# КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 1357/1 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн «Дарылоо иши» адистиги боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарын бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 1357/1 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн «Дарылоо иши» адистиги боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарын бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 1357/1
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.07.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200644>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-951/edition/1088826/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200644.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 1357/1 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн «Дарылоо иши» адистиги боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарын бекитүү жөнүндө" буйругу (30.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200644

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2021-жылдын 30-июлу № 1357/1 Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн «Дарылоо иши» адистиги боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү тартиби жөнүндөгү жобону” аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары жөнүндөгү жобонун” 5-пунктуна ылайык буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн «Дарылоо иши» адистиги боюнча мамлекеттик билим берүү стандарты тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Кесиптик билим берүү башкармалыгына (Г.М. Абылкасымовага) жүктөлсүн.

4. Мамлекеттик укуктук ченемдик актылардын реестрине киргизүү үчүн ушул буйруктун көчүрмөлөрүн укуктук ченемдик акты жарыяланган булакты көрсөтүү менен кагаз жана электрондук булактарда мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

Министр

Б.Д. Купешов
