# Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 01-13/185 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 1/1 “Энергиянын жаңыланма булактарын пайдалануучу иштеп чыгаруучу уюм тарабынан иштелип чыгарылган электр энергиясын электржабдуучу уюмга жеткирүүнүн типтүү келишими жөнүндө” буйругун күчүн жоготтуу деп таануу жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 01-13/185 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 1/1 “Энергиянын жаңыланма булактарын пайдалануучу иштеп чыгаруучу уюм тарабынан иштелип чыгарылган электр энергиясын электржабдуучу уюмга жеткирүүнүн типтүү келишими жөнүндө” буйругун күчүн жоготтуу деп таануу жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 01-13/185
- Кабыл алынган күнү: 04.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200748>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-994/edition/1196120/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200748.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 01-13/185 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 1/1 “Энергиянын жаңыланма булактарын пайдалануучу иштеп чыгаруучу уюм тарабынан иштелип чыгарылган электр энергиясын электржабдуучу уюмга жеткирүүнүн типтүү келишими жөнүндө” буйругун күчүн жоготтуу деп таануу жөнүндө" буйругу (04.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200748

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ 2022-жылдын 4-ноябры № 01-13/185 Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 1/1 “Энергиянын жаңыланма булактарын пайдалануучу иштеп чыгаруучу уюм тарабынан иштелип чыгарылган электр энергиясын электржабдуучу уюмга жеткирүүнүн типтүү келишими жөнүндө” буйругун күчүн жоготтуу деп таануу жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 1/1 “Энергиянын жаңыланма булактарын пайдалануучу иштеп чыгаруучу уюм тарабынан иштелип чыгарылган электр энергиясын электржабдуучу уюмга жеткирүүнүн типтүү келишими жөнүндө” буйругу күчүн жоготтуу деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин энергоэффективдүүлүк, энергияны сактоо жана энергиянын кайта жаңылануучу булактарын өнүктүрүү бөлүмүнө:

1) ушул буйрук Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык жарыялансын;

2) ушул буйруктун көчүрмөсүн расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;

3) күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.

3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн баштап он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Министр

Т.О.Ибраев
