# КР ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ӨНӨР ЖАЙ МИНИСТРЛИГИНИН 2021-жылдын 21-июну № 01-7/207 "Газ чарбасында өнөр жай коопсуздугун камсыз кылуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ӨНӨР ЖАЙ МИНИСТРЛИГИНИН 2021-жылдын 21-июну № 01-7/207 "Газ чарбасында өнөр жай коопсуздугун камсыз кылуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 01-7/207
- Кабыл алынган күнү: 21.06.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.06.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200634>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-949/edition/1163653/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200634.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.06.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ӨНӨР ЖАЙ МИНИСТРЛИГИНИН 2021-жылдын 21-июну № 01-7/207 "Газ чарбасында өнөр жай коопсуздугун камсыз кылуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" буйругу (21.06.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200634

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ӨНӨР ЖАЙ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ 2021-жылдын 21-июну № 01-7/207 Газ чарбасында өнөр жай коопсуздугун камсыз кылуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын газ чарбасында өнөр жай коопсуздугун камсыздоо боюнча коопсуздукту күчөтүү, кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу жана жарандардын өмүрүн, ден-соолугун коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын «Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө» Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык, БУЙРУК КЫЛАМЫН:

1. Газ чарбасында өнөр жай коопсуздугун камсыз кылуунун эрежелери Тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Бул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрүлсүн.

4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлcүн.

5. Бул буйрук күчүнө киргенден тартып үч жумушчу күндүн ичинде көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Министрелер Кабинетине маалымат үчүн жөнөтүлсүн.

Министр

Д.Дж.Бекмурзаев
