# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 12-апрелиндеги № 60 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Каракол, Чүй облусунун Токмок шаарларынын мэрлерин шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 12-апрелиндеги № 60 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Каракол, Чүй облусунун Токмок шаарларынын мэрлерин шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.04.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20075>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1111/edition/362404/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20075.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.04.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 12-апрелиндеги № 60 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Каракол, Чүй облусунун Токмок шаарларынын мэрлерин шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (12.04.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20075

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 12-апрели № 60 Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Каракол, Чүй облусунун Токмок шаарларынын мэрлерин шайлоону дайындоо жөнүндө 2012-жылдын 4 жана 25-мартында Балыкчы, Каракол жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарынын шайланышына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Каракол, Чүй облусунун Токмок шаарларынын мэрлерин шайлоо 2012-жылдын 28-апрелине дайындалсын.

2. Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Каракол аймактык шайлоо комиссиялары, Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
