# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 5-апрелиндеги № 58 "Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясын түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 5-апрелиндеги № 58 "Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясын түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 05.04.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.04.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20073>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1109/edition/362400/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20073.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.04.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 5-апрелиндеги № 58 "Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясын түзүү жөнүндө" токтому (05.04.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20073

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 5-апрели № 58 Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясын түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "2012-жылдын 4-мартында өткөн Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана натыйжаларын аныктоо жөнүндө" 2012-жылдын 28-мартындагы № 55 токтомунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1, 2, 4, 6-бөлүктөрүнө, 24-беренесинин 4, 5-бөлүктөрүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясы төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

- Исагалиева Назгүл Аргыновна - "Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы" саясий партиясынан;

- Айдакозова Анаркүл Абдрасуловна - "Республика" саясий партиясынан;

- Мурсалиев Акылбек Рыскельдиевич - "Ар-Намыс" саясий партиясынан;

- Антошин Александр Юрьевич - "Кыргызстан коммунисттер партиясы" саясий партиясынан;

- Каниметов Кайрат Каниметович - "Туран" демократиялык партиясы" саясий партиясынан;

- Мусабекова Ракия Рахимжановна - "МЕКЕН ЫНТЫМАГЫ" саясий партиясынан.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан:

- Сыдыкова Алмагуль Бакасовна, Токбаев Бактыбек Сталбекович, Байтемирова Назгуль Болотовна, Курманбай тегин Азамат, Саипов Гульжигит Осмонович.

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
