Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын күбөлүгү жана төш белгиси тууралуу жоболорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 16-марты № 49 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын күбөлүгү жана төш белгиси тууралуу жоболорду бекитүү жөнүндө "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесинин 2-бөлүгүнө, 62-беренесинин 4-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын күбөлүгү жөнүндө Жобо бекитилсин (№ 1 тиркеме).
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын күбөлүгүнүн үлгүсүнүн Сыпаттамасы бекитилсин (№ 2 тиркеме).
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын төшбелгиси жөнүндө Жобо бекитилсин (№ 3 тиркеме).
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын төшбелгисинин үлгүсүнүн Сыпаттамасы бекитилсин (№ 4 тиркеме).
5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 29-августундагы "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайлоону өткөрүү боюнча документтердин формаларын жана үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" № 205 токтомунун № 5 Тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 82 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын күбөлүгү жана төш…Постановление · 13.04.2016 · № 82
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 29 августа 2011 года № 205 "Об утверждении форм и образцов документов по выборам депутатов местных…Постановление · 29.08.2011 · № 205