Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин «13-КРАЭ Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди изилдөө» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежесин бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2020-жылдын 3-ноябры № 2 «13-КРАЭ Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди изилдөө» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежесин бекитүү жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15- сентябрындагы № 530 токтомуна ылайык, ошондой эле Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун стандарттары жана сунушталуучу тажрыйбасы менен максималдуу бир түрдүүлүктү камсыз кылуу максатында, БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Тиркемеге ылайык «13-КРАЭ, Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди изилдөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежеси бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги:
-бул буйрукту аткарууга алсын; -катталгандан тартып үч иш күндүн ичинде «Эркин Тоо» гезитине бул буйрукту жарыяласын; -бул буйрук расмий жарыялангандан тартып үч иш күндүн ичинде, буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдердеги эки нускадагы көчүрмөсүн, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө, аталган ченемдик укуктук акты жарыяланган булакты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат катары жиберсин.
3. Бул буйрук расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. “Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 27-январындагы №1 буйругунун 1-пунктунун 13-абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Т.О.Солтобаевге жүктөлсүн.
Министр
Б. Бердалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 27-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө" буйругуПриказ · 27.01.2016 · № 1
- «КРАЭ-13» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежеси» «Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүү» (Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2020 жылдын…Правила · 03.11.2020 · № 2
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 27-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө" буйругуПриказ · 27.01.2016 · № 1
- «КРАЭ-13» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежеси» «Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүү» (Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2020 жылдын…Правила · 03.11.2020 · № 2
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон