# КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ САНАРИПТИК ӨНҮКТҮРҮҮ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫ 2021-жылдын 31-мартындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнѳ караштуу Санариптик ѳнүктүрүү мамлекеттик кызматынын алдындагы «Атайын байланыш кызматы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин ведомстволук форма кийиминин, форма кийиминин айырмачылык белгилеринин үлгүлөрүнүн жана фурнитурасынын сүрөттөлүшүн бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ САНАРИПТИК ӨНҮКТҮРҮҮ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫ 2021-жылдын 31-мартындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнѳ караштуу Санариптик ѳнүктүрүү мамлекеттик кызматынын алдындагы «Атайын байланыш кызматы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин ведомстволук форма кийиминин, форма кийиминин айырмачылык белгилеринин үлгүлөрүнүн жана фурнитурасынын сүрөттөлүшүн бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200627>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-945/edition/1049839/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200627.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ САНАРИПТИК ӨНҮКТҮРҮҮ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫ 2021-жылдын 31-мартындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнѳ караштуу Санариптик ѳнүктүрүү мамлекеттик кызматынын алдындагы «Атайын байланыш кызматы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин ведомстволук форма кийиминин, форма кийиминин айырмачылык белгилеринин үлгүлөрүнүн жана фурнитурасынын сүрөттөлүшүн бекитүү жөнүндө" буйругу (31.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200627

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ САНАРИПТИК өнүктүрүү МАМЛЕКЕТТИК кызматы БУЙРУК

2021-жылдын 31-марты № 1 Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнѳ караштуу Санариптик ѳнүктүрүү мамлекеттик кызматынын алдындагы «Атайын байланыш кызматы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин ведомстволук форма кийиминин, форма кийиминин айырмачылык белгилеринин үлгүлөрүнүн жана фурнитурасынын сүрөттөлүшүн бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы №829 «Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө» токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык жана «Атайын байланыш кызматы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимин кийүүнү жана айырмачылык белгилерин тартипке келтирүү максатында, БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнѳ караштуу Санариптик ѳнүктүрүү мамлекеттик кызматынын алдындагы «Атайын байланыш кызматы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин ведомстволук форма кийиминин, форма кийиминин айырмачылык белгилеринин үлгүлөрүнүн жана фурнитурасынын сүрөттөлүшү тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнѳ караштуу Санариптик ѳнүктүрүү мамлекеттик кызматынын алдындагы «Атайын байланыш кызматы» мамлекеттик ишканасы:

1) өз чечимдерин ушул буйрукка ылайык келтирсин;

2) ведомстволук форма кийимин кийүүнү жана айырмачылык белгилеринин сакталышын ушул буйруктун тиркемесине ылайык камсыздасын.

3. Буйруктун көчүрмөсү мамлекеттик жана расмий тилдердеги эки нускада, кагаз жана электрондук сактагычта, көрсөтүлгөн буйрукту жарыялоонун булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнѳ караштуу Санариптик ѳнүктүрүү мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары А.А.Дыйканбаевге жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнѳ караштуу Санариптик ѳнүктүрүү мамлекеттик кызматынын тѳрагасы

Т.С.Орозов
