс алуу чөлкөмдөрүндө 0,8 ЧЖБТдан же ошол объекти үчүн аныкталган аз чоңдуктардан. Аныкталбаган максималдуу бир жолку топтолуулары бар зыяндуу заттар үчүн ЧЖБТ катары калктуу конуштардын атмосфералык абасындагы орточо күндүк чектүү жол берилген топтолууну кабыл алуу керек;

б) өндүрүштүк жана администрациялык-тиричиликтик имараттардын бөлмөлөрүнө абанын агып кирүүсү үчүн колдонулуучу кабыл алуучу түзүлүштөр, ачылуучу терезелер жана оюктар аркылуу келүүчү абада өндүрүштүк бөлмөлөрдүн жумушчу чөлкөмү үчүн 0,3 ЧЖБТдан.

7.6.2 Табигый түрткү берүүсү бар тутумдардан, ошондой эле механикалык түрткү берүүсү бар аз кубаттуулуктагы тутумдардан чаң-газ-аба аралашмасын чыгарууларды тазалоо 7.6.1дин талаптарын сактаганда же эгерде долбоорлук документацияга ылайык чыгарууларды тазалоо талап кылынбаса караштырылбайт.

7.6.3 Өндүрүштүк бөлмөлөрдүн механикалык түрткү берүүсү бар желдетүү тутумдарынан чаң-газ-аба аралашмаларын чыгарууларды чатырлары жок, тутумдардан вертикалдуу жогору кеткен түтүктөр жана чыгаруучу желдетүү шахталары аркылуу караштыруу керек:

а) А жана Б категорияларныдагы бөлмөлөрдөн жалпы алмашуучу желдетүүдөн же 1-, 2-класстагы кооптуулуктагы зыяндуу заттарды чыгаруучу тутумдардан;

б) зыяндуу жана жагымсыз жытанган заттарды жана жарылуу кооптуу аралашмаларды жергиликтүү соргучтардан.

7.6.4 Өндүрүштүк бөлмөлөрдүн желдетүү тутумдарынан чаң-газ-аба аралашмаларын чыгарууларды эсеп боюнча же сырткы аба үчүн кабыл алуучу түзүлүштөрдөн горизонталь боюнча 10 м кем эмес же 10 м аз горизонталдык аралыкта вертикаль боюнча 6 м кем эмес аралыкта жайгаштыруу керек. Мындан тышкары, зыяндуу заттарды жергиликтүү соргучтар тутумдарынан чыгарууларды эгерде анын чыгуусуна чейинки аралык 10 м аз болсо, имараттын кыйла бийик бөлүгүндөгү чатырдын үстүнөн 2 м кем эмес бийиктикте жайгаштыруу керек.

Авариялык желдетүү тутумунан чыгарууларды жерден тешиктин ылдыйкы четине чейин 3 м кем эмес бийиктикте жайгаштыруу керек. Авариялык желдетүү тутумдарынан зыяндуу заттарды атмосферага таркатууну долбоордун технологиялык бөлүгүнүн маалыматтарын колдонуп караштыруу керек.

7.6.5 Жергиликтүү соргучтар тутумдарынан жарылуу кооптуу буу-газ-аба аралашмасын чыгаруунун булактарынан мүмкүн болгон жалындоо булактарынын (учкундун, жогору таптагы газдын ж.б.) жакынкы чекитине чейинки аралыкты lz, м, төмөнкүдөн кем эмес кабыл алуу керек

(1) мында D ‒ булактын оозунун диаметри, м; q ‒ чыгаруунун оозундагы күйүүчү газдардын, буулардын, чаңдын топтолуусу, мг/м3; qz ‒ жалындын таралуусунун алардын ылдыйкы топтолуу чегинин 10%ына барабар күйүүчү газдардын, буулардын жана чаңдын топтолуусу, мг/м3.

7.6.6 Чыгаруучу желдетүү тутумдарынан чыгарууларды өзүнчө уюштуруу керек, эгерде жок дегенде бир желдетүү түтүгүндө же чыгаруучу шахтада күйүүчү заттардын чогулуусу мүмкүн болсо же эгерде чыгарууларды аралаштырганда жарылуу кооптуу аралашмалардын пайда болуусу мүмкүн болсо.

Мындай чыгарууларды бир желдетүүчү түтүккө же чыгаруучу шахтага кошууга жол берилет, ар бир аба өткөргүчтүн кошуу ордунан оозуна чейин EI 30 отко туруктуулук чеги менен вертикалдуу бөлүштүрүүнү караштырып.

7.6.7 Түрдүү өрт бөлүмдөрүн тейлөөчү тутумдар үчүн жалпы чыгаруучу түзүлүштөрдү, жалпы алмашуучу тутумдар үчүн караштырууга жол берилет (А, Б жана В1 категорияларындагы өндүрүштүк бөлмөлөрдү, А, Б, В1 жана В2 категорияларындагы кампаларды, ошондой эле 7.2.12-7.2.15 боюнча жарылуу кооптуу аралашмаларды жергиликтүү соргучтар тутумдарынын жана 7.2.12-7.2.15 боюнча тутумдардын жабдуулары бар бөлмөлөрдү тейлөөчү тутумдардан башка), «Өрт коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана ушул курулуш ченемдеринин талаптарын аткарууну камсыздоочу өрт коопсуздугу эрежелерине ылайык отко туруктуулук чеги бар өрткө каршы клапандарды орнотуу шартында.

7.6.8 Түрдүү өрт бөлүмдөрүндө жайгашкан жалпы алмашуучу желдетүү тутумдарынан абаны чыгаруу үчүн оюктардын ортосундагы аралык, горизонталь же вертикаль боюнча 3 м кем эмес болууга тийиш.

7.6.9 Калктуу конуштар үчүн ЧЖБТдан ашпаган топтолууларда аймагында чыгаруучу желдетүү шахталарын жайгаштырууну, жалпы билим берүүчү уюмдарга, мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга, медициналык уюмдарга, турак-жай үйлөргө жана эс алуу аянтчаларына чейин 15 м кем эмес караштыруу сунушталат.

7.6.10. Турак-жайлык жана коомдук имараттардын алдында жайгашкан жер алдындагы автомобилдер токтоочу жайлардан желдетүүчү чыгаруулар, имараттын эң бийик бөлүгүнүн чатырынын кырынан 1,5 м бийик уюштурулган болууга тийиш. Жалпы жер алдындагы токтоочу жайы бар имараттардын комплекси үчүн чыгарууну комплекстеги эң бийик имараттан 15 метрден кем эмес аралыкта же кошуна имараттардын ортосунда ушундай эле аралыкта башка имараттын чатырынын кырынан 1,5 м бийик же уюштурууга жол берилет.

7.6.11 Газ колдонуучу жабдууну орнотуу үчүн багышталган бөлмөлөрдөн желдетүүчү чыгаруулар, чатырдан бийик, коопсуз таркатуу шарттарын камсыздоочу бийиктикте, бирок чукул жаткан чатырдын деңгээлинен 0,5 м кем эмес бийиктикте уюштурулган болууга тийиш.

7.6.12 Жер алдындагы паркингде жайгашкан турак-жайлык үйдүн техникалык бөлмөлөрүнөн (ЖЖП, ЖП/БТ/ББК, аппараттык жана электр калкандык) иштетилген абаны чыгарууну, паркингдин көлөмүндө караштырууга жол берилет.

7.6.13 Чыгаруучу жалпы алмашуучу желдетүү тутумдарынан абаны имараттын фасадына чыгарууну төмөнкү талаптарды эске алуу менен аткаруу керек:

- абаны чыгаруу үчүн түзүлүштөн коңшу имараттарга чейинки аралык 8 м кем болбоого тийиш;

- зыяндуу заттарды же жыттарды камтыбаган абаны чыгаруу үчүн түзүлүштөн, ошол эле дубалда жайгашкан сырткы абаны кабыл алуучу түзүлүшкө чейинки аралык 2 м кем болбоого тийиш; мүмкүн болушунча, сырткы абаны кабыл алуучу түзүлүш абаны чыгаруу үчүн тешиктен ылдый болууга тийиш.

7.6.14 Чыгаруучу түзүлүштөгү чыгып жаткан абанын ылдамдыгы (жандуу кесилиште) абаны терезелери бар фасадга чыгарганда 2,5 м/с ашпоого жана абаны акустикалык эсептөөлөрдү жүргүзүү менен (зарылдыгы болсо) тейленбеген чатырга чыгарганда 5 м/с ашпоого тийиш.

Чыгаруучу абада жагымсыз жыттанган заттар же булгануулар бар болгондо чыгаруунун бийиктиги жана аба агымынын ылдамдыгы атмосферада ченемдик маанилерге чейин таркатууну эсептөөлөр менен аныкталууга тийиш.

7.7 Авариялык желдетүү

7.7.1 Аларда зыяндуу же күйүүчү газдардын, буулардын же аэрозолдордун чоң санынын капыстан түшүүсү мүмкүн болгон бөлмөлөр үчүн авариялык желдетүүнү, технологиялык жана желдетүүчү жабдуулардын аварияларынын мезгили боюнча шайкеш эместигин эске алып, долбоордун технологиялык бөлүгүнүн талаптарына ылайык караштыруу керек.

Авариялык желдетүү үчүн абаны чыгымдоону долбоордун технологиялык бөлүгүнүн маалыматтары боюнча кабыл алуу керек.

7.7.2 А жана Б категорияларындагы бөлмөлөрдөгү авариялык желдетүүнү механикалык түрткү берүүсү менен караштыруу керек.

Эгерде күйүүчү газдардын, буулардын жана аэрозолдордун жарылуу кооптуу аралашмаларынын табы, категориясы жана тобу жарылуудан корголгон желдеткичтердин техникалык мүнөздөмөлөрүнө шайкеш келбесе, анда чыгаруучу авариялык желдетүү тутумдарын каалаган кабаттуулуктагы имараттар үчүн 7.9.3кө ылайык эжекторлуу орнотмолору менен караштыруу керек. Аларга аварияда тыгыздыгы абанын тыгыздыгынан аз күйүүчү газдар же буулар келип түшкөн бир кабаттуу имараттар үчүн, 7.9.4кө ылайык газдар менен бууларды аэрациялык фонарлар, шахталар жана дефлекторлор аркылуу сүрүп чыгаруу үчүн механикалык түрткү берүүсү бар киргизүүчү желдетүүнү кабыл алууга жол берилет.

7.7.3 В1-В4, Г жана Д категорияларындагы өндүрүштүк бөлмөлөрдүн авариялык желдетүүсүн механикалык түрткү берүүсү менен караштыруу керек; Б эсептик параметрлеринде жылдын жылуу мезгилинде талап кылынган абаны чыгымдоону камсыздоо шартында табигый түрткү берүүсү бар авариялык желдетүүнү караштыруга жол берилет.

7.7.4 Авариялык желдетүү үчүн төмөнкүлөрдү колдонуу керек:

а) авариялык желдетүү үчүн зарыл абаны чыгымдоону камсыздоочу резервдик желдеткичтери бар жалпы алмашуучу желдетүүнүн негизги тутумдарын, ошондой эле резервдик желдеткичтери бар жергиликтүү соргучтар тутумдарын;

б) ушул пункттун а) санагында көрсөтүлгөн тутумдарды жана кошумча жетишпеген абаны чыгымдоого авариялык желдетүү тутумдарын;

в) эгерде негизги тутумдарды колдонуу мүмкүн эмес же максатка ылайыксыз болсо, жалаң авариялык желдетүү тутумдарын.

7.7.5 Авариялык желдетүү тутумдары менен бөлмөгө келип түшкөн газдар менен бууларды чыгаруу үчүн чыгаруучу түзүлүштөрдү (торлор же патрубоктор) төмөнкү чөлкөмдөрдө уруксат кылуу зарыл:

а) жумушчу ‒ тыгыздыгы жумушчу чөлкөмдөгү абанын тыгыздыгынан чоң газдар менен буулар келип түшкөндө;

б) үстүңкү – тыгыздыгы жумушчу чөлкөмдөгү абанын тыгыздыгынан аз газдар менен буулар келип түшкөндө.

7.7.6 Авариялык желдетүү менен чыгарылган абаны чыгымдоонун ордун толтуруу үчүн, төмөнкүлөрдү колдонуу керек:

а) абаны зарыл чыгымдоону камсыздоочу, резервдик желдеткичтери бар жалпы алмашуучу киргизүүчү желдетүү тутумдарын;

б) ушул пункттун а) санап берүүсүндө көрсөтүлгөн тутумдарды жана кошумча жетишпеген абаны чыгымдоого атайын киргизүүчү желдетүү тутумдарын;

в) абаны зарыл чыгымдоого механикалык же табигый түрткү берүүсү бар атайын киргизүүчү тутумдарды;

г) автоматтык түрдө ачылуучу оюктар аркылуу сырткы абанын агып кирүүсүн.

7.7.7 Жарылуу кооптуу газ-, буу- жана чаң-аба аралашмаларынын пайда болуусун болтурбоочу авариялык желдетүү, ЖТТТЧнин 10%ына жеткенде иштөөчү газталдоочунун белгиси боюнча иштөөгө тийиш.

7.7.8 Авариялык желдетүү менен түзүлүүчү аба алмашуунун эселиги, эсептикке шайкеш келүүгө тийиш, анда бөлмөдөгү жарылуу кооптуу газдын топтолуусу ЖТТТЧнин 50%ынан ашпайт.

7.7.9 Авариялык желдетүү 7.7.7 боюнча резервдик желдеткичке ээ болгон жана электр менен жабдуунун ишеничтүүлүгүнүн биринчи категориясы боюнча электр азыктандыруу менен камсыздалган болууга тийиш.

7.7.10 Авариялык желдетүү тутумдары иштегенде авариялык белги берүүнү караштыруу керек, ал жарык жана добуш белгилерин берүү менен коштолууга тийиш.

7.8 Аба көшөгөлөрү

7.8.1 Аба жана аба-жылуулук көшөгөлөрүн төмөнкүлөрдө караштыруу керек:

а) нөөмөттө беш жолудан ашуун же 30 мүнөттөн кем эмес ачылуучу, бөлмөлөрдүн сырткы дубалдарындагы дайыма ачык оюктарда, сырткы абанын эсептик табы минус 8ºС жана андан төмөн болгон райондордо (Б параметрлери);

б) коомдук жана администрациялык-тиричиликтик имараттардын вестибюлдарынын сырткы эшиктеринде – сырткы абанын эсептик табына (Б параметрлери) жана эшик аркылуу 1 с ичинде өткөн адамдардын санына жараша:

минус 8 ºСден минус 20 ºСге чейин – 200 адам жана андан көп; минус 20 ºСден минус 40 ºСге чейин – 100 адам жана андан көп; минус 40 ºСден төмөн – 50 адам жана андан көп;

в) долбоорлоого тапшырма боюнча атайын технологиялык талаптары бар бөлмөлөрдүн оюктарында, эшиктеринде жана дарбазаларында (суулуу шарттам, абанын агып өтүүсүн болтурбоо, ченемдештирүүсү бар бөлмөлөр, энергия майнаптуулугу жогорку класстагы имараттар ж.б.у.с.).

7.8.2 Сырткы оюктардагы, дарбазалардагы жана эшиктердеги аба жана аба-жылуулук көшөгөлөрүн шамалдын басымын эске алуу менен эсептөө керек. Эсептөөнү сырткы абанын табынын (Б параметрлери) жана Б параметрлерине шайкеш келген, бирок шарттары 5 м/с көп эмес шамалдын ылдамдыгынын шарттары үчүн жүргүзүшөт.

7.8.3 Аба-жылуулук көшөгөлөрү менен берилүүчү абанын табын, эсептөө боюнча, бирок эшиктердин жанында 50 ºСден жогору эмес жана дарбазалар менен оюктардын жанында 70 ºСден жогору эмес кабыл алуу керек.

7.8.4 Аба жана аба-жылуулук көшөгөлөрүнүн аба бөлүштүргүчтөрүнөн абаны чыгаруунун ылдамдыгын эсептөө боюнча, бирок эшиктердин жанында 15 м/с жогору эмес жана дарбазалар менен оюктардын жанында 40 м/с жогору эмес кабыл алуу керек.

7.8.5 Бөлмөгө аба жана аба-жылуулук көшөгөлөрү менен корголгон сырткы эшиктер, дарбазалар жана оюктар аркылуу келип түшүүчү абанын аралашмасынын эсептик табын, төмөнкү ºСден кем эмес кабыл алуу керек:

18 – коомдук арналыштагы имараттардын вестибюлдары үчүн; 12 – жеңил жумушта, орточо оордуктагы жумушта өндүрүштүк бөлмөлөр үчүн жана турак-жайлык жана администрациялык-тиричиликтик имараттардын вестибюлдары үчүн; 5 – оор жумушта жана туруктуу жумуш орундары жок болгондо өндүрүштүк бөлмөлөр үчүн эшиктерден, дарбазалардан жана оюктардан 6 м жана андан аз аралыкта.

7.8.6 Эгерде бөлмөгө оюк аркылуу келип түшүүчү абанын аралашмасынын эсептик табы, бөлмөдөгү абанын эсептик табынан аз болсо, келип түшүүчү абаны жылытууга кошумча жылуулук жүгүн эске алуу керек.

7.8.7 Бөлмөлөрдүн сырткы дубалдарындагы дарбазалар жана дайыма ачык оюктар үчүн кесүүчү (шиберлөөчү) типтеги, сырткы абанын келип түшүүсүн кыскартуучу аба жана аба-жылуулук көшөгөлөрүн караштыруу керек. Берилүүчү абаны жылытуусуз аба көшөгөлөрүн, ошондой эле берилүүчү абаны жарым-жартылай жылытуусу бар аба-жылуулук көшөгөлөрүн колдонууга жол берилет.

7.8.8 Аба жана аба-жылуулук көшөгөлөрү корголуучу оюктун бүткүл аянтын жабууга, сырткы абанын жергиликтүү жулунуп кирүүлөрүнө жол бербөөгө, туруктуу жумуш орундарында микроклиматтын талап кылынган шарттарын камсыздоого тийиш.

7.8.9 Заводдо жасалган аба жана аба-жылуулук көшөгөлөрдүн аэродинамикалык, жылуулук техникалык жана акустикалык мүнөздөмөлөрү сыноолор менен аныкталууга тийиш. Аба жана аба-жылуулук көшөгөлөрүн сыноолор жана жолго коюулар фактылык мүнөздөмөлөрдүн долбоорлукка шайкештигинде жүргүзүлүүгө тийиш.

7.8.10 Аба жана аба-жылуулук көшөгөсүнүн коргоочу касиеттерин бүткүл жылытуу сезону ичинде сактоо, ошондой эле энергия сарптоолорду кыскартуу үчүн, көшөгөнүн абаны чыгымдоосун жана жылуулук кубаттуулугун сырткы климаттын параметрлеринин өзгөрүүсүнө жана бөлмөнүн технологиялык шарттамына ылайык автоматтык түрдө жөнгө салууну караштыруу керек.

7.9 Жабдуулар

7.9.1 Желдеткичтерди, ченемдештиргичтерди, киргизүүчү камераларды, аба жылыткычтарды, жылуулук утилизаторлорду, чаң кармагычтарды, чыпкаларды, клапандарды, чуу баскычтарды ж.б. (мындан ары – жабдуулар) андагы абанын кыймылынын тандалган ылдамдыгында желдетүү тармагынын каршылыгы боюнча жана сорууларды жана тыгыз эместиктер аркылуу жоготууларды эске алуу менен абаны эсептик чыгымдоо боюнча тандоо керек:

а) жабдууларда ‒ жабдуулардын техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча же эсептөө боюнча (герметикалуулуктун В классы боюнча);

б) чыгаруучу жана киргизүүчү тутумдардын аба өткөргүчтөрүндө – алардын 7.11.10дун талаптарына шайкештиги шартында.

Өрткө каршы клапандардын тыгыз эместиктери аркылуу абаны соруулар жана чыгуулары ушул курулуш ченемдерине ылайык кабыл алынууга тийиш (М тиркемеси).

7.9.2 Аба жылыткычтардын түтүкчөлөрүндөгү сууну тоңуудан коргоо үчүн төмөнкүлөр керек:

а) аба жылыткычтан кайтарылган сууну аралаштыруу үчүн аба жылыткычтардын контурунда циркуляциялык соргучтарды орнотууну караштыруу;

б) аба жылыткычтардын контурунда циркуляциялык соргучтар жок болгондо түтүкчөлөрдөгү суунун кыймыл ылдамдыгын эсептөө менен негиздөө же сырткы абанын эсептик табында (Б параметрлери) жана 0 °Cде 0,12 м/с кем эмес кабыл алуу; тандалган аба жылыткычтын жылытуучу бетинин кору эсептиктен 10%дан ашпоого тийиш;

в) жылуулук алып жүрүүчү катары суунун буусун колдонгондо конденсат бөлгүчтөрдүн жубун алардан конденсат агып чыккан аба жылыткычтардын патрубокторунан 300 мм аз эмес төмөн жайгаштыруу, жана конденсат бөлгүчтөрдөн конденсатты чыгарууну чогултуучу челектерге чейин өзү агуу менен караштыруу.

7.9.3 Жарылуудан корголгон аткарылыштагы жабдууну төмөнкүдө караштыруу керек:

а) аны А жана Б категорияларындагы бөлмөлөрдө же ошол бөлмөлөрдү тейлөөчү тутумдардын аба өткөргүчтөрүндө жайгаштырганда;

б) А жана Б категориясындагы бөлмөлөрдүн жалпы алмашуучу желдетүү, ченемдештирүү жана аба жылытуу (анын ичинде аба-абалык жылуулук утилизаторлору бар) жана түтүнгө каршы желдетүү тутумдары үчүн;

в) 7.2.13тө көрсөтүлгөн чыгаруучу желдетүү тутумдары үчүн;

г) жарылуу кооптуу аралашмаларды жергиликтүү соргучтар тутумдары үчүн.

Эгерде күйүүчү газдардын, буулардын, аэрозолдордун, абасы бар чаңдын табы, категориясы жана тобу жарылуудан корголгон желдеткичтердин техникалык мүнөздөмөлөрүнө шайкеш келбесе, анда чыгаруучу жалпы алмашуучу желдетүү тутумдарында же жергиликтүү соргучтар тутумдарында эжектордук орнотмолорду караштыруу керек. Эжектордук орнотмолору бар тутумдарда, эгерде алар сырткы абада иштешсе, кадимки аткарылыштагы желдеткичтерди, аба үйлөгүчтөрдү же компрессорлорду караштыруу керек. Кадимки аткарылыштагы жабдууларды В1-В4, Г жана Д категорияларындагы бөлмөлөргө жайгаштырылган, эгерде технологиялык долбоорлоонун ченемдерине ылайык ченемдүү иштөөдө же технологиялык жабдуунун авариясында жарылуу кооптуу топтолуунун көрсөтүлгөн аралашмасынын пайда болуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылган болсо, буу-, газ-аба аралашмаларын чыгаруучу жергиликтүү соргучтар тутумдары үчүн караштыруу керек.

7.9.4 А жана Б категорияларындагы бөлмөлөр үчүн киргизүүчү желдетүү, ченемдештирүү жана аба жылытуу тутумдарынын жабдууларын, ошондой эле ушул бөлмөлөр үчүн башка категориялардагы (А, Б, В1, В2 категорияларынан башка) бөлмөлөрдөгү абанын жылуулугун колдонуу менен, желдетүүчү жабдуулар үчүн бөлмөлөрдө жайгаштырылуучу аба-абалык жылуулук утилизаторлорун, 7.10.11ге ылайык жарылуудан корголгон кайтаруучу клапандарды орнотуу шартында кадимки аткарылышта кабыл алууга жол берилет.

7.9.5 Абаны тазалоону бөлмөлөрдөгү абанын талап кылынган сапатын камсыздоо үчүн караштыруу керек. Чыпкаларды алардын кызмат өтөө мөөнөтүн, чыпкалардын чаң сыйымдуулугун жана жылуулук алмашуучу жабдуу үчүн абанын сапатына талаптарды эске алуу менен тандоо керек. Жылуулук алмашуучу жабдуулардын (аба жылыткычтардын, аба муздаткычтардын жана рекуператорлордун) кызмат өтөө мөөнөтүн көбөйтүү үчүн өнөр жайлык жана шаардык райондордо абаны чыпкаларда эки баскычтуу тазалоону караштыруу керек.

7.9.6 Жарылуу кооптуу чаң-аба аралашмасын күйүүчү заттардан тазалоо үчүн чаң кармагычтарды жана чыпкаларды (мындан ары – чаң кармагычтарды) колдонуу керек:

а) кургак тазалоодо – кармалган чаңды үзгүлтүксүз чыгаруу үчүн жарылуудан корголгон аткарылышта;

б) суулуу тазалоодо (анын ичинде көбүктүү) ‒ жарылуудан корголгон аткарылышта; техникалык негиздөөдө кадимки аткарылышта колдонууга жол берилет.

7.9.7 Кирүүчү абанын аба бөлуштүргүчтөрүн төмөнкүдө кабыл алуу керек:

а) аба жылытууда, желдетүүдө жана ченемдештирүүдө – абанын багыттарын жана чыгымдалышын жөнгө салуучу түзүлүштөр менен;

б) жумуш орундарын душтоо үчүн ‒ горизонталдуу тегиздикте 180° чейин бурчта жана вертикалдуу тегиздикте ‒ 30° чейин бурчта абанын чыгымдалуусун жана багыттарын жөнгө салуучу түзүлүштөр менен.

7.9.8 Аларда газ аспаптары жайгаштырылган бөлмөлөрдүн киргизүүчү жана чыгаруучу тутумдарында, аларды толук жабуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу чараларды көрүү керек.

7.9.9 Кирүүчү абанын аба бөлүштүргүчтөрүн жана чыгаруучу түзүлүштөрүн күйүүчү материалдардан өрт коопсуздугу боюнча ченемдик документтердин талаптарын камсыздоо шартында колдонууга болот.

7.9.10 Жылуулук утилизаторлорду жана чуу баскычтарды күйбөгөн материалдардан колдонуу керек. Жылуулук утилизаторлордун жылуулук алмашуучу (ички) беттери үчүн Г1 күйүүчүлүк тобундагы материалдарды колдонууга жол берилет.

7.10 Жабдууну жайгаштыруу

7.10.1 Жабдууну желдетүүчү жабдуулар үчүн бөлмөдө (желдетүүчү камераларда), тейленүүчү жана (же) корголуучу бөлмөлөр турган түздөн-түз өрт бөлүмүндө жайгаштыруу керек. Киргизүүчү же чыгаруучу желдетүүнүн желдетүүчү камераларынын өлчөмүн жабдууларды куроо, оңдоо жана ажыратуу жумуштарын, ошондой эле сервистик тейлөөнү аткаруу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен кабыл алуу керек.

Долбоорлоого тапшырма боюнча жабдууну төмөнкүдө орнотууга жол берилет:

а) 7.10.2ни эске алуу менен тейленүүчү бөлмөдө;

б) тиешелүү климаттык аткарылыштагы (Б эсептик параметрлеринде) имараттын чатырында жана сыртында жана МАМСТ 15150 боюнча жабдууларды сыртка жайгаштырууда.

Жабдууну чатырга орноткондо сырткаркы адамдардын жетүүсүнөн коргоо үчүн тосмолорду караштыруу зарыл.

7.10.2 Жабдууну (абаны рециркуляциясы бар жана рециркуляциясы жок аба жана аба-жылуулук көшөгөлөрүнүн жабдуусунан башка) А, Б, В1-В3 категорияларындагы кампалардын тейленүүчү бөлмөлөрүндө жайгаштырууга жол берилбейт.

Жабдууну В2, В3 жана В4 категорияларындагы кампалардын бөлмөлөрүндө жайгаштырууда төмөнкү шарттарда жол берилет:

- электр жабдуусу IP54 коргоо даражасына ээ;

- кампалардын бөлмөлөрү өрттө желдетүүчү жабдууну өчүрүүчү автоматтык өрт белги берүүсү менен жабдылган.

7.10.3 Абаны чыгымдоосу 5 миң м3/с жана андан аз жабдууну 7.10.2нин талаптарын эске алуу менен тейленүүчү бөлмөлөрдүн тигилген жана асылган шыптарынын үстүнө, тейленүүчү кабаттын коридорлорунун тигилген жана асылган шыптарынын үстүнө ачык жана көлөмдө, коридорду жана тейленүүчү бөлмөнү бөлүп турган дубалдын аба өткөргүчтөрүнүн кесилишкен жерлеринде өрткө каршы ченемдүү ачык клапандарды орнотуу шартында (бир батирдин чектериндеги бөлмөлөрдөн башка) орнотууга жол берилет. Алардын отко туруктуулук чеги ченемделбеген эшиктери бар бөлмөлөр үчүн көрсөтүлгөн клапандарды орнотуу талап кылынбайт.

Көп батирлүү үйлөрдө батирлерди желдетүү тутумдарынын жекече жабдуусун жалпы колдонуудагы жерлерде жана батир аралык коридорлордо жайгаштырууга жол берилбейт.

7.10.4 А жана Б категорияларындагы бөлмөлөрдүн тутумдарынын жабдуусун, ошондой эле жарылуу кооптуу аралашмаларды жергиликтүү соргучтар тутумдарынын жабдуусун жертөлөлөрдүн бөлмөлөрүндө жайгаштырууга жол берилбейт.

7.10.5 Авариялык желдетүү жана жергиликтүү соргучтар тутумдарынын жабдуусун «Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өрт коопсуздугу боюнча ченемдик документтердин талаптарын камсыздоо шартында алар тейлеген бөлмөлөргө жайгаштырууга жол берилет.

7.10.6 Жарылуу кооптуу чаң-аба аралашмасын кургак тазалоо үчүн чаң кармагычтарды жана чыпкаларды желдеткичтердин алдына жайгаштыруу керек.

7.10.7 Жарылуу кооптуу чаң-аба аралашмасын кургак тазалоо үчүн чаң кармагычтарды өндүрүштүк имараттардан сыртка ачык дубалдардан 10 м кем эмес аралыкта же өзүнчө имараттарда желдеткичтер менен чогуу жайгаштыруу керек.

Жарылуу кооптуу чаң-аба аралашмасын кургак тазалоо үчүн чаң кармагычтарды өндүрүштүк имараттардын (жертөлөлөрдөн башка) желдетүүчү жабдуусу үчүн өзүнчө бөлмөлөрдө желдеткичтер менен чогуу жайгаштыруу керек:

- абаны 15 миң м3/с жана андан аз чыгымдоодо кармалган чаңды үзгүлтүксүз чыгаруу үчүн түзүлүштөрсүз бункерлерде жана сыйымдуулугу 60 кг жана андан аз идиштердеги чаң салмагында;

- кармалган чаңды үзгүлтүксүз чыгаруу үчүн түзүлүш менен.

7.10.8 Жарылуу кооптуу чаң-аба аралашмасын кургак тазалоо үчүн чаң кармагычтарды төмөнкүдөй жайгаштыруу керек:

а) отко туруктуулугу I жана II даражалардагы имараттардан сыртта түздөн-түз дубалдардын жанында, эгерде имараттын бүткүл бийиктиги боюнча чаң кармагычтардан горизонталь боюнча 2 м аралыкта терезе оюктары жок болсо же эгерде кош рамалуу металл переплеттүү армирленген айнек менен айнектелген же айнекблоктор менен толтурулган ачылбоочу терезелер бар болсо; ачылуучу терезелер бар болсо чаң кармагычтарды имараттын дубалдарынан 10 м кем эмес аралыкта жайгаштыруу керек;

б) отко туруктуулугу III жана IV даражалардагы имараттардан сыртта дубалдардан 10 м кем эмес аралыкта;

в) имараттардын ичинде желдетүүчү жабдуу үчүн өзүнчө бөлмөлөрдө желдеткич жана башка өрт кооптуу чаң-аба аралашмаларын чаң кармагычтар менен чогуу:

- эгерде жертөлө бөлмөдөгү бункерлердеги же башка жабык идиштердеги топтолгон чаңдын салмагы 200 кг ашпаса, күйүүчү чаңды механизациялаштырылган үзгүлтүксүз чыгаруу же аны кол менен чыгаруу шартында жертөлөлөрдүн бөлмөлөрүндө;

- эгерде чаң кармагычтар технологиялык жабдуу менен кулпталган болсо абаны 15 миң м3/с ашпаган чыгымдоодо, өндүрүштүк бөлмөлөрдө (А жана Б категориясындагы бөлмөлөрдөн башка).

Өндүрүштүк бөлмөлөрдө өрт кооптуу чаң-аба аралашмасын күйүүчү чаңдан тазалоо үчүн чыпкаларды, эгерде түздөн-түз чыпка орнготулган бөлмөгө келип түшүүчү тазаланган абадагы чаңдын топтолуусу, жумушчу чөлкөмдүн абасында зыяндуу заттардын ЖБЧТнун 30%ынан ашпаган шартта орнотуу керек.

7.10.9 Жарылуу- жана өрт кооптуу чаң-аба аралашмасы үчүн чаң топтолуучу камераларды колдонууга жол берилбейт.

7.10.10 Чаң-аба аралашмасын суулуу тазалоо үчүн чаң кармагычтарды жылытылуучу бөлмөлөрдө желдеткичтер менен чогуу же алардан бөлөк жайгаштыруу керек. Чаң кармагычтарды жылытылбаган бөлмөлөрдө же имараттардан сыртта жайгаштырууга жол берилет.

Чаң кармагычтарды (чаң-аба аралашмасын кургак же суулуу тазалоо үчүн) жылытылбаган бөлмөлөрдө же имараттардан сыртта жайгаштырганда чаң кармагычтардагы сууну же нымдын конденсациясын тоңуудан коргоо боюнча чараларды караштыруу зарыл.

7.10.11 А жана Б категорияларындагы бөлмөлөрдү тейлөөчү киргизүүчү желдетүү, ченемдештирүү жана аба жылытуу тутумдарынын жабдуусун (мындан ары – киргизүүчү тутумдардын жабдуусу), желдетүүчү жабдуу үчүн жалпы бөлмөдө чыгаруучу тутумдардын, ошондой эле абаны рециркуляциялоосу бар киргизүүчү-чыгаруучу тутумдардын жабдуусу же аба-абалык жылуулук утилизаторор менен чогуу жайгаштырууга жол берилбейт.

А жана Б категорияларындагы бөлмөлөрдү, ошол бөлмөлөрдө жайгашкан администрациянын, жумушчулардын эс алуу жана жылынуу бөлмөлөрүн кошо, тейлөөчү кадимки аткарылыштагы жабдуусу бар киргизүүчү тутумдардын аба өткөргүчтөрүндө, аба өткөргүчтөр желдетүүчү жабдуу үчүн бөлмөлөрдүн тосмолору менен кесилишкен жерлерде жарылуудан корголгон кайтаруучу клапандарды караштыруу керек.

7.10.12 В1, В2, В3 жана В4 категорияларындагы бөлмөлөрдү тейлөөчү абаны рециркуляциялоосу бар киргизүүчү тутумдардын жабдуусун, желдетүүчү жабдуу үчүн жалпы бөлмөлөрдө жарылуу өрт кооптуулугунун башка категорияларындагы бөлмөлөр үчүн тутумдардын жабдуусу менен чогуу жайгаштырууга жол берилбейт.

7.10.13 Турак-жай бөлмөлөрүн тейлөөчү киргизүүчү тутумдардын жабдуусун, желдетүүчү жабдуу үчүн жалпы бөлмөдө, коомдук бөлмөлөрдү тейлөөчү киргизүүчү тутумдардын жабдуусу менен чогуу жайгаштырууга жол берилет.

7.10.14 Өндүрүштүк, администрациялык-тиричиликтик жана коомдук имараттардын, кескин жана жагымсыз жыты бар абаны (коомдук ажатканалардан, чылым чегүүчү бөлмөлөрдөн ж.б.) чыгарган чыгаруучу тутумдардын жабдуусун, желдетүүчү жабдуу үчүн жалпы бөлмөдө киргизүүчү тутумдар үчүн жабдуу менен чогуу жайгаштырууга жол берилбейт.

7.10.15 А жана Б категорияларындагы бөлмөлөрдү тейлөөчү жалпы алмашуучу чыгаруучу желдетүү тутумдарынын жабдуусун, желдетүүчү жабдуу үчүн жалпы бөлмөдө башка тутумдар үчүн жабдуу менен чогуу жайгаштырбоо керек.

А жана Б категорияларындагы бөлмөлөр үчүн жалпы алмашуучу чыгаруучу желдетүү тутумдарынын жабдуусун желдетүүчү жабдуу үчүн жалпы бөлмөдө жарылуу кооптуу аралашмаларды жергиликтүү соргучтардын чаң кармагычсыз же суулуу чаң кармагычтары бар тутумдарынын жабдуусу менен чогуу жайгаштырууга жол берилет, эгерде аба өткөргүчтөрдө күйүүчү заттардын топтолуусу жокко чыгарылган болсо.

7.10.16 В1, В2 жана В3 категорияларындагы бөлмөлөрдөн чыгаруучу тутумдардын жабдуусун Г категориясындагы бөлмөлөрдөн чыгаруучу тутумдардын жабдуусу менен чогуу жалпы бөлмөдө жайгаштырбоо керек.

7.10.17 Жарылуу кооптуу аралашмаларды жергиликтүү соргучтар тутумдарынын жабдуусун желдетүүчү жабдуу үчүн жалпы бөлмөдө башка тутумдардын жабдуусу менен чогуу жайгаштырбоо керек, 7.10.15те көрсөтүлгөн учурлардан башка.

7.10.18 Алардын абасынын жылуулугу кирүүчү абаны жылытуу (муздатуу) үчүн (анын ичинде турак-жай бөлмөлөрүнөн абаны ашканалар жана сантүйүндөр аркылуу чыгаруу караштырылган турак-жайлык жана мейманканалык имараттарда) колдонулуучу аба-абалык жылуулук утилизаторлорду, ошондой эле чыгаруучу тутумдардын жабдуусун, 7.10.12 ‒ 7.10.17, 7.10.24тү эске алуу менен, турак-жайлык, коомдук жана администрациялык-тиричиликтик имараттардын бөлмөлөрүн тейлөөчү киргизүүчү жана киргизүүчү-чыгаруучу кулпталган тутумдардын желдетүүчү жабдуусу үчүн бир бөлмөдө жайгаштырууга жол берилет.

Сантүйүндөрү бар турак-жай бөлмөлөрүнөн жана мейманкалардын номерлеринен абаны чыгарууну, сантүйүндөрдүн ылдыйкы бөлүгүндө агып өтүүчү торлорду куруу же эшик менен астананын ортосундагы 2 см кем эмес жылчыктын эсебинен сантүйүндөр аркылуу караштыруу керек. Турак-жай имараттарынын жана дарылоо мекемелеринин борбордошкон желдетүү жана абаны ченемдештирүү тутумдарында артыкчылыктуу пластинка кайчылаш өтүүчү рекуператорлорду колдонуу керек. Коомдук имараттар үчүн чыгуучу абанын кирүүчү аба трактына туш болуусун жокко чыгаруучу үйлөөчү сектору бар ротордук рекуператорлорду колдонууга, ошондой эле рекуператордон кийин кирүүчү абанын трактында орнотуудан кийин же тейлөөчү бөлмөлөргө кирүүдө кошумча чыпкаларды жана жугушсуздандыргычтарды (зарылдыгы болсо) орнотууга жол берилет.

7.10.19 Жалпы алмашуучу желдетүүнүн жана жарылуу-өрт жана өрт кооптуулук боюнча жергиликтүү соргучтардын чыгаруучу тутумдарынын желдетүүчү жабдуусу үчүн бөлмөлөрдү төмөнкүгө киргизүү керек:

а) эгерде аларда өндүрүштүк имараттардын жалпы алмашуучу желдетүү тутумдарынын жабдуусу жайгаштырылса, алар тейлеген бөлмөлөр категориясына;

б) эгерде аларда сырткы абаны ошол бөлмөлөрдөн сырттан орун алган эжекторлорго берүүчү желдеткичтер, аба үйлөгүчтөр жана компрессорлор жайгаштырылса, Д категориясына;

в) эжекторлорго берүү үчүн алардан аба желдеткичтер, аба үйлөгүчтөр жана комперссорлор менен алынуучу бөлмөлөр категориясына;

г) эгерде аларда технологиялык жабдуудан чыгуучу жарылуу кооптуу аралашмаларды чыгаруучу жергиликтүү соргучтар тутуму жайгаштырылса, А же Б категориясына. Желдеткичтердин алдына жайгаштырылган жарылуу кооптуу чаң-аба аралашмаларын жергиликтүү соргучтар тутумдарынын жабдуусу үчүн бөлмөлөрдү, негиздөөдө, Д категориясындагы бөлмөлөргө киргизүүгө жол берилет;

д) Д категориясына, эгерде аларда турак-жайлык, коомдук жана администрациялык-тиричиликтик бөлмөлөрдүн жалпы алмашуучу желдетүүсүнүн чыгаруучу тутумдарынын жабдуусу жайгаштырылса.

Жарылуу-өрт жана өрт кооптуулугу боюнча ар түрдүү категориядагы бир нече бөлмөлөрдү тейлөөчү чыгаруучу тутумдардын жабдуусу үчүн бөлмөлөрдү, кыйла кооптуу категорияга киргизүү керек.

7.10.20 Жарылуу-өрт жана өрт кооптуулугу боюнча киргизүүчү желдетүү тутумдарынын желдетүүчү жабдуусу үчүн бөлмөлөрдү төмөнкүлөргө киргизүү керек:

а) В1 категориясына, эгерде аларда сыйымдуулугу 75 л жана андан көп майы бар орнотмолор (чыпкалар ж.б.) жана бирден көп орнотмолор жайгаштырылса;

б) В1, В2, В3, В4 же Г категорияларына, эгерде тутум В1, В2, В3, В4 же Г категорияларындагы бөлмөлөрдөн абаны рециркуляциялоо менен иштесе, күйүүчү газдар жана чаң бөлүнүп чыкпаган же абаны чаңдан тазалоо үчүн көбүктүү же суулуу чаң кармагычтар колдонулган бөлмөлөрдөн аба алган учурлардан башка;

в) В1, В2, В3, В4 категорияларына, эгерде желдетүүчү жабдуу үчүн бөлмөдө В1, В2, В3, В4 категорияларындагы бөлмөлөрдү тейлөөчү чыгаруучу орнотмолор жайгаштырылса;

г) алардан чыгарылуучу абанын жылуулугу, киргизүүчү тутумдардын жабдуусу үчүн бөлмөлөрдө жайгаштырылуучу аба-абалык жылуулук утилизаторлордо колдонулуучу бөлмөлөр категориясына;

д) Г категориясына, эгерде тутумдар тейлешкен бөлмөлөрдө газ отуну менен иштеген жылуулук генерациялоочу жабдуу жайгаштырылса;

е) Д категориясына ‒ калган учурларда.

Жарылуу кооптуу жана өрт кооптуулугу боюнча ар түрдүү категориялардагы бир нече бөлмөлөрдү тейлешкен рециркуляциясы бар киргизүүчү тутумдардын жабдуусу үчүн бөлмөлөрдү, кыйла кооптуу категорияга киргизүү керек.

7.10.21 Желдетүүчү жабдуу үчүн бөлмөлөрдү анда тейленүүчү жана (же) корголуучу бөлмөлөр турган түздөн-түз өрт бөлүмүндө жайгаштыруу керек.

Отко туруктуулугу I жана II даражадагы имараттарда желдетүүчү жабдуу үчүн бөлмөлөрдү тейленүүчү (корголуучу) өрт бөлүмүнөн сыртта караштырууга жол берилет:

а) ушундай өрт бөлүмүнүн чек арасында түздөн-түз өрткө каршы тосмонун (өрткө каршы дубалдын же өрткө каршы жабуунун) артында – көрсөтүлгөн өрткө каршы тосмонун кесилишкен жерлеринде, жалпы алмашуучу желдетүү тутумдарынын же түтүнгө каршы желдетүү тутумдарынын аба өткөргүчтөрүндө өрткө каршы ченемдүү ачык же ченемдүү жабык клапандарды орнотууда;

б) ошол өрт бөлүмүнүн чек арасынан алыстыкта ‒ желдетүүчү жабдуу үчүн бөлмөнүн тосмолорунан отко туруктуулук чектери ошол тосмонун конструкцияларынын отко туруктуулук чектеринен аз эмес кесилишүүчү өрткө каршы тосмого чейинки бөлүктөрдө өрткө каршы клапандарды ушуга окшош орнотууда жана аба өткөргүчтөрдү аткарууда.

7.10.22 Ошол тутумдар тейлешкен бөлмөлөр жайгашкан өрт бөлүмүнөн орун алган жалпы алмашуучу желдетүү тутумдарынын желдетүүчү жабдуулары үчүн бөлмөлөрдүн тосуучу курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чектери, EI 45тен кем эмес болууга тийиш. Мындай бөлмөлөрдүн эшиктери (Д категориясына киргизилген жалпы алмашуучу желдетүү тутумдарынын желдетүүчү жабдуусу үчүн бөлмөлөрдү кошпогондо) 2-типтеги өрткө каршы болууга тийиш.

Желдетүүчү жабдуу үчүн бөлмөлөрдүн тосуучу курулуш конструкциялары, тейленүүчү (корголуучу) өрт бөлүмүн бөлүп турган өрткө каршы тосмонун отко туруктуулук чектеринен кем эмес отко туруктуулук чектерин камсыздоо менен аткарылууга тийиш. Бул бөлмөлөрдө «Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чектелген тизмеде жалпы алмашуучу желдетүүнүн киргизүүчү же чыгаруучу тутумдарынын же, түрдүү өрт бөлүмдөрүндөгү бөлмөлөрдү тейлөөчү же коргоочу түтүнгө каршы желдетүүнүн киргизүүчү же чыгаруучу тутумдарынын жабдуусун орнотууга жол берилет. Мындай бөлмөлөрдүн эшиктери 1-типтеги өрткө каршы болууга тийиш.

7.3.22 боюнча кампаларды өзүнчө блокко бөлгөндө, кампалар блогунун өрт бөлүмүндө караштырылган желдетүүчү жабдууну жайгаштыруу үчүн бөлмөлөрдү, өрткө каршы дубалдар жана (зарылдыгы болсо) өрткө каршы жабуулар менен бөлүү керек.

7.10.23 Желдетүүчү камералардын бөлмөлөрү киргизүүчү камералар үчүн плюс 2 эсе жана чыгаруучу желдетүүчү камералар үчүн минус 1 эсе көлөмдө желдетүү менен жабдылган болууга тийиш. Киргизүүчү жана чыгаруучу жабдууларды чогуу жайгаштырганда алардагы аба алмаштыруунун эселүүлүгүн 1,5 деп кабыл алуу керек. Бул максаттар үчүн желдетүүчү камераларга жайгаштырылган тейленүүчү бөлмөлөргө эң көп иштөө убактысы бар жабдууну колдонууга жол берилет.

7.11 Аба өткөргүчтөр

7.11.1 Аба өткөргүчтөрдүн желдетүү тармактарын унификацияланган стандарттуу тетиктерден караштыруу керек.

Аба өткөргүчтөрдүн каптамасы ташылуучу жана курчап турган чөйрөгө туруктуу болууга тийиш. Хризотил-цемент (асбест-цемент) конструкциялардан аба өткөргүчтөрдү киргизүүчү желдетүү тутумдарында колдонууга жол берилбейт. Хризотил-цемент (асбест-цемент) конструкциялардан жана бетон блоктордон курулуштук аткарылган аба өткөргүчтөрдү бийиктиги 50 м ашуун көп батирлүү турак-жай имараттарында колдонууга жол берилбейт. Металл аба өткөргүчтөр үчүн такта болоттун калыңдыгын К тиркемеси боюнча кабыл алуу керек. Мында отко туруктуулуктун ченемделүүчү чеги бар аба өткөргүчтөрдүн конструкциясы үчүн такта болоттун калыңдыгы, такталык прокат үчүн аныкталган уруксаттарды эске алуу менен, 0,8 мм кем эмес болууга тийиш.

7.11.2 Отко туруктуулуктун ченемделүүчү чеги бар аба өткөргүчтөрдү, ошондой эле ошол аба өткөргүчтөрдүн жылуулуктан коргоочу жана оттон коргоочу каптамаларын күйбөгөн материалдардан караштыруу керек.

Отко туруктуулуктун ченемделүүчү чеги бар аба өткөргүчтөрдүн курамындагы күйүүчүлүгү Г1 тобундагы жана андан жогору өзү чапталуучу фольгаланган тасмалардын, фланец аралык тыгыздантуулардын жана герметиктердин оттон коргоочу каптамасын фиксациялоочу өзү чапталуучу оттон коргоочу каптамаларды колдонууга жол берилбейт.

7.11.3 Күйбөгөн материалдардан аба өткөргүчтөрдү төмөнкүлөргө караштыруу керек:

а) жарылуу- жана өрт кооптуу аралашмалардын жергиликтүү соргучтары, авариялык жана табы 80 °C жана андан жогору абаны ташуучу желдетүү тутумдары үчүн;

б) турак-жайлык, коомдук, администрациялык-тиричиликтик жана өндүрүштүк имараттардын желдетүү тутумдарынын транзиттик бөлүктөрү же коллекторлору үчүн;

в) желдетүүчү жабдуу үчүн бөлмөлөрдүн чектериндеги, ошондой эле техникалык кабаттардагы, чатырлардагы, жертөлөлөрдөгү жана жер астындагы кабаттардагы аба өткөргүчтөрдүн бөлүктөрү үчүн.

Аба өткөргүчтөрдү жасоо үчүн колдонууда болгон профилдерди, такталарды, тилкелерди жана башка металл конструкцияларын колдонууга жол берилбейт.

7.11.4 Күйүүчү материалдардан (күйүүчүлүгү Г1 тобундагы) аба өткөргүчтөрдү тейленүүчү бөлмөлөрдүн чектеринде караштырууга жол берилет.

7.11.5. Желдеткичтердеги, жарылуу-өрт кооптуу аралашмалардын жергиликтүү соргучтар, авариялык жана табы 80 °C жана андан жогору газ чөйрөлөрүн ташуучу желдетүү тутумдарынан башка, ийкемдүү койгучтар, күйүүчү материалдардан боло алышат. Отко туруктуулуктун ченемделген чектери бар аба өткөргүчтөрдүн желдеткичтерине туташтырууда күйүүчү материалдардан ийкемдүү койгучтарды колдонууга жол берилбейт.

7.11.6 Жалпы алмашуучу желдетүү, аба жылытуу жана ченемдештирүү тутумдарынын аба өткөргүчтөрүндө бөлмөлөргө өрт учурундагы күйүүнүн өнүмдөрүнүн (түтүндүн) кирүүсүн болтурбоо максатында, бөлмөлөрдүн кызматтык арналышын, кызматтык өрт кооптуулугунун классын жана бөлмөлөрдүн жарылуу-өрт жана өрт кооптуулугу боюнча категорияларын эске алуу менен кошумча түзүлүштөрдү (аба жапкычтарды, өрткө каршы клапандарды ж.б.) караштыруу зарыл.

Жалпы алмашуучу чыгаруучу желдетүүнүн аба өткөргүчтөрүн жылуу чатыр менен бириктирүүнү, 7.1.1, 7.1.2, 7.1.4тү аткарган шартта, газ казандарын орнотууга багышталган аба өткөргүчтөрдөн башка, турак-жайлык, коомдук (медициналык уюмдардын имараттарынан башка) жана администрациялык-тиричиликтик имараттарда караштырууга жол берилет.

7.11.7 Кайтаруучу клапандарды орнотууну кооптуулугу 1- жана 2-класстардагы зыяндуу заттардын түрдүү кабаттарда жайгашкан бир бөлмөлөрдөн башкаларына агып өтүүсүнөн коргоо үчүн (желдетүү иштебеген чакта), эгерде бул бөлмөлөрдө сырткы абаны чыгымдоо зыяндуу заттардын ассимиляциясы шартынан аныкталган болсо, караштыруу керек.

7.11.8 В4, Г жана Д категорияларындагы коомдук, администрациялык-тиричиликтик же өндүрүштүк бөлмөлөрдү (кампалардан башка) коридорлордон бөлүп турган өрткө каршы тосмолордо ал тешиктерде өрткө каршы ченемдүү ачык клапандарды орнотуу шартында абанын агып өтүүсү үчүн тешиктерди караштыруу керек; өрткө каршы клапандарды эшиктери үчүн отко туруктуулук чеги ченемделбеген бөлмөлөрдө орнотпоого жол берилет.

7.11.9 Ар кандай арналыштагы желдетүү тутумдарынын транзиттик аба өткөргүчтөрүн жана коллекторлорун бир өрт бөлүмүндө салуунун шарттарын жана көрсөтүлгөн аба өткөргүчтөр менен коллекторлордун отко туруктуулук чектерин, «Өрт коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткарууну камсыздоочу өрт коопсуздугу эрежелерине жана Н тиркемесине ылайык, тейленүүчү бөлмөлөрдүн тосуучу курулуш конструкцияларынын кесилишүүчү жерлеринен желдетүү жабдуусу үчүн бөлмөлөргө чейин бүткүл созулушунда караштыруу керек.

7.11.10 Аба өткөргүчтөрдүн герметикалуулук классы М тиркемесине шайкеш келүүгө тийиш.

Энергияны ашыкча жоготууларды болтурбоо жана абаны зарыл чыгымдоону кармоо үчүн желдетүү жана абаны ченемдештирүү тутумдарындагы жол берилүүчү агып чыгуу 10%дан ашпоого тийиш.

7.11.11 Көп батирлүү турак-жай үйлөрдүн батирлери аркылуу башка арналыштагы бөлмөлөрдү тейлөөчү тутумдардын транзиттик аба өткөргүчтөрүн салууга жол берилбейт.

Кампалык, жүктөөчү, таштанды жыйноочу бөлмөлөрдүн, башка технологиялык бөлмөлөрдүн блокторунан күйүүнүн өнүмдөрүн чыгарууга жол берилет.

7.11.12 Аба өткөргүчтөрдү салууга жол берилбейт:

а) транзиттик ‒ тепкич чарчылары, тамбур-шлюздар, лифт холлдору (ушул тепкич чарчыларын, тамбур-шлюздарды жана лифт холлдорун тейлөөчү түтүнгө каршы желдетүү тутумдарынын аба өткөргүчтөрүн кошпогондо) аркылуу, жарандык коргонуунун коргоочу курулмаларынын бөлмөлөрү аркылуу;

Э с к е р т м е – Жалпы алмашуучу желдетүү тутумдарынын, ошондой эле киргизүүчү өрткө каршы желдетүү тутумдарынын аба өткөргүчтөрүн, 9.18-п. ылайык тамбур-шлюздар, лифт холлдору жана тепкич чарчылары аркылуу транзиттик салууга жол берилет.

б) А жана Б категорияларындагы өндүрүштүк бөлмөлөрдү тейлөөчү тутумдарды, жана жарылуу кооптуу аралашмаларды жергиликтүү соргучтар тутумдарын – жертөлөлөрдө жана астананын астындагы каналдарда;

в) жарылуу кооптуу аралашмаларды, ошондой эле кооптуулугу 1- жана 2-класстардагы зыяндуу заттарды же жагымсыз жыттанган заттарды жергиликтүү соргучтар тутумдарынын басымдуу бөлүктөрүн – башка бөлмөлөр аркылуу.

7.11.13 Аба өткөргүчтөрдүн ичинде, ошондой эле сыртында алардын беттеринен 100 мм аз аралыкта газ өткөргүчтөрдү жана күйүүчү заттары бар түтүк өткөргүчтөрдү, кабелдерди, электр өткөргүчтөрдү, агым бөлгүчтөрдү жана канализациялык түтүк өткөргүчтөрдү жайгаштырууга жол берилбейт. Аба өткөргүчтөрдү ушул коммуникациялар жана башка аба өткөргүчтөр менен кесилиштирүүгө жол берилбейт. Желдетүү тутумдарынын аба өткөргүчтөрү бар шахталарда тиричиликтик жана өндүрүштүк канализациянын түтүк өткөргүчтөрүн салууга жол берилбейт.

Э с к е р т м е – Төмөнкү шарттардын бирин аткарганда аба өткөргүчтөрдүн беттеринен 100 мм аз аралыкта кабелдик-өткөргүчтүк буюмдарды салууга жол берилет:

- аба өткөргүчтөрдүн отко туруктуулук чегин EI 30 кем эмес камсыздаганда же аба өткөргүчтөрдү күйбөөчү материалдар (экрандар) менен бөлүп койгондо;

- күйүүнү жайылтпоочу кабелдик буюмдарды колдонгондо.

7.11.14 Жалпы алмашуучу чыгаруучу тутумдардын жана абанын абадан жеңил күйүүчү газдар менен аралашмаларын жергиликтүү соргучтар тутумдарынын аба өткөргүчтөрүн газ-аба аралашмасынын кыймыл багытында 0,005тен кем эмес жантаюу менен караштыруу керек.

7.11.15 Аларда нымдын же башка суюктуктардын чөгүүсү же конденсациясы мүмкүн болгон аба өткөргүчтөрдү, абанын кыймылы тарапка 0,005тен кем эмес жантаюу менен аткаруу жана дренаждоону караштыруу керек.

7.11.16 Көп батирлүү турак үйлөрдө аба өткөргүчтөр тутумдарын аба жапкычтарын (жандоочторун) куруу менен аткаруу керек – кабаттар боюнча курама аба өткөргүчтөрдө, ошондой эле аларды вертикалдуу же горизонталдуу коллекторго (анын ичинде ошол имараттардын сантүйүндөрү, жуунгучтары, душтары жана ашканалары үчүн) кошуучу жерлердеги аба кабыл алуучу түзүлүштөрдө жана абаны берүүчү түзүлүштөрдө.

Аба жапкычтардын (жандоочтордун) геометриялык конструкциялык мүнөздөмөлөрү өрттө күйүүнүн өнүмдөрүнүн коллекторлордон кабаттар боюнча курама аба өткөргүчтөр аркылуу, ошондой эле ар түрдүү кабаттардын бөлмөлөрүндөгү аба кабыл алуучу түзүлүштөр жана абаны берүүчү түзүлүштөр аркылуу таралуусун болтурбоону камсыздоого тийиш. Аба жапкычтын (жандоочтун) вертикалдуу бөлүгүнүн узундугун 2 м кем эмес кабыл алуу керек. Аба жапкычтары (жандоочтору) бар вертикалдуу коллекторлорду, өрткө каршы ченемдүү ачык клапандарды орнотуусуз чатырда же техникалык кабатта жайгаштырылуучу жалпы горизонталдуу коллекторго кошууга жол берилет.

7.11.17. Көп батирлүү турак үйлөрдө жандоочторду куруусуз батир аралык коридорлордо батирлер боюнча бутактанууларды туташтыруу менен курама чыгаруучу кутуларды салууга жол берилбейт. Желдетүүчү тутумдун түзүлүшү бир батирден башкасына абанын келип түшүүсүн жокко чыгарууга тийиш.

Аба өткөргүчтөр батирлердин тосуучу конструкциялары менен кесилишкен жерлерде жана курама киргизүүчү кутуга кошулган жерде өрткө каршы клапандарды орнотуу шартында батирлердин бөлмөлөрүндө кирүүчү абаны бөлүштүрүү үчүн батир аралык коридордо киргизүүчү бөлүштүрүүчү кутуларды салууга жол берилет.

7.11.18 Көп кабаттуу турак-жайлык жана коомдук имараттарда ар бир каминди жекече же жамааттык түтүн каналына кошуу шартында катуу отун жагылуучу каминдерди курууга жол берилет.

Жамааттык түтүн каналына туташтыруу кабат аркылуу (ар бир жогоруда жаткан кабаттын деңгээлинде) аба өткөргүчтөрдүн бутактанууларынын вертикалдуу коллекторуна кошуу менен аба жапкыч аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш. Каминдерден түтүн бөлгүч үчүн заводдо жасалган түтүн каналдарынын кесилиши каминдердин 1 кВт номиналдуу жылуулук кубаттуулугуна 8 см2 кем эмес болууга тийиш.

7.11.19 Тейленүүчү өрт бөлүмүнүн чектеринен сыртта салынуучу транзиттик аба өткөргүчтөрдү, алар тейленүүчү өрт бөлүмүнүн өрткө каршы тосмосун кесип өткөндөн кийин EI 150дөн кем эмес отко туруктуулук чектери менен долбоорлоо керек.

Көрсөтүлгөн транзиттик аба өткөргүчтөрдү алардын ар бирин EI 150дөн кем эмес отко туруктуулук чектерине ээ болгон тосуучу конструкциялар менен өзүнчө шахтада салганда, отко туруктуулуктун ченемделбеген чеги менен долбоорлоого жол берилет. Мында ушундай транзиттик аба өткөргүчтөргө тейленүүчү өрт бөлүмүнөн кошулуучу коллекторлор же аба өткөргүчтөр 6.18-пункттун «б» пунктчасынын талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.

7.11.20 Ар түрдүү өрт бөлүмдөрүнөн ар кандай арналыштагы тутумдардын транзиттик аба өткөргүчтөрүн жана коллекторлорун төмөнкү шарттарда EI 150дөн кем эмес отко туруктуулук чектери бар күйбөөчү материалдардан тосуучу конструкциялары бар жалпы шахталарда салууга жол берилет:

а) тейленүүчү өрт бөлүмүнүн чектериндеги транзиттик аба өткөргүчтөр жана коллекторлор EI 30 отко туруктуулук чеги менен караштырылат, кабаттар боюнча бутактануулар вертикалдуу коллекторлорго өрткө каршы ченемдүү ачык клапандар аркылуу кошулушат;

б) башка өрт бөлүмүнүн тутумдарынын транзиттик аба өткөргүчтөрү EI 150 отко туруктуулук чегине ээ болууга тийиш;

в) башка өрт бөлүмүнүн тутумдарынын транзиттик аба өткөргүчтөрү алар REI 150 жана андан көп отко туруктуулуктун ченемделген чеги менен ар бир өрткө каршы тосмо менен кесилишкен жерлердеги аба өткөргүчтөргө өрткө каршы ченемдүү ачык клапандарды орнотуу шартында EI 60 отко туруктуулук чеги менен болууга тийиш.

7.11.21 А жана Б категорияларындагы бөлмөлөрдөгү тамбур-шлюздарды тейлөөчү тутумдардын, ошондой эле жарылуу кооптуу аралашмаларды жергиликтүү соргучтар тутумдарынын транзиттик аба өткөргүчтөрүн төмөнкүдөй долбоорлоо керек:

а) бир өрт бөлүмүнүн чектеринде EI 30 отко туруктуулук чеги менен;

б) тейленүүчү өрт бөлүмүнүн чектеринен сыртта EI 150 отко туруктуулук чеги менен.

7.11.22 Отко туруктуулуктун ченемделген чектери бар тосуучу курулуш конструкцияларынын оюктарында жана (же) ошол конструкциялар менен кесилишкен аба өткөргүчтөрдө орнотулуучу өрткө каршы ченемдүү ачык клапандарды, төмөнкү отко туруктуулук чектери менен караштыруу керек:

- EI 60 – өрткө каршы тосмонун REI 150 жана андан көп ченемделген отко туруктуулук чегинде;

- EI 45 – өрткө каршы тосмонун REI 60 ченемделген отко туруктуулук чегинде;

- EI 30 – өрткө каршы тосмонун же тосуучу курулуш конструкциясынын REI 45 (EI 45) ченемделген отко туруктуулук чегинде;

- EI 15 – өрткө каршы тосмонун же тосуучу курулуш конструкциясынын REI 15 (EI 15) ченемделген отко туруктуулук чегинде.

Транзиттик аба өткөргүчтөрдүн отко туруктуулук чектерин кесилишүүчү өрткө каршы тосмолордун же курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чектеринен кем эмес камсыздаганда транзиттик аба өткөргүчтөр ченемделген отко туруктуулук чектери бар өрткө каршы тосмолор же курулуш конструкциялары (аларда башка тутумдардын аба өткөргүчтөрү салынган шахталардын тосуучу конструкцияларынан башка) менен кесилишкенде, өрткө каршы ченемдүү ачык клапандарды орнотпоого жол берилет. Башка учурларда өрткө каршы ченемдүү ачык клапандарды алар орнотулуучу аба өткөргүчтөр үчүн ченемделгенден аз эмес отко туруктуулук чектери менен, бирок EI 15тен аз эмес караштыруу керек. Өрткө каршы клапандардын тыгыз эместиктери аркылуу абаны соруулар же чыгаруулар М тиркемесинин талаптарына шайкеш келүүгө тийиш. Өрткө каршы клапандардын ар түрдүү конструкцияларынын отко туруктуулугунун факт жүзүндөгү чектерин Р МАМСТ 53301 ылайык аныктоо керек.

7.11.23 Транзиттик аба өткөргүчтөрдүн имараттардын дубалдары, тосмолору жана жабуулары (анын ичинде каптамалар менен шахталарда) аркылуу өтүүчү жерлерин кесилишкен тосуучу конструкциянын ченемделген отко туруктуулук чегин камсыздап, 7.11.21-пункттун «б», «в» пункчаларына жана 7.11.22-пункттун «а»-«в» пункчаларына ылайык аткарылган транзиттик аба өткөргүчтөр бар шахталардагы жабуу аркылуу (тейленүүчү бөлүмдүн чектеринде) өтүүчү жерлерин кошпогондо, күйбөөчү материалдар менен тыгыздантуу керек.

8 Муздак менен жабдуу

8.1 Муздак менен жабдуу тутумун, муздактын табигый жана жасалма булактарын колдонуп долбоорлоо керек.

Муздактын табигый булагы катары төмөнкүлөрдү колдонуу керек:

а) артезиандык жана ичүүчү сууну ‒ жылдын жылуу мезгилинде абаны түз жана кыйыр буулантуучу муздатуу орнотмолорунда. Артезиандык сууну жылуулук алмаштыргычтарды түздөн-түз муздатуу үчүн суу айлануу тутумусуз колдонууга жол берилбейт;

б) сырткы абаны ‒ бөлмөлөрдөн чыгарылуучу жылуулуктун ашыкчасын жутуу, айлануучу сууну муздатуу жана муздак алып жүрүүчүнү муздатуу үчүн;

в) үстүңкү жана кыйла терең катмарлардын кыртышын – бөлмөлөрдөн чыгарылуучу жылуулуктун ашыкчасын жутуу үчүн, ошондой эле кыртыштын керектелүүчү жылуулугун жылы бою регенерациялоо шартында муздак алып жүрүүчүнү муздатуу үчүн (кыртыштын көтөрүү жөндөмдүүлүгүн сактоо үчүн бул усулду көп жылдык тоң кыртыштарда колдонууга тыюу салынат).

Муздактын жасалма булактары катары МАМСТ 12.2.233кө ылайык иштөөчү муздатуучу машиналар менен орнотмолорду колдонуу керек:

а) орто арадагы муздатуу:

- буу компрессиялык же абсорбциялык муздатуучу машиналар же жылуулук соргучтар,

б) түздөн-түз муздатуу:

- терезелик, мобилдүү кондиционерлер, сплит-тутумдар, мульти-сплит-тутумдар, муздатуучу агентти өзгөрүлмө чыгымдоосу бар мультичөлкөмдүк тутумдар, кошо курулган бууланткыч блогу жана сырткы компрессордук-конденсатордук блогу бар киргизүүчү орнотмолор жана жергиликтүү жеткиргичтер, прециоздуу жана чатырлык кондиционерлер.

Түздөн-түз муздатуу орнотмолорун аларда ачык от колдонулган бөлмөлөр үчүн колдонууга жол берилбейт, кооптуулук классы А1 (күйбөөчү) болгон муздатуучу агенти бар сплит-тутумдардан башка. Э с к е р т м е – Ушул курулуш ченемдери менен аммиактуу компрессордук муздатуучу орнотмолорду колдонуу жөнгө салынбайт.

8.2 Имараттын жылуу контурунун чектеринен сыртта толук же жарым-жартылай жайгашкан муздак менен жабдуу тутумдарынын гидравликалык контурлары үчүн, муздак алып жүрүүчү катары колдонуу мөөнөтү 5 жылдан кем эмес тоңбоочу суюктуктарды (антифриздерди) колдонуу сунушталат.

Имараттын жылуу контурунун чектеринде жайгашкан гидравликалык контурлар үчүн, жумушчу чөйрө катары коррозииянын жана көбүк пайда кылуунун ингибиторлору бар даяярдалган сууну колдонуу керек. Муздак алып жүрүүчү катары даярдалбаган сууну колдонууга жол берилбейт. Тоңбоочу суюктуктун концентрациясын Б параметрлери боюнча жылдын суук мезгилинде сырткы абанын эсептик табын эске алуу менен аныктоо керек.

8.3 Муздак менен жабдуу тутумдарын долбоорлоону коопсуздук жана курчап турган чөйрөнү коргоо талаптарын эске алуу менен аткаруу керек.

Муздак менен жабдуу тутумдарында нөлдүк озонду бузуучу жөндөмдүүлүгү бар жана глобалдык жылуу дарамети 2 500дөн жогору эмес экологиялык жактан коопсуз муздатуучу агенттерде иштеген муздатуучу машиналар менен орнотмолорду колдонуу керек. Колдонулуучу муздатуу агенттеринин кооптуулук тобун төмөнкүдөй кабыл алуу керек: А1 (уусуз, күйбөөчү) же болбосо А2 (уусуз, оңой күйбөөчү). А2 тобунун муздатуу агенттерин колдонуу аймагы чектелген: аларды түздөн-түз муздатуунун мультичөлкөмдүк тутумдары үчүн, ошондой эле суу менен муздатуусу же чыгаруучу конденсатору бар муздатуучу машиналар үчүн колдонбоо керек. Ченемдештирүүчү тутумдар үчүн кооптуулук тобу А3, В1, В2, В3 болгон муздатуу агенттери бар жабдууну колдонууга жол берилбейт, технологиялык ченемдештирүү орнотмолорун кошпогондо.

8.4 Муздак менен жабдуу тутумдары үчүн экиден кем эмес муздатуучу машиналарды же ар бири 50%дан кем эмес муздак өндүрүмдүүлүктү камсыздоочу эки же андан көп компрессорлору жана буулантуучу контурлары бар бир машинаны караштыруу керек.

Бир жалгыз контурлуу, бир компрессору бар, кубаттуулугу 500 кВт чейинки, 25%га чейин жана андан аз жөнгө салынуучу муздак өндүрүмдүүлүгү бар муздатуучу машинаны караштырууга жол берилет.

8.5 Резервдик муздатуучу машиналарды күнү-түнү иштөөчү ченемдештирүү тутумдары үчүн, же долбоорлоого тапшырма боюнча караштыруу керек.

Жабдуунун ишинин ишеничтүүлүгүнө жогорулатылган талаптары бар ченемдештирилүүчү бөлмөлөрдө (аппараттык, сервердик, эсептөөчү борборлор ж.б.у.с.) абанын берилген параметрлерин күнү-түнү, сезондуу же жылы бою кармоону камсыздоочу муздак менен жабдуу тутумдары үчүн, муздактын булактарын 100% резервдөөнү караштыруу керек. Көмөкчү муздатуучу жабдууну (идиштерди жана челектерди, толуктоочу соргучтарды, муздатуу мунараларын ж.б.) резервдөө караштырылбайт, технологиялык долбоорлоо (медициналык арналыштагы объектилерди, маалыматтарды иштетүү борборлорун ж.б.у.с.) ченемдеринин талаптарын кошпогондо.

8.6 МАМСТ 12.1.007 боюнча кооптуулугу 1-3-класстардагы зыяндуу заттары бар тоңбоочу суюктукту (антифризди) турак-жайлык, коомдук жана администрациялык-тиричиликтик имараттарга орнотулган чөлкөмдүк муздаткычтарга (фэнкойлдорго), киргизүүчү орнотмолордун, кондиционерлердин аба муздаткычтарынын муздак менен жабдуу тутумдарына берүүгө, алардын санитардык-гигиеналык талаптарга шайкештиги шартында, МАМСТ 12.1.007 боюнча кооптуулугу 3-класстагы антифриздерди кошпогондо, жол берилбейт.

8.7 Тоңбоочу суюктукту муздак менен жабдуу тутумунда колдонгондо тутумду же анын жабуучу арматура менен бөлүнгөн айрым бөлүктөрүн (жабдууларын, түтүк өткөргүчтөрүн), ишке бергенде, жөндөөчү жана ондоочу жумуштарда, аварияда, ошондой эле антифризди пландуу алмаштырууда жана утилизациялоодо, толтуруу же болбосо бошотуу үчүн челекти орнотууну караштыруу зарыл. Челектин көлөмү муздак менен жабдуу тутумунун ар бир бөлүгүнөн төгүлүүчү тоңбоочу суюктуктун эритмесинин максималдуу көлөмүнөн кем эмес болууга тийиш. Иштетилген антифризди чарбалык-тиричиликтик же жамгырлык канализацияга төгүүгө жол берилбейт.

8.8 Муздатуучу машиналардын буулантуучу жана конденсаторлук контурларына берилүүчү суунун (тоңбоочу суюктуктун) максималдуу жана минималдуу табы менен сапатын, муздатуучу машиналарга техникалык шарттарга ылайык кабыл алуу керек.

Бууланткычтагы жана конденсатордогу муздак жана айлануучу суунун (эритменин) табынын эсептик өйдө-ылдый болууларын 4 °C ‒ 6 °C чектеринде кабыл алуу керек. Муздак менен жабдуу тутумдарынын жабдуулары менен түтүк өткөргүчтөрүндөгү муздакты жоготуулар муздатуучу орнотмонун муздак өндүрүмдүүлүгүнүн 7%ынан ашпоого тийиш.

8.9 Аны тейленүүчү бөлмөлөрдүн ар бириндеги айлануу контурунан авариялык чыгарууда муздатуучу агенттин топтолуусу АБПЧтин чоңдугунан жана ЖТТТЧ чоңдугунун 10%ынан ашпоого тийиш, сырткы абаны туруктуу иштөөчү жалпы алмашуучу механикалык киргизүүчү-чыгаруучу желдетүү тутуму менен берүүнү эске алуу менен. АБПЧ (адам бөлмөдө турганда муздатуучу агенттин топтолуусунун практикалык чеги) жана ЖТТТЧ (жалындын тутануусунун төмөнкү топтолуу чеги) чоңдуктары боюнча маалыматтар МАМСТ 32968де келтирилген.

Орнотмодогу муздатуучу агенттин максималдуу салмагы, кг, төмөнкү формула боюнча эсептелет:

Gмаx = АБПЧ х Lжал, (8.1) где Lжал = Vбөл + L/4; Vбөл – бөлмөнүн көлөмү, м3. L ‒ сырткы абаны механикалык желдетүү тутуму менен берүү, м3/с. Муздатуучу борборлордун бөлмөлөрүндө, алардагы авариялык чыгарууда муздатуучу агенттин салмагы АБПЧ же болбосо ЖТТТЧ 10%ынан ашуусу мүмкүн болгондо, авариялык белги берүүсү бар хладондун топтолуу датчиктерин (детекторлорун) орнотуу керек.

8.10 Компрессордук жана абсорбциялык муздатуучу машиналарды техникалык-экономикалык негиздөөдө же долбоорлоого тапшырма боюнча конденсациянын жылуулугун утилизациялоо менен колдонуу керек.

8.11 Негизги жана көмөкчү муздатуучу жабдууну техникалык бөлмөлөрдө – муздатуучу борборлордо жайгаштыруу керек.

Компрессиялык типтеги муздатуучу машиналарды (каалаган муздатуучу машиналарда 250 кг жана андан ашуун май камтылганда) турак-жайлык, коомдук, администрациялык-тиричиликтик жана өндүрүштүк имараттардын бөлмөлөрүндө жайгаштырууга жол берилбейт, эгерде алардын жабуусунун үстүндө же астанасынын астында адамдардын туруктуу же убактылуу болуусу бар бөлмөлөр бар болсо. Турак-жай имараттарында, саламаттыкты сактоонун жана калкты социалдык тейлөөнүн имараттарында (стационарларда), балдар мекемелеринде жана мейманканаларда, эгерде алардын жабуусунун үстүндө же астанасынын астында адамдардын туруктуу же убактылуу болуусу бар бөлмөлөр бар болсо, бөлмөлөрдөгү жабдуунун бир бирдигинин муздак өндүрүмдүүлүгү 200 кВт болгон хладон муздатуучу агенти бар компрессиялык муздатуучу машиналарды жана орнотмолорду жайгаштырууга жол берилбейт.

8.12 Муздатуучу машиналарды, желдеткичтик муздатуу мунараларын, суюктукту кургак муздаткычтарды, абаны муздатуунун конденсаторлорун имараттардын чатырларында жана ачык аянтчаларда жайгаштырууга жол берилет, чыгарылуучу абанын сырткы абаны кабыл алуучу түзүлүштөргө туш болуусу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарып, ошондой эле шамалдардын багытын жана кар каптамасын эске алуу менен.

Муздак боюнча кубаттуулугу 18 кВт чейинки өзүнчө типтеги кондиционерлердин сырткы блокторун, ченемделген эвакуация өткөөлдөрүн камсыздоо, чуудан коргоо жана конденсатты бөлүү түзүлүштөрүн камсыздоо шартында айнектелбеген лоджияларда жана ачык тепкич чарчыларынын көлөмүндө жайгаштырууга жол берилет.

8.13 Муздатуучу машиналарды компрессорду бир сааттын ичинде же башка мезгилдик убакыттын ичинде, колдонулуучу жабдуунун техникалык маалыматтарына ылайык (жабдуулардын жана түтүк өткөргүчтөрдүн ички көлөмүн эске алуу менен) төрт жолудан көп эмес иштетүүнү жана өчүрүүнү камсыздоочу буфердик челеги менен долбоорлоо керек.

8.14 Айлануучу суу менен жабдуу тутумдары үчүн ачык жана жабык желдеткичтүү муздатуу мунараларын колдонуу керек. Ачык желдеткичтүү муздатуу мунараларын жылдын жылуу мезгилинде иштөө үчүн колдонууга жол берилет.

8.15 Аба муздатуусу бар конденсаторлорду, кургак муздаткычтарды жана желдеткичтүү муздатуу мунараларын эсептөө үчүн сырткы абанын параметрлерин аларды жайгаштыруу орундарын (көлөкөдө, күндө, чатырларга же дубалдарга чукул жалпак чатырларда ж.б.) эске алуу менен, бирок муздак менен жабдуу жана ченемдештирүү тутумдары үчүн сырткы абанын эсептик параметрлеринен кем эмес кабыл алуу керек:

а) көлөкөдө жайгашкан аба муздатуу конденсаторлору бар муздатуучу машиналар жана орнотмолор үчүн – кургак термометрдин табынан 3 °C жогорудан кем эмес (Б параметрлери) жана күн нурланткан конденсаторлор үчүн 5 °Cден жогору;

б) көлөкөдө жайгашкан желдеткичтүү муздатуу мунаралары үчүн – Б параметрлери боюнча суулуу термометрдин табынан 1,5 °Cге жогору жана күн нурланткан желдеткичтүү муздатуу мунаралары үчүн 3 °Cден жогору.

Абаны муздатуу конденсаторлорун жана желдеткичтүү муздатуу мунараларын жалпак чатырга, дубалдардан бардык тарабынан 3 м ашык эмес аралыкта жайгаштырганда, а) жана б) көрсөтүлгөн таптардын эсептик маанилерин, аларга ылайык 5 оСге жана 3 °Cге көбөйтүү керек.

8.16 Жалпы кубаттуулугу 1500 кВт ашуун компрессиялык муздатуучу машиналары бар муздатуу борборлору муздатуучу агентти чогултуу жана утилдештирүү үчүн технологиялык идиштер (дренаждык ресиверлер) менен жабдылган болууга тийиш. Көчмө туташтырылуучу түзүлүштөрдү колдонууга жол берилет.

8.17 Бромдуу-литийлүү муздатуучу машиналарды ачык аянтчаларда жайгаштыруу керек; бромдуу-литийлүү муздатуучу машиналарды өзүнчө имараттарда же ар түрдүү арналыштагы имараттардын өзүнчө бөлмөлөрүндө жайгаштырууга жол берилет.

8.18 Муздатуучу агенттер, муздатуучу агенттердин жана майлоочу майлардын эритмелери менен түздөн-түз тийишүүчү жабдууну, арматураны, түтүк өткөргүчтөрдү, текшерүүчү-өлчөөчү аспаптарды жана тыгыздантуучу прокладкаларды, алардын таасирине химиялык жактан туруктуу жана жетиштүү механикалык бышыктыкка ээ материалдардан колдонуу керек.

Суюк жана газ түрүндөгү муздатуучу агенттерди ташуучу түтүк өткөргүчтөрдү төмөнкүлөрдөн аткаруу керек:

- тегерек кесилиштеги муздак деформацияланган жез түтүктөрдөн;

- бир өндүрүүчүнүн жезден чоюлган же муздак жайылган түтүктөрүнөн жана бириктирүүчү тетиктеринен;

- болоттон жасалган тигишсиз ысык деформацияланган түтүктөрдөн.

Тоңбоочу эритмелер менен толтурулган гидравликалык контурлардагы ички цинктелүүсү бар муздак менен жабдуу тутумдарынын түтүк өткөргүчтөрүн колдонууга жол берилбейт. Мурда колдонууда болгон жана калыбына келтирилген түтүктөрдү, профилдерди, такталарды жана башка металл конструкцияларды, материалдарды жана арматураны колдонууга жол берилбейт. Кондиционерлердин сырткы блокторунан транзит менен батир аралык коридордун, өрт коопсуз чөлкөмдүн, лифттердеги лифт холлдорунун бөлмөлөрү аркылуу күйбөөчү газы бар фреон өткөргүчтөрдү салууга туюк кутуларда же кесилишүүчү өрткө каршы тосмолордун жана/же тосуучу курулуш конструкцияларынын (R)EI белгилери боюнча отко туруктуулук чегинен кем эмес отко туруктуулуктун ченемделген чеги бар бүтөөдө гана жол берилет.

8.19 Бромдуу-литийлүү жана буу-эжекторлуу машиналар жана жылуулук соргучтар жайгаштырылуучу бөлмөлөрдү өрт коопсуздугу боюнча Д категориясына киргизүү керек. Майды сактоону өзүнчө бөлмөдө караштыруу керек.

8.20 Муздатуучу борборлордун бөлмөлөрүндө жылуулуктун ашыкчасын чыгарууга эсептелген жалпы алмашуучу желдетүүнү караштыруу керек.

Механикалык түрткү берүүсү бар киргизүүчү-чыгаруучу желдетүү тутумдары жумушчу шарттамда саатына төрттөн кем эмес аба алмашууну камсыздоого тийиш. Авариялык желдетүү муздатуучу борбордун бөлмөсүндөгү муздатуучу агенттин барлыгы детекторлору боюнча иштөөгө тийиш. Авариялык желдетүүнүн аба алмашуусунун эселүүлүгү эсептөө менен, бирок саатына беш аба алмашуудан кем эмес аныкталат. Абаны чыгаруу бөлмөнүн үстүңкү жана ылдыйкы чөлкөмдөрүнөн тең өлчөмдө караштырылат, абаны берүү жумушчу чөлкөмгө жүзөгө ашырылат.

8.21 Муздак менен жабдуу тутумдарын энергия майнаптуулуктун эки жогорку классынан (А жана В) төмөн эмес энергия үнөмдүү жабдууну колдонуу менен долбоорлоо керек. Муздатуу шарттамындагы энергия майнаптуулуктун талап кылынган коэффициенттеринин сунушталган минималдуу маанилери 8.1 таблицасында келтирилген.

8.1 т а б л и ц а с ы ‒ Муздатуучу жабдуунун энергия майнаптуулугунун коэффициенттеринин минималдуу маанилери

Энергия майнаптуулук классы

Энергия майнаптуулуктун коэффициенти, кВт/кВт

Муздатуучу жабдуу

Түздөн-түз (түз) муздатуу

Орто арадагы муздатуу, конденсатор чиллердин тиби

сплит-тутумдар, мульти-сплит-тутумдар, муздатуучу агентти өзгөрүлмө чыгымдоо менен мультичөлкөмдүк тутумдар, компрессордук-конденсатордук блоктор, чатыр кондиционерлерди.

Аба менен муздатылуучу

Суу менен муздатылуучу

Чыгарылуучу

А, В

EER

3,0

2,9

4,65

3,4

COP

3,4

3,0

4,15

‒

ESEER

4,6

3,5

5,0

‒

Э с к е р т м е ‒ EER‒энергия майнаптуулуктун коэффициенти же муздатуучу коэффициент, толук муздак өндүрүмдүүлүктүн толук энергия керектөөгө катышына барабар; ESEER ‒ толук жана үч варианттагы толук эмес жылуулук жүгүндөгү ортолоштурулган майнаптуулук коэффициенти; COP ‒ толук жылуулук өндүрүмдүүлүктүн толук энергия керектөөгө катышына барабар өндүрүмдүүлүк коэффициенти.

8.22 Муздатуучу борборлорго орнотулуучу муздатуучу агенти бар муздатуучу машиналарда жана орнотмолордо, муздатуучу агентти муздатуучу машиналардын жана орнотмолордун сактоочу клапандарынан имараттын чектеринен сыртка бөлүп чыгаруучу чыгаруу түтүк өткөргүчтөрүн караштыруу керек. Хладонду сактоочу клапандардан жогору чыгаруу үчүн чыгаруу түтүктөрүнүн оозун чатырдан 2 м кем эмес жогору жана жердин деңгээлинен 5 м кем эмес жогору караштыруу керек.

8.23 Кубаттуулугу 100 кВт ашуун муздатуучу машиналар менен орнотмолордун абаны муздатуучу аппараттарын (чыгаруучу конденсаторлорду, драйкуллерлерди ж.б.у.с. муздаткычтарды) кошумча абаны буулантуучу муздаткычтар менен жабдууга жол берилет, муну менен жылдын жылуу мезгилинде иштөөдө алардын майнаптуулугу жогорулатылат.

9 Жылытуу, желдетүү жана абаны ченемдештирүү тутумдарынын өрт коопсуздугуна талаптар

9.1 Имараттар же курулмалар жана аларга кирүүчү ички жылуулук жана муздак менен жабдуу, жылытуу, желдетүү жана абаны ченемдештирүү тутумдары, колдонуу процессинде өрттүн пайда болуу мүмкүнчүлүгү жокко чыккандай, өрттө имараттын же курулманын түтүнгө чулгануусун болтурбагандай же чектелгендей жана өрттүн кооптуу факторлорунун адамдарга таасири токтотулгандай, ошондой эле өрт пайда болгон учурда төмөнкү талаптар сакталгандай түрдө долбоорлонгон жана курулган болууга тийиш:

- өрттүн очогунун чектеринде өрттүн кооптуу факторлорунун пайда болуусун жана таралуусун чектөө;

- өрттү кошуна имараттарга же курулмаларга жайылтпоо;

- адамдарды өрттүн кооптуу факторлорунун таасиринен улам алардын өмүрү менен саламаттыгына зыян келтиргенге чейин коопсуз чөлкөмгө эвакуациялоо (калктын кыймыл мүмкүнчүлүктөрү чектелген мобилдүүлүгү аз жана башка топторунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен);

- өрттөн коргоо бөлүктөрүнүн өздүк курамынын жетүү мүмкүнчүлүгү;

- өрттүн очогуна өрт өчүрүүчү заттарды берүү мүмкүнчүлүгү;

- адамдарды куткаруу боюнча иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү.

9.2 Бөлмөдө өрт болгондо күйүүнүн өнүмдөрүнүн жалпы алмашуучу желдетүү, абаны жылытуу жана ченемдештирүү тутумдарынын аба өткөргүчтөрү боюнча таралуусун болтурбоо үчүн төмөнкүлөр каралган болууга тийиш:

- тутумдардын аба өткөргүчтөрүндө өрткө каршы ченемдүү ачык клапандар, аба жапкычтар жана башка түзүлүштөр;

- өрткө каршы ченемдүү ачык клапандар – тейленүүчү бөлмөлөрдүн отко туруктуулуктун ченемделген чектери бар тосуучу курулуш конструкцияларынын аба өткөргүчтөр менен кесилишкен жерлеринде;

Эгерде техникалык себептер боюнча өрткө каршы клапандарды же аба жапкычтарды орнотуу мүмкүн эмес болсо, анда түрдүү бөлмөлөрдөн аба өткөргүчтөрдү бир тутумга бириктирүүгө жол берилбейт. Бул учурда ар бир бөлмө үчүн өрткө каршы клапандарсыз жана аба жапкычтарсыз өзүнчө тутумдарды караштыруу зарыл.

9.3 Киргизүүчү-чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүүнүн желдетүүчү каналдарынын ар түрдүү конструкцияларынын, анын ичинде оттон коргоочу каптамалары бар болот аба өткөргүчтөрдүн жана курулуштук аткаруудагы каналдардын отко туруктуулугунун факт жүзүндөгү чектерин сыноолордун натыйжалары боюнча аныктоо керек.

9.4 Желдетүүчү жабдуу үчүн бөлмөлөрдө салынуучу ар кандай арналыштагы желдетүү тутумдарынын аба өткөргүчтөрүнүн жана коллекторлорунун (транзиттиктен башка), ошондой эле имараттын сыртына салынуучу аба өткөргүчтөр менен коллекторлордун (чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүү тутумдарынан башка) отко туруктуулук чектери ченемделбейт.

Транзиттик аба өткөргүчтөрдүн отко туруктуулук чектерин Н тиркемесине ылайык кабыл алуу керек.

9.5 Өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолору жана (же) автоматтык өрт белги берүүсү менен жабдылган имараттар жана бөлмөлөр үчүн, өрттө жалпы алмашуучу желдетүү, абаны ченемдештирүү жана аба жылытуу тутумдарын автоматтык түрдө өчүрүүнү, ошондой эле өрткө каршы ченемдүү ачык клапандарды жабууну караштыруу керек.

Желдетүү тутумдарын жарым-жартылай же толук өчүрүү жана өрткө каршы клапандарды жабуу зарылдыгы технологиялык талаптарга ылайык аныкталууга тийиш.

9.6 Түтүнгө каршы желдетүүнү бир өрт бөлүмүнүн кабаттарынын биринде бир бөлмөдө өрт пайда болгондо имараттын ички көлөмүндө таралуучу күйүүнүн өнүмдөрүнүн адамдарга жана (же) материалдык баалуулуктарга зыян келтирүүчү таасирин болтурбоо үчүн караштыруу керек.

9.7 Түтүнгө каршы желдетүү тутумдарынын же алар менен айкаштырылган жалпы алмашуучу желдетүү тутумдарынын талап кылынган параметрлерин эсептик аныктоону, ушул бөлүмгө жана «Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына каршы келбеген жалпы кабыл алынган методикалардын негизинде жүргүзүү сунушталат.

Сырткы абанын эсептик параметрлерин Б параметрлери боюнча кабыл алуу керек. Түтүнгө каршы желдетүү тутумдарынын эсептик параметрлерин тандоодо 9.21-п. талаптарын эске алуу менен чыгарылуучу күйүүнүн өнүмдөрүн жана анын ордун басуучу кирүүчү абаны чыгымдоонун ортосундагы теңдемди сактоо керек. Тартуунун механикалык түрткү берүүсү бар тутумдарды колдонгондо дагы, тартуунун табигый түрткү берүүсү бар тутумдарды колдонгондо дагы, анын ичинде ар түрдүү айкалыштарда, тиешелүү эсептик негиздөөсүз көрсөтүлгөн чыгымдоолордун ортосундагы теңдемсиздикти кабыл алууга жол берилбейт.

9.8 Киргизүүчү жана чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүүнүн механикалык тутумдарын, ошондой эле алар менен кызматтык жактан айкаштырылган жалпы алмашуучу желдетүү тутумдарын колдонгондо, күйүүнүн өнүмдөрүн корголуучу бөлмөдөн (же коридордон) чыгарууну камсыздоочу чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүү тутумдарынын жана күйүүнүн өнүмдөрүнүн чыгарылуучу көлөмүнүн ордун кирүүчү аба менен толтурууну камсыздоочу киргизүүчү түтүнгө каршы желдетүү тутумдарынын желдеткичтеринин басымдык мүнөздөмөлөрү (статикалык басымы), 5%дан ашуун айырмаланбоого тийиш, мында көрсөтүлгөн тутумдардын курамындагы ар бир желдеткичтердин басымдык мүнөздөмөсү 1000 Па (20 оСге карата келтирилген) ашпоого тийиш.

Сыпатталган чектөөлөр бир кабаттуу имараттарда жайгашкан жана түздөн-түз сыртка эвакуациялык чыгуулар менен жабдылган бөлмөлөргө карата, ошондой эле 9.16да көрсөтүлгөн киргизүүчү түтүнгө каршы желдетүү тутумдарын колдонгондо иштебейт.

9.9 Киргизүүчү-чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүү тутумдарынын кызмат өтөөсүнүн ченемдик талаптарын камсыздоо үчүн түтүнгө чулганбоочу тепкич чарчыларынын, тамбур-шлюздардын, коопсуздук коридорлорунун, өрт коопсуз чөлкөмдөрдүн ж.б.у.с. бөлмөлөрдүн ички көлөмдөрүнө ашыкча басымды чыгарууну караштырууга жол берилет. Ашыкча басымды чыгаруу үчүн корголуучу объектилердин сырткы тосмолорундагы ашыкча басым клапандарын же башка түзүлүштөрдү колдонуу сунушталат, ушуга окшош түзүлүштөрдү, киргизүүчү түтүнгө каршы желдетүү тутумдарынын желдеткичтеринин электр кыймылдаткычтарынын (жыштыкты 50 Гцтен ашуун жогорулатууга жол бербеген) айлануу жыштыктарын кайра өзгөрткүчтөрдү, ашыкча басым клапандарын орнотуу менен бөлүүчү желдеткич сызыктарды жана башка техникалык чечимдерди, анын ичинде өрт автоматика тутумдарын колдонууга негизделген, кийинкилерди желдетүүчү камераларга (гидравликалык жактан сырткы чөйрө менен байланышкан) же имараттын сыртына жайгаштырганда желдеткичтерди байлоочу түйүндөрдө колдонуу сунушталат.

Тамбур-шлюздардын тосуучу курулуш конструкцияларында ашыкча басымдын клапандарын орнотуу техникалык зарыл болгондо, анын ичинде күйүүнүн өнүмдөрүнүн чыгарылуучу көлөмүнүн ордун кирүүчү аба менен толтуруу максатында, аларды жылуулуктун таасиринен тамбур-шлюзга чукул жаткан бөлмө тараптан агып өтүүчү торлору бар кошумча тосмолорду орнотуу жолу менен коргоо керек. Көрсөтүлгөн тосмолор тамбур-шлюздардын тосуучу курулуш конструкциялары үчүн аныкталгандан төмөн эмес отко туруктуулук чеги менен караштырылган болууга тийиш, ал эми ашыкча басым клапанынын жана агып өтүү торлорунун өтүүчү кесилиштери бири биринен 1,5 м кем эмес (бир четинен экинчи четине чейин) аралыкта горизонталь же вертикаль боюнча алыстатылган болууга тийиш. Мында ашыкча басым клапаны аркылуу бөлмөгө келип түшүүчү сырткы абаны чыгымдоо күйүүнүн чыгарылуучу өнүмдөрүн чыгымдоо менен теңдемде эске алынган болууга тийиш.

9.10 Кампалык, жүктөөчү, таштандыны жыйноочу бөлмөлөрдүн, алардын жайгашуу зарылдыгы имараттардын технологиясы менен негизделген, аянты 250 м2 ашпаган, имараттарга кошо курулган автомобилдер токтоочу жайлардын аймагында же танапташ изоляцияланган рампалары менен жайгаштырылуучу башка технологиялык бөлмөлөрдүн блокторунан күйүүнүн өнүмдөрүн чыгарууга, алар жалпы өрт бөлүмүндө жайгаштырылган шартта, автомобилдердин жер алдындагы токтоочу жайларын же изоляцтяланган рампаны тейлөөчү чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүү тутумдары менен караштырууга жол берилет, көрсөтүлгөн чечимди түтүнгө каршы желдетүүнүн негизги параметрлерин аныктоону эсептөө менен негиздегенде.

9.11 Эвакуациянын жолунда жайгашкан жана ага эки же андан көп өзүнчө бөлмөлөрдөн кирүүгө багышталган тамбур-шлюз үчүн, киргизүүчү түтүнгө каршы желдетүү тутуму менен аба берүүнү эң чоң аянттагы бир гана эшик оюгу аркылуу 1,3 м/с барабар абанын агуу ылдамдыгын камсыздоо зарылдыгынан эсептөө менен аныктоо керек.

Талап бир бөлмөдөн бирден ашуун кирүүгө ээ болгон тамбур-шлюзга таркалбайт. Бардык учурларда бардык эшиктери жабык тамбур-шлюздагы ашыкча басым 20дан 150 Па чейин болууга тийиш.

9.12 Түтүнгө каршы желдетүү тутумдары ар бир өрт бөлүмү үчүн, ар түрдүү өрт бөлүмдөрү менен катнашкан тепкич чарчылары менен лифт шахталарын коргоо үчүн багышталгандан башка, жана өрт бөлүмдөрүнө бөлүүгө конструкциялык бөлүштүрүүгө ээ болбогон атриумдарды жана пассаждарды коргоо үчүн багышталган чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүү тутумдары үчүн автономдуу болууга тийиш.

9.13 Бийик имараттар үчүн киргизүүчү жана чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүү тутумдарын, ошондой эле алар менен кызматтык жактан айкаштырылган жалпы алмашуучу желдетүү тутумдарын, бийиктиги боюнча чөлкөмдөштүрүүнү аткаруу керек, мында андай чөлкөмдөрдүн чек аралары имараттын инженердик тутумдарын жайгаштыруу үчүн багышталган техникалык кабаттар менен (анын ичинде тейленүүчү жана турак-жай бөлмөлөрү менен айкаштырылган) дал келүүгө тийиш.

Тиешелүү негиздөөсүз киргизүүчү жана чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүү тутумдарынын, ошондой эле алар менен кызматык жактан айкаштырылган жалпы алмашуучу желдетүү тутумдарынын желдетүүчү тармактарын 1000 Па ашуун каршылыгы менен долбоорлоого жол берилбейт. Корголуучу бөлмөлөрдө жана көлөмдөрдө ашыкча басымды түзүүгө багышталган, ошондой эле күйүүнүн өнүмдөрүнүн чыгарылуучу көлөмүнүн ордун кирүүчү аба менен толтурууга багышталган киргизүүчү түтүнгө каршы желдетүү тутумдарынын желдеткичтерин жайгаштырууну, көбүнчө тейленүүчү чөлкөмдүн ылдыйкы бөлүгүндө караштыруу керек. Бул шартты аткаруу мүмкүн эмес болгондо, ушундай тутумдун курамындагы вертикалдуу желдетүүчү коллектордун чектик узундугу 50 м ашпоого тийиш. Күйүүнүн өнүмдөрүн техникалык кабаттарда жайгаштырылуучу чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүү тутумдарынан фасадга чыгарууну 20 м/с кем эмес ылдамдык менен аткаруу керек.

9.14 Киргизүүчү жана чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүү тутумдары үчүн, ошондой эле алар менен кызматтык жактан айкаштырылган жалпы алмашуучу желдетүү тутумдары үчүн тутумдардын элементтериндеги (өрткө каршы клапандар, аба өткөргүчтөр жб.у.с.) максималдуу ылдамдыктарды 11 м/с көп эмес кабыл алуу керек.

Бул шартты аткаруу мүмкүн болбогондо (желдетүүчү каналдарды салуунун чектелген шарттарында), түтүнгө каршы желдетүү тутумдарынын аба өткөргүчтөрүндөгү максималдуу ылдамдыкты 9.13тү эске алуу менен 20 м/с чейин көбөйтүүгө жол берилет.

9.15 Киргизүүчү жана чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүү тутумдарынын желдеткичтеринин аэродинамикалык схемасын тандоодо артыкчылыкты октуу схемага берүү керек.

Бардык учурларда, орточо жана жогору басымдагы радиалдык аэродинамикалык схеманын желдеткичтерин колдонууга өзгөчө учурларда гана, анын ичинде 9.13тө көрсөтүлгөн, жол берилет.

9.16 Чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүүнүн механикалык тутумдарын киргизүүчү желдеткичтер менен жабдылбаган киргизүүчү түтүнгө каршы желдетүү тутумдары менен айкалышта колдонууда төмөнкү талаптарды сактоо керек:

- чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүү тутумунун желдеткичинин эсептик басымы чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүүнүн эсептик чыгымдоосунда киргизүүчү түтүнгө каршы желдетүү тутумунун желдетүүчү тармагынын каршылык чоңдугуна көбөйтүлгөн болууга тийиш;

- киргизүүчү түтүнгө каршы желдетүү тутумунун желдетүүчү тармактарынын каршылыгы 150 Па ашпоого тийиш.

9.17 Жарылуу-өрт жана өрт кооптуулугу боюнча В3, В4, Д категорияларындагы Ф5.1 кызматтык өрт кооптуулугу классындагы өндүрүштүк бөлмөлөр (анын ичинде желдетүүчү камералар, лифттердин машина бөлүмдөрү, соргучтар ж.б.у.с. көрсөтүлгөн категорияларга киргизилген бөлмөлөр), түтүнгө чулганбоочу тепкич чарчылары менен эшик жана башка оюктар аркылуу катнашуучу, чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүү тутумдары менен коргоого жатышат.

Көрсөтүлгөн бөлмөлөр үчүн чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүү тутумдары менен коргоону караштырбоого жол берилет, алардын чыгууларда ушундай тепкич чарчыларында түтүн-газ өтпөгөн аткаруудагы өрткө каршы эшиктерди орнотуу шартында.

9.18 Жалпы алмашуучу желдетүү тутумдарынын, ошондой эле киргизүүчү түтүнгө каршы желдетүү тутумдарынын аба өткөргүчтөрүн тамбур-шлюздар, лифт холлдору жана тепкич чарчылары аркылуу, транзиттик аба өткөргүчтөрдүн отко туруктуулук чектерин (бүтүндүгүн жана жылуулук изоляциялоо жөндөмдүүлүгүн), кесилишкен бөлмөлөрдү жана көлөмдөрдү тосуучу курулуш конструкциялары үчүн аныкталгандан кем эмес камсыздоо шартында транзиттик салууга жол берилет.

9.19 Өрттө күйүүнүн өнүмдөрүн чыгаруучу өрткө каршы желдетүү тутумдары менен чыгарууну караштыруу керек:

а) бийиктиги 28 м ашуун турак-жайлык, коомдук, администрациялык-тиричиликтик жана көп кызматтуу имараттардын коридорлору менен холлдорунан;

б) турак-жайлык, коомдук, администрациялык-тиричиликтик, өндүрүштүк жана көп кызматтуу имараттардын адамдар дайыма болуучу бөлмөлөрүнөн ошол коридорлорго (тоннелдерге) чыгуулардагы жертөлө жана цоколь кабаттарынын коридорлорунан жана жөө өтүүчү тоннелдеринен;

в) өрттө кабаттарынын саны эки же андан көп узундугу 15 м ашуун имараттардагы табигый желдетүүсүз коридорлордон:

- А, Б, В категорияларындагы өндүрүштүк жана кампалык;

- коомдук жана администрациялык-тиричиликтик;

- көп кызматтуу;

г) түтүнгө чулганбоочу тепкич чарчылары бар ар түрдүү арналыштагы имараттардын жалпы коридорлорунан жана холлдорунан;

д) атриумдардан жана пассаждардан;

е) туруктуу жумуш орундары бар ар бир өндүрүштүк же кампалык бөлмөлөрдөн, табигый жарыксыз же 2,2 м жана андан жогору терезелердин үстүнкү бөлүгүндө полдон трассалардын түбүнө чейин жана фонарларда тешиктерди ачуу үчүн механикалаштырылган жетектери жок табигый жарык менен (эки учурда тең өрт болгон учурда түтүндү кетирүү үчүн жетиштүү аймак, анын ичинде китепканалардын китеп сактоочу жайларынан, музейлердин, архивдердин фонд сактоочу жайларынан жана устаканаларынан (ал эми бийик стеллаждуу сактоо бөлмөлөрү үчүн – туруктуу жумуш орундары барлыгынан көз карандысыз), эгерде отко туруктуулугу I–IV даражадагы имараттардагы бул бөлмөлөр А, Б, В1, В2, В3 категорияларына киргизилген болсо;

ж) өрттө түтүнгө чулганбоочу тепкич чарчылары менен катнашуучу кабаттардагы ар бир бөлмөдөн, же табигый желдетүүсүз ар бир бөлмөдөн:

- адамдардын болуусу жогору тыгыздыктагы;

- соода залдарынан;

- кеңселерден;

- күйүүчү заттар менен материалдарды сактоо же колдонуу үчүн багышталган туруктуу жумуш орундары бар аянты 50 м2 жана андан ашуун бөлмөлөрдөн;

- аянты 200 м2 жана андан ашуун гардеробдордон;

- ар түрдүү арналыштагы имараттардын жер алдындагы кабаттарына кошо курулган-улай курулган жана катнашкан автожолдук, кабелдик, коммутациялык май өткөргүчтөрү бар жана технологиялык тоннелдерден;

з) өзүнчө жайгашкан, башка арналыштагы имараттарга кошо курулган же улай курулган жабык жер үстүндөгү жана жер астындагы авто токтоочу жайлардын автомобилдерди сактоочу бөлмөлөрүнөн (айдоочулардын катышуусу бар дагы, катышуусу жок дагы паркинги бар – автоматташтырылган түзүлүштөрдү колдонуу менен), ошондой эле ушул авто токтоочу жайлардын изоляцияланган рампаларынан.

Күйүүнүн өнүмдөрүн чыгарууну аянты 200 м2 чейинки бөлмөлөрдөн чукул жаткан коридор аркылуу долбоорлоого жол берилет: В1, В2, В3 категорияларындагы өндүрүштүк же күйүүчү заттар менен материалдарды сактоо же колдонуу үчүн багышталган. Аянты 800 м2 ашпаган соода залдары жана кеңсе бөлмөлөрү үчүн бөлмөнүн көбүрөөк алыскы бөлүгүнөн жакынкы эвакуациялык чыгууга чейин 25 м ашпаган аралыкта күйүүнүн өнүмдөрүн чыгарууну чукул жаткан коридорлор, холлдор, рекреациялар, атриумдар жана пассаждар аркылуу караштырууга жол берилет. Ар түрдүү арналыштагы имараттардагы коридорлордун туюк бөлүктөрүн узундугу 15 м аз бөлүктөргө эшиктери бар тосмолор менен бөлүүгө жол берилбейт.

9.20 919-пункттун талаптары төмөнкүлөргө таркалбайт:

а) автоматтык суулуу же көбүктүү өрт өчүрүү орнотмолору менен жабдылган аянты 200 м2 чейинки бөлмөлөргө (А жана Б категорияларындагы бөлмөлөрдөн, Н2 же Н3 тибиндеги түтүнгө чулганбоочу тепкич чарчылары менен катнашкан бөлмөлөрдөн, жана айдоочулардын катышуусу бар паркингдүү жабык авто токтоочу жайлардан башка);

б) автоматтык газдык, аэрозолдук же күкүмдүк өрт өчүрүү орнотмолору менен жабдылган бөлмөлөргө (айдоочулардын катышуусундагы паркинги бар жабык авто токтоочу жайлардан башка);

в) эгерде алар менен эшик оюктары аркылуу катнашкан бардык бөлмөлөрдөн күйүүнүн өнүмдөрүн түздөн-түз чыгаруу караштырылган болсо, коридорлор менен холлдорго;

г) андан күйүүнүн өнүмдөрүн чыгаруу караштырылган негизги бөлмөнүн аянтында жайгашкан ар биринин аянты 50 м2 чейинки бөлмөлөргө;

д) эгерде ошол коридорго чыгуулары бар бардык бөлмөлөрдө, туруктуу жумуш орундары жок болсо жана ошол бөлмөлөрдөн көрсөтүлгөн коридорго чыгууларда түтүндүн-газдын кирүүсүнө минималдуу үлүштүк каршылык көрсөтүүсү 1,96×105 м3/кг аз эмес түтүн-газ өткөрбөөчү аткарылыштагы өрткө каршы эшиктер орнотулган болсо, өрттө табигый желдетүүсүз коридорлорго (9.19-пункттун 2а», «б» пункттарында көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо); өрткө каршы эшиктердин түтүндүн-газдын кирүүсүнө факт жүзүндөгү каршылыгы Р МАМСТ 53303кө ылайык аныкталууга тийиш;

е) турак-жайлык имараттардын төмөнкү жер үстүндөгү кабатына кошо курулган-улай курулган, конструкциялык жактан турак-жайлык бөлүктөн изоляцияланган жана ошол чыгуулардын бөлмөнүн каалаган бөлүгүнөн 25 м ашуун эмес эң көп алыстыгында жана ар бир бөлмөнүн аянты 800 м2 ашпаганда түздөн-түз сыртка эвакуациялык чыгуулары бар коомдук арналыштагы бөлмөлөргө;

9.21 Чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүү менен чыгарылуучу күйүүнүн өнүмдөрүн чыгымдоону, өрттүн очогунун жылуулук бөлүп чыгаруу кубаттуулугуна, бөлмөлөрдүн тосуучу курулуш конструкциялары жана желдетүүчү каналдары аркылуу жылуулукту жоготууларга, чыгарылуучу күйүүнүн өнүмдөрүнүн табына, сырткы абанын параметрлерине, эшик жана терезе оюктарынын абалдарына, геометриялык өлчөмдөрүнө жараша эсептөө керек:

а) узундугу 60 м ашпаган ар бир коридор үчүн ‒ 9.19-пункттун «а»-«г» пунктчаларына ылайык;

б) ар бир түтүн чөлкөмү үчүн аянты 3000 м2 ашпаган бөлмөлөрдө ‒ 9.19-пункттун «д»-«з» пунктчаларына ылайык.

Коридорлордон же бөлмөлөрдөн чыгарылуучу күйүүнүн өнүмдөрүнүн табынын фиксацияланган маанилерин эсептөөсүз кабыл алууга жол берилбейт. Сырткы абанын табын жылдын жылуу мезгили үчүн, шамалдын ылдамдыгын жылдын мезгилинен көз карандысыз эң чоң маанилер боюнча кабыл алуу керек. Киргизүүчү жана чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүү тутумдарынын биргелешкен иштөөсүндө корголуучу бөлмөдө эвакуациялык чыгуулардын жабык эшиктеринде басымдын өйдө-ылдый болуусун 150 Па ашпагандай камсыздоодо терс теңдемсиздикке жол берилет. Оң теңдемсиздикке жол берилбейт.

9.22 Күйүүнүн чыгарылуучу өнүмдөрүн чыгымдоону аныктоодо төмөнкүлөрдү эске алуу керек:

а) чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүү тутумдарынын каналдарынын тыгыз эместиктери аркылуу абаны соруулар;

б) тастыктамалоочу сыноолордун маалыматтары (сыналуучу үлгүлөрдүн түтүн газ кирүү үлүштүк мүнөздөмөсүнүн факт жүзүндөгү маанилери) боюнча жабык өрткө каршы клапандардын тыгыз эместиктери аркылуу абаны соруулар, бирок төмөнкү формула боюнча аныкталгандардан көп эмес

(9.1)

мында Fd ‒ клапандын өтүүчү кесилишинин аянты, м2; ΔPd ‒ жабык клапандагы басымдын өйдө-ылдый болуусу, Па; Sd ‒ клапандын түтүн газ кирүүгө каршылыгынын үлүштүк мүнөздөмөсү, м3/кг. Ар түрдүү конструкциялык аткарылыштагы клапандар үчүн түтүн газ кирүүгө каршылыктын минималдуу жол берилүүчү чоӊдугу 2,4×103 м3/кг аз болбоого тийиш.

9.23 Коридорлорду коргоо үчүн багышталган чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүү тутумдарын, бөлмөлөрдү коргоого багышталган тутумдардан өзүнчө долбоорлоо керек. Ар түрдүү кызматтык өрт кооптуулугундагы бөлмөлөрдү коргоо үчүн жалпы тутумдарды курууга жол берилбейт.

9.20-пункттун «е» пунктчасы боюнча коомдук арналыштагы бөлмөлөрдүн коридорлорун жана жогоруда жаткан кабаттардын турак-жай бөлмөлөрүн коргоо үчүн чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүүнүн жалпы тутумдары караштырыла алат, эгерде бардык көрсөтүлгөн бөлмөлөр бир өрт бөлүмүндө жайгаштырылса.

9.24 Алар имараттарды андан ары колдонууда бөлүктөргө бөлүштүрүүнүн натыйжасында 9.19-пункттун «а», «в», «г», «ж» пунктчалары боюнча чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүү менен коргоого жатуучу коридорлор менен бөлмөлөрдү камтый алуучу кабаттарды (эркин пландаштырылган кабаттарды) колдонуунун конкреттүү технологиясы каралбаган имараттар, көрсөтүлгөн эки типтеги теӊ чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүү тутумдарына ээ болууга тийиш. Мында күйүүнүн чыгарылуучу өнүмдөрүн бөлмөлөрдү коргоо үчүн багышталган тутумдардын жардамы менен чыгымдоону, кабаттагы тепкичтик-лифттик түйүндөрдүн аянтын чыгарып салуу менен кабаттын бүткүл аянтын эске алып 9.21-пункттун «б» пунктчасына ылайык аныктоо керек.

9.25 Коридорлордон күйүүнүн өнүмдөрүн чыгарууда түтүн кабыл алуучу түзүлүштөрдү коридордун шыбынын алдындагы шахталарда, бирок эвакуациялык чыгуулардын эшик оюктарынын үстүӊкү деӊгээлинен төмөн эмес жайгаштыруу керек. Түтүн шахталарына карай бутактанууларда түтүн кабыл алуучу түзүлүштөрдү орнотууга жол берилет. Бир түтүн кабыл алуучу түзүлүшкө туура келүүчү коридордун узундугу түзүүгө тийиш:

- коридордун түз сызыктуу конфигурациясында 45 м көп эмес;

- коридордун бурчтуу конфигурациясында 30 м көп эмес;

- коридордун шакектүү (туюк) конфигурациясында 20 м көп эмес.

Коридордун узундугун, пландагы түз бурчтуу формадагы же ага чукул формадагы шарттуу бөлүнгөн жана удаалаш жайгаштырылган узундуктардын суммасы катары аныктоо керек.

9.26 Күйүүнүн өнүмдөрүн аянты 3000 м2 көп бөлмөлөрдөн түздөн-түз чыгарганда, чөлкөмдөрдүн биринде өрттүн пайда болуу мүмкүндүгүн эске алып, аларды ар биринин аянты 3000 м2 көп эмес түтүн чөлкөмдөрүнө конструкциялык же шарттуу бөлүү зарыл. Бир түтүн кабыл алуучу түзүлүшкө туура келген бөлмөнүн аянты, эсептөө менен аныкталууга жана 1000 м2 көп эмести түзүүгө тийиш.

Бөлмөлөрдү түтүнгө каршы экрандар менен түтүн чөлкөмдөрүнө конструктивдүү бөлгөндө чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүү тутумун иштетүүнү өрттүн очогу бар түтүн чөлкөмүндө гана караштырууга жол берилет, ал эми түтүн чөлкөмдөрүнө шарттуу бөлгөндө чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүү тутумдарын иштетүүнү өрттүн очогу бар түтүн чөлкөмүнө чукул жаткан бардык бөлмөлөрдө бир учурда караштыруу керек.

9.26 Күйүүнүн өнүмдөрүн аянты 3000 м2 көп бөлмөлөрдөн түздөн-түз чыгарганда аларды чөлкөмдөрдүн биринде өрттүн пайда болуу мүмкүндүгүн эске алуу менен ар биринин аянты 3000 м2 көп эмес түтүн чолкөмдөрүнө конструктивдүү же шарттуу бөлүү зарыл. Бир түтүн кабыл алуучу түзүлүшкө туура келген бөлмөнүн аянты, эсептөө менен аныкталган жана 1000 м2 көп эмести түзүүгө тийиш.

Бөлмөлөрдү аянты 3000 м2 көп эмес секцияларга бөлүүнү төмөнкү техникалык чечимдердин бири менен аткаруу керек:

- өрт жүгүнөн эркин, туурасы 8 м аз эмес чөлкөмдөр (өткөөлдөр) менен;

- өрт жүгүнөн эркин, туурасы 6 м аз эмес чөлкөмдөр (өткөөлдөр) менен, чөлкөмдүн ортосуна бүткүл узундугуна 1 л/(с.м) үлүштүк чыгымдоону камсыздоодо бир жипке дренчердик көшөгөнү же өрттө автоматтык түрдө эсептик бийиктикке түшүрүлүүчү түтүнгө каршы экрандарды (пардаларды) куруу менен.

Мында өрт жүгүн көрсөтүлгөн чөлкөмдөрдүн (өткөөлдөрдүн) чектеринде жайгаштырууга жол бербөөгө багытталган уюштуруучулук иш-чараларды камсыздоо керек. Бөлмөлөрдү түтүнгө каршы экрандар менен түтүн чөлкөмдөрүнө конструктивдүү бөлгөндө чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүү тутумун иштетүүнү өрттүн очогу бар түтүн чөлкөмүндө гана караштырууга жол берилет, ал эми түтүн чөлкөмдөрүнө шарттуу бөлгөндө чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүү тутумдарын иштетүүнү өрттүн очогу бар түтүн чөлкөмүнө чукул жаткан бардык бөлмөлөрдө бир учурда караштыруу керек.

9.27 Күйүүнүн өнүмдөрүн бир кабаттуу имараттардын бөлмөлөрүнөн түздөн-түз чыгарганда түтүн клапандары, түтүн люктары же ачылуучу үйлөнбөгөн фонарлары бар шахта аркылуу механикалык же табигый түрткү берүүсү бар чыгаруучу тутумдарды колдонуу керек.

Көп кабаттуу имараттарда механикалык түрткү берүүсү бар чыгаруучу тутумдарды колдонуу керек. Күйүүнүн өнүмдөрүн көп кабаттуу имараттардын жогорку кабаттарынан чыгаруу үчүн табигый түрткү берүүсү бар чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүү тутумдарынын курамындагы түтүн люктарын, клапандарды, же ачылуучу фонарларды жана фрамугаларды колдонууга жол берилет.

9.19-пункттун «е» пунктчасына, ошондой эле 9.27-пунктка ылайык колдонулуучу түтүн люктарынын, клапандарынын, фонарларынын жана фрамугаларынын конструкцялары, капкактардын тоӊбоо, желдебөө, иштегенде ачык абалда фиксациялоо шарттарын камсыздоого жана табигый түрткү берүүсү бар чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүүнүн эсептик шарттамдарына ылайык келген өтүү кесилишинин аянтына ээ болууга тийиш. Көрсөтүлгөн эсептик шарттамдар конструкциялардын ачылуучу элементтерине шамал түз багытталганда жылдын жылуу мезгилиндеги сырткы абанын параметрлерин эске алуу менен 9.21-пунктка ылайык аныкталууга тийиш.

Чыгаруучу өрткө каршы желдетүү тутумдары үчүн төмөнкүлөрдү караштыруу керек:

а) орун которуучу газдардын эсептик табына жараша жана тейленүүчү бөлмөлөрдүн категорияларына шайкеш келген аткарылыштагы 0,5 с/300 С; 2,0 с/400 °С; 1,0 с/600 °С отко туруктуулук чектери бар ар түрдүү аэродинамикалык схемалардагы желдеткичтерди. Күйбөөчү материалдардан жумшак коймолорду колдонууга жол берилет. Көрсөтүлгөн желдеткичтердин отко туруктуулугунун факт жүзүндөгү чектерин ӨКЧ 253кө ылайык аныктоо керек;

б) герметикалуулук классы В болгон, отко туруктуулук чектери төмөнкүдөн аз эмес аба өткөргүчтөрдү жана каналдарды:

- EI 150 ‒ тейленүүчү өрт бөлүмүнүн чектеринен сырттагы транзиттик аба өткөргүчтөр жана шахталар үчүн; мында өрт бөлүмдөрүнүн өрткө каршы тосмолорун кесип өтүүчү аба өткөргүчтөр менен шахталардын транзиттик бөлүктөрүндө, өрткө каршы ченемдүү ачык клапандарды орнотуунун кереги жок;

- EI 60 ‒ жабык авто токтоочу жайлардан күйүүнүн өнүмдөрүн чыгарганда тейленүүчү өрт бөлүмүнүн чектериндеги аба өткөргүчтөр жана шахталар үчүн;

- EI 45 ‒ түздөн-түз тейленүүчү бөлмөлөрдөн күйүүнүн өнүмдөрүн чыгарганда тейленүүчү өрт бөлүмүнүн чектериндеги вертикалдуу аба өткөргүчтөр жана шахталар үчүн;

- EI 30 ‒ калган учурларда тейленүүчү өрт бөлүмүнүн чектеринде;

в) отко туруктуулук чеги төмөнкүдөн кем эмес ченемдүү жабык өрткө каршы клапандарды:

- ЕI 60 ‒ жабык авто токтоочу жайлар үчүн;

- ЕI 45 ‒ түздөн-түз тейленүүчү бөлмөлөрдүн күйүүнүн өнүмдөрүн чыгарганда;

- ЕI 30 ‒ түтүн чыгаруучу шахталардан аба өткөргүчтөрдүн бутактанууларында клапандарды орноткондо коридорлор жана холлдор үчүн;

- Е 30 ‒ түтүн клапандарын түздөн-түз шахталардын оюктарында орноткондо коридорлор жана холлдор үчүн.

Өрткө каршы ченемдүү жабык клапандардын курамында (түтүн клапандарын кошпогондо) термоизоляциясыз капкактарды колдонууга жол берилбейт;

г) күйүүнүн өнүмдөрүн киргизүүчү түтүнгө каршы желдетүү тутумдарынын аба алуучу түзүлүштөрүнөн 5 м кем эмес аралыкта имараттар менен курулмалардын жабууларынын үстүнөн чыгаруу; атмосферага чыгарууну күйүүчү материалдардан чатырдан 2 м кем эмес бийиктикте караштыруу керек; чатыр чыгаруучу тешиктин четтеринен 2 м кем эмес аралыкта күйбөөчү материалдар менен корголгондо же мындай коргоосуз вертикалдуу чыгаруусу бар чатырлык типтеги желдеткичтерди орноткондо күйүүнүн өнүмдөрүн азыраак бийиктиктен чыгарууга жол берилет. Күйүүнүн өнүмдөрүн чыгарууга жол берилет:

- шамалдын ылдамдыгын жана кар жүгүн эске алуу менен түтүн люктары аркылуу;

- терезе оюктары жок фасадда же терезелери бар фасадда терезелерден горизонталь жана вертикаль боюнча 5 м кем эмес жана жердин деӊгээлинен 2 м кем эмес аралыкта же чыгаруунун ылдамдыгын 20 м/с кем эмес камсыздоодо терезелерден азыраак аралыкта сырткы дубалдагы торлор аркылуу;

- терезелери бар сырткы дубалдардан же башка чукул жаткан имараттардын киргизүүчү жалпы алмашуучу желдетүү тутумдарынан же ошол имараттын киргизүүчү түтүнгө каршы желдетүү тутумдарынан 15 м кем эмес аралыкта жердин үстүндөгү өзүнчө шахталар аркылуу.

Төмөн жаткан кабаттардан жана жертөлөлөрдөн түтүндү чыгаруучу шахталардан күйүүнүн өнүмдөрүн чыгарууну, эритүүчү, куюучу, прокаттык жана башка ысык цехтердин аэрирленүүчү өткөөлдөрүндө караштырууга жол берилет. Мында шахталардын оозун аэрирленүүчү өткөөлдүн астанасынан 6 м кем эмес (имараттардын курулуш конструкцияларынан вертикаль боюнча 3 м жана горизонталь боюнча 1 м аралыкта) деӊгээлде же түтүн шахталарынын оозун дренчердик сугарууну курганда астанадан 3 м кем эмес деӊгээлде жайгаштыруу керек. Бул шахталарда түтүн клапандарын орнотуунун кереги жок.

9.28 Жабык жер үстүндөгү жана жер астындагы авто токтоочу жайлардын изоляцияланган рампаларынын кабаттык өткөөлдөрүн коргоо үчүн тамбур-шлюздардын же аба көшөгөлөрү бар өрткө каршы дарбазалардын ордуна дренчердик көшөгөсү бар өрткө каршы экрандарды колдонууга жол берилет. Мында түтүнгө каршы экрандын жылдырма пардасын түшүрүүнү корголуучу оюктун бийиктигинин жарымына караштыруу керек.

Түтүнгө каршы экрандардын отко туруктуулугунун факт жүзүндөгү чектерин Р МАМСТ 53305ке ылайык аныктоо керек.

9.29 Күйүүнүн өнүмдөрүн чыгаруу үчүн желдеткичтерди алардын аба өткөргүчтөрүн кесип өтүүчү конструкциялар үчүн талап кылынгандан аз эмес (бирок жалпы бөлмөдө желдеткичтерди орнотуу менен ар түрдүү өрт бөлүмдөрүн коргоочу тутумдар үчүн талап кылынгандан кем эмес) отко туруктуулук чектерине ээ болгон тосуучу курулуш конструкциялары бар өзүнчө бөлмөлөрдө же түздөн-түз корголуучу бөлмөлөрдө, ошондой эле желеткичтерди атайын аткарганда желдетүүчү каналдарда жайгаштыруу керек. Көрсөтүлгөн өзүнчө бөлмөлөрдөгү аба чөйрөсүнүн параметрлери аларга орнотулган желдеткичтердин иштөөсүндө жылуулук бөлүп чыгарууларды эске алуу менен ишканалар-даярдоочулардын регламенттелген эксплуатациялоо шарттарына шайкеш келүүгө жана зарылдыгы болсо мындай бөлмөлөрдү аба алмаштыруунун эсептик эселүүлүгү менен кошумча желдетүүнүн аркасында кармалууга тийиш.

Түтүнгө каршы чыгаруучу тутумдардын желдеткичтерин (ишканалар-даярдоочулардын техникалык маалыматтарына ылайык) чатырда жана имараттардын сыртында колдонулуучу чатырда сырткаркы адамдардын жетүүсүнөн коргоо үчүн тосмолору менен жайгаштырууга жол берилет. Желдеткичтерди фасаддардын сырткы дубалдарына орнотууга 9.27-пункттун «г» пунктчасында көрсөтүлгөн талаптарды эске алуу менен жол берилет.

9.30 Өрттөн кийин газдуу, аэрозолдуу же күкүмдүү өрт өчүрүү орнотмолору менен корголуучу бөлмөлөрдөн газдарды жана түтүндү чыгаруу үчүн, газдардын жана түтүндүн чыгарылуучу көлөмүнүн ордун кирүүчү аба менен кенемтелөөчү төрт жолку аба алмаштыруудан кем эмес газ чыгарууну чыгымдоону камсыздоочу, бөлмөлөрдүн ылдыйкы жана үстүӊкү чөлкөмдөрүнөн абаны чыгаруунун механикалык түрткү берүүсү бар тутумдарды колдонуу керек. Газдуу, аэрозолдуу же күкүмдүү өрт өчүрүүчү автоматтык орнотмолор иштегенден кийин газдарды жана түтүндү чыгаруу үчүн негизги жана авариялык желдетүү тутумдарын же көчмө орнотмолорду да колдонууга жол берилет. Өрттөн кийин күкүмдүү өрт өчүрүүчү орнотмолор менен корголгон бөлмөлөрдөн күкүм массасын чыгаруу үчүн, чаӊ соргучтарды же вакуумдук чаӊ жыйноо тутумдарын колдонууну караштыруу керек.

Аба өткөргүчтөр (транзиттиктен башка) газдуу, аэрозолдуу же күкүмдүү өрт өчүрүү орнотмолору менен корголуучу бөлмөлөрдүн тосмолору менен кесилишкен жерлерде, отко туруктуулук чеги EI 15тен кем эмес өрткө каршы клапандарды орнотуу керек:

а) ченемдүү ачык ‒ корголуучу бөлмөнүн киргизүүчү жана чыгаруучу тутумдарында;

б) ченемдүү жабык ‒ өрттөн кийин түтүндү жана газды чыгаруу үчүн тутумдарда;

в) кош аракеттүү ‒ өрттөн кийин газдарды жана түтүндү чыгаруу үчүн колдонулуучу, корголуучу бөлмөнүн негизги желдетүү тутумдарында.

9.31 Өрттө киргизүүчү түтүнгө каршы желдетүү тутумдары менен сырткы абаны берүүнү караштыруу керек:

а) түтүнгө чулганбоочу тепкич чарчылары бар имараттарда орнотулган лифттердин шахталарында (алардан чыгууларда киргизүүчү түтүнгө каршы желдетүү менен корголгон тамбур-шлюздар жок болгондо);

б) имараттардын жер үстүндөгү бөлүгүнүн арналышынан, бийиктигинен жана жер астындагы бөлүгүнун тереӊдигинен жана аларда түтүнгө чулганбоочу тепкич чарчыларынын барлыгынан көз карандысыз «өрт бөлүктөрүн ташуу» шарттамындагы лифттердин шахталарында ‒ Р МАМСТ 53296га ылайык өзүнчө тутумдарды караштырып («өрт бөлүктөрүн ташуу» шарттамы бар лифттер үчүн жана «өрт кооптуулугу» шарттамы бар лифттер үчүн жалпы конструктивдүү бөлүнбөгөн шахталардан башка);

в) Н2 тибиндеги түтүнгө чулганбоочу тепкич чарчыларында;

г) Н3 тибиндеги түтүнгө чулганбоочу тепкич чарчыларында өрттүн очогу бар кабаттагы тамбур-шлюздарда;

д) жер астындагы авто токтоочу жайлардын сактоо бөлмөлөрүндөгү лифттерден чыгууларда жуптук-удаалаштыкта жайгаштырылган тамбур-шлюздарда;

е) бөлмөлөрүндө күйүүчү заттар жана материалдар колдонулган же сакталган цоколь кабатынан, табигый желдетүүсүз коридорлору бар цоколь кабатынан, ошондой эле жертөлөлүк же жер астындагы кабаттардан биринчи кабатка алып баруучу ички тепкичтер болгондо, тамбур-шлюздарда. Эритүүчү, куюучу, прокаттык жана башка ысык цехтерде тамбур-шлюздарга имараттын аэрирленген өткөөлдөрүнөн алынуучу абаны берүүгө жол берилет;

ж) коридорлордон жертөлөлүк, подвалдык жана цоколдук кабаттардын деңгээлдери менен атриумдарга жана пассаждарга чыгуулардагы тамбур-шлюздарда;

и) бийиктиги 28 м ашуун көп кызматтуу имараттарда жана комплекстерде, бийиктиги 75 м ашуун турак-жайлык имараттарда, бийиктиги 50 м ашуун коомдук имараттарда Н2 тибиндеги түтүнгө чулганбоочу тепкич чарчыларында өрттүн очогу бар кабаттагы тамбур-шлюздарда;

к) чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүү тутумдары менен корголуучу бөлмөлөрдүн (анын ичинде коридорлордун) ылдыйкы бөлүктөрүндө, ‒ алардан чыгарылуучу күйүүнүн өнүмдөрүнүн көлөмдөрүнүн ордун толтуруу үчүн;

л) жабык жер үстүндөгү жана жер астындагы авто токтоочу жайлардын автомобилдерди сактоо үчүн бөлмөлөрүн башка арналыштагы бөлмөлөрдөн бөлүп турган тамбур-шлюздарда;

м) автомобилдерди сактоо үчүн бөлмөлөрдү жер астындагы авто токтоочу жайлардын изоляцияланган рампаларынан бөлүп турган тамбур-шлюздарда, же ‒ жер астындагы авто токтоочу жайлардын автомобилдерди сактоочу бөлмөлөрү тараптан изоляцияланган рампалардын дарбазаларынын үстүнө орнотулуучу аба көшөгөлөрүнүн морлук аппараттарында (техникалык майнаптуулугу боюнча бирдей маанилүү варианттар катары);

н) ар түрдүү арналыштагы имараттардын жер астындагы кабаттары менен катнашуучу Н2 тибиндеги түтүнгө чулганбоочу тепкич чарчыларынан вестибюлдарга чыгуулардагы тамбур-шлюздарда;

п) лифттерден ар түрдүү арналыштагы имараттардын жертөлөлүк, жер астындагы кабаттарына чыгуулардагы тамбур-шлюздарда (лифт холлдорунда);

р) өрттүн очогу бар кабаттагы коопсуз чөлкөмдөрдүн бөлмөлөрүндө.

Алардан күйүүнүн өнүмдөрү түздөн-түз чыгарылуучу бөлмөлөрдүн жалпы коридорлорунда, ошондой эле чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүү тутумдары менен корголуучу рекреациялар, башка коридорлор, холлдор, атриумдар менен катнашуучу коридорлордо ашыкча басымды түзүү үчүн сырткы абаны берүүнү караштырууга жол берилет. Жер астындагы авто токтоочу жайдын кабаттарында жана төмөнкү жер үстүндөгү кабатта гана токтоосу бар лифттер үчүн, кош тамбур-шлюздарды орнотуу талап кылынбайт. Ар түрдүү арналыштагы имараттардын жертөлөлүк жана жер астындагы кабаттарына чыгуулардагы тамбур–шлюздарга (лифт холлдоруна) лифттик шахталардын көлөмүнөн өрткө каршы ченемдүү жабык клапандар аркылуу абаны берүүгө жол берилбейт, эгерде ошол лифттердин негизги салуучу кабаты имараттын ылдыйкы жер үстүндөгү кабатынын деңгээлинде жайгашкан болсо, ал эми мындай лифттердин шахталары аларга сырткы абаны негизги салуучу кабаттын деңгээлинен төмөн эмес берүү менен киргизүүчү түтүнгө каршы желдетүү тутумдары менен корголгон болсо. Лифт холлдорунда коопсуз чөлкөмдөрдү жайгаштырууда ошол холлдорго чукул жаткан лифт шахталарынан өрткө каршы ченемдүү жабык клапандар аркылуу абаны берүүгө жол берилбейт.

9.32 Чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүү менен корголгон бөлмөлөрдөн чыгарылуучу күйүүнүн өнүмдөрүнүн көлөмдөрүнүн ордун толтуруу үчүн, табигый же механикалык түрткү берүүсү бар киргизүүчү түтүнгө каршы желдетүү тутумдары караштырылган болууга тийиш.

Корголуучу бөлмөлөргө абанын табигый кирүүсү үчүн сырткы тосмолордо оюктар же автоматтык түрдө жана аралыктан башкарылуучу тартып келүүлөр менен жабдылган клапандары бар шахталар аткарылган боло алышат. Оюктар корголуучу бөлмөлөрдүн ылдыйкы бөлүгүндө болууга тийиш. Клапандардын жапкычтары жылдын суук мезгилинде тоңууну болтурбоо каражаттары менен жабдылган болууга тийиш. Атриумдар менен пассаждардын ылдыйкы бөлүгүнө сырткы абанын кенемтелөөчү кирүүсү үчүн сырткы эвакуациялык чыгуулардын эшик оюктары колдонулган боло алышат. Мындай чыгуулардын эшиктери автоматтык түрдө жана аралыктан башкарылуучу мажбурлап ачуу бергичтери менен жабдылган болууга тийиш. Ачылуучу эшиктердин өтүүчү кесилишинин суммалык аянты 9.21-пункттун талаптарына ылайык жана эшик оюктарындагы абанын агымынын ылдамдыгын 6 м/с көп ашырбоо шарты боюнча аныкталууга тийиш. Сырткы абаны механикалык түрткү берүүсү бар киргизүүчү түтүнгө каршы желдетүү менен кенемтелөөчү берүү автономдуу тутумдар менен же тамбур-шлюздарга же лифт шахталарына абаны берүү тутумдарын колдонуу менен караштырылган боло алат. Мында аларга корголуучу бөлмөлөр түздөн-түз чукул жаткан тамбур-шлюздардын же лифт шахталарынын тосмолорунда, аларга орнотулган өрткө каршы ченемдүү жабык клапандары жана жөнгө салынуучу жалюзилик торлору бар атайын аткарылган оюктар караштырылууга тийиш. Тамбур-шлюздардын эшиктери каршы жүргүч циклиндеги клапандардын бергичтери менен кулптанган болуулары тийиш. Өрткө каршы аткарылыштагы талап кылынган отко туруктуулук чектери бар ашыкча басымдын клапандарын колдонууга жол берилет. Лифттердин шахталарынан абанын кенемтелөөчү агып өтүүсүнө «өрт кооптуу» башкаруу шарттамы бар лифттик орнотмолор үчүн гана жол берилет. «Өрт бөлүктөрүн ташуу» шарттамы бар лифттердин шахталарын жана Н2 тибиндеги өрткө чулганбоочу тепкич чарчыларын бул өӊдүү түзүлүш үчүн колдонууга жол берилбейт.

9.33 Киргизүүчү түтүнгө каршы желдетүү үчүн сырткы абаны чыгымдоону 20 Па кем эмес ашыкча басымды камсыздоо шартында эсептөө керек:

а) лифттик шахталарда ‒ бардык кабаттардагы эшиктер жабык болгондо (негизги салуучу кабаттан башка);

б) Н2 тибиндеги түтүнгө чулганбоочу тепкич чарчыларында коридорлордон жана холлдордон же түздөн-түз өрт болгон кабаттагы бөлмөлөрдөн тепкич чарчысына эвакуация жолдорундагы эшиктер ачык болгондо, же имараттан сыртка эшиктер ачык болгондо же бардык кабаттардагы коридорлор менен холлдордон эшиктер жабык болгондо, абаны чыгымдоолордун чоң маанилерин кабыл алып;

в) өрттүн кабатындагы тамбур-шлюздарда (эшиктер жабык болгондо).

Н2 тибиндеги же Н3 тибиндеги түтүнгө чулганбоочу тепкич чарчыларына, 2-типтеги ички ачык тепкичтерге чыгууларда, жертөлөлүк жана цоколдук кабаттардын деңгээли бар атриумдар менен пассаждарга кирүүлөрдө, жер астындагы авто токтоочу жайлардын лифт холлдорунун астында жайгашкан тамбур-шлюздарга берилүүчү абаны чыгымдоону, абанын ачык эшик оюгу аркылуу жана чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүүнүн биргелешкен аракетин эске алуу менен, 1,3 м/с кем эмес орточо ылдамдыкта чыгуусун камсыздоо шарттары үчүн эсептөө керек. Жабык эшиктерде башка тамбур-шлюздарга берилүүчү абаны чыгымдоону, эшик жапкычтардын тыгыз эместиктери аркылуу абанын агып чыгуусун эске алуу менен эсептөө зарыл. Ашыкча басымдын чоңдугун корголуучу бөлмөлөр менен танапташ бөлмөлөргө карата аныктоо керек;

г) алардан күйүүнүн өнүмдөрү түздөн-түз чыгарылуучу бөлмөлөрдүн жалпы коридорлоруна берилүүчү абаны чыгымдоо, бир бөлмөдөн чыгарууга жатуучу күйүүнүн өнүмдөрүн максималдуу чыгымдоо менен бардык бөлмөлөрдүн жабык эшиктери (күйүп жаткан бөлмөдөн башка) аркылуу абанын чыгып кетүүсүн эске алуу менен массалык теңдемди камсыздоо шартында эсептелүүгө тийиш. Коопсуз чөлкөмдөрдүн бөлмөлөрүнө абаны берүү корголуучу бөлмөнүн бир ачык эшиги аркылуу абанын агып чыгуусунун 1,5 м/с кем эмес ылдамдыгын камсыздоо зарылдыгынан эсептөө менен жүзөгө ашырылууга тийиш. Цоколдук жана жер астындагы кабаттардын лифт холлдору үчүн берилүүчү абанын эсептик маанилерин ошол холлдордун жабык эшиктери жана лифт шахталарынын жабык эшиктери аркылуу чыгып кетүүлөрдү эске алуу менен аныктоо керек (кийинкилеринде абанын ашыкча басымы жок болгондо). Аба көшөгөлөрүнүн мор аппараттары аларга абаны баштапкы калыңдыгы 0,03 м жана кеңдиги корголуучу оюктун (рампанын дарбазаларынын) горизонталдык өлчөмүнө барабар аба агымынын агып чыгуусунун 10 м/с минималдуу ылдамдыгына шайкеш келген чыгымдоо менен берүүнү талап кылышат.

9.34 Киргизүүчү түтүнгө каршы желдетүүнүн параметрлерин эсептөөдө төмөнкүлөрдү кабыл алуу керек:

а) жылдын суук мезгили үчүн сырткы абанын табын жана шамалдын ылдамдыгын, бөлмөлөрдөгү абанын табын – долбоорлоого тапшырма боюнча. Имараттын бардык кабаттарынын бөлмөлөрүндөгү абанын табын киргизүүчү түтүнгө каршы желдетүү менен корголгон тепкич чарчыларындагы жана (же) лифт шахталарындагы абанын табына теңдештирүүгө жол берилбейт;

б) Н2 тибиндеги же Н3 тибиндеги түтүнгө чулганбоочу тепкич чарчыларынын кабаттар боюнча кирүүлөрүндөгү тамбур-шлюздарда, танапташ бөлмөлөргө (коридорлорго, холлдорго) тийиштүү жертөлөлүк жана цоколдук кабаттардын деңгээли бар атриумдар менен пассаждарга кирүүлөрдөгү тамбур-шлюздарда, ошондой эле автомобилдерди сактоо үчүн бөлмөлөрдү жер астындагы авто токтоочу жайлардын изоляцияланган рампаларынан жана башка арналыштагы бөлмөлөрүнөн бөлүп турган тамбур-шлюздарда, жер астындагы жана цоколдук кабаттардын лифт холлдорунда, алардан күйүүнүн өнүмдөрү түздөн-түз чыгарылуучу бөлмөлөрдүн жалпы коридорлорунда, жана коопсуз чөлкөмдөрдүн бөлмөлөрүндө абанын ашыкча басымы 20 Па кем эмес жана 150 Па ашуун эмес. Лифттердин шахталарындагы абанын ашыкча басымы 20 Па кем эмес жана 70 Па ашуун эмес болууга тийиш;

в) эки жакка ачылуучу эшиктердин чоң жапкычынын аянтын. Мында андай жапкычтын кеңдиги эвакуация үчүн зарылдан кем эмес болууга тийиш: тескерисинче болгон учурда эсепте эшиктердин бүткүл кеңдигин эске алуу керек;

г) негизги салуучу кабатта токтотулган лифттердин кабиналарын.

Киргизүүчү-чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүүлөрдүн эсептик шарттамдарда биргелешкен иштөөсүндө эвакуациялык чыгуулардын жабык эшиктеринде ашыкча басымдын чоңдугу 150 Па ашпоого тийиш. Эгерде тепкич чарчысындагы эсептик басым максималдуу жол берилгенден ашса, анда анын көлөмүн тепкич чарчысынын көлөмүн бөлүүчү бөлүүлөрдүн (1-типтеги туташ өрткө каршы тосмолордун) жардамы менен, бөлүүнүн деңгээлинде имараттын кабатынын чукул жаткан бөлмөсү же коридору аркылуу оолактантылган чыгууларды куруу менен чөлкөмдөштүрүү талап кылынат. Тепкич чарчысынын ар бир чөлкөмүнө вертикалдуу коллектор аркылуу өзүнчө тутумдардан же бир тутумдан сырткы абаны берүү камсыздалган болууга тийиш. Сырткы абаны тепкич чарчысынын көлөмүнө бөлүштүрүлгөн берүүдө жана көрсөтүлгөн максималдуу жол берилген басымын ашырбоо шарттарын камсыздоодо бөлүүлөрдү уюштуруу талап кылынбайт.

9.35 Киргизүүчү түтүнгө каршы желдетүү тутумдары үчүн төмөнкүлөрдү караштыруу керек:

а) аларды кесип өткөн аба өткөргүчтөрдүн конструкциялары үчүн талап кылынгандан аз эмес отко туруктуулук чектерине ээ болгон тосуучу курулуш конструкциялары бар бөлмөлөрдө башка арналыштагы желдеткичтерден өзүнчө желдеткичтерди орнотууну. Бир өрт бөлүмүнүн чектеринде киргизүүчү тутумдарды жабдуу үчүн бөлмөдө, ошондой эле түздөн-түз тепкич чарчыларынын, коридорлордун жана тамбур-шлюздардын корголуучу көлөмдөрүндө киргизүүчү түтүнгө каршы желдетүү тутумдарынын желдеткичтерин жайгаштырууга жол берилет. Түтүнгө каршы киргизүүчү тутумдардын желдеткичтерин сырткаркы адамдардын жетүүсүнөн төмөнкүлөрдү коргоо үчүн тосмолору менен чатырда жана имараттардын сыртында жайгаштырууга жол берилет (ишканалар-даярдоочулардын техникалык маалыматтарына ылайык);

б) В герметикалуулук классындагы отко туруктуулук чектери төмөнкүдөн кем эмес күйбөөчү материалдардан аба өткөргүчтөрдү жана каналдарды:

- EI 150 тейленүүчү өрт бөлүмүнүн чектеринен сыртта аба алуучу шахталарды жана киргизүүчү каналдарды салганда;

- EI 120 өрт бөлүктөрүн ташуу шарттамы бар лифттердин шахталарын коргоочу киргизүүчү тутумдардын каналдарын салганда;

- EI 60 Н2 же Н3 тибиндеги түтүнгө чулганбоочу тепкич чарчыларындагы кабаттар боюнча кирүүлөрдөгү, ошондой эле жабык авто токтоочу жайлардын бөлмөлөрүндөгү тамбур-шлюздарга, ошондой эле жабык авто токтоочу жайлардын бөлмөлөрүндө абаны берүү каналдарын салганда;

- EI 30 тейленүүчү өрт бөлүмүнүн чектеринде аба алуучу шахталарды жана киргизүүчү каналдарды салганда;

в) түтүнгө каршы чыгаруучу желдетүү тутумдарынан күйүүнүн өнүмдөрүн чыгаруулардан 5 м кем эмес аралыкта жайгаштырылуучу сырткы абанын кабыл алуучу тешиктерине;

г) тамбур-шлюздарга аба берүү каналдарындагы отко туруктуулук чектери төмөнкүдөй өрткө крашы ченемдүү жабык клапандарды:

- EI 120 9.30-пункттун «б» пунктчасында көрсөтүлгөн тутумдар үчүн;

- ЕI 60 9.30-пункттун «г», «д», «и», «л», «м», «н» пунктчаларында көрсөтүлгөн тутумдар үчүн;

- ЕI 30 9.30-пункттун «е», «ж», «к» пунктчаларында, ошондой эле 9.34-пункттун «п» пунктчасында көрсөтүлгөн тутумдар үчүн, 9.37-пункттун «б» пунктчасын эске алуу менен.

Өрткө каршы клапандарды бир тамбур-шлюзду тейлөөчү тутумдар үчүн орнотуунун кереги жок. Жапкычтары термоизоляциясыз аткарылган буюмдарды тамбур-шлюздарга аба берүү каналдарында ченемдүү жабык өрткө каршы клапандар катары колдонууга жол берилбейт;

д) коопсуз чөлкөмдөрдүн бөлмөлөрүнө, ушундай бөлмөлөрдүн жабык эшиктери аркылуу агып чыгууларды эске алуу менен аныкталган чыгымдоо менен берилүүчү абаны жылытууну;

е) 9.34-пункттун «к» пунктчасында көрсөтүлгөн чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүү тутумунун түтүн кабыл алуучу түзүлүшү менен киргизүүчү түтүнгө каршы желдетүү тутумунун киргизүүчү түзүлүшүнүн ортосундагы минималдуу аралык, вертикаль боюнча 1,5 м кем эмес болууга тийиш.

9.36 Түтүнгө каршы коргоо үчүн киргизүүчү-чыгаруучу жалпы алмашуучу желдетүү тутумдарын колдонууга жол берилет. Түтүнгө каршы желдетүү тутумдарынын же алар менен айкаштырылган жалпы алмаштырруучу желдетүү тутумдарынын талап кылынган параметрлерин эсептик аныктоону ушул ченемдердин жоболоруна ылайык жүргүзүү керек. Эсептөөлөр көрсөтүлгөн талаптарга каршы келбеген башка методикалык куралдардын негизинде аткарыла алат.

9.37 9.28-пункттун «в» пунктчасында, 9.30-пункттун «б» пунктчасында жана 9.35-пункттун «г» пунктчасында көрсөтүлгөн өрткө каршы клапандардын аткаруучу механизмдери, клапандын бергичин электр азыктандыруудан өчүргөндө клапандын жапкычынын өрттө берилген абалын сактоого тийиш.

9.38 Түтүнгө каршы желдетүү жабдуусун иштетүү автоматтык түрдө (автоматтык өрт белги берүүсүнөн же автоматтык өрт өчүрүү орнотмолорунан) жана аралыктан (диспетчерлик персоналдын нөөмөткер нөөмөтүнүн пультунан, эвакуациялык чыгууларда же өрт шкафтарында орнотулган). Тутумдардын башкарылуучу биргелешкен аракети имаратта өрттүн ппйда болуу орду менен аныкталуучу реалдуу өрт кооптуу кырдаалдарга жараша – анын каалаган кабатындагы күйүп жаткан бөлмөнүн жайгашуусу менен жөнгө салынат. Тутумдардын иш-аракетинин берилген удаалаштыгы чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүүнү киргизүүчү түтүнгө каршы желдетүүнү иштеткен учурга салыштырмалуу 20дан 30га чейинки секундда озуучу иштөөнү камсыздоого тийиш. Бардык варианттарда жалпы алмашуучу желдетүү жана ченемдештирүү тутумдарын өчүрүү талап кылынат.

9.39 Чогуу иштөөчү тутумдардын зарыл айкашуусун жана алардын максималдуу мааниси ошондой айкашуулардын бирине шайкеш келүүгө тийиш болгон суммалык аныкталган кубаттуулугун, эсептөөлөрдү жүргүзүүдө сөзсүз иштеп чыгууга жатуучу түтүнгө каршы желдетүүнү башкаруунун алгоритмине жараша аныктоо керек.

9.40 Жаӊы курулуш жана кайра куруу объектилериндеги, ошондой эле колдонулуп жаткан имараттардагы түтүнгө каршы желдетүү тутумдарынын техникалык абалын баалоо иштеп жаткан ченемдик документтерге ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.

9.41 Түтүнгө каршы желдетүү тутумдарынын жабдуусунун аткаруучу элементтеринин электр менен жабдуу чынжырларында жылуулук ажыраткычтары бар электрлик коргоо аппараттарын колдонууга жол берилбейт.

9.42 Түтүнгө каршы коргоону эксплуатациялоого кабыл алууну, аны техникалык тейлөөнү жана оӊдоону иштеп жаткан ченемдик документтердин талаптарын эске алуу менен жүргүзүү керек.

Түтүнгө каршы коргоону техникалык тейлөө жүргүзүүдө текшерүүлөрдүн мезгилдүүлүгүн, иштеп жаткан ченемдик документтердин талаптарына ылайык, эксплуатациялоо боюнча нускамаларга ылайык, бирок эки жылда бир жолудан сейрек эмес кабыл алуу керек.

10 Көлөмдүк-пландоочу жана конструкциялык чечилиштерге талаптар

10.1 Турак-жайлык, коомдук, администрациялык-тиричиликтик жана өндүрүштүк имараттардагы аларда желдетүүчү жабдуу жайгаштырылуучу бөлмөлөр учүн (анын ичинде чатырлардагы жана техникалык кабаттардагы), МАКЧ 3.02-04түн, КР КЧ 31-05тин талаптарын сактоо керек.

10.2 Турак-жайлык көп батирлүү имараттарда танапташ батирлердин өз ара жылуулуктук таасирин азайтуу боюнча, анын ичинде ички батир аралык дубалдар менен жабуулардын жылуулук өткөрүүгө каршлыгын көбойтүү жаатындагы иш-чараларды караштыруу керек, ошол иш-чараларды кошуна батирлердин ортосундагы добушту изоляциялоону жогорулатуу менен гармониялаштырып.

10.3 Желдетүүчү жабдуу үчүн бөлмөлөрдү тейленүүчү өрт бөлүмүнүн чектеринде жайгаштырууга жол берилет.

Желдетүүчү жабдуу үчүн бөлмөлөрдү тейленүүчү (корголуучу) бөлүмдүн чектеринен сыртта жайгаштырууга жол берилет.

10.4 Чыгаруучу жана киргизүүчү тутумдарды, муздатуучу борборлорду жабдуу үчун бөлмөлөрдү 7.10.19, 7.10.20, 8.22ге ылайык жарылуу-өрт жана өрт кооптуу категорияларга киргизүү керек.

Бөлмөлөрдүн жалпы алмашуучу желдетүү тутумдарынын жеодетүүчү жабдуу үчүн тосуучу курулуш конструкцияларын 7.10.23кө ылайык кабыл алуу керек.

10.5 Анда ошол тутумдар менен тейленүүчү бөлмөлөр жайгашкан өрт бөлумүнөн орун алган жалпы алмашуучу желдетүү тутумдарынын желдетүүчү жабдуулары үчүн бөлмөлөрдун тосуучу курулуш конструкциялары, EI 45 кем эмес отко туруктулуук чектерине, түтунгө каршы желдетүү тутумдарыныкы – 9.29-пункттун, 9.34-пункттун «а» пунктчасынын талаптарын эске алуу менен, ээ болууга тийиш.

Мындай бөлмөлөрдун эшиктери (Д категориясына киргизилген жалпы алмашуучу желдетүү тутумдарынын желдетүүчү жабдуусу үчүн бөлмолөрдү кошпогондо) 2-типтеги өрткө каршы болуулары тийиш.

10.5 Анда тейленүүчү жана (же) корголуучу бөлмөлөр жайгашкан өрт бөлүмүнөн сырткары орун алган желдетүүчү жабдуу үчүн бөлмөлөр, отко туруктуулук чектери EI 150 кем эмес курулуш конструкциялары менен тосулган болууга тийиш.

Мындай бөлмөлөрдүн эшиктери 1-типтеги өрткө каршы болуулары тийиш.

10.6 Бөлмөлөрү тутунгө аршы желдетүү менен корголбогон имараттарда, негизги салуучу же башка кабаттардагы лифттик шахталардын эшиктеринин ачык фиксацияланган абалына жол берибейт.

10.7 Лифттерден жер астындагы авто токтоочу жайлардын сактоо бөлмөлөрүнө чыгууларда, киргизүүчү түтүнгө каршы желдетүү менен корголгон тамбур-шлюздарды караштыруу керек. Эгерде андай лифттер жогору жаткан жер үстүндөгу кабаттарда экиден кем эмес аялдамаларга ээ болсо, анда жер астындагы авто токтоочу жайдын кабаттарында ошол лифттерден киргизүүчү тутунгө аршы желдетүүнүн өзунчө тутумдары менен корголгон автомобилдерди сактоо бөлмөлөрүнө чыгууларды бөлүү үчүн эки удаалаш жайгаштырылган тамбур-шлюздарды куруу зарыл.

10.5 Жарылуу кооптуу аралашмаларды кургак тазалоо үчүн чаӊ кармагычтары бар бөлмөлөрдү адамдардын массалык (авариялык кырдаалдардан башка) болуусу бар бөлмөлөрдүн алдына жайгаштырууга жол берилбейт.

10.6 Желдетүүчү жабдуу үчүн бөлмө аркылуу төмөнкү түтүк өткөргүчтөрдү жаткырууга жол берилбейт:

а) оӊой тутануучу жана күйүүчү суюктуктар жана газдар бар;

б) тазалоолору жана текшерүүлөрү бар канализациялык (нөшөр канализациясынын жана желдетүүчү жабдуу үчүн жогору жаткан бөлмөлөрдөн, анын ичинде желдетүүчү жабдуудан суу чыгаруучу түтук өткөргүчтөрдөн башка); канализациялык түтук өткөргүчтөрду каамыттуу куралсыз бирикмелерде салууга жол берилет.

10.7 Жабдуунун бирдигинин же анын бөлугүнүн 100 кг ашуун салмактагы жабдууну (желдеткичтерди, электр кыймылдаткычтарын) оӊдоону камсыздоо үчүн, жук көтөрүүчү машиналарды караштыруу керек (эгерде технологиялык муктаждыктар үчүн багышталган механизмдер колдонула албаса).

10.8 Жылдын жылуу мезгилинде абанын табигый кирүүсу үчун багышталган өндүрүштүк бөлмөлөрдүн ачылуучу оюктарын же терезелерин астананын же жумушчу аянтчанын деӊгээлинен оюктун ылдый жагына чейин 1,8 м ашпаган бийиктикте, ал эми жылдын суук мезгилинде абанын кирүүсү үчүн – 3,2 м кем эмес бийиктикте жайгаштыруу керек.

10.9 Өндүрүштүк жана коомдук имараттардын жарык оюктарында, астананын же жумушчу аянтчанын деӊгээлинен 2,2 м жана андан көп бийиктикте жайгаштырылуучу жапкычтар, фрамугалар же жалюзилер үчүн, бөлмөнүн жумушчу же тейленүүчү чөлкөмүнүн чектеринде жайгаштырылуучу аралыктан жана кол менен ачуу учун түзулүштөрдү караштыруу керек.

10.10 Стационардык тепкичтерди жана аянтчаларды, көчмө тепкичтерди жана түзүлүштөрдү, коопсуздук техникасынын эрежелерине ылайык астанадан же жердин деӊгээлинен 1,8 м жана андан көп бийиктикте жайгаштырылуучу жабдууну, арматураны жана аспаптарды тейлөө үчүн караштыруу керек.

Арматураны, аспаптарды, желдетүүчү жана жылытуучу агрегаттарды аныкталган коопсуздук техникасы эрежелерин скактоодо көчмө түзүлүштөрдөн оӊдоо жана тейлөө керек.

10.11 Сырткы эшиктерден 3 м жана дарбазалардан 6 м аз аралыкта жайгаштырылган туруктуу жумуш орундарын, муздак аба менен үйлөөдөн тосмолор же экрандар менен коргоо керек.

10.12 Жылытуучу-желдетүүчү жана муздатуучу жабдуу үчүн бөлмөлөрдүн курулуш конструкцияларын, 10.7ге ылайык, аларда жук көтөрүүчү механизмдерди колдонууну эске алуу менен караштыруу керек, мында бөлмөлөрдүн бийикиги таза астананын белгисинен чыгып турган жабуу конструкцияларынын ылдый жагына чейин долбоорлоого тапшырма менен 2,2 м кем эмес деп аныкталат. Бөлмөлөрдө жана жумушчу аянтчаларда жабдуунун чыгып турган бөлуктөрүнун ортосундагы, ошондой эле жабдуу менен курулуш конструкцияларынын ортосундагы кеӊдикти куроо жана оӊдоо жумуштарын аткарууну эске алуу менен, бирок 0,7 м кем эмес караштыруу керек. Жабдуунун ортосундагы аралыкты, максималдуу габариттери бар жабдуунун айрым элементтерин ажыратуу жана кийинки куроо мүмкүнчүлүгун камсыздап караштыруу керек.

Зарылдыгы болсо, желдетүүчү жабдууну куроо/ажыратуу же жеринде майда түйундук чогултууну караштыруучу жабдууну колдонуу үчүн дубалдарда аатйын оюктарды караштыруу керек. Мындай бөлмөлөрдө астаналардын конструкциясы желдетүүчү жабдуунун түйүндөрүн жук көтөрүүчү арабачада ташууда пайда болуучу жүктүн таасирине эсептелген болууга, ошондой эле ташууда салмагы 20 кг ашпаган катуу предметтердин кулоосуна туруктуу болууга тийиш.

10.13 Желдетүүчү же муздатуучу жабдууну куроо же ажыратуу (же анын тетиктерин алмаштыруу) үчүн куроо оюктарын караштыруу керек.

11 Жылытуу, желдетүү жана абаны ченемдештирүү тутумдарын электр менен жабдуу жана автоматташтыруу

11.1 Электр менен жабдуу

11.1.1 Жылытуу, желдетүү, ченемдештирүү жана түтүнгө каршы желдетүү тутумдарынын электр орнотмолору имараттардын электр орнотмолоруна улуттук стандарттардын талаптарына шайкеш келүүго тийиш.

11.1.2 Ички жылуулук жана муздак менен жабдуу, желдетүү жана абаны ченемдештирүү тутумдарынын электр кабыл алгычтарын электр менен жабдуунун ишеничтүүлүгүн камсыздоону, имараттын технологиялык же инженердик жабдууларынын электр кабыл алгычтары үчүн аныкталгандай эле категорияда караштыруу керек.

11.1.3. Авариялык желдетүү жана түтүнгө каршы коргоо тутумдарын, өрттөн кийин газдар менен түтүндөрдү чыгаруу үчүн тутумдардан башка, I категорияда караштыруу керек. Жергиликтүү шарттар боюнча I категориядагы электр кабыл алгычтарды эки көз карандысыз булактардан азыктандырууну жүзөгө ашыруу мүмкүн эмес болгондо аларды бир булактан – эки траснформаторлуу подстанциянын түрдүү трансформаторлорунан же эки чукул жаткан бир трансформаторлуу подстанциялардан азыктандырууну жүзөгө ашырууга жол берилет. Мында подстанциялар түрдүү трассалар боюнча салынган түрдүү азыктандыруучу сызыктарга туташтырылган жана төмөн чыӊалуу тарабына резервди, адатта, автоматтык түрдө киргизүүчү түзүлүшкө ээ болууга тийиш.

11.1.4 Суу менен жылытуусу бар желдетүүнүн киргизүүчү тутумдары үчүн тоӊуудан коргоону башкаруу чынжырларын электр менен азыктандырууну ишеничтүүлүктүн I категориясын камсыздап, аткаруу керек. Киргизүүчү тутумдун желдеткичин жана автоматташтыруу калканын өз-өзүнчө азыктандырууну уюштурганда электр менен азыктандыруунун ишеничтүүлүгүнүн II категориясын камсыздоо керек.

Түтүнгө каршы желдетүү тутумдарынын электр кабыл алгычтарды башкаруу чынжырларында жылуулук ажыраткычтары бар электрлик коргоо аппараттарын колдонууга жол берилбейт.

11.1.5 А жана Б категорияларындагы бөлмөлөрдун жылытуу жана желдетүү тутумдарынын, ошондой эле жарылуу кооптуу аралашмаларды чыгаруучу жергиликтүү соргучтар тутумдарынын металл түтүк өткөргүчтөрүн жана аба өткөргүчтөрүн жабдуу үчүн, жерлештирүүнү караштыруу керек.

11.2 Автоматташтыруу

11.2.1 Имараттардын жана курулмалардын түтүнгө каршы желдетүү жабдуусунун аткаруучу элементтерин иштетүүгө белгини автоматтык шарттамда түзүү иштеп жаткан ченемдик документтердин талаптарына ылайык аткарылууга тийиш.

11.2.2 Түтүнгө каршы желдетүүнүн жабдуусунун аткаруучу элементтерин башкаруу автоматтык түрдө (автоматтык өрт белги берүүсүнөн же автоматтык өрт өчүрүү орнотмолорунан) жана аралыктан (диспетчердик персоналдын нөөмөттүк нөөмөтүнүн пультунан жана кабаттардан эвакуациялык чыгууларда же өрт шкафтарында орнотулган баскычтардан) шарттамдарда жүзөгө ашырылууга тийиш.

Тутумдардын башкарылуучу бирге иштөөсү имаратта өрттүн пайда болуу орду менен, анын каалаган кабатындагы күйүп жаткан бөлмөнүн жайгашуусу менен аныкталуучу чыныгы өрт кооптуу кырдаалдарга жараша жөнгө салынат. Тутумдардын иштөөсүнүн берилген удаалаштыгы киргизүүчү түтүнгө каршы желдетүүнү иштеткен учурга салыштырмалуу чыгаруучу түтүнгө каршы желдетүүнү 20дан 30га чейин озуучу иштетүүнү камсыздоого тийиш. Чогуу иштөөчү тутумдардын зарыл айкашуусун жана алардын максималдуу мааниси ушундай айкашуулардын бирине шайкеш келүүгө тийиш болгон суммалык аныкталган кубаттуулугун, талап кылынган параметрлерди эсептөөлөрдү жүргүзүүдө сөзсүз иштеп чыгууга жатуучу түтүнгө каршы желдетүүнү башкаруу алгоритмине жараша аныктоо керек.

11.2.3 Өрттө желдетүү тутумдарын өчүрүүнү, желдетүү тутумдарынын бөлүштүрүүчү калкандарына электр менен азыктандырууну берүүну токтотуп, борбордоштуруп аткаруу керек. Өрттө суу менен жылытуусу бар киргизүүчү тутумдарды өчүрүүнү тоӊуудан коргоо чынжырларын электр менен азыктандырууну сактап, ар бир тутум үчүн жекече жүргүзүү керек. Тоӊуудан коргоо чынжырларын азыктандырууну сактоо мүмкүн эмес болсо желдеткичти гана өчүрүү керек – киргизүүчү тутумдун желдеткичи менен аралыктан башкаруу чынжырына өрт белги берүүсү тутумунан белги берүү менен. Өрттө желдеткичти көз карандысыз ажыраткычы бар автоматты колдонуу менен өчүрүүнү уюштурганда өчүрүүгө белги берүү сызыгын текшерүү жүргүзүлүүгө тийиш.

Э с к е р т м е л е р 1 Желдетүү тутумдарын жарым-жартылай же толук өчүрүү зарылдыгы технологиялык талаптар боюнча аныкталууга тийиш. 2 Өрт жөнүндө кол менен белги берүү тутумуна гана ээ болгон бөлмөлөр үчүн, ошол бөлмөлөрдү тейлөөчү желдетүү тутумдарын аралыктан өчүрүүнү, жана түтүнгө каршы коргоо тутумдарын иштетүүнү караштыруу керек. 3 Ушул пункттун талаптары турак-жай имараттарынын батирлеринин өндүрүмдүүлүгү 100 м3/с чейинки, батирлерди электр менен жабдуу ички тармагына кошулуучу тиричиликтик желдетүү түзүлүштөрүнө (бризерлерге, дубалдык рекуператорлорго, сантүйүндөр менен ашканалардын чыгаруучу желдеткичтерине, тиричиликтик нымдагычтарга ж.б.у.с.) таркалбайт. 4 Турак-жай имаратынын бир батиринин чектеринде өрт пайда болгондо, ошол батирдин чыгаруучу желдетүү тармагын тейлөөчү чыгаруучу механикалык желдетүү тутумун өчүрүү, ошол тутумдун трактындагы абаны сыртка чыгаруу ордуна чейинки аба клапандарын жабуусуз жүзөгө ашырылууга тийиш.

11.2.4. Автоматтык өрт өчүрүү орнотмолору же автоматтык өрт белги берүүсү менен жабдылган имараттар жана курулмалар учүн, өрттө аба жылытуу, желдетүү, ченемдештирүү тутумдарынын электр кабыл алгычтарын, желдеткичтик жеткиргичтерин, аба-жылуулук көшөгөлөрүн жана мультичөлкөмдүк кондиционерлердин ички блокторун төмөнкүлөр үчүн түтүнгө каршы желдетүү тутумдарынын электр кабыл алгычтары менен автоматтык түрдө кулптоону караштыруу керек:

а) өрттө желдетүү тутумдарын өчүрүү, А жана Б категорияларындагы бөлмөлөрдүн тамбур-шлюздарына, ошондой эле А жана Б категорияларындагы имараттардын лифттеринин машина бөлүмдөрүнө аба берүү тутумдарынан башка.

б) өрттө түтүнгө каршы желдетүү тутумдарын иштетүү (өрттөн кийин газды жана түтүндү чыгаруу үчүн тутумдардан башка);

в) анда өрт болуп өткөн бөлмөдөгү же түтүн чөлкөмүндөгү, же өрттүн кабатындагы коридордогу ченемдүү жабык, анын ичинде түтүн клапандарын ачуу жана жалпы алмашуучу желдетүү тутумдарынын өрткө каршы ченемдүү ачык клапандарын жабуу.

11.2.5 Өрткө каршы ченемдүү жабык, анын ичинде түтүн клапандары, түтүн люктары, фонарлары, фрамугалары жана терезелер, ошондой эле түтүнгө каршы коргоо үчүн багышталган түшүрүүчү полотнолору бар түтүнгө каршы экрандар, автоматтык жана аралыктан башкарууга ээ болууга тийиш.

11.2.6 Тутумдарды автоматташтыруу жана текшерүү деӊгээлин технологиялык талаптарга, экономикалык максатка ылайыктуулукка жана долбоорлоого тапшырмага жараша тандоо керек.

11.2.7 Жылуулук алып жүрүүчүнүн (муздак алып жүрүүчүнүн) жана абанын параметрлерин төмөнкү тутумдарда көзөмөлдөө зарыл:

- ички жылуулук менен жабдуунун – киргизүүчү желдетүүчү жабдуу үчүн бөлмөдөгү жалпы берүүчү жана кайтаруучу түтүк өткөргүчтөрдөгү жылуулук алып жүрүүчүнүн табын жана басымын; тапты жана басымды – жылуулук алмашуучу түзүлүштөрдөн чыгууда;

- жергиликтүү жылытуучу аспаптар менен жылытуунун – текшерүүчү бөлмөлөрдөгү абанын табын (долбоорлоого тапшырма боюнча);

- аба жылытуунун жана киргизүүчү желдетүүнүн – кирүүчү абанын табын жана текшерүүчү бөлмөдөгү абанын табын (долбоорлоого тапшырма боюнча);

- абаны душтоонун – берилүүчү абанын табын;

- ченемдештирүүнүн – сырткы, рециркуляциялык жана бөлмөлөрдөгү сугаруу камерасынан же беттик аба муздаткычтан кийин кирүүчү абанын табын; бөлмөлөрдөгү абанын салыштырмалуу нымдуулугун (аны жөнгө салганда);

- муздак менен жабдуунун – ар бир жылуулук алмашуучу же аралаштыруучу түзүлүшкө чейин жана андан кийин муздак алып жүрүүчүнүн табын, басымын, уулуулугун жана илээшкектигин, жалпы түтүк өткөргүчтөгү муздак алып жүрүүчүнүн басымын;

- чыпкалары, статикалык басым камералары, жылуулук утилизаторлору бар желдетүүнүн жана ченемдештирүүнүн – абанын басымын жана абанын басымынын түрдүүлүгүн (долбоорлоого тапшырма боюнча).

11.2.8 Автоматташтыруу жана диспетчерлештирүү тутумдары менен жабдылган имараттарда жана курулмаларда инженердик жабдууну башкаруу тутумдарынын жабдууларында текшерилүүчү параметрлер АРМ диспетчердин мониторунда чагылууга тийиш.

Текшерүү, иштетүү жана өчүрүү аспаптары жабдуу орун алган жерде жайгашууга тийиш. Аралыктан текшерүү аспаптарын долбоорлоого тапшырма боюнча орнотуу керек. Алардын жабдуулары бир бөлмөдө жайгашкан бир нече тутумдар үчүн, берүүчү түтүк өткөргүчтөгү тапты жана басымды өлчөө үчүн бир жалпы аспапты жана жабдуунун кайтаруучу түтүк өткөргүчтөрүндө жекече аспаптарды караштыруу керек.

11.2.9 Аналогдук датчиктери бар конроллерлорду колдонгондо визуалдык байкоо жүргүзүү текшерүүчү-өлчөөчү аспаптарын орнотууну долбоорлоого тапшырма боюнча караштыруу зарыл.

11.2.10 Инженердик жабдууну башкаруу үчүн автоматташтыруу жана диспетчерлештирүү тутуму менен жабдылган имараттарда (КЭ 134.13330) – жалпы алмашуучу желдетүү тутумдарынын иштөөсүнүн ченемдүү шарттамдан четтөөсү белги берүүсүн караштыруу керек.

11.2.11 Жабдуунун иштөөсү жөнүндө белги берүүнү («Иштеди», «Авария») төмөнкү тутумдар үчүн караштыруу керек:

- өндүрүштүк, администрациялык-тиричиликтик жана коомдук имараттардын табигый желдетүүсүз бөлмөлөрүн (сантүйүндөрдөн, чылым чегүүчү, гардероб ж.б бөлмөлөрдөн башка) желдетүү;

- 1- жана 2-класстардагы кооптуулуктагы зыяндуу заттарды же жарылуу кооптуу аралашмаларды чыгаруучу жергиликтүү соргучтар;

- А жана Б категорияларындагы бөлмөлөрдүн жалпы алмашуучу чыгаруучу желдетүү;

- аларда текшерилүүчү параметрлердин ченемден четтөөсү аварияга алып келе алуучу А жана Б категорияларындагы кампалардын бөлмөлөрүн чыгаруучу желдетүү.

11.2.12 Жылытуу, желдетүү жана ченемдештирүү тутумдарындагы негизги параметрлерди аралыктан текшерүүнү жана каттоону инженердик жабдууларды башкаруу үчүн автоматташтыруу жана диспетчерлештирүү тутуму менен жабдылган имараттарда, технологиялык талаптар жана долбоорлоого тапшырма боюнча караштыруу керек (КЭ 134.13330).

Автоматташтыруунун жергиликтүү калканынан диспетчерлештирүү тутумуна берилүүчү маалыматтын көлөмү, тутумдарды колдонуу шарттарын эске алуу менен долбоорлоого тапшырма боюнча аныкталат.

11.2.13 Параметрлерди автоматтык түрдө жөнгө салууну төмөнкү тутумдар үчүн караштыруу керек:

- 6.1.2ге ылайык аткарылуучу жылытуу;

- абаны жылытуу жана душтоо;

- абаны өзгөрүлмө чыгымдоо, ошондой эле сырткы жана рециркуляциялык абанын өзгөрүлмө аралашмасы менен иштөөчү киргизүүчү жана чыгаруучу желдетүү;

- киргизүүчү желдетүү;

- ченемдештирүү;

- муздак менен жабдуу;

- бөлмөлөрдөгү абаны жергиликтүү жеткире нымдаштыруу;

- имараттардын астаналарын жылытуу.

Коомдук, администрациялык-тиричиликтик жана өндүрүштүк имараттар үчүн жылуулукту чыгымдоону азайтууну камсыздоочу параметрлерди программалык жөнгө салууну караштыруу керек.

11.2.14 Абанын параметрлерин тешерүү жана жөнгө салуу датчиктерин жайгаштыруу керек:

а) бөлмөнүн тейленүүчү же жумушчу чөлкөмүндөгү мүнөздүү чекиттерде, алар ысытылган же муздатылган беттердин жана кирүүчү абанын агымдарынын таасирине дуушарланбаган жерлерде;

б) рециркуляциялык (же чыгаруучу) аба өткөргүчтөрдө, эгерде алардагы абанын параметрлери бөлмөдөгү абанын параметрлеринен айырмаланбаса же туруктуу чоӊдукка айырмаланса.

11.2.15 Автоматтык түрдө кулптоону төмөнкү үчүн караштыруу керек:

а) желдеткичтерди иштеткенде жана өчүргөндө сырткы абанын клапандарын ачуу жана жабуу;

б) тутумдардын бири катардан чыкканда толук же жарым-жартылай өз ара алмашуучулук үчүн аба өткөргүчтөр менен бириктирилген желдетүү тутумдарынын клапандарын ачуу жана жабуу;

в) ошол бөлмөлөрдүн желдетүү тутумдарынын желдеткичтерин өчүргөндө газдуу, аэрозолдуу же күкүмдүү өрт өчүрүү орнотмолору менен корголуучу бөлмөлөр үчүн өрттөн кийин газдарды жана түтүндү чыгаруу үчүн аба өткөргүчтөрдөгү өрткө каршы клапандарды жабуу;

г) долбоорлоого тапшырма боюнча негизгиси катардан чыкканда резервдик жабдууну иштетүү;

д) аба жылыткычтарды жана жылытуучу агрегаттарды иштеткенде жана өчүргөндө жылуулук алып жүрүүчүнү берүү;

е) бөлмөнүн жумушчу чөлкөмүнүн абасында ЧЖБТдан же АБПЧтен ашып кеткен зыяндуу заттардын топтолуулары, ошондой эле бөлмөнүн абасында газ, буу, чаӊ-аба аралашмасынын ЖТТТЧнен 10%ынан ашкан күйүүчү заттардын топтолуулары түзүлгөндө авариялык желдетүү тутумдарын иштетүү.

11.2.16 ГИН бар жылытуу жана ысытуу тутумдары төмөнкүнү камсыздоочу башкаруу тутуму менен жабдылган болууга тийиш:

а) автоматтык өрттөн коргоо тутумдары иштегенде газды берүүнү өчүрүү (түтүнгө каршы коргоо, өрт белги берүүсү жана өрт өчүрүү тутумдары ж.б.у.с.);

б) газдын басымынын берилгенден жол берилгис четтөөсүндө газды берүүнү өчүрүү;

в) бардык нурланткычтарды аралыктан (жеткиликтүү жерде орнотулган башкаруу калканынан) өчүрүү мүмкүнчүлүгү;

г) бөлмөнүн жумушчу чөлкөмүндө талап кылынган тапты кармоо. Тутумдарда бөлмөнүн абасынын табынын жана радиациялык табынын айкашуусуна интегралдуу жооп берүүчү атайын датчиктерди колдонуу керек.

Газдуу инфракызыл нурланткычтардын газ күйгүзүүчү блоктору иштөө шарттамдары бузулганда же газдуу инфракызыл нурланткычтар катардан чыкканда газдуу инфракызыл нурланткычтарды өчүрүүнү жана газды берүүнү токтотууну камсыздоочу автоматтык коргоо каражаттары менен жабдылган болууга тийиш. Жылытуу жана ысытуу тутумдары иштебеген желдетүүдө ысытуу тутумун ишке салуу жана иштетүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу жергиликтүү же жалпы алмашуучу желдетүү тутуму менен кулпталган болууга тийиш.

11.2.17 7.2.10до жана 7.2.11де көрсөтүлгөн резервдик желдеткичтерге ээ болбогон жергиликтүү соргучтар жана жалпы алмашуучу желдетүү тутумдарынын желдеткичтерин, технологиялык жабдуу менен автоматтык түрдө кулптоо желдеткич катардан чыкканда жабдууну токтотууну, ал эми технологиялык жабдууну токтотуу мүмкүн эмес болгондо – авариялык белги берүүнү иштетүүнү камсыздоого тийиш.

11.2.18 Сырткы же кирүүчү абаны өзгөрүлмө чыгымдоосу бар тутумдар үчүн сырткы абаны минималдуу чыгымдоону камсыздоо үчүн кулптоочу түзүлүштөрдү караштыруу керек.

11.2.19 Суулуу чаӊ кармагычтардагы абаны тазалоосу бар чыгаруучу желдетүү үчүн төмөнкүнү камсыздап, чаӊ кармагычтарга суу берүү үчүн түзүлүшү бар желдеткичти автоматтык түрдө кулптоону караштыруу керек:

а) желдеткичти иштеткенде суу берүүнү иштетүүнү;

б) суу берүүнү токтоткондо же чаң кармагычтагы суунун деӊгээли түшкөндө желдеткичти токтотууну;

в) чаӊ кармагычта суу жок болгондо же суунун деӊгээли берилгенден төмөн түшкөндө желдеткичти иштетүүнүн мүмкүн эместиги.

11.2.20 Аба көшөгөсүн иштетүүнү дарбазаларды, эшиктерди жана технологиялык оюктарды ачуу менен кулптоо же дарбазаларга, эшиктерге жана технологиялык оюктарга чукул бөлмөдө абанын берилген табы төмөндөгөндө көшөгөнү иштетүүнү караштыруу керек. Көшөгөнү автоматтык өчүрүүнү дарбазаларды, эшиктерди же технологиялык оюктарды жапкандан жана жылуулук алып жүрүүчүнү чыгымдоону, суунун тоңбоосун камсыздоочу минималдууга чейин кыскартууну караштырып, бөлмөнүн абасынын ченемделген табын калыбына келтиргенден кийин караштыруу керек.

Электр аба жылыткычтары бар тутумдарды колдонгондо аба жылыткычтарды ашыра ысып кетүүдөн коргоону караштыруу керек.

11.2.21 Желдетүү тутумдарынын жана АЖКнүн жылуулук алмашкычтарындагы жылуулук алып жүрүүчү катары сууну колдонгондо тоӊуудан автоматтык коргоону караштыруу керек.

11.2.22 Тутумдарды диспетчерлештирүүнү аларда технологиялык процесстерди же инженердик жабдуунун иштөөсүн диспетчерлештирүү каралган өндүрүштүк, турак-жайлык, коомдук жана администрациялык-тиричиликтик имараттар үчүн караштыруу керек.

11.2.23 Ченемдештирүүдө метеорологиялык шарттарды кармоонун тактыгын (эгерде атайын талаптар жок болсо) датчиктерди орнотуу чекиттеринде кабыл алуу керек: тап боюнча ± 1 °C жана салыштырмалуу нымдуулук боюнча ± 7%.

12 Жылытуу, желдетүү жана абаны ченемдештирүү тутумдарынын суу менен жабдуусу жана канализациясы

12.1 Сугаруу камераларын, нымдагычтарды жана жеткире нымдагычтарды жана кирүүчү жана рециркуляциялык абаны иштетүү үчүн колдонулуучу башка түзүлүштөрдү суу менен жабдууну, ичүүчү сапаттагы суу менен караштыруу керек.

Буулуу же суулуу нымдагычтарга толуктоого берилүүчү суу, жабдууну даярдоочунун талаптарына pH жана катуулук көрсөткүчтөрү боюнча шайкеш келбесе, сууну алдын ала иштетүүнү караштыруу зарыл.

12.2 Техникалык сапаттагы сууну чыгаруучу тутумдардын (рециркуляциялыктан башка) суулуу чаӊ кармагычтары үчүн, ошондой эле кирүүчү жана жылуулукту утилдештирүүчү жабдууларды жууш үчүн караштыруу керек.

12.3 Муздатуучу орнотмолордун аппаратурасын муздатуучу суунун сапатын, машинанын муздаткычындагы техникалык шарттар боюнча кабыл алуу керек.

12.4 Сууну канализацияга бөлүүнү жылытуу, жылуулук жана муздак менен жабдуу тутумдарынын жабдууларын бошотуу жана ченемдештирүү тутумдарынын жабдууларынан конденсатты гидрожапкыч аркылуу чыгаруу үчүн караштыруу керек. Конденсатты гидрожапкычка чейин чыгаруу боюнча долбоорлук документациянын «Жылытуу, желдетүү жана ченемдештирүү» бөлүмүндөгү, кийин, гидрожапкычты кошо, «Суу өткөргүч жана канализация» бөлүмүндөгү чечимдерди келтирүү сунушталат.

---

> Текст кыскартылды: бул жерде документтин 330162 белгисинин алгачкы 249698 белгиси гана. Толук тексти - https://aqlex.ai/kg/doc/200758 барагында
