Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Каракол, Чүй облусунун Токмок шаарларынын мэрлерин шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 12-апрели № 60 Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Каракол, Чүй облусунун Токмок шаарларынын мэрлерин шайлоону дайындоо жөнүндө 2012-жылдын 4 жана 25-мартында Балыкчы, Каракол жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарынын шайланышына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Каракол, Чүй облусунун Токмок шаарларынын мэрлерин шайлоо 2012-жылдын 28-апрелине дайындалсын.
2. Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Каракол аймактык шайлоо комиссиялары, Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон